Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Берешен киши бата алат

Берешен киши бата алат

КУРМАНДЫК чалуу тээ илгертен бери эле чыныгы сыйынуунун маанилүү бөлүгү болуп келет. Ысрайылдыктар жаныбарлардан курмандык чалышчу. Ал эми Иса Машаяктын жолдоочулары «мактоо курмандыгын» алып келгени менен белгилүү. Бирок Кудайга жаккан дагы башка курмандыктар бар (Евр. 13:15, 16). Алар кубаныч да тартуулайт, бата да алып келет. Муну төмөнкү мисалдар ырастап турат.

Кудайдын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчысы Анна уулдуу болууну аябай самачу, бирок ал төрөбөс эле. Бир жолу ал Жахабадан тиленип: «Мага эркек бала берсең, анда, Жахаба, мен аны биротоло сага берем»,— деп ант берген (1 Шем. 1:10, 11). Кийинчерээк Аннанын боюна бүтүп, уул төрөгөн. Анын атын Шемуел деп койгон. Уулун эмчектен чыгаргандан кийин Анна, өзү убада кылгандай, аны ыйык чатырга алып барган. Жахаба Аннага жан аябастыгы үчүн батасын берип, ал дагы беш бала төрөгөн. Уулу Шемуел болсо кийин пайгамбар болгон жана Ыйык Китепти жазууга катышкан (1 Шем. 2:21).

Анна менен Шемуелдей эле, Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары өмүрүн ага кызмат кылууга арнай алышат. Иса пайгамбар, Жахабага сыйынууда кандай курмандык чалбайлы, анын баары мол бата менен коштолорун убада кылган (Мр. 10:28—30).

Иса Машаяктын 1-кылымдагы Дорка деген жолдоочусу «көп жакшы иштерди жасаган, жакырларга көп жакшылык кылган» аял катары белгилүү болгон. Ал башкаларга жардам бериш үчүн эч нерсесин аяган эмес. Тилекке каршы, бир күнү «ал ооруп, каза болуп калган». Ошондо жыйналыштагы ишенимдештеринин ичи туз куйгандай ачышкан. Алар Петирдин жакын жерде жүргөнүн угуп, келип кетишин өтүнүшкөн. Петир Дорканы тирилткенде, алардын канчалык кубанганын элестетсең! Бул элчи жасаган биринчи керемет болгон (Элч. 9:36—41). Кудай Дорканын курмандыктарын унуткан эмес (Евр. 6:10). Анын берешендиги бизге үлгү катары Кудайдын Сөзүнө жазылып калган.

Элчи Пабыл да бул жагынан бизге мыкты үлгү калтырган. Ал башкалардан убактысын, күчүн аяган эмес. Пабыл Корунт шаарындагы ишенимдештерине: «Силердин жаныңар үчүн өзүмдө болгондун баарын жан-дилим менен сарптайм, өзүмдү да аябайм»,— деп жазган (2 Кор. 12:15). Ал башкалардын жыргалчылыгы үчүн өзүн курмандыкка бергени канааттануу тартууларына, баарынан маанилүүсү, Жахабанын батасына жана жактыруусуна ээ кыларына өз тажрыйбасынан улам ынанган (Элч. 20:24, 35).

Ооба, убактыбызды, күчүбүздү Падышалыктын иши үчүн жана ишенимдештерибизге жардам берүү үчүн колдонгонубузда, Жахаба кубанат. Бирок Падышалыктын ишине дагы канткенде салым кошо алабыз? Сүйүүгө жаткан иштерди кылгандан тышкары, ыктыярдуу тартуу кылып, Кудайыбызды даңктасак болот. Ал тартуулар дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишин алдыга жылдырууга, анын ичинде миссионерлерди жана толук убакыт кызмат кылган бир туугандарды камсыз кылууга жумшалат. Ошондой эле адабияттарды, тасмаларды даярдоого, которууга, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүүгө жана Падышалык залдарын курууга сарпталат. Биз берешен киши бата аларынан шектенбесек болот. Андан сырткары, баалуу нерселерибизди Жахабага берүү менен аны даңктайбыз (Накыл 3:9; 22:9).