Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

20-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Аян китеби жана Кудайдын душмандары

Аян китеби жана Кудайдын душмандары

«Алар падышаларды еврейче Армагедон деп аталган жерге чогултушту» (АЯН 16:16).

150-ЫР: Куткаруучу Кудайды издейли

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Аян китебинде Кудайдын эли жөнүндө эмне деп айтылган?

 АЯН КИТЕБИНДЕ асманда Кудайдын Падышалыгы орногону жана Шайтандын асмандан жерге куулганы айтылат (Аян 12:1—9). Ошондо асмандагылар кадимкидей жеңилдей түшкөн. Ал эми жерде жашаган Кудайдын элин болсо кайгы баскан. Эмне үчүн? Анткени Шайтан Жахабанын жердеги ишенимдүү кызматчыларына каарын төгүш үчүн аларды бутага алган (Аян 12:12, 15, 17).

2. Бизге туруктуу болгонго эмне жардам берет?

2 Шайтандын чабуулуна карабай канткенде туруктуу бойдон кала алабыз? (Аян 13:10) Бул жагынан бизге келечек жөнүндө билгенибиз жардам берет. Мисалы, Аян китебинде элчи Жакан жакында Кудайдын бизге кандай бата төгөрүн баяндаган. Алардын бири — Кудайдын душмандарынын кырылып жок болушу. Анда эмесе, Аян китебинде Кудайдын душмандары кантип сүрөттөлгөнүн жана алардын акыр-аягы эмне болорун карап чыгалы.

КУДАЙДЫН ДУШМАНДАРЫНЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ

3. Аян китебинде каймана тил менен сүрөттөлгөн айрым нерселер кайсылар?

3 Аян китебинин эң алгачкы аятында анда жазылгандардын «белгилер» менен, тагыраак айтканда, каймана тил менен берилгени айтылган (Аян 1:1). Кудайдын душмандары жырткычтарга салыштырылган. Мисалы, анда «деңизден чыгып келаткан он мүйүздүү, жети баштуу жырткыч» жөнүндө айтылган. Анын артынан «жерден... башка жырткыч» чыккан (Аян 13:1). Ал «ажыдаардай сүйлөгөн» жана «асмандан жерге от түшүргөн» (Аян 13:11—13). Андан соң башка жырткыч, үстүнө сойку минип алган «кыпкызыл жырткыч», көрсөтүлгөн. Ушул үч жырткыч узак убакыттан бери Жахабага, анын Падышалыгына каршылык көрсөтүп келаткан душмандарды билдирет. Ошон үчүн алардын эмнени билдирерин билип алганыбыз абдан маанилүү (Аян 17:1, 3).

КИЛЕЙГЕН ТӨРТ ЖЫРТКЫЧ

Алар «деңизден» чыгышкан (Дан. 7:1—8, 15—17). Алар Даниелдин күндөрүнөн бери Кудайдын элине үстөмдүк кылып, куугунтуктап келген дүйнөлүк империяларды билдирет (4, 7-абзацтарды карагыла)

4, 5. Даниел 7:15—17-аяттар Аян китебиндеги белгилерди түшүнгөнгө кандайча жардам берет?

4 Ошол душмандарды аныктаардан мурун жырткычтар менен сойку эмнелерди билдирерин билип алганыбыз жакшы. Алардын мааниси Ыйык Китептин өзүндө түшүндүрүлгөн. Негизи, Аян китебинде каймана мааниде айтылгандардын мааниси Ыйык Китептин башка китептеринде түшүндүрүлөт. Мисалы, Даниел пайгамбар түшүндө «деңизден... килейген төрт айбан чыгып келатканын» көргөн (Дан. 7:1—3). Анан алардын эмнени билдирерин өзү түшүндүргөн. Ал килейген айбандар төрт «падышаны» же өкмөттү билдирген. (Окугула: Даниел 7:15—17.) Ушундан улам Аян китебиндеги жырткычтар да саясий өкмөттөрдү билдирет десек болот.

5 Анда келгиле, Аян китебинде айтылган айрым белгилерге токтололу. Аларды карап жатып Ыйык Китеп ал белгилердин маанисин кантип түшүндүрөрүн аңдайбыз. Адегенде бир нече жырткыч жөнүндө талкуулайбыз. Биринчиден, алардын эмнелерди билдирерин карайбыз. Андан соң алардын акыры кандай болорун билебиз. Аягында ушул нерселердин бизге кандай тиешеси бар экенине көңүл бурабыз.

КУДАЙДЫН ДУШМАНДАРЫНЫН АНЫКТАЛЫШЫ

ЖЕТИ БАШТУУ ЖЫРТКЫЧ

Ал «деңизден чыккан». Жети башы, он мүйүзү, он таажысы бар (Аян 13:1—4). Ал тарых бою адамзатты бийлеп келген өкмөттөрдүн баарын билдирет. Жети башы Кудайдын элине үстөмдүк кылып, куугунтуктап келген жети дүйнөлүк империяны билдирет (6—8-абзацтарды карагыла)

6. Аян 13:1—4-аяттарда айтылган жети баштуу жырткыч эмнени билдирет?

6 Жети баштуу жырткыч эмнени билдирет? (Окугула: Аян 13:1—4.) Бул жырткычтын көрүнүшү кабыландыкындай, буттары аюунукундай, оозу арстандыкындай жана он мүйүзү бар. Так ушул өзгөчөлүктөр Даниел китебинин 7-бөлүмүндө айтылган төрт жырткычта да бар. Бирок Аян китебинде булар өз өзүнчө төрт жырткычка эмес, бир эле жырткычка мүнөздүү өзгөчөлүктөр катары сүрөттөлгөн. Бул жырткыч бир эле өкмөттү же дүйнөлүк империяны билдирбейт. Анын «ар бир уруунун, элдин, тилдин, улуттун үстүнөн бийликке ээ» экени айтылган. Демек, бул жырткычтын бир эле өкмөттү билдирбей турганы шексиз (Аян 13:7). Ал адамзатты биздин күндөргө чейин бийлеп келген бардык өкмөттөрдү билдирет * (Нас. 8:9).

7. Жети баштуу жырткычтын ар бир башы эмнени билдирет?

7 Жети баштуу жырткычтын ар бир башы эмнени билдирет? Мунун жандырмагы Аян 17-бөлүмдө камтылган. Ал жерде Аян 13-бөлүмдө кеп кылынган жырткычтын сөлөкөтү сүрөттөлгөн. Аян 17:10до: «Алар жети падышаны билдирет: бешөө кулаган, бирөө бар, бирөө али келе элек, бирок келгенде аз эле убакыт болушу керек»,— делет. Шайтан колдонгон бардык өкмөттөрдүн арасынан жетөө өзгөчө зор бийликке ээ болгондуктан «баш» катары сүрөттөлгөн. Ал империялардын карамагында Кудайдын эли жашаган же алар Кудайдын элин куугунтуктаган. Элчи Жакандын күндөрүнө чейин алардын бешөө: Мисир, Ашур, Бабыл, Мадай-Персия жана Греция доорон сүрүп бүткөн. Ал эми алтынчы дүйнөлүк держава, Рим, Жакан аян алган учурда бийлик кылып турган. Анда кайсы өкмөт жетинчи баш, тагыраак айтканда, жетинчи жана акыркы дүйнөлүк держава болмок?

8. Жырткычтын жетинчи башы эмнени билдирет?

8 Төмөндөн биле турганыбыздай, Даниел китебиндеги пайгамбарлыктар жырткычтын жетинчи жана акыркы башын аныктаганга жардам берет. Азыркы акыркы күндөрдө — «Мырзабыздын күнүндө» — кайсы дүйнөлүк империя башкарып жатат? (Аян 1:10). Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттарынан турган кош өкмөт, башкача айтканда, Англия-Америка дүйнөлүк державасы. Демек, ушул өкмөт Аян 13:1—4-аяттарда айтылган жырткычтын жетинчи башы деп жыйынтык чыгарсак болот.

КОЗУНУКУНДАЙ ЭКИ МҮЙҮЗҮ БАР ЖЫРТКЫЧ

Ал «жерден чыккан» жана «ажыдаардай сүйлөйт». «Асмандан жерге от түшүргөн» жана «жалган пайгамбар» катары жышаандарды көрсөткөн (Аян 13:11—15; 16:13; 19:20). Эки мүйүздүү жырткыч жана жалган пайгамбар катары Англия-Америка дүйнөлүк державасы жер жүзүндө жашагандарды адаштырып, жети баштуу, он мүйүздүү жырткычтын «сөлөкөтүн жасаганга» үндөйт (9-абзацты карагыла)

9. «Козунукундай эки мүйүзү бар» жырткыч эмнени билдирет?

9 Аян 13-бөлүмдө андан ары жетинчи баштын, Англия-Америка дүйнөлүк державасынын, «козунукундай эки мүйүзү бар», «бирок... ажыдаардай сүйлөгөн» жырткычтай иш кылары айтылган. Ал жырткыч «улуу жышаандарды көрсөтүп», «атүгүл адамзаттын көз алдында асмандан жерге от түшүрмөк» (Аян 13:11—15). Аян 16, 19-бөлүмдөрдө ал жырткыч «жалган пайгамбар» деп да аталган (Аян 16:13; 19:20). Даниел пайгамбар да Англия-Америка дүйнөлүк державасы жөнүндө ушул сыяктуу сөздөрдү айткан. Тагыраак айтканда, анын «таң калыштуу жол менен кыйратарын» сөз кылган (Дан. 8:19, 23, 24). Анан Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда так эле ушундай болгон. Улуу Британия менен Американын окумуштуулары биригип алып жасаган эки атомдук бомба Жапонияга ыргытылып, Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөн. Ошентип, Англия-Америка дүйнөлүк державасы «асмандан жерге от түшүргөндөй» эле болгон.

КЫПКЫЗЫЛ ЖЫРТКЫЧ

Аны сойку, Улуу Бабыл, минип алган. Ал жырткыч сегизинчи падыша катары сүрөттөлгөн (Аян 17:3—6, 8, 11). Башында сойку аны башкарат. Бирок кийин жырткыч аны жок кылат. Сойку жалган диндин дүйнөлүк империясын билдирет. Ал эми жырткыч бүгүнкү күндөгү дүйнө жүзүндөгү саясий түзүлүштүн кызыкчылыгын көздөгөн Бириккен Улуттар Уюмун билдирет (10, 14—17-абзацтарды карагыла)

10. «Жырткычтын сөлөкөтү» эмнени билдирет? (Аян 13:14, 15; 17:3, 8, 11)

10 Аян китебинде дагы бир жырткыч жөнүндө айтылган. Анын көрүнүшү жети баштуу жырткычка дээрлик окшош. Болгону бир айырмачылыгы — анын өңү кыпкызыл. Ал «жырткычтын сөлөкөтү» жана «сегизинчи падыша» деп айтылган *. (Окугула: Аян 13:14, 15; 17:3, 8, 11.) Ал падыша мурун болгон, анан жок болгон, кийин кайра пайда болгон. Бул сөздөр бүтүндөй дүйнөдөгү саясий түзүлүштүн кызыкчылыгын көздөгөн Бириккен Улуттар Уюмун таамай сүрөттөп турат. Башында ал Улуттар Лигасы деп белгилүү болчу. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда болсо жоюлуп кеткен. Кийин кайра түптөлүп, ошондон бери Бириккен Улуттар Уюму катары иш жүргүзүп келет.

11. Өкмөттөр эмне кылат жана эмне үчүн коркпой эле койсок болот?

11 Өкмөттөрдү билдирген жырткычтар элди Жахабага жана анын элине каршы үгүттөйт. Каймана мааниде алар «бүт дүйнөнүн падышаларын» «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган» Армагедон согушуна чогултушат (Аян 16:13, 14, 16). Бирок биз эч нерседен коркпой эле койсок болот. Анткени улуу Кудайыбыз Жахаба анын бийлигин колдогондорду аман алып калыш үчүн дароо жардамга келет (Жез. 38:21—23).

12. Жырткычтар акыр-түбү эмне болот?

12 Жырткычтар акыр-түбү эмне болот? Аян 19:20да буга мындай жооп берилет: «Ошондо жырткыч менен анын алдында жышаандарды көрсөткөн жалган пайгамбар кармалды. Ал жышаандарды көрсөтүп, жырткычтын белгисин койдургандарды, анын сөлөкөтүнө сыйынгандарды адаштырып жүргөн. Ал экөө тең күкүрт менен күйгөн оттуу көлгө тирүүлөй ыргытылды». Мындан көрүнүп тургандай, алар азыр бийликтин төрүндө отурушса да, Кудай жакында аларды түбөлүккө жок кылат.

13. Исанын жолдоочулары өкмөт тарабынан кандай кысымга дуушар болуп келишет?

13 Мунун бизге кандай тиешеси бар? Исанын жолдоочулары катары биз Кудайга берилгендик сактап, анын Падышалыгын колдошубуз керек (Жкн. 18:36). Ан үчүн бул дүйнөдөгү саясий иштерге такыр кийлигишпешибиз зарыл. Бул аябагандай кыйын болушу мүмкүн. Себеби дүйнөдөгү өкмөттөр элден аларды сөзү менен да, иши менен да толук колдошун талап кылат. Алардын кысымына алдыргандарга жырткычтын белгиси коюлат (Аян 13:16, 17). Бирок белги койдургандар Жахабанын ырайымынан ажырап, түбөлүк өмүрдөн айрылышат (Аян 14:9, 10; 20:4). Ошол себептен, кандай кысым көрсөтүлбөсүн, ар бирибиздин бардык жактан толук бейтараптуу болгонубуз маанилүү!

УЛУУ СОЙКУНУН МАСКАРА БОЛУП ЖОК БОЛУШУ

14. Аян 17:3—5-аяттарда айтылгандай, Жакан эмнени көрүп таң калган?

14 Элчи Жакан аянда дагы бир нерсени көрүп «аябай таң калган». Ал эмне эле? Ал жүрөктүн үшүн алган жырткычтардын бирин минип алган аял болчу (Аян 17:1, 2, 6). Ал «улуу сойку» катары сүрөттөлүп, «Улуу Бабыл» деп аталган. Ал «жер жүзүнүн падышалары» менен бузуктук кылмак. (Окугула: Аян 17:3—5.)

15, 16. «Улуу Бабыл» деген эмне жана муну кайдан билебиз?

15 «Улуу Бабыл» эмнени билдирет? Бул аял саясий уюмду билдирбейт. Себеби анын дүйнөнүн саясий төбөлдөрү менен бузуктук кылып жатканы айтылган (Аян 18:9). Анын жырткычты минип алганы ошол саясий төбөлдөрдү башкарганга умтуларын көрсөтүп турат. Мындан тышкары, ал аял Шайтандын дүйнөсүндөгү алдым-жуттум коммерциялык түзүлүштү да билдирбейт. Себеби ал түзүлүш Аян китебинде «дүйнөнүн соодагерлери» деп өзүнчө сүрөттөлгөн (Аян 18:11, 15, 16).

16 Ыйык Китепте «сойкулук», «ойноштук» деген сөздөр каймана мааниде да колдонулат. Ал сөздөр Кудайга сыйынам деп коюп, бирок бурканга табынган же бул дүйнө менен дос болгон адамдарга карата айтылган (1 Жылн. 5:25; Жкп. 4:4). Ал эми Кудайга берилип кызмат кылгандар «таза бойдон калгандар» же «кыз бойдон калгандар» деп сыпатталат (2 Кор. 11:2; Аян 14:4). Байыркы Бабыл жалган кудайларга сыйынуунун чордону болгон. Демек, Улуу Бабыл жалган сыйынуунун бардык түрлөрүн билдирери күмөнсүз. Ооба, ал — жалган диндин дүйнөлүк империясы (Аян 17:5, 18). (jw.org сайтындагы «Улуу Бабыл деген эмне?» деген макаланы карагыла.)

17. Улуу Бабыл акыр-түбү эмне болот?

17 Улуу Бабыл акыр-түбү эмне болот? Аян 17:16, 17де мындай делет: «Сен көргөн он мүйүз менен жырткыч сойкуну жек көрүп, талап-тоношот, жылаңачташат. Анан этин жеп, өзүн өрттөп жиберишет. Анткени Кудай өзүнүн оюн аткарууну... жүрөктөрүнө салат». Ооба, Жахаба улуттарга кыпкызыл жырткычты, Бириккен Улуттар Уюмун, колдонуп, жалган диндин дүйнөлүк империясына кол салганга жана аны толугу менен жок кылганга түрткү берет (Аян 18:21—24).

18. Улуу Бабылды эч бир жагынан колдобой турганыбызды кантип көрсөтөбүз?

18 Мунун бизге кандай тиешеси бар? Биздин сыйынуубуз «Кудайыбыздын... көз алдындагы арам деп эсептелбеген таза сыйынуу» болушу керек (Жкп. 1:27). Биз жалган окууларга ишенбешибиз, жалган динден тамыр алган майрамдарды майрамдабашыбыз керек. Ошондой эле улам төмөндөп бараткан адеп-ахлак нормаларына ылайыкташпашыбыз жана Улуу Бабылдын жиндер менен байланышы бар ырым-жырымдарына катышпашыбыз зарыл. Андан тышкары, адамдар Кудайдын алдында жалган диндин күнөөлөрүнө ортоктош болуп калбашы үчүн аларды «андан чыкканга» үндөйбүз (Аян 18:4).

КУДАЙДЫН БАШКЫ ДУШМАНЫНА ЧЫГАРЫЛГАН ӨКҮМ

ЧОҢ КЫЗЫЛ АЖЫДААР

Шайтан жырткычка бийлик берген (Аян 12:3, 9, 13; 13:4; 20:2, 10). Жахабанын башкы душманы Шайтан 1000 жылга түпсүз туңгуюкка камалат. Андан соң «оттуу жана күкүрттүү көлгө ыргытылат» (19, 20-абзацтарды карагыла)

19. «Чоң кызыл ажыдаар» кимди билдирет?

19 Аян китебинде «чоң кызыл ажыдаар» жөнүндө да айтылат (Аян 12:3). Ал Иса менен анын периштелерине каршы согушат (Аян 12:7—9). Ошондой эле Кудайдын элине кол салат жана өкмөттөрдү билдирген жырткычтарга бийлик берет (Аян 12:17; 13:4). Ал ажыдаар кимди билдирет? «Ибилис жана Шайтан деп аталган» «байыркы жыланды» билдирет (Аян 12:9; 20:2). Ал — Жахабанын душмандарынын ана башы.

20. Ажыдаар акыр-түбү эмне болот?

20 Ажыдаар акыр-түбү эмне болот? Аян 20:1—3-аяттарда бир периштенин Шайтанды түпсүз туңгуюкка ыргытары айтылган. Шайтан ал жакта түрмөдөгүдөй абалда болот. Ал ошол жерде «Миң жыл аяктаганга чейин» болуп, «элдерди адаштыра албайт». Акырында, Шайтан менен жин-перилери «оттуу жана күкүрттүү көлгө ыргытылат». Бул алардын биротоло жана түбөлүккө жок кылынарын билдирет (Аян 20:10). Шайтан менен жин-перилери жок заманды элестетип көрсөңөр. Ал кандай гана сонун учур болот!

21. Аян китебин окугандар эмне үчүн бактылуу?

21 Аян китебинде каймана тил менен жазылгандарды түшүнгөнүбүз бизге кандай гана дем-шык берет! Биз Кудайдын душмандары кимдер экенин эле эмес, алардын акыр-түбү эмне болорун да аныктай алдык. Ооба, «бул пайгамбарлыктагы сөздөрдү үн чыгарып окуган киши жана аларды уккандар... бактылуу» (Аян 1:3). Бирок Кудайдын душмандарынын баары жок кылынгандан кийин ага баш ийгендер кандай бата алат? Бул тууралуу ушул катар макалалардын акыркысында сөз жүрөт.

23-ЫР: Жахаба бийлик кыла баштады

^ Аян китебинде Кудайдын душмандары каймана тил менен сүрөттөлгөн. Алардын эмнени билдирерин Даниел китебинен биле алабыз. Бул макалада Даниел китебиндеги айрым пайгамбарлык сөздөрдү Аян китебиндеги ошол сыяктуу пайгамбарлык сөздөр менен салыштырабыз. Ошонун аркасында Кудайдын душмандары ким экенин аныктай алабыз. Андан соң алардын акыр-түбү эмне болорун билебиз.

^ Жети баштуу жырткыч бардык өкмөттөрдү билдирет деп айтканыбыздын дагы бир себеби анын «он мүйүзү» бар. Ыйык Китепте 10 деген сан көбүнчө толуктукту билдириш үчүн колдонулат.

^ Биринчи жырткычтан айырмаланып, жырткычтын сөлөкөтүнүн мүйүздөрүндө «таажылары» жок (Аян 13:1). Анткени ал берки жети падышадан келип чыккан жана бийликти ага ошолор берген. (jw.org сайтындагы «Аян китебинин 17-бөлүмүндө айтылган кыпкызыл жырткыч эмнени билдирет?» деген макаланы карагыла.)