Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

25-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кыйынчылык учурунда Жахабага таянгыла

Кыйынчылык учурунда Жахабага таянгыла

«Тынчым кетти, жерге жете бүгүлдүм» (ЗАБ. 38:6).

30-ЫР: Куткаруучум, Атам, Досум

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Эмне үчүн Исанын эскертүүсүнө кулак кагышыбыз керек?

ИСА акыркы күндөр тууралуу алдын ала айтып жатып: «Өзүңөргө сак болгула: жүрөгүңөрдү... турмуш түйшүктөрү ээлеп албасын»,— деп эскерткен (Лк. 21:34). Ага кулак какканыбыз абдан маанилүү. Эмне үчүн? Себеби биз да башыбыздан башкалардыкындай эле кыйынчылыктарды кечирип жатабыз.

2. Ишенимдештерибиз кандай кыйынчылыктарга туш болууда?

2 Кээде үстөкө-босток сыноолорго туш болобуз. Буга байланыштуу айрым ишенимдештерибиздин мисалын карап көрөлү. Склероздун оор түрүнөн азап чегип келаткан Жон * деген бир тууганды 19 жыл чогуу өмүр сүргөн аялы таштап кеткен. Ошондо анын жүрөгү аябай сыздаган. Анан 2 кызы Жахабага кызмат кылбай калган. Ал эми Боб менен Линда кыйынчылыктын башка түрүнө кабылган. Экөө тең жумушунан айрылып, үйүнүн акчасын төлөй албай калгандыктан, үйүнөн ажырап калышкан. Анысы аз келгенсип, Линда өмүрүнө коркунуч туудурган жүрөк оорусуна жана артриттин иммун системасын жабыркаткан түрүнө чалдыккан.

3. Филипиликтер 4:6, 7де жазылгандай, Жахабанын эмне кыларынан шектенбесек болот?

3 Жаратканыбыз жана мээримдүү Атабыз Жахаба кыйынчылыктардын бизге кандай таасир этерин жакшы билет. Ал бизге алар менен күрөшүүгө жардам берүүнү каалайт. (Окугула: Филипиликтер 4:6, 7.) Ыйык Китепте Жахабанын байыркы убактагы кызматчылары кандай көйгөйлөргө туш болгону жана анын аларга кантип жардам бергени жөнүндөгү билдирүүлөр арбын. Эмесе, алардын айрымдарына токтололу.

«ИЛИЯС БИЗДИКИНДЕЙ ЭЛЕ СЕЗИМДЕРИ БАР КИШИ БОЛГОН»

4. Илияс пайгамбар кандай кыйынчылыктарга туш болгон жана ал Жахабанын эмне кылганын сезген?

4 Илияс пайгамбар Жахабага оор мезгилде кызмат кылган жана башынан ар кыл кыйынчылыктарды кечирген. Ошол маалда Ысрайылдын тарыхындагы ишенимсиз падышалардын бири Ахап башкарып турган. Ал Баалга сыйынган Изабел деген каардуу аялга үйлөнгөн. Экөө Баалга сыйынууну бүт өлкөгө жайылтып, Жахабанын көптөгөн пайгамбарларынын көзүн тазалаган. Бактыга жараша, Илияс алардан качып кеткен. Жахабага таянгандыктан ал катуу ачарчылыктан да аман калган (1 Пад. 17:2—4, 14—16). Ошондой эле Баалдын пайгамбарлары жана ага сыйынгандар менен беттешкенде да Жахабага таянган. Ал ысрайылдыктарды Жахабага сыйынууга үндөгөн (1 Пад. 18:21—24, 36—38). Ырас, Илияс пайгамбар Кудайдын аны ошондой кыйын учурларда далай жолу колдоп-коргогонун сезген.

Илияс пайгамбар кайрадан күчкө толушу үчүн, Жахаба периштесин жөнөткөн (5, 6-абзацтарды карагыла) *

5, 6. 1 Падышалар 19:1—4-аяттардан окуганыбыздай, Илияс пайгамбар кандай сезимде болгон жана Жахаба аны жакшы көрөрүн кантип көрсөткөн?

5 Окугула: 1 Падышалар 19:1—4. Кудайдын жардам бергенин нечен ирет сезсе да, Изабел ханыша өлтүрөрүн айтканда, Илияс пайгамбар коркуп, Беир-Шебаны көздөй качып жөнөгөн. Көңүлү ушунчалык чөккөндүктөн «өзүнө өлүм тилеген». Эмне үчүн? Ал «биздикиндей эле сезимдери бар» жеткилеңсиз киши болгон (Жкп. 5:17). Балким, анын ошондой сезимде болушуна катуу тынчсызданганы, чарчап-чаалыкканы себеп болгондур. Мүмкүн, ага чыныгы сыйынуу үчүн кылган аракетинен эч кандай майнап чыкпагандай, ысрайыл элинин рухий абалы кымындай да жакшырбагандай жана Жахабага өзү жалгыз сыйынып жаткандай сезилгендир (1 Пад. 18:3, 4, 13; 19:10, 14). Ишенимдүү пайгамбардын ошондой сезимде болгонуна таң калышыбыз ыктымал. Бирок Жахаба аны толук түшүнгөн.

6 Ал Илияс пайгамбарды жемелебей, кайрадан күчкө толууга жардам берген (1 Пад. 19:5—7). Кийинчерээк өзүнүн зор күчүн көрсөтүп, анын ой жүгүртүүсүн жумшактык менен оңдогон. Анан Ысрайылда Баалга сыйынбаган дагы 7000 киши бар экенин айткан (1 Пад. 19:11—18). Ушундайча Жахаба аны жакшы көрөрүн көрсөткөн.

ЖАХАБА БИЗГЕ КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕТ?

7. Жахабанын Илияс пайгамбарга жардам бергени бизди эмнеге ынандырат?

7 Балким, силер да кайсы бир кыйынчылык менен күрөшүп жаткандырсыңар. Жахабанын Илияс пайгамбарга түшүнүү менен мамиле кылганы баарыбызды сооротот. Ошондой эле анын биздин да жүрөгүбүздү өйүгөн нерселерибизди жакшы түшүнөрүнө ынандырат. Ал алыбыздын эмнеге жетерин, атүгүл эмне деп ойлоп, кандай сезимде болуп жатканыбызды эң сонун билет (Заб. 103:14; 139:3, 4). Эгер, Илияс пайгамбардай болуп, Жахабага таянсак, ал бизге жан дүйнөбүзгө бүлүк түшүргөн көйгөйлөр менен күрөшүүгө көмөк кылат (Заб. 55:22).

8. Жахаба стресс менен күрөшүүгө кантип жардам берет?

8 Стресстен улам жакшылыктан үмүт үзүп, ындыныбыз өчүп калышы мүмкүн. Эгер ушундай болуп жатса, Жахабанын жардам береринен шектенбесеңер болот. Ал кантип жардам берет? Жахаба силерди жүрөгүңөрдөгүнү ага төгүүгө чакырат жана муң-зарыңарды угуп, сөзсүз жооп берет (Заб. 5:3; 1 Пет. 5:7). Ошондуктан көйгөйлөрүңөрдү айтып, Жахабадан көп тиленгиле. Албетте, ал биз менен Илияс менен сүйлөшкөндөй сүйлөшпөйт, бирок тиленүүлөрүбүзгө өзүнүн Сөзү жана уюму аркылуу жооп берет. Ыйык Китептен окугандарыбыз жан дүйнөбүздү тынчтандырып, үмүт байлатат. Ишенимдештерибиз да бизди бекемдеп, кубаттандырат (Рим. 15:4; Евр. 10:24, 25).

9. Ишеничтүү досубуз кандай жардам көрсөтө алат?

9 Жахаба Илияс пайгамбарга айрым иштерин Элишага тапшырууну айткан. Ушундай жол менен ага көңүлү чөккөндө колдой турган жакшы адамды шерик кылып берген. Ошо сыңары, ичибиздегини ишеничтүү досубуз менен бөлүшсөк, ал бизге терс сезимдерге алдырбоого жардам бере алат (2 Пад. 2:2; Накыл 17:17). Эгер андай досуңар жок болсо, Жахабадан кубаттап-бекемдей турган, рухий жактан жетилген бир тууганды табууга жардам беришин сурагыла.

10. Илияс пайгамбардын башынан өткөндөр эмне үчүн бизге үмүт берет жана Ышая 40:28, 29да жазылган убада бизге кандайча жардам берет?

10 Жахаба Илияс пайгамбарга кыйынчылыкка моюн сунбай, көп жыл бою ишенимдүү кызмат кылууга көмөк кылган. Илияс пайгамбардын башынан өткөндөр бизге үмүт берет. Биздин да катуу стресске кабылган учурларыбыз болот. Андайда алдан-күчтөн тайып, мүңкүрөп калышыбыз мүмкүн. Бирок Жахабага таянсак, ал бизге кызматыбызды токтотпогонго күч берет. (Окугула: Ышая 40:28, 29.)

АННА, ДӨӨТҮ ЖАНА ЗАБУРЧУ ЖАХАБАГА ТАЯНГАН

11—13. Кудайдын байыркы убактагы үч кызматчысы кыйынчылыктан улам кандай сезимде болушкан?

11 Ыйык Китепте Кудайдын башка кызматчыларынын да жан дүйнөсү кыйналган учурлары болгону баяндалган. Мисалы, Анна көп жылдар бою балалуу болбогондуктан элге шылдың болгон. Күңдөшү болсо аны дайыма ызалантып, көңүлүн оорута берчү (1 Шем. 1:2, 6). Ушундай кордук жанына баткандыктан, анын көз жашы тыйылбай, тамакка табити тартпай калчу (1 Шем. 1:7, 10).

12 Дөөтү падышанын да кайгыдан бүк түшкөн күндөрү болгон. Анын башынан кандай кыйынчылыктар өткөнүн ойлоп көрсөңөр. Ал кетирген каталарынан улам өзүн күнөөлүү сезип, жүрөгү мыкчылган (Заб. 40:12). Жанындай көргөн уулу Абышалом ага каршы козголоң чыгарып, акыр-аягы өмүрүнөн айрылган (2 Шем. 15:13, 14; 18:33). Эң жакын досу болсо сатып кеткен (2 Шем. 16:23—17:2; Заб. 55:12—14). Дөөтүнүн забурларынын көбүндө анын канчалык кыйналганы, ошол эле учурда Жахабага бекем таянганы чагылдырылган (Заб. 38:5—10; 94:17—19).

Забурчуга Жахабага кайрадан кубаныч менен кызмат кылууга эмне жардам берген? (13—15-абзацтарды карагыла) *

13 Ал эми забурларды жазган дагы бир киши ыймансыздарга көз арткан. Ал, сыягы, Асап деген лебинин тукумдарынын бири болгон жана «Кудайдын улуу ыйык жайында» кызмат кылган. Көңүлү аябай чөккөндүктөн, ал кубанычын жоготуп, жашоосуна нааразы болгон. Атүгүл Кудайга кызмат кылуунун аркасында алып жаткан баталарын мурдагыдай баалабай калган (Заб. 73:2—5, 7, 12—14, 16, 17, 21).

14, 15. Ыйык Китепте жазылган үч инсандан Жахабадан жардам издөөгө байланыштуу эмнени үйрөнө алабыз?

14 Жахабанын жогоруда айтылган үч кызматчысы андан жардам издеген. Алар жалындуу тиленип, Жахабага жүрөгүн уйгу-туйгу кылган нерселеринин баарын ачык айтышкан. Ошондой эле ага сыйына турган жайга андан ары да бара беришкен (1 Шем. 1:9, 10; Заб. 55:22; 73:17; 122:1).

15 Жахаба алардын ар биринин тиленүүсүн боорукердик менен угуп, жооп берген. Ошонун аркасында Анна жан дүйнө тынчтыгына ээ болгон (1 Шем. 1:18). Дөөтү болсо: «Адил адамдын кыйынчылыгы көп, бирок Жахаба анын баарынан арылтат»,— деп жазган (Заб. 34:19). Ал эми забурчу Жахабанын ага мээримдүүлүк менен кеңеш берип, оң колунан «кармап турганын» сезген. Ал: «Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы. Бардык иштерин жарыялаш үчүн Эгедер Теңир Жахабаны баш маана кылам»,— деп ырдаган (Заб. 73:23, 24, 28). Алардан эмнени үйрөнө алабыз? Кээде биз да олуттуу көйгөйлөрдөн улам катуу стресс болушубуз мүмкүн. Бирок Жахабанын башкаларга кантип жардам бергени жөнүндө ой жүгүртсөк, ага таянып, андан тиленсек жана ал айткан нерселерди кылсак, кыйынчылыктарыбызды көтөрүп кете алабыз (Заб. 143:1, 4—8).

КЫЙЫНЧЫЛЫККА БАГЫНБАШ ҮЧҮН ЖАХАБАГА ТАЯНГЫЛА

Башында элден обочолонуп жаткан ишенимдешибиз башкаларга жардам берүүнүн жолдорун издөөнүн аркасында өзүн жакшыраак сезип калган (16, 17-абзацтарды карагыла)

16, 17. а) Эмне үчүн обочолонбошубуз керек? б) Канткенде кайрадан күч-кубатка толо алабыз?

16 Жогоруда айтылган үч инсандан дагы бир маанилүү нерсени үйрөнө алабыз: кыйынчылык учурунда Жахабадан жана анын элинен обочолонбошубуз керек (Накыл 18:1). Күйөөсү таштап кеткенде, жүрөгү катуу жараланган Нэнси: «Көп күн бою эч кимди көргүм да, эч ким менен сүйлөшкүм да келбей жүрдү. Бирок башкалардан обочолонгон сайын, көңүлүм чөгүп, жаман боло бердим»,— дейт. Ал кыйналып жаткандарга жардам берүүнүн жолдорун издей баштаганда, жагдайы жакшырган. Ал мындай деп сөзүн улайт: «Башкалар өздөрүнүн кыйынчылыктарын айтып берип жатканда, кунт коюп укчумун. Аларга боорум ооруп, көбүрөөк көңүл буруунун аркасында өзүмдүн көйгөйүмө көп көңүл топтобой калдым».

17 Жыйналыш жолугушууларына катышуунун аркасында кайрадан күч-кубатка толобуз. Жыйналышка барганыбызда, Жахабанын бизди сооротуп, жардам беришине дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлөт (Заб. 86:17). Ал жактан Жахаба бизге ыйык руху, Сөзү, бир туугандар аркылуу дем-күч берет. Жыйналыш «бири-бирибизди бекемдөөгө» жакшы өбөлгө түзөт (Рим. 1:11, 12). София деген ишенимдешибиз: «Жахаба жана бир туугандар мага багынбаганга көмөк кылды. Өзгөчө, жыйналыш жолугушуулары күч берди. Жыйналышта жана кызматта канчалык жигердүү болсом, тынчсызданууларым менен күрөшүү ошончолук оңоюраак болорун байкадым»,— деген.

18. Көңүлүбүз чөккөндө, Жахаба бизге кантип жардам берет?

18 Көңүлүбүз чөккөндө Жахабанын кыйынчылыктарыбыздан келечекте биротоло арылтарын эле эмес, алар менен күрөшүүгө азыртадан жардам берерин унутпайлы. Ал бизге терс сезимдерге алдырбоого жана үмүтсүздүк менен күрөшүүгө «каалоо да, күч да берет» (Флп. 2:13).

19. Римдиктер 8:37—39-аяттарда кандай убада камтылган?

19 Окугула: Римдиктер 8:37—39. Элчи Пабыл бизди Кудайдын сүйүүсүнөн эч нерсе ажырата албай турганына ынандырган. Стресске кабылып жаткан бир туугандарга кантип жардам бере алабыз? Кийинки макалада аларга боорукердик менен мамиле кылууда жана колдоо көрсөтүүдө Жахабаны кантип туурасак болорун карап чыгабыз.

44-ЫР: Кыйналган адамдын тиленүүсү

^ 5-абз. Катуу же узак убакыт бою тынчсыздануу ден соолугубузга, эмоциялык абалыбызга терс таасир этет. Оор учурларда Жахаба бизге кантип жардам берет? Бул макаладан анын Илияс пайгамбарга кантип колдоо көрсөткөнүнө токтолобуз. Ошондой эле Ыйык Китептеги башка инсандардын үлгүсүнөн кыйын учурда Жахабадан жардам алыш үчүн эмне кылсак болорун билебиз.

^ 2-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.

^ 53-абз. СҮРӨТ. Жахабанын периштеси Илияс пайгамбарды акырын ойготуп, ага нан менен суу берүүдө.

^ 55-абз. СҮРӨТ. Сыягы, Асаптын тукумдарынан болгон забурчу башка эки леби менен чогуу ырдап, забурларды жазып жатат.