Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Башкаларга боор ооруу менен мамиле кылалы

Башкаларга боор ооруу менен мамиле кылалы

«Бири-бириңерге боор ооруу менен мамиле кылгыла» (1 ПЕТ. 3:8).

90-ЫР: Бири-бирибизди бекемдейли

БУЛ МАКАЛАДА *

1. 1 Петир 3:8де жазылгандай, сезимдерибизди эске алган, жыргалчылыгыбызды ойлогон адамдардын курчоосунда болуу эмне үчүн жагымдуу?

БААРЫБЫЗГА эле сезимдерибизди эске алган, жыргалчылыгыбызды ойлогон адамдардын курчоосунда болгон абдан жагат. Анткени алар ой-сезимдерибизди түшүнүш үчүн өздөрүн биздин ордубузга койгонго аракет кылышат. Алар биздин эмнеге муктаж болуп жатканыбызды сезе билип, атүгүл жардам сурай элегибизде эле көмөк көрсөтүшөт. Биз башкаларга «боор ооруу менен мамиле кылган» * адамдарды жогору баалайбыз жана аларга абдан ыраазыбыз. (Окугула: 1 Петир 3:8.)

2. Эмне үчүн башкаларга боор ооруу менен мамиле кылуу кыйынга турушу мүмкүн?

2 Кудайдын кызматчылары катары биз башкаларга боор ооруу менен мамиле кылууну каалайбыз. Бирок бул дайыма эле оңойго тура бербейт. Эмне үчүн? Мунун бир себеби биз жеткилең эмеспиз (Рим. 3:23). Төрөлгөндөн тартып эле өзүмчүл келгендиктен ар бирибиз ушул терс сапат менен күрөшүшүбүз керек. Айрымдарыбызга алган тарбиябыздан же башыбыздан өткөн кайсы бир нерседен улам да боорукер болуу кыйынга турушу мүмкүн. Андан тышкары, тегерегибиздеги адамдардын көз карашы, ой жүгүртүүсү таасир этиши ыктымал. Анткени азыркы акыркы күндөрдө көптөр башкалардын сезимдерин эске албайт. Тескерисинче, алар «өзүн өзү сүйөт» (2 Тим. 3:1, 2). Боорукер болууга тоскоолдук кылган ушул нерселерди жеңгенге бизге эмне жардам берет?

3. а) Башкаларга боорукердик көрсөтүү жагынан кантип жакшыра алабыз? б) Бул макалада эмнелерди карайбыз?

3 Жахаба Кудайдан жана анын Уулу Иса Машаяктан үлгү алуу менен биз боорукердик көрсөтүү жагынан жакшыра алабыз. Жахаба — сүйүүнүн Кудайы. Ал башкаларга кам көрүү жагынан эң мыкты үлгү көрсөтүп келет (1 Жкн. 4:8). Иса болсо Атасынын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган (Жкн. 14:9). Жерде жүргөндө ал канткенде боорукер боло аларыбызды көрсөткөн. Бул макалада алгач биз Жахабанын жана Исанын башкаларга кантип боорукердик менен мамиле кылганын карап чыгабыз. Андан соң алардан кандай үлгү ала аларыбызды талкуулайбыз.

ЖАХАБАНЫН ҮЛГҮСҮ

4. Ышая 63:7—9-аяттардан Жахабанын өзүнүн кызматчыларынын сезимдерин эске алары кандайча көрүнүп турат?

4 Ыйык Китепте Жахабанын өзүнүн кызматчыларынын сезимдерин эске алары жазылган. Мисалы, байыркы ысрайыл эли азап тартканда, анын кандай сезимде болгонуна көңүл бурсаңар. «Алар кыйналган сайын, ал да кыйналган»,— деп жазылган Ыйык Китепте. (Окугула: Ышая 63:7—9.) Кийинчерээк Закарыя пайгамбар аркылуу Жахаба элине жасалган жаман мамилени өзүнө жасалгандай көрөрүн айткан. Ал кызматчыларына: «Ким силерге тийсе, ал менин көзүмдүн карегине тийген болот»,— деген (Зак. 2:8). Бул Жахабанын өз элине кам көрөрүнүн күчтүү далили болуп эсептелет.

Жахаба боорукердигинен улам ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан бошоткон (5-абзацты карагыла)

5. Эли кыйналганда, Жахаба кантип жардам берген? Мисал келтиргиле.

5 Жахаба азап тартып жаткан кызматчыларына боору ачып эле койбойт. Ал аларга жардам бериш үчүн иш-аракет кылат. Маселен, ысрайылдыктар Мисирде кулчулукта эзилип жүрүшкөндө, Жахаба алардын канчалык кыйналып жатканын түшүнүп, азабын жеңилдетүү үчүн чара көргөн. Ал Муса пайгамбарга: «Мисирдеги элимдин тарткан азабын көрүп,.. зарлаган үнүн уктум. Мен алардын канчалык азап чегип жатканын билем. Ошондуктан... аларды мисирликтердин колунан куткарам»,— деп айткан (Чыг. 3:7, 8). Жахаба боорукердигинен улам элин кулчулуктан бошоткон. Кылымдар өткөндөн кийин Убадаланган жерде душмандар ысрайылдыктарга чабуул жасаган. Буга Жахаба кандай караган? Ал «алардын туш тараптан кысым көрсөткөндөр менен эзүүчүлөрдүн айынан онтогонун угуп, аларды аяган». Мунусунда да Жахаба элине боору ачыгандыктан жардам бергиси келген. Ал элин душмандардан куткарыш үчүн бийлерди дайындаган (Бий. 2:16, 18).

6. Кызматчылары туура эмес ой жүгүрткөндө да, Жахабанын алардын сезимдерин эске алганын көрсөткөн мисал айтып бергиле.

6 Кызматчылары туура эмес ой жүгүрткөндө да, Жахаба алардын сезимин эске алган. Буга байланыштуу Жунус пайгамбардын окуясын карап көрөлү. Жахаба аны нинебиликтерге каршы чыгарган өкүмүн жарыялоого жиберген. Бирок нинебиликтер өкүнгөндүктөн, Кудай аларды жазалайм деген оюнан кайткан. Жунус пайгамбар буга кубанган эмес. Тескерисинче, Нинебинин талкаланары жөнүндө айткан пайгамбарлык сөзү аткарылбай калганына «аябай ачууланган». Анткен менен Жахаба пайгамбарына чыдамдуулук менен мамиле кылып, ой жүгүртүүсүн оңдогон (Жун. 3:10—4:11). Убакыттын өтүшү менен Жунус Жахабанын ага эмнени үйрөткүсү келип жатканын түшүнгөн. Жахаба атүгүл ага бул окуяны биздин пайдабыз үчүн жаздырып койгон (Рим. 15:4) *.

7. Жахабанын өз кызматчыларына кылган мамилесинен эмне көрүнүп турат?

7 Жахабанын өз кызматчыларына кылган мамилесинен алардын камын ойлой турганын көрүүгө болот. Ал кимдин эмнеден азап чегип жатканын көрүп турат. «Адамдардын жүрөгүн жалгыз [ал] гана билет» (2 Жылн. 6:30). Жахаба жүрөгүбүздүн тереңинде жаткан ойлорубузду, сезимдерибизди түшүнөт жана мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин эске алат. Ал алыбыз «жеткис азгырыктарга кабылышыбызга» жол бербейт (1 Кор. 10:13). Бул бизди кандай гана бекемдейт!

ИСА МАШАЯКТЫН ҮЛГҮСҮ

8—10. Исага башкалардын камын ойлоого, сыягы, эмнелер түрткү берген?

8 Жерде жашап жүргөндө Иса башкалардын жыргалчылыгы үчүн тынчсызданган. Алардын камын ойлоого ага, бери дегенде, үч нерсе түрткү берген көрүнөт. Биринчиден, жогоруда айтылгандай, Иса асмандагы Атасынын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган. Атасындай болуп, Иса адамдарды жакшы көргөн. Ал Жахабага ааламдагы бардык нерсени жаратууга жардам берген. Алардын ар бирин жаратууга катышып жатканда кубанса да, анын кубанычы өзгөчө «адам баласына байланыштуу болгон» (Накыл 8:31). Ооба, сүйүү Исага адамдардын сезимдерине аяр мамиле кылууга түрткү берген.

9 Экинчиден, Жахабага окшоп, Иса адамдардын жүрөгүндө эмне бар экенин көрө алган, тактап айтканда, алардын ниетин, сезимдерин жакшы билген (Мт. 9:4; Жкн. 13:10, 11). Ошондуктан кимдир бирөөнүн жүрөгү сыздап турганын көргөндө боору ооруп, аны сооротуп-жубатчу (Ыш. 61:1, 2; Лк. 4:17—21).

10 Үчүнчүдөн, адамдар туш болгон кыйынчылыктардын айрымдарына Иса өзү да кабылган. Алсак, ал, сыягы, кедей үй-бүлөдө чоңоюп-өскөн. Асырап алган атасы Жусупка кошулуп, кара жанын карч уруп иштеген (Мт. 13:55; Мр. 6:3). Жусуп анын кызматы башталганга чейин эле көз жумса керек. Андыктан Иса жакынын жоготуу деген эмне экенин сезип көргөн деп айта алабыз. Ошондой эле ал диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашоо канчалык кыйын экенин өз тажрыйбасынан билген (Жкн. 7:5). Ушул жана башка жагдайлар Исага карапайым адамдардын кыйынчылыктарын, сезимдерин түшүнө билүүгө жардам бергени шексиз.

Иса дүлөй кишини айыктырыш үчүн элден четке алып чыгып баратат (11-абзацты карагыла)

11. Исанын адамдардын камын ойлоору айрыкча качан айкын болгон? Түшүндүргүлө. (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

11 Исанын башкалардын камын ойлоору, айрыкча, кереметтерди кылганда айкын болгон. Ал ажайып иштерди милдеттүү болгондуктан эмес, жаны кейип тургандарга «боору ооругандыктан» кылчу (Мт. 20:29—34; Мр. 1:40—42). Маселен, бир дүлөй кишини элден четке алып чыгып айыктырганда же бир жесир аялдын жалгыз уулун тирилткенде анын кандай сезимде болгонун элестетип көрсөңөр (Мр. 7:32—35; Лк. 7:12—15). Ырас, Иса адамдарга күйүмдүү болгон жана аларга жардам бергиси келген.

12. Исанын Марта менен Мариямга зээни кейигени Жакан 11:32—35-аяттардан кандайча көрүнүп турат?

12 Марта менен Мариямдын бир тууганы Лазардан ажырап, кабыргасы кайышып турганын көргөндө Исанын зээни кейип, «көзүнө жаш алган». (Окугула: Жакан 11:32—35.) Иса жакын досунан айрылганы үчүн эле кайгырган эмес. Ал аны тирилтерин жакшы билген. Көзүнө жаш алганынын себеби ал досторунун канчалык күйүт тартып жатканын жүрөгү менен туя алган.

13. Исанын боорукер экенин билүү бизди эмне үчүн бекемдейт?

13 Исанын боорукер экенин билүү бизди абдан бекемдейт. Адамдарга кайрымдуулук менен мамиле кылганы үчүн биз аны жакшы көрөбүз (1 Пет. 1:8). Анын азыркы тапта Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик кылып жатканына аябай сүйүнөбүз. Жерде адам катары жашап кеткендиктен ал адамдарга Шайтандын бийлигинин айынан пайда болгон жан дүйнө жарааттарынан толугу менен айыгууга эң сонун жардам бере алат. Алсыздыктарыбызды эске алган, боор ооруй билген ушундай Башкаруучубуз бар экенине кандай гана бактылуубуз! (Евр. 2:17, 18; 4:15, 16).

ЖАХАБА МЕНЕН ИСАДАН ҮЛГҮ АЛАЛЫ

14. Эфестиктер 5:1, 2ге ылайык, эмне кылууга түрткү алабыз?

14 Жахаба менен Исанын үлгүсү тууралуу ой жүгүрткөнүбүздө башкаларга боорукердик менен мамиле кылууга көбүрөөк түрткү алабыз. (Окугула: Эфестиктер 5:1, 2.) Албетте, башкалардын жүрөгүндө эмне бар экенин көрө албайбыз дечи. Ошентсе да алардын сезимдерин, муктаждыктарын түшүнүүгө аракет кылсак болот (2 Кор. 11:29). Бул дүйнөдөгү өзүмчүл адамдардан айырмаланып, биз өзүбүздүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлойбуз (Флп. 2:4).

(15—19-абзацтарды карагыла) *

15. Өзгөчө, кимдердин башкаларга боор ооруй билгени маанилүү?

15 Өзгөчө, жыйналыштын аксакалдары башкаларга боор ооруй билиши керек. Алар Жахабанын койлоруна кам көрүүгө жооптуу экенин жакшы билишет (Евр. 13:17). Ишенимдештерине жардам бере алышы үчүн аксакалдардын аларды түшүнө билгени маанилүү. Алар канткенде бир туугандарына боорукердик менен мамиле кыла алышат?

16. Кайрымдуу аксакал эмне кылат жана бул эмне үчүн маанилүү?

16 Кайрымдуу аксакал ишенимдештери менен убакыт өткөрөт. Ал суроо узатып, анан кунт коюп угат. Бул, айрыкча, ишенимдеши жүрөгүндөгүсүн төккүсү келип, бирок сөз таба албай жатканда абдан маанилүү (Накыл 20:5). Аксакал бир туугандарына даярдуулук менен убакыт бөлсө, алардын ортосундагы достук мамиле, ишенич, сүйүү чыңдалат (Элч. 20:37).

17. Көптөгөн ишенимдештерибиз аксакалдардын өзгөчө эмнесин баалашат? Мисал келтиргиле.

17 Көптөгөн ишенимдештерибиз аксакалдардын башкалардын сезимин эске ала билгенин өзгөчө баалаарын айтышат. Эмне үчүн? «Аксакалдардын сени жакшы түшүнөрүн билгендиктен алар менен сүйлөшүү оңой»,— дейт Аделаида. Ал: «Алар менен сүйлөшкөндө сөздөрүнөн, мамилесинен сенин сезимдериңе кайдыгер карабай турганын байкайсың»,— деп кошумчалайт. Бир аксакалдын жылуу мамилесине ыраазы болгон дагы бир ишенимдешибиз: «Жагдайымды түшүндүрүп берип жатканымда, көзүнө жаш толуп кетти. Муну мен эч качан унутпайм»,— деп айткан (Рим. 12:15).

18. Канткенде боорукердикти өрчүтө алабыз?

18 Албетте, боорукер болуу аксакалдардан эле талап кылынбайт. Бул сапатты баарыбыз өрчүтө алабыз. Кантип? Үйдөгүлөрүңөрдүн же ишенимдештериңердин башынан эмнелерди кечирип жатканын түшүнүүгө аракет кылгыла. Жыйналыштагы өспүрүмдөргө, ооруп жаткандарга, кары бир туугандарга жана жакынынан айрылгандарга көңүл бургула. Ал-жайын сурагыла. Анан сезимдерин айтып берип жатканда кунт коюп уккула. Эмнелер менен алпурушууга туура келип жатканын чындап түшүнөрүңөрдү алар сезгидей болушсун. Колуңардан келген жардамыңарды бергиле. Эгер ошентсеңер, чындап сүйүү көрсөткөн болосуңар (1 Жкн. 3:18).

19. Башкаларга жардам берүүдө эмне үчүн ийилчээк болушубуз керек?

19 Башкаларга жардам берүүдө ийилчээк болгонубуз маанилүү. Эмне үчүн? Анткени ар ким кыйынчылыкты ар башкача көтөрөт. Айрымдар сезимдери менен бөлүшкүсү келсе, башкалары муну көп деле каалабайт. Андыктан жардам берип жатканда ыңгайсыз кыла турган, жеке жашоосуна тиешелүү суроолорду бергенден качканыбыз оң (1 Тес. 4:11). Кимдир бирөө жүрөгүндөгүсүн айтып бергенде, кээде анын айткандарын туура көрбөшүбүз ыктымал. Андайда өзүбүздүкүн таңуулабай, анын сезимдерин түшүнгөнгө аракет кылганыбыз жакшы. Угууга даяр болуп, сүйлөгөнгө шашпашыбыз керек (Мт. 7:1; Жкп. 1:19).

20. Эмки макалада эмнени талкуулайбыз?

20 Биз жыйналыштагыларга эле эмес, кызматта кезиктирген адамдарга да боор ооруу менен мамиле кылгыбыз келет. Шакирт даярдоо ишинде канткенде башкалардын сезимин эске ала алабыз? Бул эмки макалада талкууланат.

130-ЫР: Кечиримдүү бололу

^ 5-абз. Жахаба менен Иса Машаяк башкаларга боор ооруу менен мамиле кылышат. Бул макалада биз алардан эмнеге үйрөнө аларыбызды карап чыгабыз. Ошондой эле эмне үчүн бири-бирибизге боор ооруу менен мамиле кылышыбыз керектигин жана канткенде боорукер боло аларыбызды талкуулайбыз.

^ 1-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. «Боор ооруу» бул башкалардын кандай сезимде болуп жатканын түшүнүүнү жана өзүбүздү алардын ордуна коюуга аракет кылууну билдирет (Рим. 12:15). Бул макалада «боор ооруу менен мамиле кылуу» жана «камын ойлоо», «жыргалчылыгын ойлоо» деген сөздөр бир эле мааниде колдонулат.

^ 6-абз. Жахаба көңүлү чөгүп же коркуп жаткан ишенимдүү кызматчыларынын сезимдерине да кайдыгер караган эмес. Мисалы, Анна (1 Шем. 1:10—20), Илияс пайгамбар (1 Пад. 19:1—18) жана Эбетмелек (Жер. 38:7—13; 39:15—18) тууралуу ойлонуп көрсөңөр.

^ 65-абз. СҮРӨТ. Падышалык залына барганда боорукердик көрсөтүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр болот: 1) аксакал жаш бир тууганыбыз менен анын апасына көңүл буруп жатат; 2) атасы менен кызы улгайган апаны машинеге узатып баратышат; 3) эки аксакал кеңеш сурап келген бир тууганды кунт коюп угууда.