Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакшылык. Канткенде жакшы адам боло алабыз?

Жакшылык. Канткенде жакшы адам боло алабыз?

БААРЫБЫЗ ЭЛЕ башкаларга жакшы адам катары таанылгыбыз келет. Анткен менен бул дүйнөдө дайыма жакшылык кылуу оңойго турбайт. Мунун бир себеби көптөр «жакшылык кылгысы келбейт» (2 Тим. 3:3). Алар Жахабанын нормаларын четке кагып, ал жакшы деп эсептеген нерсени жаман деп, ал эми жаман деп эсептегенди жакшы дешет (Ыш. 5:20). Жакшы адам болушубузга башыбыздан өткөн жаман нерселер менен жеткилеңсиздигибиз да тоскоолдук кылат. Ушундан улам биз да Жахабага ондогон жылдардан бери кызмат кылып келаткан бир ишенимдешибиздикиндей сезимде болушубуз мүмкүн. Ал: «Өзүмдүн жакшы адам боло аларыма ишениш кыйын»,— дейт.

Бирок жакшы болуу — ар бир адамдын колунан келе турган иш. Себеби жакшылык — Кудайдын ыйык рухунун жемишине кирген сапаттардын бири. Ыйык рух болсо бизге тоскоолдук кылган нерселердин баарынан, алсак, бул дүйнөнүн жана айланабыздагылардын терс таасиринен, өзүбүздүн жеткилеңсиздигибизден да алда канча күчтүү. Анда эмесе, жакшылык деген эмне экенине жана канткенде ал сапатты көбүрөөк чагылдыра аларыбызга кененирээк токтололу.

ЖАКШЫЛЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Жөнөкөй сөз менен айтканда, жакшылык деген жамандыктан же бузулгандыктан алыс болууну билдирет. Жакшы киши бийик адеп-ахлак нормаларына карманат, чынчыл келет, ар убак туура иш кылат. Ал дайыма башкаларга жардам берүүнүн жолун издеп, аларга жакшылык кылууга умтулат.

Балким, силер үй-бүлөсүнө, досторуна жакшылык кылууга дилгир адамдарды көрүп жүрөттүрсүңөр. Бирок Жахабанын көз алдында чындап жакшы адам болуу ушуну эле билдирбейт. Албетте, эч кимибиз ал сапатты жеткилең түрдө чагылдыра албайбыз. Анткени Ыйык Китепте: «Жер үстүндө ар дайым жакшылык кылып, эч качан күнөөгө батпаган бир да адил киши жок»,— делет (Нас. 7:20). Элчи Пабыл да: «Менде, башкача айтканда, денемде жакшы нерсе жашабайт»,— деп ачык айткан (Рим. 7:18). Андыктан ал сапатты өрчүтүү үчүн анын булагы болгон Жахабадан үйрөнүшүбүз керек.

ЖАХАБА — ЖАКШЫЛЫКТЫН БУЛАГЫ

Эмне жакшы экенине байланыштуу нормаларды Жахаба бекитет. Ал тууралуу Ыйык Китепте: «Сен жакшысың, жакшылык кыласың. Мага көрсөтмөлөрүңдү үйрөт»,— деп жазылган (Заб. 119:68). Анда бул аяттагы Жахабанын жакшылыгы жөнүндө айтылган эки ойду тереңирээк карап чыгалы.

Жахаба жакшы. Жакшылык — анын табиятынын ажырагыс бөлүгү. Жахаба Муса пайгамбарга: «Мен сага жакшылыгымды көрсөтөм»,— деген. Анан Жахаба ага өзүнүн даңкын, анын ичинде жакшылыгын көрсөтүп жатканда, Муса пайгамбар мындай деген сөздөрдү уккан: «Жахаба, Жахаба — кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз Кудай. Ал — адамдын миңинчи тукумуна чейин мээримдүүлүк көрсөтө турган жана жаңылыштыкты, кылмышты, күнөөнү кечире турган, бирок жазасыз калтырбай турган Кудай» (Чыг. 33:19, шилт.; 34:6, 7). Мындан Жахабанын бардык жактан жакшы экени айкын көрүнүп турат. Ошондуктан Иса Машаяк тарыхтагы эң жакшы адам болсо да: «Жакшы деп аталууга Кудайдан башка эч ким татыктуу эмес»,— деген (Лк. 18:19).

Жахабанын жакшы экенин жаратылыштан айкын көрө алабыз

Жахабанын иштери жакшы. Анын жакшы экенин бүт иштери айгинелеп турат. «Жахаба баарына жакшылык кылат, анын кайрымдуулугу бардык иштеринен көрүнүп турат» (Заб. 145:9). Ал адамдарды бөлбөй, тегиз жакшылык кылгандыктан алардын баарына өмүр берип, жашоого керектүү нерселер менен камсыз кылып келет (Элч. 14:17). Анын жакшылыгы күнөөлөрүбүздү кечиргенинен да көрүнүүдө. Бир забурчу: «Оо, Жахаба, сен жакшылык кыласың, кечирүүгө даярсың»,— деп жазган (Заб. 86:5). Биз Жахабанын «кынтыксыз жүргөндөрдү жакшылыктан кем кылбай» турганына толук ишенсек болот (Заб. 84:11).

«ЖАКШЫЛЫК КЫЛГАНДЫ ҮЙРӨНӨЛҮ»

Кудай бизди өзүнө окшош кылып жараткандыктан, биз жакшы адам боло алабыз жана башкаларга жакшылык кыла алабыз (Башт. 1:27). Ал өзүнүн Сөзү аркылуу кызматчыларын: «Жакшылык кылганды үйрөнгүлө»,— деп чакырат (Ыш. 1:17). Бирок жакшылык кылууга кантип үйрөнө алабыз? Мунун үч жолун карап көрөлү.

Биринчиден, ыйык рух сурап тиленишибиз керек. Ыйык рух бизге Кудайдын көз алдында чындап жакшы инсан болгонго көмөк кылат (Гал. 5:22). Анын жардамы менен жакшылыкты сүйүп, жамандыкты четке кагууга үйрөнө алабыз (Рим. 12:9). Ыйык Китепте айтылгандай, Жахаба бизди «жакшы иштерди кылууга, жакшы сөздөрдү сүйлөөгө бекемдей» алат (2 Тес. 2:16, 17).

Экинчиден, Кудайдын ыйык рухтун жетеги менен жазылган Сөзүн окуганыбыз маанилүү. Аны окусак, Жахаба бизге «жакшылыктын бүт жолун түшүнүүгө», «ар кандай жакшы ишке» даяр болууга жардам берет (Накыл 2:9; 2 Тим. 3:17). Биздин жүрөгүбүз казынага окшош. Ыйык Китепти окуп, ой жүгүртүүнүн аркасында ошол казынабызды кийин кереги тие турган баа жеткис буюмдарга, башкача айтканда, Кудай жана анын эрки жөнүндөгү жакшы ойлорго толтурабыз (Лк. 6:45; Эф. 5:9).

Үчүнчүдөн, «жакшылык кылгандан үлгү алууга» бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек (3 Жкн. 11). Ыйык Китепте жакшылык кылуу жагынан үлгү болгондор жөнүндө көп билдирүүлөр камтылат. Албетте, бул жагынан Жахаба менен Иса эң мыкты үлгү көрсөтөт. Бирок башкаларга жакшылык кылганы менен белгилүү болгон инсандар тууралуу да ойлонуп көрсөк болот. Мисалы, алардын экөө Табита менен Барнаба болгон (Элч. 9:36; 11:22—24). Алардын башкаларга кандай жолдор менен жакшылык кылганы жөнүндө изилдөөнүн аркасында көп нерсеге үйрөнө аласыңар. Үйдөгүлөрүңөргө же жыйналыштагыларга кантип жардам берсеңер болору тууралуу ойлонуп көргүлө. Ошондой эле Табита менен Барнабанын башкаларга жакшылык кылуу менен кандай баталарды алганы жөнүндө да ой жүгүртүп көрсөңөр болот. Силердин да жакшылыгыңардын акыбети сөзсүз кайтат.

Бүгүнкү күндө башкаларга жакшылык кылып жаткандар туурасында да ой жүгүртүп көргөнүбүз оң. Алсак, жыйналыштагы аксакалдарыбыз күжүрмөн эмгектенип, дайыма «жакшылык кылууга умтулат». Сөзү жана иши менен «башкаларды жакшылыкка үйрөтүп» жаткан ишенимдүү эже-карындаштарыбызды да көз жаздымында калтырбашыбыз керек (Тит 1:8; 2:3). Розлин деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Менин бир досум жыйналыштагыларга жардам берип, бекемдеш үчүн атайын күч-аракет жумшайт. Алардын жагдай-шарты жөнүндө ойлонуп, көп учурда чакан белектерди берет же иш жүзүндө көмөк көрсөтөт. Мен аны чындап жакшы адам деп эсептейм».

Жахаба кызматчыларын «жакшылыкты издөөгө» үндөйт (Амос 5:14). Эгер ошондой кылсак, анын нормаларына болгон сүйүүбүз өскөндөн тышкары, жакшы иштерди кылууга ого бетер чечкиндүү болуп калабыз.

Жакшы адам болууга, жакшылык кылууга умтулабыз

Жакшы адам болуш үчүн башкаларга чоң-чоң жакшылыктарды кылышыбыз же кымбат баалуу белектерди беришибиз керек деп ойлоо туура эмес. Муну түшүнүү үчүн сүрөтчүнү мисалга алалы. Ал кыл калемин бир-эки жолу шилтеп койсо эле, сүрөт тартылып калабы? Кайдан. Сүрөт тартыш үчүн ал кыл калемин көп жолу иштетиши керек болот. Анын сыңарындай, биздин жакшы адам экенибиз башкалардын жыргалчылыгы үчүн кылган көптөгөн майда иштерибизден көрүнөт.

Кудайдын Сөзүндө жакшы иштерди кылууга даяр болууга чакырылабыз (Тит 3:1). Эгер башкаларга көңүл бөлүп, эмнелерге туш болуп жатканына байкоо салып жүрсөк, аларга жардам берүүнүн, бекемдөөнүн жолдорун таба алабыз (Рим. 15:2). Балким, колубузда болгон нерселер менен бөлүшөттүрбүз (Накыл 3:27). Мисалы, кимдир бирөөнү конокко же пикир алмашууга чакырсак болот. Эгер бирөө жарым ооруп жатса, ага открытка жазсак, барып ал-акыбалын сурасак же телефон чалсак болот. Ооба, ар бирибиз «уккандарга пайда алып келе» турган, «аларды бекемдей турган сөздөрдү» сүйлөөгө көп мүмкүнчүлүктөрдү таба алабыз (Эф. 4:29).

Биз, Жахабага окшоп, бардык адамдарга жакшылык кылууга умтулабыз. Ошондуктан эч кимге бет карамалык кылбайбыз. Мунун эң жакшы жолу — Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды баарына жарыялоо. Иса буйрук кылгандай, атүгүл бизди жек көргөндөргө да жакшылык кылуунун жолун издейбиз (Лк. 6:27). Боорукер болуп, башкаларга жакшылык кылганыбыз эч качан жаңылыштык болбойт, анткени буга «каршы эч кандай мыйзам жок» (Гал. 5:22, 23). Каршылыктарга же сыноолорго карабай өзүбүздү үлгүлүү алып жүрсөк, башкаларды чындыкка тартабыз жана Кудайды даңктайбыз (1 Пет. 3:16, 17).

ЖАКШЫЛЫК КЫЛГАНДАР СЫЙЛЫКСЫЗ КАЛБАЙТ

«Жакшы адам өз иштеринин жемишине тоёт» (Накыл 14:14). Анын жемишине эмнелер кирет? Башкаларга жакшы мамиле кылсак, алар да бизге ошондой мамиле кылууга түрткү алышы ыктымал (Накыл 14:22). Андай болбогон күндө да, дайыма жакшылык кыла берсек, алардын жүрөгүндөгү муз эрип, көз карашы өзгөрүшү мүмкүн (Рим. 12:20, шилт.).

Жаман жолунан бурулуп, жакшылык кыла баштагандар өздөрү да пайда алышат. Муну көптөр ырастай алат. Мисалга Нэнсини алалы. Ал мындай деп бөлүшөт: «Мурун алды-артымды ойлобой эле иш кыла берчүмүн, адеп-ахлактык жактан бузулган, башкаларды сыйлабаган адам болчумун. Бирок Кудайдын жакшылыкка байланыштуу нормалары тууралуу билип, аларга ылайык иш кыла баштагандан тартып өзүмдү бактылуураак сезе баштадым. Бара-бара өзүн өзү сыйлоо сезимине ээ болдум».

Жакшы адам болууга умтулганыбыздын эң башкы себеби биз Жахабаны кубанткыбыз келет. Кылган жакшылыгыбызды көптөр байкабаса да, Жахаба көрүп турат. Ар бир жакшы ишибиз, ар бир жакшы оюбуз ага маалым (Эф. 6:7, 8). Ал бизге кандай сыйлык берет? Ыйык Китепте: «Жакшы адам Жахабага жагат»,— деп айтылган (Накыл 12:2). Андыктан мындан ары да жакшы адам болгонго күч жумшай берели. Жахаба: «Жакшылык кылгандардын ар бири... даңкка, урмат-сыйга жана тынчтыкка бөлөнөт»,— деп убада берет (Рим. 2:10).