Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Күнүмдүк турмушта колдонорлук акыл-насааттар

Күнүмдүк турмушта колдонорлук акыл-насааттар

«Акылмандыкты Жахаба берет» (НАКЫЛ 2:6).

89-ЫР: Ук, аткар, бата ал

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Эмне үчүн бизге Кудайдан келген акылмандык керек? (Накыл сөздөр 4:7)

 МААНИЛҮҮ чечим чыгарардын алдында Жахабадан акылмандык сурап тиленериңер шексиз. Антпесе туура чечим чыгара албай турганыңарды жакшы билесиңер (Жкп. 1:5). Сулайман падыша: «Эң негизгиси — акылмандык»,— деп жазган. (Окугула Накыл сөздөр 4:7.) Албетте, Сулайман акылмандык жөнүндө сөз кылганда пенделерге мүнөздүү акылмандык жөнүндө эмес, Жахабадан келген акылмандык жөнүндө айткан (Накыл 2:6). Андай акылмандык бүгүнкү күндө биз туш болуп жаткан кыйынчылыктарды чечкенге жардам береби? Бул макаладан биле турганыбыздай, сөзсүз жардам берет.

2. Чындап акылман болуунун бир жолу кайсы?

2 Чындап акылман болуунун бир жолу — акылмандыгы менен оозго кирип кадыры арткан эки кишинин насааттарын изилдеп, аларды иш жүзүндө колдонуу. Адегенде Сулайман падыша жөнүндө карап чыгалы. Ыйык Китепте «Кудай Сулайманга... көп акылмандык, түшүнүк... бергени» айтылат (1 Пад. 4:29). Андан соң тарыхтагы теңдеши жок акылман инсан болгон Иса жөнүндө билебиз (Мт. 12:42). Ал жөнүндө бир пайгамбар: «Ага Жахабанын руху, акылмандык менен түшүнүк руху... түшөт»,— деген (Ыш. 11:2).

3. Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

3 Кудай берген акылмандыгын колдонуп Сулайман да, Иса да жашообуздагы абдан орчундуу нерселерге байланыштуу кеп-кеңештерин беришкен. Бул макалада алардын үчөөнө токтолобуз: акчага, жумушка жана өзүбүзгө карата туура көз карашта болуу.

АКЧАГА КАРАТА ТУУРА КӨЗ КАРАШ

4. Сулаймандын жашоосу Исаныкынан эмнеси менен айырмаланган?

4 Убагында Сулайманчалык бай киши болгон эмес, анда баары ашып-ташып турган (1 Пад. 10:7, 14, 15). Ал эми Иса колунда жок киши болчу, атүгүл үстүндө үйү да болгон эмес (Мт. 8:20). Бирок экөө тең акчага, дүнүйө-мүлккө карата туура көз карашта болушкан. Себеби акылмандыкты экөөнө тең Жахаба берген.

5. Сулайман акчага карата кандай көз карашта болгон?

5 Сулайман акчанын коргой турганын жакшы түшүнгөн (Нас. 7:12). Анткени акчага жашоого абдан керектүү нерселерди да, кээде каалаган нерсеңди да сатып ала аласың. Анткен менен байлыгы төгүлүп-чачылып турса да, Сулайман акчадан да маанилүү нерселер бар экенин эсинен чыгарган эмес. Мисалы, ал: «Жакшы ат [же аброй] көп байлыктан артык»,— деп жазган (Накыл 22:1). Ошондой эле Сулайман акчаны жакшы көргөн адамдардын көбүнчө колунда болгон нерсесине эч качан топук кылбай турганын байкаган (Нас. 5:10, 12). Ал бизге акчага өтө эле таянып алуудан сак болушубуз керектигин эскерткен. Себеби акчабыздан заматта кол жууп калышыбыз мүмкүн (Накыл 23:4, 5).

Дүнүйө-мүлктү көбүрөөк ойлоп, Падышалыктын ишин четке жылдырып салган жокпузбу? (6, 7-абзацтарды карагыла) *

6. Иса байлыкка кандай караган? (Матай 6:31—33)

6 Иса да акчаны баарынан маанилүү деп эсептеген эмес. Ал ичип-жегенден ырахат алган (Лк. 19:2, 6, 7). Ал бир жолу үйлөнүү тоюнда эң биринчи кереметин — сапаты мыкты шарап — жасаган (Жкн. 2:10, 11). Анын өлүмгө кыйылган күнү кийип турган кийими мыкты сапаттагы кездемеден токулган болчу (Жкн. 19:23, 24). Бирок бул нерселер Исанын жашоосунда биринчи орунда турган эмес. Ал өзүнүн жолдоочуларына: «Эч ким эки мырзага кул боло албайт... Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар»,— деген (Мт. 6:24). Эгер Падышалыкты жана Жахабаны жашообузда дайыма биринчи орунга койсок, эч качан жашоого керектүү нерселерден өксүбөй турганыбызды да баса белгилеген. (Окугула: Матай 6:31—33.)

7. Акчага карата туура көз карашта болгону бир ишенимдешибизге кандай пайдасын тийгизген?

7 Көп ишенимдештерибиз Кудайдын акчага байланыштуу кеңештерин колдонуп пайдасын көрүп жатышат. Дэниел деген бойдок инибизди мисалга алалы. Ал: «Өспүрүм кезимде Жахабага кызмат кылууну жашоомдо эң алдыңкы орунга коём деп чечип алгам»,— дейт. Эң зарыл нерселерге каниет кылып жашагандыктан Дэниел убактысын, шык-жөндөмүн Кудайдын уюмундагы көп иштерге арнай алган. Ал андан ары мындай дейт: «Ушундай жолду тандаганыма эч качан өкүнбөйм. Эгер акчанын артынан сая түшүп, жашоомдо биринчи орунга койсом, албетте, азыр чөнтөгүм бир топ эле калың болмок. Бирок уюмда жүрүп сонун досторду таап алдым. Муну эч бир акчага сатып ала албайсың. Акча мага Падышалыкты биринчи орунга койгонумдун аркасында сезип жаткан кубанычты түк да бере алмак эмес. Жахабадан алып жаткан баталарыма бул дүйнөдөгү бардык байлыкты чогултканда да наркы тең келе албайт». Ооба, биринчи кезекте акчаны эмес, Жахабанын ишин ойлогонубуз алда канча жакшы.

ЖУМУШКА КАРАТА ТУУРА КӨЗ КАРАШ

8. Сулайман жумушка карата туура көз карашта болгон деп эмне үчүн айта алабыз? (Насаатчы 5:18, 19)

8 Сулайман адамдын күжүрмөн эмгектенгени ага рахат тартуулай турганын айткан. Анан мунун «Кудайдын белеги» экенин баса белгилеген. (Окугула: Насаатчы 5:18, 19.) Ал: «Ар бир эмгектен пайда бар»,— деп жазган (Накыл 14:23). Бул сөздөрдүн калетсиз экенин Сулайман өз турмушунда көргөн. Ал талыкпай эмгектенип, үйлөрдү, көлмөлөрдү курган, жүзүмзар, бак отургузган. Мындан тышкары, шаарларды да курган (1 Пад. 9:19; Нас. 2:4—6). Оор эмгекти талап кылган мындай иштерден ал ырахат алганы шексиз. Бирок Сулайман чындап бактылуу болуш үчүн ошондой иштер менен эле алектенбеши керектигин жакшы түшүнгөн. Ошол себептен Жахаба үчүн да көп иштерди кылган. Маселен, ал Жахабага сыйынууга арналган заңгыраган ибадаткананын курулушун жетектеген. Ал курулуш иши жети жылга созулган (1 Пад. 6:38; 9:1). Ооба, Сулайман жашоосунда ар кандай иштерди кылып көргөн. Бирок Жахабага кызмат кылуу баарынан маанилүү экенине көзү жеткен. Ал: «Бардык айтылгандардын корутундусу бул: чыныгы Кудайдан корк, анын осуяттарын аткар»,— деп жазган (Нас. 12:13).

9. Кандайча Иса жумушуна баш-оту менен берилип кеткен эмес?

9 Иса да эмгекчил болгон. Жаш кезинде ал жыгач устачылык менен алектенген (Мр. 6:3). Чоң үй-бүлөсүнүн курсагын тойгузуш үчүн кара жанын карч уруп эмгектенген ата-энеси анын аларга ошентип кол кабыш кылганына аябай эле ыраазы болушса керек. Жеткилең болгондуктан Иса ишин майын чыгара аткарган мыкты жумушчу болгону күмөнсүз. Ал аткарган ишине канааттанса керек. Бирок ошол иштерге баш-оту менен кирип кетпей, Жахабанын ишине да убакыт бөлгөн (Жкн. 7:15). Кийин Кудайга кызмат кылууга бүт убактысын арнап, башкаларга: «Бузула турган тамак үчүн эмес, түбөлүк өмүр бере турган бузулбас тамак үчүн эмгектенгиле»,— деген (Жкн. 6:27). Ал эми тоодо айткан насаатында: «Байлыкты асманга топтогула»,— деп кеңеш берген (Мт. 6:20).

Канткенде жумушка берилбей, Кудайдын иштерин биринчи орунга койгон болобуз? (10, 11-абзацтарды карагыла) *

10. Эгер жакшы жумушчулардан болсок, кандай кыйынчылыкка туш болушубуз мүмкүн?

10 Кудайдын акыл-насааты бизге жумушубузга өтө берилип кетпегенге жардам берет. Анын кызматчылары болгондуктан биз «пайдалуу иш аткарып, талыкпай эмгектенгенге» чакырылабыз (Эф. 4:28). Жумуш берүүчүлөр чынчылдыгыбызды, жан-дилден иштээрибизди көргөндө эмгегибизди аябай жогору баалай турганын айтышат. Ошон үчүн жакшы эле ой менен алар Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө андан да жакшы ойдо калсын деп жумуштан кийин калып кошумча иштей башташыбыз мүмкүн. Бирок көп өтпөй эле үй-бүлөлүк милдеттерибиз, Кудайга кылган кызматыбыз четке чыгып калышы ыктымал. Мындай болуп калбаш үчүн ортосун таба билгенибиз абдан маанилүү.

11. Бир ишенимдешибиз жумуштун өз орду болушу керектигине байланыштуу эмнени үйрөнгөн?

11 Уильям деген ишенимдешибиз жумуштун өз орду болушу керектиги канчалык маанилүү экенине күбө болгон. Ал мурда бир аксакалдын кол алдында иштечү экен. Ошол аксакал тууралуу Уильям мындай дейт: «Ал байке жумушту аткарганда тең салмактуу болуу жагынан жакшы үлгү болчу. Ал колун тындырбай мээнеттенет, кардарлар аны иштин жөнүн мыкты билген киши катары билип сыйлап турушат. Бирок жумушу бүткөндөн кийин деле баш көтөрбөй иштей бербейт. Жумушун шак токтотуп, үй-бүлөсүнө, Жахабанын кызматына убактысын, күчүн арнайт. Аны мен тааныган эң бактылуу адамдардын бири демекмин!» *

ӨЗҮБҮЗГӨ КАРАТА ТУУРА КӨЗ КАРАШ

12. Сулаймандын башында өзү жөнүндө туура көз карашта болгону, бирок кийин андай болбой калганы эмнеден көрүнгөн?

12 Сулайман падыша Жахабага берилип кызмат кылып жүргөн кезинде өзү жөнүндө туура ойдо болгон. Бир четинен жаш жигит болгондуктан, бир четинен жаңы эле падышалык тактыга отургандыктан ал колунан баары эле келе бербей турганын жакшы түшүнгөн. Ошондуктан Жахабадан аны жетектешин суранган (1 Пад. 3:7—9). Текеберденип кетиши мүмкүн экенин да жакшы билген. Ал: «Кыйроонун алдында бой көтөрүүчүлүк келет, кулаардын алдында менменсингендик келет»,— деп жазган (Накыл 16:18). Тилекке каршы, Сулайман өзү айткан кеңешин өзү колдонгон эмес. Бийлик колуна тийгенден бир топ убакыт өткөндөн кийин менменсинип, Кудайдын осуяттарын тоготпой баштаган. Мисалы, Кудайдын мыйзамында еврей элинин падышасы «жүрөгү бузулбашы үчүн, көп аял албасын» деп айтылган болчу (Мыйз. 17:17). Сулайман ошол мыйзамды баркка албай, 700 аял, 300 токол алган. Алардын көбү жалган кудайларга сыйынган элдерден болушкан (1 Пад. 11:1—3). Балким, ал «Кудайдын мыйзамын бузсам деле эч нерсе болбойм» деп ойлогондур. Кандай болбосун, Сулайман акыр-аягы Жахабадан алыстап, мунун кесепетин тарткан (1 Пад. 11:9—13).

13. Исанын момундугу жөнүндө ой жүгүртсөк, эмнени үйрөнө алабыз?

13 Ал эми Иса эч качан өзүн кыйын сезген эмес. Ал дайыма момун болгон. Жерге келгенге чейин Атасынын жанында көптөгөн кереметтүү иштерди кылган. «Асмандагы жана жердеги калган нерселердин баары... ал аркылуу жаратылган» (Кол. 1:16). Ал чөмүлгөндө мурун асманда Атасынын жанында жүргөндө кылган иштерди эстесе керек (Мт. 3:16; Жкн. 17:5). Бирок ошондон улам боюн көтөргөн эмес. Кайра, өзүн башкалардан төмөн койгон. Ал шакирттерине жерге «өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, тескерисинче, өзү кызмат кылып, көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келгенин» айткан (Мт. 20:28). Өзү билип эч нерсе кылбай турганын да баса белгилеген (Жкн. 5:19). Мына, момундук деп ушуну айт! Ал бизге бул жагынан эң мыкты үлгү калтырган.

14. Өзүбүз жөнүндө туура ойдо болуу жагынан Исадан эмнени үйрөнсөк болот?

14 Иса жолдоочуларын өзү жөнүндө туура ойдо болгонго үйрөткөн. Бир жолу аларга: «Силердин чачыңардын ар бир талы саналуу»,— деген (Мт. 10:30). Бул сөздөр баарыбызга, өзгөчө өзүн басынта бергендерге, дем-күч берет. Исанын сөздөрү асмандагы Атабыз биздин камыбызды ойлоорун, анын көз алдында аябай кымбат экенибизди билдирет. Жахаба бизге ага кызмат кылганга мүмкүнчүлүк берип жатса жана жаңы заманда түбөлүк жашаганга татыктуу деп таап жатса, анын чечиминин тууралыгын талашка салгыдай биз кимбиз?

Өзүбүздү эле ойлой берсек, кандай мүмкүнчүлүктөрдөн, баталардан куру кол калышыбыз мүмкүн? (15-абзацты карагыла) *

15. a) «Күзөт мунарасында» өзүбүз жөнүндө туура ойдо болушубуз керектиги жөнүндө эмне делген? б) 24-беттеги сүрөттөн көрүнүп тургандай, өзүбүздү эле ойлой берсек, кандай баталардан куру калабыз?

15 15 жылдай мурун «Күзөт мунарасында» өзүбүз жөнүндө туура ойдо болушубуз керектиги жөнүндө мындай делген: «Албетте, биз өзүбүз жөнүндө өтө жогору ойдо болуп, бой көтөрүп кетүүнү, же тескерисинче, өзүбүздү санда жок адам эсептеп, басынта берүүнү каалабайбыз. Биз күчүбүз менен мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин эске алып, өзүбүзгө тең салмактуу карашыбыз керек. Исанын жолун жолдогон бир аял муну мындай деп түшүндүрөт: „Мен жеткен жаман адам эмесмин, бирок өтө мыкты да эмесмин. Менде жакшы да, жаман да сапаттар бар жана башкалар деле ушундай”» *. Ооба, өзүбүз жөнүндө туура ойдо болгонубуз маанилүү.

16. Эмне үчүн Жахаба даанышман кеңештерин берет?

16 Жахаба өзүнүн Сөзү аркылуу бизге даанышман кеңештерин берет. Ал бизди жакшы көрөт жана бактылуу болушубузду каалайт (Ыш. 48:17, 18). Жашоодо чоң бакыт тартуулаган туура жол бул — Жахабаны кубанткан иштерди дайыма биринчи орунга коюу. Эгер ушундай кылсак, акчага, жумушка же өзүнө көбүрөөк басым жасаган адамдар кабылган кыйынчылыктардан айланып өтөбүз. Эмесе, ар бирибиз акылдуу болуп, мындан ары да Жахабаны сүйүнтө бергенге бел байлайлы! (Накыл 23:15).

94-ЫР: Кудайдын Сөзү үчүн ыраазыбыз

^ Сулайман менен Иса теңдешсиз акылмандыкка ээ болгон. Андай акылмандыкты аларга Жахаба берген. Бул макалада Сулайман менен Исанын акчаны туура пайдаланганга, жумушка өтө берилип кетпегенге жана өзүбүз жөнүндө туура көз карашта болгонго жардам берген акыл-насааттарын карап чыгабыз. Ошондой эле айрым ишенимдештерибиздин ушул жактардан Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгондун аркасында кандай пайдасын көрүп жатканын билебиз.

^ Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2015-ж., 1-фев., «Канткенде оор эмгектен рахат ала аласыңар?»

^ Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2005-ж., 1-авг., «Ыйык Китеп жашоодон кубаныч табууга жардам берет».

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жон менен Том бир жыйналышта кызмат кылат. Жон убактысынын көбүн машинесине арнап, аны чаң жугузбай карайт. Том болсо башка жарчыларды машинесине салып алып кызмат кылат, жыйналыштарга жеткирет.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жон жумуштан кийин да иштеп жатат. Анткени башчысына жаккысы келет. Башчысы көбүрөөк иштеп бер деп качан суранбасын, Жон макул боло берет. Ошол эле күнү кечке маал кызмат жардамчысы болгон Том аксакал менен бир ишенимдешинин үйүнө барып, аны бекемдеп-кайраттандырып жатат. Том өзүнүн башчысына кээ бир күндөрү кечинде Кудайдын ишине байланышкан иштер менен алек болорун, ал убактарда иштей албай турганын алдын ала айтып койгон.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жон өзүн гана ойлойт. Том болсо биринчи кезекте Кудайдын ишин ойлойт. Ал жыйын залын куруу ишине катышып, дагы башка көптөгөн досторду таап жатат.