Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

23-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Ата-энелер, балдарыңарга Жахабаны сүйгөндү үйрөткүлө

Ата-энелер, балдарыңарга Жахабаны сүйгөндү үйрөткүлө

«Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй» (МТ. 22:37).

134-ЫР: Балдар — Кудайдын белеги

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Жагдай-шартыбыз өзгөргөндө Ыйык Китептеги кеңештерге эмне үчүн башкача карай баштаарыбызды түшүндүргүлө.

 БАШ КОШКОН күнү жакшынакай кийинип супсулуу болгон күйөө менен колукту нике жөнүндө баяндаманы дит коюп угушат. Баяндамадагы ойлорду алар биринчи жолу угуп отурган жок. Бирок эми айтылган ойлор алар үчүн өзгөчө мааниге ээ боло баштайт. Эмне үчүн? Себеби эми алар өмүрлүк жарлар катары ошол кеңештерди турмушунда колдоно башташат.

2 Кудайдын жолундагы жубайлар балалуу болгондо да так эле ушундай болот. Алар буга чейин бала тарбиялоо жөнүндө далай эле баяндамаларды угушса керек. Бирок балалуу болгондон кийин ал кеңештерге башкача карай башташат. Себеби бала тарбиялоо эмне экенин өздөрү чындап түшүнө башташат. Бул оңой-олтоң милдеттерден эмес. Ооба, жашообузда жагдай-шарт өзгөргөндө мурун жакшы эле билип келген Ыйык Китептеги кеңештерге жаңы өңүттөн карап калабыз. Мына, ошол себептен Жахабанын кызматчылары, Ысрайыл падышаларына айтылгандай, Ыйык Жазманы «өмүр бою» окуп, окугандары жөнүндө ой жүгүртүп келишет (Мыйз. 17:19).

3. Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

3 Ата-энелер, силер Кудайдын кызматчысы ээ боло ала турган эң зор сыймыктардын бирине ээсиңер: силерге балдарыңарга Жахаба жөнүндө таалим-тарбия берүү милдети артылган. Бирок аларга Жахаба жөнүндө билим берип коюп эле тим болбошуңар керек. Алардын Жахабаны бүт жүрөгү менен сүйүшүн каалаарыңар шексиз. Анда балдарыңардын жүрөгүндө ошондой сүйүү өрчүшү үчүн эмне кылсаңар болот? Бул макалада силерге бул жагынан жардам боло турган Ыйык Китепке негизделген төрт кеңешке токтолобуз (2 Тим. 3:16). Ошондой эле айрым ата-энелердин Ыйык Китептеги ошол кеңештерди колдонуунун кандай пайдасын көрүп жатканын карап чыгабыз.

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРГЕН ТӨРТ КЕҢЕШ

Дайыма Жахабадан жетекчилик сурасаңар, жакшы үлгү көрсөтсөңөр, бул балдарыңарга кандай таасир этет? (4, 8-абзацтарды карагыла)

4. Балдардын дилине Жахабага болгон сүйүүнү сиңиргенге жардам бере турган кеңештердин биринчиси кайсы? (Жакып 1:5)

4 1-кеңеш: Жахабадан жетектешин сурагыла. Балдарыңардын дилине Жахабага болгон сүйүүнү сиңире алышыңар үчүн андан акылмандык сурагыла. (Окугула: Жакып 1:5.) Балдарды тарбиялоо жагынан Жахабадан өтөр эч ким эң мыкты кеңештерди бере албайт. Мунун бир нече себеби бар. Алардын экөөнө токтололу. Биринчиси, Жахаба ата-эне болуу эмне экенин эң жакшы билет (Заб. 36:9). Экинчиси, анын акыл-насааттары дайыма пайда гана алып келет (Ыш. 48:17).

5. а) Жахабанын уюму ата-энелерге кантип жардам берип келет? б) Видеодогу Абилио менен Улла Аморимдерден бала тарбиялоо жагынан эмнени үйрөндүңөр?

5 Балдарыңарга Жахабаны сүйгөндү үйрөтө алышыңар үчүн Жахаба өзүнүн Сөзү аркылуу кеп-кеңештерин берип турат. Уюму аркылуу да Ыйык Китепке негизделген толгон-токой макалаларды, видеолорду чыгарып берип жатат (Мт. 24:45). Мисалы, «Үй-бүлө үчүн кеңештер» деген рубрикадан көп жакшы кеңештерди таба аласыңар. Ал рубрика мурун «Ойгонгула!» журналына чыгып турчу. Азыр болсо веб-сайтыбызга чыгып жатат. Ошондой эле сайтыбызга көптөгөн дил маектер жана ойдон чыгарылган жагдайлар көрсөтүлгөн видеолор да чыгып турат. Алар да ата-энелерге балдарын тарбиялаганга көмөк кылат * (Накыл 2:4—6).

6. Жо менен анын жубайы Жахаба өзүнүн уюму аркылуу берип жаткан жетекчиликке кандай карайт?

6 Өзүнүн уюму аркылуу бала тарбиялаганга жардам берип жатканы үчүн көптөгөн ата-энелер Жахабага миң мертебе ыраазы. Жо аттуу ата мындай дейт: «Үч баланы чындык жолунда тарбиялаш аябай оор. Ошон үчүн келинчегим экөөбүз Жахабадан колдоп турушун сурап көп тиленебиз. Анан так керек учурда кыйынчылыгыбызды чечкенге жардам берген макала же видео чыгып калган учурлар аябай көп болот. Жахабадан кадамыбызды багытташын сурабай туруп эч нерсе кылбайбыз». Ооба, Жо менен анын жубайы ушундай нерселер балдарына Жахабага жакындаганга түрткү берип жатканын өз көзү менен көрүп жатышат.

7. Ата-энелердин сөзү менен иши төп келгени эмне үчүн маанилүү? (Римдиктер 2:21)

7 2-кеңеш: Үлгү болгула. Негизи, балдар тамырчы келет жана ата-энесин туураганга жакын. Албетте, бардык жактан төп келишкен мыкты бир да ата-эне жок (Рим. 3:23). Ошентсе да акыл-эстүү ата-энелер балдарына бардык жактан үлгү болуш үчүн колунан келгендин баарын кылышат. (Окугула: Римдиктер 2:21.) Бир ата: «Балдар баарын шак эле сиңирип алган кебезге окшош»,— дейт. «Алар иштерибиз сөзүбүздөн тескери чыгып калганда муну шак эле айтышат»,— деп кошумчалайт ал. Демек, балдарыбыздын Жахабаны сүйүшүн кааласак, анда өзүбүздүн жүрөгүбүздө ошол сүйүү күчтүү болушу жана бул айкын көрүнүп турушу керек.

8, 9. Эндрю менен Эмманын айткандарынан эмнени үйрөндүңөр?

8 Ата-энелер балдарына Жахабаны сүйгөндү дагы башка көптөгөн жолдор менен үйрөтө алышат. 17 жаштагы Эндрю мындай дейт: «Ата-энем Жахабага кайрылып дайыма сүйлөшүп тургандын канчалык маанилүү экенин үйрөтүшкөн. Өз алдынча тиленсем дагы, атам күн сайын кечинде мени менен чогуу тиленчү. Апам экөө: „Жахаба менен канча кааласаң, ошончо сүйлөшө берсең болот”,— деп айтып турушчу. Алардын бул тарбиясы мага ушунчалык терең таасир эткендиктен, азыр Жахаба менен ээн-эркин сүйлөшөм жана аны мээримдүү Атамдай көрөм». Мындан көрүнүп тургандай, ата-энелер, балдарыңар силердин Жахабаны канчалык сүйөрүңөрдү көрүп аны сүйгөндү үйрөнөрүн эч качан унутпагыла.

9 Эми Эмманын башынан өткөндөргө токтололу. Анын атасы аларды таштап кеткен. Болгондо да апасын карызга белчесинен батырып кеткен. Эмма мындай дейт: «Акча тартыш болуп кыйналган учурларыбыз аябай көп болгон. Бирок апам Жахабанын эч качан калтырбай турганын жана өзүнүн кызматчыларын эч нерседен өксүтпөй турганын көп айтчу. Анын жашоосунан өзүнүн сөздөрүнө өзү бекем ишенери даана көрүнүп турчу. Ал айткан сөздөрүнө жараша жашачу». Мындан эмнени үйрөнсөк болот? Ата-энелер атүгүл оор учурларда да балдарына үлгү боло алышат (Гал. 6:9).

10. Байыркы ысрайыл элиндеги ата-энелерде балдары менен сүйлөшүп турганга кандай мүмкүнчүлүктөр болгон? (Мыйзам 6:6, 7)

10 3-кеңеш: Балдарыңар менен дайыма сүйлөшүп тургула. Жахаба байыркы ысрайыл элин балдарына баскан турган сайын таалим-тарбия бергенге үндөгөн. (Окугула: Мыйзам 6:6, 7.) Ал ата-энелерде балдары менен сүйлөшкөнгө, алардын жүрөгүндө Жахабага болгон сүйүүсүн өрчүткөнгө көп убактысы болгон. Мисалы, эркек балдар үрөн сээп же түшүм жыйнап атасынын жанында көп жүрчү. Ал эми кыздар апасы менен чогуу бирдемелерди тигип, токуп же үй тирлигине кол кабыш кылчу. Ата-энелер менен балдар дайыма чогуу жүргөндүктөн жашоодогу абдан маанилүү нерселер жөнүндө көп пикирлеше турган. Маселен, алар Жахабанын жакшылыктары жана алардын үй-бүлөсүнө кантип кам көрүп келгени жөнүндө сүйлөшө алышкан.

11. Ата-энелер кайсы мүмкүнчүлүктөн колдонуп балдары менен сүйлөшө алышат?

11 Азыр болсо заман башка. Ата-энелер менен балдар чогуу аз эле убакыт өткөрүшөт. Себеби ата-энелер бир күн кечке жумушта болсо, балдар мектепте. Ошол себептен ата-энелер балдары менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүктөрдү издеп турушу керек (Эф. 5:15, 16; Флп. 1:10). Мунун бир жолу — үй-бүлөлүк изилдөөгө чогулуу. Александр аттуу бир бала мындай дейт: «Атам үй-бүлөлүк изилдөөнү үзбөй өткөрүп турат. Эч нерсеге ага жолтоо болушуна жол бербейт. Изилдөөдөн кийин биз жөн эле кобурашып отурабыз».

12. Үй-бүлө башчысы үй-бүлөлүк изилдөө өткөрүп жатканда эмнени эстен чыгарбашы керек?

12 Эгер үй-бүлө башчысы болсоңор, үй-бүлөлүк изилдөөнү кантип балдарыңарга кызыктуу кылып өткөрө аласыңар? Мисалы, алар менен «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген жаңы чыккан сонун китепти изилдесеңер болот. Ошол изилдөөнүн аркасында балдарыңар менен чечилишип сүйлөшө аласыңар. Алардын жүрөгүндө эмне бар экенин билгиңер келсе, үй-бүлөлүк изилдөө учурунда алардын кемчилик-каталарын кеп кылып же акыл айта бербегиле. Ошондой эле Ыйык Китепке каршы келген ой-сезимдерин айтса, шак эле урушуп кирбегиле. Анын ордуна, ичиндегисин ачык айтканы үчүн ыраазычылык билдирип, андан ары да оюн эркин айтканга үндөгүлө. Алардын түпкүрдө жаткан сезимдерин толук түшүнгөндө гана жакшы жардам бере аласыңар.

Канткенде ата-энелер балдарына жаратылыш аркылуу Жахабанын сапаттары жөнүндө айтып бере алышат? (13-абзацты карагыла)

13. Балдарга Жахабага жакындаганга жардам бериш үчүн дагы кандай мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланса болот?

13 Ата-энелер, балдарыңарга Жахабага жакындаганга жардам бериш үчүн күн сайын ар кандай мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалангыла. Мээримдүү Кудайыбыз жөнүндө таалим бериш үчүн Ыйык Китепти изилдегенге атайын бөлүнгөн убакытты күтүп отура бербегиле. Лиза аттуу бир эне мындай дейт: «Биз балдарыбызга жаратылыштан Жахаба жөнүндө көп нерсе билсе болорун үйрөткөнгө аракет кылчубуз. Мисалы, балдарыбыз итибиздин кылык-жоруктарына күлүп калышса, Жаратканыбыздын да бизге окшоп тамашакөй экенин жана жашоону жакшы көрөрүн айтчубуз».

Ата-энелер, балдарыңардын досторун билесиңерби? (14-абзацты карагыла) *

14. Ата-энелердин балдарына жакшы досторду тапканга жардам бергени эмне үчүн маанилүү? (Накыл сөздөр 13:20)

14 4-кеңеш: Балдарыңарга жакшы досторду тапканга жардам бергиле. Кудайдын Сөзүндө тегерегибиздеги адамдардын бизге же жакшы, же жаман таасир этери ачык жазылган. (Окугула: Накыл сөздөр 13:20.) Ата-энелер, балдарыңардын досторун жакшы билесиңерби? Алар менен таанышып, убакыт өткөргөнсүңөрбү? Балдарыңарга Жахабаны сүйгөн адамдар менен дос болгонго кантип жардам берсеңер болот? (1 Кор. 15:33). Ан үчүн чындык жолунда бекем турган ишенимдештериңерди үй-бүлөңөр менен чогуу бир нерселерди кылганга чакырып турсаңар болот (Заб. 119:63).

15. Ата-энелер балдарына жакшы досторду тапканга кантип жардам бере алышат?

15 Тони аттуу атанын айтып бергендерине токтололу. Ал аялы экөө балдарына жакшы досторду тапканга кантип жардам беришкени тууралуу мындай дейт: «Көп жыл бою тек-жайы, жаш-курагы ар кандай ишенимдештерибизди үйгө чакырып турдук. Дасторкон жайып алып чогуу тамактанчубуз, үй-бүлөлүк изилдөө өткөрчүбүз. Бул — Жахабаны жакшы көргөн, ага кубанып кызмат кылган адамдар менен жакыныраак таанышуунун эң жакшы жолу. Үйүбүзгө райондук көзөмөлчүлөр, миссионерлер жана башка ишенимдештерибиз көп түнөп кетишчү. Алардын айтып берген окуяларынан, Жахабага жанын аябай кызмат кылганынан, ынталуулугунан балдарыбыз көп нерсени үйрөндү. Ошонун аркасында Жахабага ынак болуп калышты». Андыктан, ата-энелер, балдарыңарга жакшы досторду тапканга жардам бериш үчүн талыкпай күч жумшай бергиле.

ҮМҮТҮҢӨРДҮ ҮЗБӨГҮЛӨ!

16. Балаңар Жахабага кызмат кылгысы келбесе, эмне кылсаңар болот?

16 Болушунча аракет кылсаңар да, балаңар Жахабага кызмат кылгысы келбесечи? Андайда ата-энелик милдетимди жакшы аткарбай калдым деп өзүңөрдү жебегиле. Жахаба баарыбызга, анын ичинде балаңарда да, өз алдынча чечим чыгарганга, тагыраак айтканда, ага кызмат кылар-кылбасын чечкенге эркиндик берген. Эгер балаңар Жахабаны таштап кетсе, анын кайтып келеринен үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Адашкан уул жөнүндөгү мисалды унутпагыла (Лк. 15:11—19, 22—24). Ал жигит жаман жолго түшүп, бирок акыр-аягы үйүнө кайтып келген. Айрымдар: «Бул жөн эле мисал да. Жашоодо ушундай болмок беле?» — деши мүмкүн. Чынында, ошондой болуп калышы мүмкүн. Буга Или аттуу жигиттин башынан өткөндөрү далил боло алат.

17. Илинин окуясы силерге эмнеси менен дем-күч берди?

17 Или ата-энесинин тарбиясы жөнүндө мындай деп эскерет: «Ата-энем... мени Кудайдан коркконго, анын осуяттары боюнча жашаганга үйрөтүп келишкен. Бирок өспүрүм кезимде ээн баш боло баштадым». Ал туура эмес иштерди жашыруун кыла баштаган. Ата-энеси ага жардам бергенге бардык аракетин жумшашса да, укпай койгон. Акыры, үйүнөн кетип, жаман жолго түшүп кеткен. Бирок кез-кезде досу менен Ыйык Китепте жазылгандар жөнүндө сүйлөшүп турчу экен. Ал мындай дейт: «Досума Жахаба Кудай жөнүндө канчалык көп айтып берген сайын, Жахаба жөнүндө ошончолук көп ойлоно баштадым. Ошентип, ата-энем талыкпай эмгектенип жүрөгүмө сепкен үрөндөр өсө баштады, тагыраак айтканда, Ыйык Китептеги чындыктарды эстей баштадым». Или убакыттын өтүшү менен кайра Кудайдын жолуна кайтып келген *. Ошондо кичинекей кезинен бери Жахабаны сүйгөндү үйрөтүп келгени үчүн ата-энеси кандай гана кубанган! (2 Тим. 3:14, 15).

18. Балдарына Жахабаны сүйгөндү үйрөтүү үчүн талыкпай эмгектенип жаткан ата-энелерге кандай карайсыңар?

18 Ата-энелер, силерге өзгөчө сыймык ыйгарылган: Жахаба силерге ага кызмат кыла турган жаңы муунду тарбиялап-өстүрүүнү ишенип тапшырган (Заб. 78:4—6). Бул оңой иш эмес. Балдарыңарга жардам бериш үчүн бел чечпей эмгектенип жатканыңар үчүн чын жүрөктөн мактагыбыз келет! Аларга асмандагы мээримдүү Атаңар Жахабаны сүйгөндү үйрөтүп, анын акыл-насааттары боюнча тарбиялаганга аракет кыла берсеңер, аны сөзсүз кубантасыңар! (Эф. 6:4).

135-ЫР: Жахабанын чакырыгы: «Уулум, акылдуу бол»

^ Кудайга кызмат кылган ата-энелер балдарын жанындай жакшы көрөт. Балдары эч нерседен кем болбошу үчүн жана өздөрүн бактылуу сезиши үчүн баарына даяр. Бирок эң маанилүүсү, алар балдарына Жахабаны жан-дилден сүйгөндү үйрөткүсү келет. Бул макалада ата-энелерге ошол максатына жеткенге жардам берген Ыйык Китепке негизделген төрт кеңешке токтолобуз.

^ jw.org сайтынан «Бала тарбиялаганды Жахабадан үйрөндүк» деген видеону көргүлө.

^ Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2012-ж., 1-апр., «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат».

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Баласынын досторун жакшыраак билиш үчүн атасы алар менен баскетбол ойноп жатат.