Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Аян китеби жана биз

Аян китеби жана биз

«Бул пайгамбарлыктагы сөздөрдү үн чыгарып окуган киши... бактылуу» (АЯН 1:3).

15-ЫР: Жахабанын Туңгучун тосуп алгыла!

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Аян китебинде жазылгандар бизди эмне үчүн кызыктырышы керек? Мунун бир себебин айтып бергиле.

 СИЛЕР тааныган кимдир бирөөнүн сүрөт салынган альбомун караган учуруңар болду беле? Сүрөт көрүп отурганда ал жактагы адамдардын көбү силерге бейтааныш болот. Бирок арасындагы бир сүрөткө көзүңөр кадалып калат. Эмне үчүн? Анткени ал сүрөттө силер да барсыңар. Аны жакшылап карап, каяктан, качан түшкөнүңөрдү эстейсиңер. Силер менен чогуу түшкөндөрдү да эстегенге аракет кыласыңар. Ал — силер үчүн өзгөчө сүрөт.

2 Аян китеби так ошондой сүрөткө окшош. Эмне үчүн? Мунун, бери дегенде, эки себеби бар. Биринчиси, ал китеп биз үчүн жазылган. Анын эң алгачкы аятынан: «Иса Машаяктын аяны. Жакында боло тургандарды кулдарына көрсөтүш үчүн Кудай ага ушул аянды берди»,— дегенди окуйбуз (Аян 1:1). Демек, ал китеп жалпы адамзат үчүн эмес, Кудайдын берилген кызматчылары үчүн жазылган. Кудайдын эли болгондуктан ал өзгөчө китепте жазылган пайгамбарлыктардын аткарылышында биздин да катыштыгыбыз бар. Мындайча айтканда, ал сүрөттө биз да барбыз.

3, 4. Аян китебине ылайык, анда жазылган пайгамбарлык сөздөр качан аткарылмак жана алар ар бирибизге эмне кылганга түрткү бериши керек?

3 Аян китебинде жазылгандардын бизди эмне үчүн кызыктырышы керек экенинин экинчи себеби — ал пайгамбарлыктардын аткарылып жаткан мөөнөтүнө байланыштуу. Жашы өр тартып калган элчи Жакан ошол убакыт тууралуу: «Мен ыйык рухтун таасири менен Мырзабыздын күнүндө болдум»,— деп жазган (Аян 1:10). Жакан бул сөздөрдү, болжолу, б.з. 96-жылы жазган. Ал кезде «Мырзабыздын күнүнө» дагы далай убакыт бар болчу (Мт. 25:14, 19; Лк. 19:12). Ыйык Китептеги пайгамбарлыкка ылайык, ал күн 1914-жылы, Иса асманда Падышалык тактыга отурганда, башталган. Ошондон баштап Аян китебинде жазылган Кудайдын элинин да катыштыгы бар пайгамбарлыктар аткарыла баштаган. Ооба, биз азыр «Мырзабыздын күнүндө» жашап жатабыз!

4 Ушундай жүрөк толкуткан маалда жашап жаткандыктан биз Аян 1:3төгү сөздөргө бөтөнчө маани беришибиз керек. Ал жерде: «Бул пайгамбарлыктагы сөздөрдү үн чыгарып окуган киши жана аларды уккандар, анда жазылгандарды аткаргандар бактылуу, анткени белгиленген убакыт жакындап калды»,— делген. Аятта айтылгандай, биз пайгамбарлыктагы сөздөрдү «үн чыгарып окушубуз», «аларды угушубуз» жана «аткарышыбыз» керек. Анда алардын айрымдары кайсылар?

КУДАЙГА ЖАККАНДАЙ СЫЙЫНГЫЛА

5. Жахабага жаккандай сыйынганыбыз аябай маанилүү экени Аян китебинде кандайча көрсөтүлгөн?

5 Аян китебинин биринчи бөлүмүнөн тартып эле Иса өзүнүн жолдоочуларынын жыйналыштарында эмне болуп жатканын алаканга салгандай көрүп турарын биле алабыз (Аян 1:12—16, 20; 2:1). Муну анын Кичи Азиядагы жети жыйналышка эмне деп айтканынан көрсөк болот. Ал 1-кылымдагы жолдоочуларына Жахабага жаккандай сыйынганга жардам бериш үчүн так-айкын көрсөтмөлөрдү берген. Анын ошондо айткан акыл-насааты бүгүнкү күндөгү Кудайдын элине да тиешелүү. Мындан эмнени биле алабыз? Жол башчыбыз — Машаяк Иса — рухий абалыбыздын, башкача айтканда, Кудай менен болгон мамилебиздин кандай экенин жакшы билет. Ал бизге көз кырын салып, коргоп турат. Эч нерсе анын көз жаздымында калбайт. Жахабанын ырайымынан ажырап калбашыбыз үчүн эмне кылышыбыз керектигин да жакшы билет. Анда ал бүгүн биз аткарышыбыз керек болгон кандай кеңештерди берген?

6. a) Аян 2:3, 4кө ылайык, Эфестеги жыйналышта кандай көйгөй бар эле? б) Мындан эмнени биле алабыз?

6 Окугула: Аян 2:3, 4. Жахабага болгон биринчи сүйүүңөрдү сактагыла. Исанын Эфестеги жыйналышка айткан сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, алар туруктуу болушкан жана башынан далай кыйынчылыкты кечирсе да, алдан тайбай кызмат кыла беришкен. Бирок алардын алгачкы сүйүүсү муздап калган болчу. Алар ошол сүйүүсүн кайрадан жалындатышы керек эле, болбосо Жахабага сыйынганы куру бекер болуп калмак. Ошол сыяктуу эле, бүгүнкү күндө биздин да кыйынчылыктарга кабылганда туруктуу болгонубуз жакшы дечи, бирок муну туура ниет менен кылышыбыз керек. Себеби Кудайыбыз эмне кылганыбызга эле эмес, аны эмне үчүн кылганыбызга кызыкдар. Ал ниетибизге абдан маани берет, анткени аны сүйгөн үчүн жана ыраазы болгон үчүн сыйынышыбызды каалайт (Накыл 16:2; Мр. 12:29, 30).

7. а) Аян 3:1—3-аяттардан көрүнүп тургандай, Сардестеги жыйналышта кандай көйгөй бар эле? б) Биз эмне кылышыбыз керек?

7 Окугула: Аян 3:1—3. Сергек жана сак болгула. Сардестеги жыйналышта башка көйгөй болгон. Алар мурун Кудайдын ишин күйүп-жанып аткарып келишсе, кийин буга салкын карай башташкан. Ошол үчүн Иса аларга «ойгонушу» керек экенин эскерткен. Мындан эмнени үйрөнсөк болот? Албетте, Жахаба буга чейин кылган эмгегибизди эч качан унутпайт (Евр. 6:10). Бирок мурда кылган иштерибизге корстон болуп жүрө бербешибиз керек. Жагдай-шартыбыздан улам ойдогудай кызмат кыла албай калсак да, «Теңирдин ишинде» көп эмгектенип, аягына чейин сак жана сергек болушубуз керек (1 Кор. 15:58; Мт. 24:13; Мр. 13:33).

8. Аян 3:15—17-аяттарга ылайык, Исанын Лаодикиядагы жыйналышка айткан насаатынан эмнени үйрөнсөк болот?

8 Окугула: Аян 3:15—17. Кудайга күйүп-жанып, жан-дилден кызмат кылгыла. Исанын Лаодикиядагы жыйналышка айткан сөздөрүнөн ал жакта кандай көйгөй болгонун биле алабыз. Алар Кудайга кызмат кылып жатып «жылымык» болуп калышкан. Кызматына кайдыгер болуп калгандыктан, Иса аларга «байкуш, бечара» экенин айткан. Алар Жахабага кайрадан жалындап кызмат кыла башташы керек болчу (Аян 3:19). Мындан эмнени үйрөнсөк болот? Эгер ынтабыз сууп калган болсо, Жахаба жана анын уюму берип жаткан жакшылыктарга ыраазычылыгыбызды арттырышыбыз зарыл (Аян 3:18). Майлуу-сүттүү жашоого умтулуп, кызматыбыздын четке жылып калышына такыр жол бербейли.

9. Исанын Пергамдагы жана Тиатирадагы жолдоочуларына айткан сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, эмнеден сак болушубуз керек?

9 Чындыктан четтегендердин окууларын четке каккыла. Иса Пергамдагы жыйналыштагы айрым кишилерди ишенимдештерин бөлүп-жарганы үчүн айыптаган (Аян 2:14—16). Ал эми Тиатирадагы жыйналыштагыларды Шайтандын «терең сырларынан» качканы үчүн мактаган жана чындыкка «бекем карманганга» үндөгөн (Аян 2:24—26). Ал эки жыйналыштагы жалган окууларга ишенип туура жолдон тайган Исанын жолдоочулары болсо өкүнүшү керек болчу. Мындан эмнени үйрөнсөк болот? Биз Жахабанын көз карашына карама-каршы келген нерселердин баарынан жаа бою качышыбыз керек. Чындыктан четтегендер «Кудайга берилгендей болуп көрүнүшү» мүмкүн, бирок «берилгендигин иш жүзүндө көрсөтүшпөйт» (2 Тим. 3:5). Кудайдын Сөзүн канчалык терең изилдесек, жалган окууларды аныктап, четке кагыш ошончолук оңой болот (2 Тим. 3:14—17; Жүй. 3, 4).

10. Исанын Пергамдагы жана Тиатирадагы жыйналыштарга айткан сөзүнөн дагы эмнени үйрөнө алабыз?

10 Бузуктук аттуунун баарынан качкыла жана буга көз жумбагыла. Пергамдагы жана Тиатирадагы жыйналыштарда дагы бир көйгөй бар болчу. Иса ал жыйналыштардагы айрым жолдоочуларын бузуктук кылганы үчүн айыптаган (Аян 2:14, 20). Мындан эмнени үйрөнсөк болот? Жахабага көптөгөн жылдардан бери кызмат кылып келатсак да жана учурда көптөгөн сыймыктуу милдеттерди аркалап жатсак да, Жахаба бузуктукка жаткан эч бир ишибизди туура көрбөйт (1 Шем. 15:22; 1 Пет. 2:16). Дүйнөдөгү адамдардан ыйман кетип канчалык бузулбасын, ал анын бийик адеп-ахлак нормаларына карманышыбызды күтөт (Эф. 6:11—13).

11. Буга чейин эмнелерди билдик? (« Биз үйрөнчү нерселер» деген кутучаны да карагыла.)

11 Анда буга чейинки айтылгандарды корутундулап кетели. Биз Жахабага жаккандай сыйынып жатканыбызга көзүбүз жеткидей болушу керектигин билдик. Эгер Кудайдын ырайымынан ажырата турган кайсы бир нерсени кылып жатсак, дароо иш-аракет кылып оңолушубуз керек (Аян 2:5, 16; 3:3, 16). Бирок Иса жыйналыштарга айткан насаатында дагы бир нерсени баса белгилеген. Ал эмне эле?

КУУГУНТУККА ДАЯР БОЛГУЛА

Шайтан асмандан куулгандан бери Кудайдын элине кантип кол салып келет? (12—16-абзацтарды карагыла)

12. Иса Смирнадагы жана Филаделфиядагы жыйналыштарга эмне деген жана мунун бизге кандай тиешеси бар? (Аян 2:10)

12 Эми Исанын Смирнадагы жана Филаделфиядагы жыйналыштарга айткан насаатына токтололу. Ал өзүнүн ошол жактагы жолдоочуларына куугунтук жеп калам деп коркпошу керектигин айткан. Анткени алар ишенимден жазбаса, сөзсүз сыйлык алышмак. (Окугула: Аян 2:10; 3:10.) Мындан эмнени үйрөнсөк болот? Куугунтук эч качан болбойт деп ойлобой, кайра ага чыдаганга бел байлашыбыз керек (Мт. 24:9, 13; 2 Кор. 12:10). Исанын бул кеңеши эмне үчүн абдан маанилүү?

13, 14. Аян 12-бөлүмдөгү окуялар Кудайдын элине кандай таасир эткен?

13 Аян китебинде Кудайдын элинин «Мырзабыздын күнүндө» — биздин күндөрдө — куугунтукталары алдын ала айтылган. Алсак, Аян 12-бөлүмдө Кудайдын Падышалыгы орноор замат асманда согуш чыкканы баяндалат. Микеил, башкача айтканда, Кудай зоболосун жогорулаткан Иса Машаяк аскерлери менен Шайтан жана анын жин-перилерине каршы согушкан (Аян 12:7, 8). Алар Кудайдын душмандарын жеңип, жерге кууп түшүрүшкөн. Кайнаган каары менен түшкөн ал душмандар жер бетиндеги адамзатты катуу кайгыга малган (Аян 12:9, 12). Бул Кудайдын элине кандай таасир эткен?

14 Аян китебинде Шайтандын андан кийин эмне кылганы айтылат. Асманга барганга жолу бөгөлүп калганына ачууланган Шайтан бүт заарын Кудайдын Падышалыгынын жердеги өкүлдөрү болгон жана «Иса жөнүндөгү күбөлөндүрүү ишин аткарып жаткан» майлангандардын жердеги калдыгына чача баштаган (Аян 12:17; 2 Кор. 5:20; Эф. 6:19, 20). Бул пайгамбарлык сөздөр кантип аткарылган?

15. Аян 11-бөлүмдөгү «эки күбө» кимдерди билдирет жана алар эмне болгон?

15 Шайтан Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар айтуу ишин жетектеген майлангандарга кол сала баштаган. «Эки күбө» деп сыпатталган жетекчиликти колго алгандар Аян китебинде «өлтүрүлгөн» деп сүрөттөлөт (Аян 11:3, 7—11) *. Алар кандай мааниде өлтүрүлгөн? 1918-жылы чоң милдетти аркалаган сегиз ишенимдешибизге жалган жалаа жабылып, узак мөөнөткө кесилип кетишкен. Адамдык көз караш менен алганда, ошол майлангандардын иши «өлтүрүлгөндөй» көрүнгөн.

16. 1919-жылы кандай күтүлбөгөн окуялар болгон жана Шайтан ошондон тартып эмне кылып келет?

16 Аян 11-бөлүмдө «эки күбөнүн» кыска убакыттан кийин тирилери да айтылган. Бул сөздөр жооптуу бир туугандарыбыз камалгандан бир жыл өткөндөн кийин таң калыштуу түрдө аткарыла баштаган. Мисалы, 1919-жылдын башында алар түрмөдөн бошотулуп, аларга тагылган айыптар алынган. Алар бошонору менен эле Падышалыктын ишин алдыга жылдырганга киришишкен. Бирок Шайтан Кудайдын элине кол салганын токтотуп койгон эмес. Ошондон тартып Шайтан Кудайдын элине куугунтуктун «дарыясын» тынбай бүркүп келет (Аян 12:15). Ооба, буга туруштук бериш үчүн ар бирибизден туруктуулук, ишеним талап кылынат (Аян 13:10).

ЖАХАБА ТАПШЫРГАН ИШКЕ ЖАН ЖИГЕРИҢЕРДИ ТӨШӨГҮЛӨ

17. Шайтан тынбай сокку уруп жатса да, Кудайдын эли күтүлбөгөн жактан кандай жардам алган?

17 Аян 12-бөлүмдө Кудайдын эли күтүлбөгөн жактан жардам алары айтылган. «Жер» куугунтуктун «дарыясын» жутуп алмак (Аян 12:16). Анан так эле ошондой болгон. Шайтандын дүйнөсүндөгү айрым түзүлүштөрдүн, мисалы, ишти калыс караган соттордун Кудайдын элине жардамга келген учурлары болгон. Жахабанын кызматчылары сот майданында кайра-кайра жеңишке жетип, кандайдыр бир деңгээлде эркиндикке ээ болуп келишкен. Алар ошол эркиндигин кантип колдонушкан? Жахаба тапшырган ишти аткарыш үчүн бир да мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышкан эмес (1 Кор. 16:9). Ал иш өз ичине эмнени камтыйт?

Кудайдын эли кайсы эки кабарды жар салып келет? (18, 19-абзацтарды карагыла)

18. Азыркы акыркы күндөрдө биз аткарып жаткан негизги иш кайсы?

18 Иса өзүнүн жолдоочуларынын «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» дүйнөнүн акыры келгенче жер жүзүнө таратарын алдын ала айткан (Мт. 24:14). Аларга бул ишти аткарганга бир периште, башкача айтканда, периштелердин тобу жардам бермек. Периштелердин ал тобу тууралуу мындай деп айтылган: «Жер бетинде жашагандарга, бардык улуттарга, урууларга, тилдерге жана элдерге жарыялаш үчүн анда түбөлүк жакшы кабар бар экен» (Аян 14:6).

19. Жахабаны сүйгөндөр дагы кандай кабар айтышы керек?

19 Кудайдын эли Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратып эле тим болбойт. Алар Аян 8—10-бөлүмдөрдө айтылган периштелердин ишин да колдошу керек. Ал периштелер Кудайдын Падышалыгын четке каккандардын башына каран түн түшөрүн жарыялашат. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын сот өкүмдөрүн, тактап айтканда, Шайтандын ыймансыз дүйнөсүнүн ар кайсы бөлүктөрүнүн жок болорун да жарыялап келишет. Ал кабар «мөндүр менен отко» салыштырылат (Аян 8:7, 13). Адамдар жашоосун түп-тамыры менен өзгөртүп, Жахабанын каары төгүлө турган күнү аман калыш үчүн дүйнөнүн акырына канчалык аз калганын билиши керек (Сеп. 2:2, 3). Бирок бул кабар баарына эле жага бербейт. Муну жарлаш үчүн бизден эр жүрөктүк талап кылынат. Ал эми улуу алааматта Кудайдын акыркы сот өкүмү жөнүндөгү кабар элдин каарын ого бетер кайнаткан суук кабар болот (Аян 16:21).

ПАЙГАМБАРЛЫК СӨЗДҮ АТКАРГЫЛА

20. Кийинки эки макалада эмнени карап чыгабыз?

20 «Бул пайгамбарлыктагы сөздөрдү» аткарганыбыз абдан маанилүү. Себеби Аян китебиндеги пайгамбарлыктардын аткарылышында биздин да катыштыгыбыз бар (Аян 1:3). Бирок куугунтукка чыдап, ишенимден жазбаганга жана ушул кабарларды коркпой жарыялай бергенге эмне жардам берет? Бизге эки нерсе дем-күч берет: биринчиси, Аян китебинде Кудайдын душмандары жөнүндө жазылгандар, экинчиси, ишенимдүү бойдон калгандар ала турган баталар. Бул тууралуу кийинки эки макалада кененирээк айтылат.

32-ЫР: Жахаба тарапты ээлейли!

^ Биз тарыхтагы өзгөчө убакта жашап жатабыз. Анткени Аян китебинде жазылган пайгамбарлыктар бүгүнкү күндө аткарылып жатат. Алар бизге кандай таасир этет? Ушул жана кийинки эки макалада Аян китебиндеги айрым ойлорго токтолобуз. Аларды карап чыксак, Аян китебинде жазылгандарды аткаргандын аркасында Жахабага жаккандай сыйына аларыбызды билебиз.

^ Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2014-ж., 15-нояб., 30-б., «Окурмандардын суроолору».