Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

21-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Аян китеби жана биздин келечегибиз

Аян китеби жана биздин келечегибиз

«Оомийн! Кел, Мырзам Иса» (АЯН 22:20).

142-ЫР: Үмүтүбүздү бекем сактайлы

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Ар бир адам кандай чечим чыгарышы керек?

 БҮГҮНКҮ КҮНДӨ ар бир адам маанилүү чечим чыгарышы керек. Алар ааламды башкарууга укуктуу Жахаба Кудайды колдойбу же анын ырайымы жок душманы Шайтан Ибилисти колдойбу, мына ошону чечиши керек. Алар тиги тарапты же бул тарапты ээлеши керек. Түбөлүк жашайбы же жокпу, чыгарган чечиминен көз каранды болот (Мт. 25:31—33, 46). Кимдин түбөлүк жашаары, кимдин биротоло жок болору «улуу алааматта» аныкталат, башкача айтканда, белги коюлат (Аян 7:14; 14:9—11; Жез. 9:4, 6).

2. а) Еврейлер 10:35—39-аяттар бизге эмне кылганга түрткү берет? б) Аян китеби бизге эмне кылганга жардам берет?

2 Окугула: Еврейлер 10:35—39. Эгер силер Жахабанын тарабын ээлеген болсоңор, анда туура чечим чыгаргансыңар. Башкаларга да ошондой чечим чыгарганга жардам бергенге дилгир экениңер шексиз. Аларга жардам бериш үчүн Аян китебинде жазылгандарды колдонсоңор болот. Ушул өзгөчө китепте Жахабага каршы чыккандар акыры эмне болору айтылган. Ошондой эле Жахабанын бийлигин дайыма колдогондорду кандай сонун келечек күтүп турары да жазылган. Ошол маанилүү ойлорду кылдат карап чыкканыбыз жакшы. Эгер ошентсек, Жахабага мындан ары да талбай кызмат кыла бергенге бел байлайбыз. Андан тышкары, башкаларга Жахабанын тарабын ээлегенге жана ошол чечимине бек карманганга жардам бере алабыз.

3. Бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Бул макалада төмөнкү суроолорго токтолобуз: Кудайдын бийлигин колдогондорду кандай сонун нерселер күтүп турат? Ал эми Аян китебинде айтылган кыпкызыл жырткычты колдогондордун келечеги кандай болот?

ЖАХАБАНЫ КОЛДОГОНДОРДУН КЕЛЕЧЕГИ

4. Элчи Жакан асманда Иса менен кимдердин болорун көргөн?

4 Элчи Жакан Жахабанын бийлигин колдогон жана түбөлүк өмүр сыйлыгын алган эки топ жөнүндө аян көргөн. Биринчи топтогулардын саны 144 000 (Аян 7:4). Алар Иса Машаяк менен чогуу асмандагы өкмөттү, Падышалыкты, түзүш үчүн жерден тандалып алынган. Иса менен бирге алар жер үстүнөн бийлик кылышат (Аян 5:9, 10; 14:3, 4). Жакан аянда алардын Иса менен бирге Сион тоосунда турганын көргөн (Аян 14:1).

5. 144 000дин жерде калгандары жакында эмне болот?

5 144 000ди түзүш үчүн кылымдар бою миңдеген адамдар тандалып келген (Лк. 12:32; Рим. 8:17). Бирок Жакан ошол топтогулардын азы гана акыркы күндөрдө жерде болорун айткан. Жерде калган ошол чакан топко Жахаба улуу алаамат башталардын алдында акыркы «мөөрдү» басат (Аян 7:2, 3; 12:17). Анан улуу алааматтын кайсы бир учурунда ошол калдык ага чейин ишенимдүү кызмат кылып асманга алынган 144 000дин калгандарына кошулат. Баары чогулгандан кийин Иса менен бирге Кудайдын Падышалыгында бийлик кыла башташат (Мт. 24:31; Аян 5:9, 10).

6, 7. а) Жакан аянда дагы кайсы топту көргөн жана алар жөнүндө эмнелерди билебиз? б) Аян 7-бөлүмдө жазылгандар 144 000дин калдыгына жана «эбегейсиз көп адамдарга» эмнеси менен кызыктуу?

6 Асманга кете турган топту көргөндөн кийин Жакан «эбегейсиз көп адамдарды» көргөн. 144 000ден айырмаланып, бул адамдардын саны чектелүү эмес (Аян 7:9, 10). Алар тууралуу эмнени билебиз? Жаканга алар жөнүндө: «Булар — улуу алааматтан аман өткөндөр. Булар кийимдерин Козунун канына жууп агартышкан»,— деп айтылган (Аян 7:14). Улуу алааматтан аман өткөндөн кийин «эбегейсиз көп адамдар» жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшөт жана сөз менен айтып жеткире алгыс кереметтүү баталарды алышат (Заб. 37:9—11, 27—29; Накыл 2:21, 22; Аян 7:16, 17).

7 Асманда жашаш үчүн тандалганбызбы же жердеби, өзүбүздү Аян 7-бөлүмдө айтылгандардын арасында элестетебизби? Элестетишибиз керек. Ошол учур Кудайдын эки топтогу тең кызматчылары үчүн кандай гана жүрөк толкутарлык болот! Ошондо Жахабанын бийлиги астында жашоону тандаганыбызга төбөбүз көккө жете сүйүнөбүз. Аян китебинде улуу алаамат жөнүндө дагы эмнелер жазылган? (Мт. 24:21).

КУДАЙГА КАРШЫ ЧЫККАНДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ

8. Улуу алаамат кантип башталат жана бул адамдардын көбүнө кандай таасир этет?

8 Буга чейинки макалада айтылгандай, бул дүйнөнүн саясий түзүлүшү жакында Улуу Бабылга, жалган диндин дүйнөлүк империясына, чабуул коёт (Аян 17:16, 17). Ошентип улуу алаамат башталат. Ошондо адамдар Жахабанын тарабын ээлегенге шашылабы? Жок. Тескерисинче, Аян китебинин 6-бөлүмүндө айтылгандай, ошол коогалаңдуу мезгилде Жахабага кызмат кылбагандар тоого салыштырылган бул дүйнөдөгү саясий жана коммерциялык түзүлүштөр жардам берет деп ошолорго үмүт артышат. Алар Кудайдын бийлигин колдобогондуктан Жахаба аларды кас-душман деп табат (Лк. 11:23; Аян 6:15—17).

9. Улуу алааматта адамдар Жахабанын элинин башкалардан айырмаланып турарын кантип байкашат жана мунун натыйжасы кандай болот?

9 Ооба, ошол оомалуу-төкмөлүү учурда Жахабанын кызматчылары гана башкалардан айырмаланып калат. Жер жүзүндө Жахабага кызмат кылган жана «жырткычты» колдобогондор ошолор гана болот (Аян 13:14—17). Алардын Жахабанын тарабын ээлегенин көрүп душмандардын каары кайнап чыгат. Мунун натыйжасында улуттардын бирикмеси Кудайдын бүткүл дүйнө жүзүндөгү кызматчыларына кол салат. Ыйык Китепте ошол катуу чабуул Магок жеринен чыккан Гоктун чабуулу деп аталат (Жез. 38:14—16).

10. Аян 19:19—21-аяттарга ылайык, өз элине кол салынганы Жахабага кандай таасир этет?

10 Каардуу душмандардын элине кол салганы Жахабага кандай таасир этет? Ыйык Китепте Жахабанын каары кайнай турганы айтылат (Жез. 38:18, 21—23). Андан ары эмне болору Аян 19-бөлүмдө баяндалат. Жахаба элин коргоп, душмандарды тыптыйпыл кылыш үчүн өзүнүн Уулун жөнөтөт. Ошол салгылашта Исаны асман аскерлери, тагыраак айтканда, ишенимдүү периштелер менен 144 000 коштоп келет (Аян 17:14; 19:11—15). Бул согуш эмне болуп бүтөт? Жахабага каршы чыккан адамдар да, уюмдар да жер менен жексен болот. (Окугула: Аян 19:19—21.)

СОГУШТАН КИЙИНКИ ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮ

11. Аян китебиндеги эң эле орчундуу окуя кайсы?

11 Кудайдын душмандары толугу менен жок болгондо аман кала турган ишенимдүү адамдарды кандай сезимдер чулгаарын көз алдыңарга тартып көрсөңөр! Бүт дүйнө жүзү кубаныч менен шаттыкка толот! Улуу Бабыл жок кылынганда, асмандагылар чексиз кубанычка бөлөнөт. Бирок дагы бир нерсе алардын кубанычына кубаныч кошот (Аян 19:1—3). Тагыраак айтканда, «Козунун үйлөнөр убагы келет». Бул — Аян китебиндеги эң эле орчундуу окуя (Аян 19:6—9).

12. Аян 21:1, 2де айтылгандай, Козунун үйлөнүү тою качан болот?

12 Козунун үйлөнүү тою качан болот? Армагедон согушунун так алдында 144 000дин баары асманда болуп калышат. Бирок Козунун үйлөнүү тою ал учурда болбойт. (Окугула: Аян 21:1, 2.) Ал Армагедон согушу бүтүп, Кудайдын душмандарынын баары жок кылынгандан кийин болот (Заб. 45:3, 4, 13—17).

13. Козунун үйлөнүү тою ага катыштыгы барлар үчүн эмнени билдирет?

13 Козунун үйлөнүшү ага катыштыгы барлар үчүн эмнени билдирет? Нике аял менен эркекти бириктиргендей эле, каймана маанидеги нике да Падыша менен «колуктуну», тагыраак айтканда, Иса Машаяк менен 144 000ди бириктирет. Ошол маанилүү тойдон кийин жаңы өкмөттүн 1000 жылга созулган башкаруусу ишке киришет (Аян 20:6).

ДАҢАЗАЛУУ ШААР ЖАНА СИЛЕРДИН КЕЛЕЧЕГИҢЕР

Аян 21-бөлүмдө каймана маанидеги Жаңы Иерусалим «асмандан, Кудайдан түшүп келатканы» сүрөттөлгөн. Миң жылдык Падышалыктын тушунда ал шаар Кудайга баш ийген адамдарга мол бата төгөт (14—16-абзацтарды карагыла)

14, 15. Аян 21-бөлүмдө 144 000 эмнеге салыштырылган? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

14 Андан кийин Аян китебинин 21-бөлүмүндө 144 000 ажайып кооз шаарга салыштырылып, «Жаңы Иерусалим» деп аталат (Аян 21:2, 9). Ал шаар «Козунун он эки элчисинин он эки ысмы жазылган» 12 ташка түптөлгөн. Эмне үчүн Жакан буга өзгөчө көңүл бурган? Анткени ошол таштардын биринде анын ысмы да жазылган. Бул эмне деген зор сыймык! (Аян 21:10—14; Эф. 2:20).

15 Бир да шаар каймана маанидеги ушул шаарга тең келбейт. Ал шаардын чоң көчөсү таза алтындан, берметтен жасалган 12 дарбазасы бар, дубалдары менен пайдубалы асыл таштардан. Анын узундугу, туурасы, бийиктиги бирдей (Аян 21:15—21). Бирок бир нерсе жетишпегендей сезилет. Жакандын андан ары эмне дегенине көңүл бурсаңар: «Мен шаардын ичинен ибадаткана көргөн жокмун, анткени анын ибадатканасы — Кудурети Күчтүү Жахаба Кудай менен Козу. Шаарга күндүн же айдын жарыгынын кереги жок экен, себеби аны Кудайдын даңкы жарык кылып турду, Козу болсо анын чырагы болду» (Аян 21:22, 23). Жаңы Иерусалимди түзгөндөр Жахабаны жүзмө-жүз көрүшөт. Ошондуктан аларга ибадаткананын зарылдыгы деле жок (Аян 22:3, 4). Андан тышкары, ыйык кызмат аткарууда аларды ага чейин эле Башкы дин кызматчы болгон Иса жетектейт (Евр. 7:27). Ушул себептерден улам Жахаба менен Иса ошол шаардагы ибадаткана катары сүрөттөлгөн.

«Дарыя» жана «дарактар» катары сүрөттөлгөн баталарды кимдер алышат? (16, 17-абзацтарды карагыла)

16. Кудайдын Падышалыгынын 1000 жылдык башкаруусунун тушунда адамзат кандай бата алат?

16 Майлангандар ошол шаарды элестеткенде жүрөгүн жагымдуу сезимдер аралап кетет. Бирок бул шаар жер бетинде жашоого үмүттөнгөндөргө да кубаныч тартуулайт. Кудайдын Падышалыгынын 1000 жылдык башкаруусунун тушунда Жаңы Иерусалим адамзатка чеги жок бата төгөт. Жакан аянда ошол баталарды «өмүр суусу аккан дарыя» деп сүрөттөгөн. Ал дарыянын эки тарабында тең «өмүр дарактары өсүп», «жалбырактары элдерди айыктырганга колдонулуп жаткан» (Аян 22:1, 2). Ошол убакта жашай тургандардын баары ушундай сонун нерселердин пайдасын көрүшөт. Акырындап отуруп Кудайга баш ийгендердин баары бир да кемтиги жок жеткилең адамдардан болушат. Оору, азап-кайгы, муң-зар өткөндүн ишине айланат (Аян 21:3—5).

17. Аян 20:11—13-аяттарга ылайык, 1000 жылдык башкаруунун тушунда боло турган нерселердин пайдасын кимдер көрөт?

17 Ушундай кереметтүү нерселердин пайдасын кимдер көрөт? Биринчи кезекте Армагедондон аман өтө турган эбегейсиз көп адамдар жана жаңы заманда төрөлө турган балдар. Аян китебинин 20-бөлүмүндө өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө да айтылган. (Окугула: Аян 20:11—13.) Жер бетине мурда жашап өткөн «адил адамдар» да, Жахаба Кудай жөнүндө билгенге мүмкүнчүлүгү болбой көзү өтүп кеткен «адил эмес адамдар» да тирилет (Элч. 24:15; Жкн. 5:28, 29). Бирок бул 1000 жылдык башкаруунун тушунда бардык адамдардын тирилерин билдиреби? Жок. Көзү тирүүсүндө Жахабага кызмат кылганга мүмкүнчүлүк түзүлгөндө тоң моюндук кылып андан баш тарткандар тирилбейт. Анткени алар билип туруп эле мындан баш тартышкан. Ошондуктан жер бетинде боло турган бейишке тирилгенге татыксыз болушат (Мт. 25:46; 2 Тес. 1:9; Аян 17:8; 20:15).

АКЫРКЫ СЫНОО

18. 1000 жылдыктын аягында адамдар эмне болот?

18 1000 жыл соңуна чыгып калганда жер бетинде жашаган адамдардын баары жеткилең болуп калышат. Ошондо Адам атадан тукум кууп өткөн күнөө эч кимге таасир этпей калат (Рим. 5:12). Адам атанын күнөөсүнүн каргышы толугу менен алынып салынат. Ошентип жер бетиндеги адамдар «тирилгендей» эле болушат. Анткени 1000 жылдыктын аягында алар жеткилең болуп калышат (Аян 20:5).

19. Эмне үчүн акыркы сыноо болушу керек?

19 Биз жакшы билгендей, Шайтан Исаны кынтыксыздыгынан тайдырганга аракет кылганда, ал азгырыкка алдырган эмес. Бирок башка жеткилең адамдар Шайтан сынаганда так эле ошондой кылышабы? 1000 жыл соңуна чыгып, Шайтан түпсүз туңгуюктан бошотулганда, ар бир адамда Жахабага канчалык берилген экенин далилдегенге мүмкүнчүлүк болот (Аян 20:7). Акыркы сыноодо ак жолдон тайбагандар түбөлүк өмүр сыйлыгын алып, чыныгы эркиндикке ээ болушат (Рим. 8:21). Ал эми козголоң чыгаргандар Шайтан жана анын жин-перилери менен кошо биротоло жок кылынат (Аян 20:8—10).

20. Аян китебиндеги пайгамбарлыктар силерге кандай таасир этти?

20 Аян китебин кыскача карап чыккандан кийин силерди кандай сезимдер чулгап жатат? Ошол пайгамбарлык сөздөрдүн аткарылышында силердин да катыштыгыңар бар. Бул кандай гана сонун! Башкаларга да чыныгы Кудайга сыйынганга түрткү бергиңер келип калганы шексиз (Аян 22:17). Келечек жөнүндөгү жүрөк толкуткан ушул окуяларды карап чыккандан кийин элчи Жакандын сезимдерине ортоктош болуп жатканыңар күмөнсүз. Ал: «Оомийн! Кел, Мырзам Иса»,— деп айткан (Аян 22:20).

27-ЫР: Кудайдын уулдарынын даңкы ачык көрүнөт

[Шилтеме]

^ Бул макала — аян китеби жөнүндөгү макалалардын акыркысы. Мунусунда Жахабага ишенимдүү бойдон калгандардын келечеги жаркын болорун, ал эми Кудайдын бийлигине каршы болгондордун маскара болуп, акыры жок болорун талкуулайбыз.