Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабадай адилеттүү, ырайымдуу бол

Жахабадай адилеттүү, ырайымдуу бол

«Чыныгы адилеттик менен соттогула, бири-бириңерге мээримдүүлүк көрсөткүлө, кайрымдуулук кылгыла» (ЗАК. 7:9).

ЫРЛАР: 125, 88

1, 2. а) Иса Кудайдын Мыйзамына кандай караган? б) Китепчилер менен фарисейлер кандайча Мыйзамды бурмалашкан?

ИСА МАШАЯК Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамды абдан жакшы көргөн. Бул таң калыштуу эмес. Себеби ал Мыйзамды асмандагы Атасы Жахаба берген. Забур 40:8де анын Кудайдын мыйзамдарына болгон күчтүү сүйүүсү тууралуу алдын ала мындай деп жазылган: «Оо, Кудайым, сенин эркиңди аткаруудан ырахат алам, Мыйзамың менин жүрөгүмдө». Ал Кудайдын Мыйзамынын жеткилең, пайдалуу экенин жана анда жазылгандардын сөзсүз аткарыларын сөзү менен да, иши менен да көрсөткөн (Мт. 5:17—19).

2 Андыктан китепчилер менен фарисейлердин Кудайдын Мыйзамын бурмалап жатканын көргөндө анын жүрөгү сыздаганы айтпаса да түшүнүктүү. Алар Мыйзамдагы айрым нерселерди майда-чүйдөсүнө чейин аткарышчу. Мисалы, Иса аларга: «Жалбыздын, ашкөктүн, зиренин ондон бир бөлүгүн бересиңер»,— деген. Анда көйгөй эмнеде эле? Ал: «Мыйзамдагы орчундуураак нерселерге: адилеттүүлүккө, кайрымдуулукка, ишенимдүүлүккө маани бербейсиңер»,— деп кошумчалаган (Мт. 23:23). Өздөрүн адил эсептеген, майда-барат нерселерге өтө чоң маани берген фарисейлерден айырмаланып, Иса Мыйзамдын негизинде жаткан принциптерди, ар бир буйрукта чагылдырылган Кудайдын сапаттарын аңдай билген.

3. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

3 Бүгүнкү күндө биз Мыйзамга ылайык жашоого милдеттүү эмеспиз (Рим. 7:6). Ошентсе да Жахаба аны Ыйык Китепке жаздырып койгон. Ал биздин Мыйзамда жазылгандарга майда-чүйдөсүнө чейин маани беришибизди эмес, «орчундуураак нерселерди», башкача айтканда, андагы осуяттардын негизинде жаткан бийик принциптерди түшүнүп, колдонушубузду каалайт. Маселен, баш калкалоочу шаарларга байланышкан чарадан кандай принциптерди биле алабыз? Мурунку макалада алардын бирине качып барган кишинин иш-аракеттеринен эмнеге үйрөнсөк болорун караганбыз. Бирок ал билдирүүдөн Жахаба жөнүндө жана анын сапаттарын кантип чагылдыра аларыбызды билүүгө болот. Андыктан бул макаладан үч суроого жооп алабыз: Баш калкалоочу шаарлар Жахабанын ырайымдуулугун кандайча чагылдырып турат? Ал чарадан Жахабанын өмүргө болгон көз карашына байланыштуу эмнени биле алабыз? Андан Кудайдын жеткилең адилеттүүлүгү кандайча көрүнүп турат? Ар бир суроону талкуулап жатканда асмандагы Атабыздан кандай үлгү алсак болору жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз маанилүү. (Оку: Эфестиктер 5:1.)

ШААРЛАРДЫН ЫҢГАЙЛУУ ЖЕРДЕ БОЛГОНУ — ЫРАЙЫМДЫН БЕЛГИСИ

4, 5. а) Баш калкалоочу шаарларга жетүү эмнеден улам оңой болгон? Бул эмне үчүн зарыл эле? б) Мындан Жахаба жөнүндө эмнени билсек болот?

4 Баш калкалоочу алты шаар оңой жете ала турган жерде жайгашкан. Жахаба алардын үчөө Иордан дарыясынын аркы тарабынан, калган үчөө берки тарабынан тандалышын буйрук кылган. Эмне үчүн? Бирөөнү өлтүрүп алган киши ал жакка тезирээк жана оңой жетип алышы үчүн ошенткен (Сан. 35:11—14). Ал шаарларга алып барчу жолдорду дайыма оңдоп-түзөп, жакшы абалда күтүшчү (Мыйз. 19:3). Жүйүттөрдүн эмгектерине ылайык, ал жакка багыт берген жол көрсөткүчтөр да орнотулган болчу. Баш калкалоочу шаарлар бар болгондуктан, бирөөнү кокустуктан өлтүрүп алган адам бөтөн жерге качып барууга мажбур болчу эмес. Башка жакка барса, жалган сыйынууга аралашып кетиши мүмкүн эле.

5 Ойлонуп көрсөң, бирөөнүн өмүрүн атайлап кыйгандарды өлүм жазасына тартууга буйрук берген Жахаба Кудай капысынан киши өлтүрүп алгандарга боорукердик көрсөтүүгө жана өмүрүн сактап калууга да кам көрүп койгон. Бир окумуштуу: «Ар бир нерсе мүмкүн болушунча айкын-так, жөнөкөй жана оңой болгон. Кудай боорукердигин так ушундайча көрсөткөн»,— деп айткан. Ооба, Жахаба кызматчыларын жазалоону эле көксөп турган жүрөгү мерез сот эмес. Ал — «кайрымдуулугу мол Кудай» (Эф. 2:4).

6. Фарисейлер ырайымдуу Кудайдан канчалык айырмаланышкан?

6 Ал эми фарисейлер ырайым кылууну такыр каалашкан эмес. Алсак, жүйүттөрдүн эмгегинде жазылгандай, алар бир катаны үчтөн ашык жолу кетирген кишини кечирбей коюшчу. Иса алардын күнөөкөрлөргө карата кандай көз карашта болгонун көрсөтүп, бир фарисей жөнүндө мисал айткан. Ал фарисей: «Оо, Кудай, сага ыраазымын, анткени башкалардай эмесмин: талап-тонобойм, адилетсиздик кылбайм, ойноштук да кылбайм же мына бул салык жыйноочудай эмесмин»,— деп тиленген. Мисалдагы салык жыйноочу болсо момундук менен Кудайдан ырайым кылышын өтүнгөн. Эмне үчүн фарисейлер кечиримдүү болушкан эмес? Ыйык Китепте алардын «башкаларды киши ордуна көрбөгөнү» айтылат (Лк. 18:9—14).

Көңүлүңдү ооруткан киши келчү «жол» дайыма ачык, жакшы абалдабы? Башкалар сага оңой кайрыла алгыдай болсун (4—8-абзацтарды кара)

7, 8. а) Бирөө көңүлүңдү оорутканда, Жахабаны кантип туурасаң болот? б) Кечиримдүү болуу үчүн эмне себептен момундук керек?

7 Биз фарисейлерден эмес, Жахабадан үлгү алып, боорукер болушубуз керек. (Оку: Колосалыктар 3:13.) Мунун бир жолу — таарынткан кишини даярдуулук менен кечирүү (Лк. 17:3, 4). Мындай деп ойлонуп көр: «Кимдир бирөө туура эмес мамиле кылса, атүгүл кайра-кайра көңүлүмдү оорутса, аны оңой кечиремби? Жүрөгүмдү жаралаган киши менен болгон мамилемди калыбына келтирүүгө даярмынбы

8 Кечиримдүү болуу үчүн момундук керек. Фарисейлер башкаларды өзүнөн төмөн көргөндүктөн кечиримдүү болушкан эмес. Алардан айырмаланып, биз момун болуп, башкаларды өзүбүздөн жогору көрүшүбүз жана кечиришибиз керек (Флп. 2:3). Жахабадан үлгү алып, момун бол. Таарынткан киши сага келчү «жолдун» дайыма ачык, жакшы абалда болушуна кам көр. Ырайым кылууга даяр бол, таарынууга шашпа (Нас. 7:8, 9).

«КАНГА ЗАБЫН БОЛБОШ» ҮЧҮН ӨМҮРДҮ БААЛА

9. Жахаба адамдын өмүрү кымбат экенин ысрайылдыктарга кантип көрсөткөн?

9 Баш калкалоочу шаарлардын максаты ысрайылдыктарды канга забын болуудан сактоо болгон (Мыйз. 19:10). Жахаба өмүрдү жогору баалайт жана «жазыксыз кишинин канын төккөн колду» жек көрөт (Накыл 6:16, 17). Ал адилеттүү, ыйык Кудай болгондуктан атүгүл кокустуктан кан төгүлгөндө да ага көз жумуп коё алган эмес. Албетте, бирөөнү капысынан өлтүрүп алган кишиге ырайым кылынчу. Бирок андан болгон ишти аксакалдарга айтып берүү талап кылынган. Эгер кокустуктан кан төккөнү аныкталса, ал баш калкалоочу шаарда башкы дин кызматчы көз жумганга чейин жашашы керек болгон. Ал жерде өмүрү өткөнчө жашашы мүмкүн эле. Ушундай олуттуу кесепеттер өмүрдүн ыйык экенин ысрайылдыктардын эсине салып турган. Алар Өмүр Берүүчүсүнө урмат көрсөтүш үчүн башкалардын өмүрүнө коркунуч туудурган нерселерден качышы керек болчу.

10. Исанын айткандарына ылайык, китепчилер менен фарисейлердин өмүрдү баалабай турганы эмнеден көрүнгөн?

10 Жахабадан айырмаланып, китепчилер менен фарисейлер өмүрдү баалашкан эмес. Кандайча? Иса аларга: «Билимдин ачкычын алып алып, өзүңөр да кирбей, киргиси келгендерди да киргизбей жатасыңар»,— деген (Лк. 11:52). Ооба, алар Кудайдын Сөзүн башкаларга түшүндүрүп, түбөлүк өмүргө алып бара турган жолго түшүүгө жардам бериши керек эле. Бирок анткендин ордуна, аларды «өмүр Башчысынан», Иса Машаяктан, алыстатып, түбөлүк жок болууга алып бара турган жолго салышкан (Элч. 3:15). Текебер, өзүмчүл китепчилер менен фарисейлер адамдардын өмүрүнө кайдыгер карап, алардын жыргалчылыгын көздөшкөн эмес. Алар кандай гана ырайымсыз болушкан!

11. а) Элчи Пабыл өмүргө Кудай карагандай караарын кантип көрсөткөн? б) Кызматка карата Пабылдыкындай көз карашта болууга эмне жардам берет?

11 Канткенде китепчилер менен фарисейлердикиндей көз караштан сак болуп, Жахабадан үлгү алган болобуз? Өмүр белегин жогору баалашыбыз керек. Элчи Пабыл муну кылдат күбөлөндүрүү менен көрсөткөн. Ошол себептен ал: «Мен эч кимдин канына забын эмесмин»,— деп айта алган. (Оку: Элчилер 20:26, 27.) Бирок Пабыл канга забын болуудан корккондуктан же өзүн милдеттүү сезгендиктен эле кабар айткан эмес. Ал адамдарды сүйгөн жана алардын өмүрүн баалаган (1 Кор. 9:19—23). Биз да өмүргө карата Кудайдыкындай көз карашта болууга аракет кылышыбыз керек. Ал «баарынын өкүнүшүн каалайт» (2 Пет. 3:9). Сенчи? Жүрөгүңдө ырайымдуулукту өрчүтсөң, кызматка мурдагыдан да ынталуу катышканга түрткү аласың. Бул болсо кубанычыңды ого бетер арттырат.

12. Коопсуздукка эмне үчүн олуттуу карайбыз?

12 Өмүрдү Жахаба баалагандай баалаарыбызды коопсуздук чараларына карата туура көз карашта болуу менен да көрсөтөбүз. Бардык учурда, мисалы, машине айдаганда, иштегенде, сыйынуу жайларын курганда, оңдоп-түзөгөндө же ал жакка баратканда абайлашыбыз керек. Ишти жемиштүү аткарууну, акча-каражатты үнөмдөөнү же графиктен калбоону коопсуздуктан жана ден соолуктан жогору койбошубуз керек. Адилеттүү Кудайыбыз дайыма туура иш кылат. Биз да андан үлгү алгыбыз келет. Өзгөчө, аксакалдар өздөрүнүн жана чогуу кызматташкандардын коопсуз болушуна кам көрүшү талап (Накыл 22:3). Эгер кайсы бир аксакал коопсуздукка байланыштуу көрсөтмө берсе, ага кулак сал (Гал. 6:1). Өмүргө Жахаба карагандай кара, ошондо «канга забын болбойсуң».

«УШУЛ КӨРСӨТМӨЛӨРГӨ КАРМАНЫП,.. ИШТИ ТЕРИШТИРСИН»

13, 14. Ысрайылдык аксакалдар канткенде Жахабанын адилеттүүлүгүн чагылдыра алышмак?

13 Жахаба ысрайылдык аксакалдарга адилеттүүлүккө байланыштуу бийик нормаларга карманууга буйрук берген. Алардан адегенде ишке тиешеси бар нерселердин баарын карап чыгуу талап кылынган. Андан соң бирөөнүн өмүрүн кыйган кишиге ырайым кылууну же кылбоону чечүүдө анын ниетин, көз карашын жана мурунку иштерин кылдат таразалап чыгышы керек болчу. Жахабанын адилеттүүлүгүн чагылдырыш үчүн ал адамдын өлгөн кишини «жек көргөндүктөн» же «жаман ой менен» өлтүргөн-өлтүрбөгөнүн аныкташы зарыл эле. (Оку: Сандар 35:20—24.) Эгер күбөлөр бар болсо, анын атайлап кан төккөнүн, жок эле дегенде, эки күбө ырасташы керек болчу (Сан. 35:30).

14 Баарын аныктагандан кийин аксакалдар ишке эле эмес, адамдын өзүнө да көңүл бурууга тийиш болгон. Алар көргөнү боюнча сот жүргүзбөстөн, кыраакы болуп, кандын төгүлүшүнө чынында эмне себеп болгонун аңдай билиши зарыл эле. Жахабага окшоп, кыраакы, ырайымдуу жана адилеттүү болуш үчүн, баарынан маанилүүсү, анын ыйык рухуна жетектелиши керек болчу (Чыг. 34:6, 7).

15. Иса менен фарисейлердин күнөөкөрлөргө карата болгон көз карашы кандайча айырмаланган?

15 Фарисейлер күнөөкөрдүн ички дүйнөсүнө эмес, кылган ишине көңүл топтошкон. Бир жолу Иса пайгамбар Матай деген кишиникине конокко барганда, алар анын шакирттеринен: «Эмне үчүн устатыңар салык жыйноочулар, күнөөкөрлөр менен бирге тамактанып жатат?» — деп сурашкан. Ошондо Иса аларга мындай деген: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж. Ошондуктан баргыла да: „Мен курмандыкты эмес, кайрымдуулукту каалайм“,— деген сөздөр эмнени билдирерин аңдап билгиле. Анткени мен адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим» (Мт. 9:9—13). Бул анын олуттуу күнөөнү актаганын билдиреби? Албетте, жок. Чынында, ал айткан кабар өз ичине күнөөкөрлөрдүн өкүнүшүн да камтыган (Мт. 4:17). Иса салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөрдүн айрымдарынын өзгөрүлгүсү келерин көрө билген. Алар Матайдын үйүнө жөн эле тамак ичкени барышкан эмес. Алардын көбү «[Исанын] жолун жолдогондордон» болчу (Мр. 2:15). Өкүнүчтүүсү, фарисейлер аларга Иса карагандай караган эмес. Адилеттүү, ырайымдуу Кудайга кызмат кылып жатышканын айтышса да, фарисейлер мекендештерин куткарылууга эч кандай үмүтү жок күнөөкөрлөр катары көрүшкөн.

16. Укуктук комитетке катышкандар эмнени аныктаганга аракет кылышы керек?

16 Бүгүнкү күндөгү аксакалдар «адилеттикти сүйгөн» Жахабаны туурашы керек (Заб. 37:28). Күнөө кылынган-кылынбаганын аныкташ үчүн алар адегенде баарын «иликтеп, жакшылап сураштырып көрүшү» зарыл. Күнөө кылынган болсо, ишти Ыйык Жазмадагы принциптерге ылайык карашы талап (Мыйз. 13:12—14). Эгер укуктук комитет түзүлө турган болсо, олуттуу күнөө кылган кишинин чындап өкүнгөн-өкүнбөгөнүн кылдат текшериши керек. Бул оңой менен байкала бербейт. Өкүнүү өз ичине анын көз карашын, маанайын, жүрөгүнүн абалын камтыйт (Аян 3:3). Жахабанын ырайымына ээ болуш үчүн күнөө кылган киши чындап өкүнүшү керек *.

17, 18. Аксакалдар күнөө кылган кишинин чындап өкүнгөнүн кантип аныктай алышат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

17 Жахаба менен Исадан айырмаланып, аксакалдар адамдын жүрөгүндө эмне бар экенин көрө алышпайт. Эгер сен аксакал болсоң, күнөө кылган кишинин чындап өкүнгөнүн кантип аныктай аласың? Биринчиден, Кудайдан акылмандык, кыраакылык сура (1 Пад. 3:9). Экинчиден, «Кудайга жаккан кайгыны», тагыраак айтканда, чыныгы өкүнүүнү «бул дүйнөгө мүнөздүү кайгыдан» ажырата алышың үчүн Кудайдын Сөзүн жана ишенимдүү кул чыгарган адабияттарды изилде (2 Кор. 7:10, 11). Ыйык Жазмада өкүнгөндөр менен өкүнбөгөндөрдүн ортосундагы айырмачылык кандайча көрсөтүлгөнүн баамда. Алардын сезимдери, маанайы, жүрүм-туруму кандайча сүрөттөлгөн?

18 Үчүнчүдөн, адамдын өзүнө көңүл топто. Анын тек-жайын, ниетин, мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенин эске ал. Жыйналыштын Башчысы Иса Машаяк жөнүндө Ыйык Китепте мындай деп айтылган: «Ал көзүнүн көргөнү боюнча соттобойт, кулагынын укканы боюнча ашкерелебейт, бей-бечараларды адилдик менен соттойт, жер жүзүндөгү мүнөзү жумшактарга болушуп, акыйкаттык менен ашкерелейт» (Ыш. 11:3, 4). Аксакалдар, силер — Исанын көзөмөлү алдындагы койчуларсыңар. Ошондуктан ал силерге өзү сот жүргүзгөндөй сот жүргүзүүгө жардам берет (Мт. 18:18—20). Ушундай кылууга умтулган камкор аксакалдарыбызга ыраазы эмеспизби?! Жыйналыштарда ырайымдуулук, адилеттүүлүк өкүм сүрүшү үчүн алардын талыкпай эмгектенип жатканына кандай гана ыраазыбыз!

19. Баш калкалоочу шаарларга байланышкан чарадан эмнеге үйрөндүң?

19 Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамда Жахаба жана анын адил принциптери жөнүндөгү «билим менен чындыктын негиздери» камтылган (Рим. 2:20). Алсак, баш калкалоочу шаарларга байланышкан чара аксакалдарга «адилеттик менен соттоого» көмөк кылат. Биз да ал чарадан бири-бирибизге мээримдүүлүк менен мамиле кылып, ырайымдуу болууга үйрөнө алабыз (Зак. 7:9). Албетте, биз ал Мыйзамга карманбайбыз. Ошентсе да Жахаба андан бери өзгөргөн жок, андыктан ал мыйзамдардын негизинде жаткан адилеттүүлүк жана ырайымдуулук сапаттары ал үчүн дагы деле абдан маанилүү. Биз Кудайга окшош болуп, анын сапаттарын чагылдыра алгыдай болуп жаратылганбыз жана аны баш маана кыла алабыз. Ушундай Кудайга кызмат кылуу биз үчүн зор сыймык!

^ 16-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 2006-жыл, 15-сентябрь, 30-бет, «Окурмандардын суроолору», ор.