Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабаны баш маана кыласыңбы?

Жахабаны баш маана кыласыңбы?

«Жахаба кызматчыларынын жанын кун төлөп куткарат, аны баш маана кылгандардын эч кимиси айыпка жыгылбайт» (ЗАБ. 34:22).

ЫРЛАР: 8, 54

1. Күнөө кылып алганда Кудайдын ишенимдүү кызматчылары адатта кандай сезимде болушат?

«МЕН бир байкуш адаммын!» (Рим. 7:24). Кудайдын көптөгөн ишенимдүү кызматчылары ушул сөздөрдү айткан элчи Пабылдыкындай сезимде болушат. Баарыбызга күнөө тукум кууп өткөндүктөн, Жахабага жагууну канчалык каалабайлы, кээде анын жүрөгүн ооруткан иштерди кылып алабыз. Андайда көңүлүбүз чөгүп, өзүбүздү байкуш бирөөдөй сезебиз. Атүгүл кээ бир ишенимдештерибиз олуттуу күнөө кылып алганда Кудай такыр кечирбейт деп ойлошот.

2. а) Забур 34:22ден Кудайдын кызматчылары өзүн күнөөлөй бербеши керектиги кандайча көрүнүп турат? б) Бул макалада эмнени карап чыгабыз? (« Пайгамбарлык мааниге ээби же тек гана сабак камтылганбы?» деген кутучаны кара.)

2 Бирок Ыйык Жазмада Жахабаны баш маана кылгандар өзүн күнөөлөй бербеши керектиги айтылат. (Оку: Забур 34:22.) Жахабаны баш маана кылуу деген эмнени билдирет? Ал бизге ырайым кылып, кечириши үчүн, эмне кылышыбыз керек? Байыркы Ысрайылдагы баш калкалоочу шаарлар жөнүндө көбүрөөк билүү менен бул суроолорго жооп ала алабыз. Албетте, ал шаарларга байланышкан чара б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында күчүн жоготкон Мыйзам келишиминин убагында болгон. Бирок ысрайылдыктарга Мыйзамды Жахаба өзү бергенин эстесең. Ошондуктан ал чарадан Жахабанын күнөөгө, күнөө кылган кишиге жана өкүнүүгө болгон көз карашын биле алабыз. Адегенде ал шаарлардын кандай максатта тандалганын жана кандай роль аткарганын карап көрөлү.

«БАШ КАЛКАЛООЧУ ШААРЛАРДЫ БӨЛҮП КОЙГУЛА»

3. Ысрайылда бирөөнүн өмүрүн атайлап кыйган кишиге кандай чара көрүлчү?

3 Жахаба байыркы Ысрайылда кандын төгүлүшүнө олуттуу караган. Эгер кимдир бирөө башка бирөөнүн өмүрүн атайлап кыйса, «өлгөн адамдын кунун кууган киши», тактап айтканда, жакын эркек тууганы аны өлтүрүүгө укуктуу болгон (Сан. 35:19). Бул бейкүнөө кишинин төгүлгөн канынан тазаланууга шарт түзмөк. Киши өлтүргөн адамды дароо жазалоо убада кылынган жерди булгануудан сактаган. Ошондуктан Жахаба: «Өзүңөр жашаган жерди булгабагыла, төгүлгөн кан [адамдын каны] жерди булгайт»,— деген (Сан. 35:33, 34).

4. Ысрайылда бирөөнү кокусунан өлтүрүп алгандарга кандай чара көрүлчү?

4 Ал эми кимдир бирөөнү кокусунан өлтүрүп алган кишиге кандай чара көрүлчү? Ал атайылап кылбаса да, айыпсыз кишинин канын төккөнү үчүн күнөөлүү деп эсептелген (Башт. 9:5). Бирок, бактыга жараша, ал «өлгөн адамдын кунун кууган кишиден» коргонуш үчүн баш калкалоочу алты шаардын бирине качып бара алмак. Ал жакта башкы дин кызматчы өлгөнгө чейин жашашы керек болчу (Сан. 35:15, 28).

5. Баш калкалоочу шаарлар жөнүндөгү билдирүү Жахабаны жакшыраак таанып-билүүгө кандайча жардам берет?

5 Алты шаарды баш калкалоочу шаарлар катары тандоону кайсы бир адам ойлоп тапкан эмес. Жахаба өзү Жашыяга: «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Мен силерге... айткан баш калкалоочу шаарларды бөлүп койгула“»,— деген. Ысрайылдыктар аларды «ыйыкташкан» (Жаш. 20:1, 2, 7, 8). Ал шаарларды өзгөчө максатта колдонуу үчүн өзүнчө бөлүп коюуну Жахаба буйрук кылгандыктан, бизде мындай суроолор туулушу мүмкүн: «Бул чара Жахабанын ырайымдуулугун тереңирээк түшүнгөнгө кандайча жардам берет? Андан бүгүнкү күндө Жахабаны баш маана кылууга байланыштуу эмнени биле алабыз?»

«АЛ ШААРДЫН АКСАКАЛДАРЫНА ЭМНЕ БОЛГОНУН АЙТЫП БЕРСИН»

6, 7. а) Кокусунан кан төккөн кишиге өкүм чыгарууда аксакалдар кандай роль аткарган? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Баш калкалоочу шаарга качып барган киши эмне үчүн аксакалдарга кайрылышы керек болчу?

6 Бирөөнү капысынан өлтүрүп алган киши өзү качып барган баш калкалоочу шаардын дарбазасынын алдында отурган аксакалдарга «эмне болгонун айтып бериши» керек болчу. Алар аны жылуу тосуп алууга тийиш эле (Жаш. 20:4). Ал эми бир нече убактан кийин аны кан төгүлгөн шаарга кайра жөнөтүшчү. Анан ал жактагы аксакалдар ишин териштирчү. (Оку: Сандар 35:24, 25.) Алар анын кылганы чындап эле кокустук болгонун жарыялагандан кийин гана ал баш калкалоочу шаарга кайтып бара алган.

7 Эмне үчүн бул ишке аксакалдар катышчу? Алар ысрайыл элинин жыйналышын таза сактоого жана кокустуктан киши өлтүрүп алган адамга Жахабанын ырайымынан айрылбаганга жардам берүүгө милдеттүү болушкан. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу баш калкалоочу шаарга качып барган кишинин аксакалдарга кайрылбаганы өмүрүнө коркунуч туудурмактыгын айткан. Ошондой эле: «Ал Кудайдын аны коргош үчүн көргөн чарасын колдонбогондуктан, өз каны өз мойнунда болгон»,— деп кошумчалаган. Ырас, капысынан кан төккөн кишиге жардам берүү үчүн атайын чара көрүлгөн. Бирок андай жардамды ал өзү издеши жана кабыл алышы керек болчу. Эгер ал Жахаба бөлүп койгон шаарлардын бирине баш калкалабаса, өлгөн кишинин жакын тууганы аны өлтүрүп коё алмак.

8, 9. Олуттуу күнөө кылып алган бир тууган эмне үчүн аксакалдарга кайрылышы керек?

8 Бүгүнкү күндө чоң күнөө кетирип алган бир тууган рухий жактан кайра бутуна туруш үчүн жыйналыштын аксакалдарына кайрылышы керек. Бул эмне үчүн маанилүү? Биринчиден, Ыйык Китепте айтылгандай, олуттуу күнөө кылгандардын ишин кароону Жахаба аксакалдарга тапшырган (Жкп. 5:14—16). Экинчиден, бул өкүнгөн күнөөкөргө Кудайдын ырайымынан айрылбаганга жана туура эмес ишин кайталабаганга жардам берет (Гал. 6:1; Евр. 12:11). Үчүнчүдөн, аксакалдар өкүнгөн күнөөкөргө өзүн күнөөлөй бербегенге, кайгысын жеңилдетүүгө көмөк кылып, сооротуп-жубатууга дайындалган жана бул жагынан жакшы үйрөтүлгөн. Жахаба аларды «нөшөрдөн калкалай турган жай» деп айткан (Ыш. 32:1, 2). Мындай чара Кудайдын ырайымдуу экенин көрсөтүп турган жокпу?!

9 Кудайдын көптөгөн кызматчылары аксакалдарга кайрылып, алардын жардамын кабыл алуунун аркасында жеңилдеп калышканын айтышкан. Мисалга Дэниел деген ишенимдешибизди алалы. Ал олуттуу күнөө кылып алып, бир нече ай бою аксакалдарга айта албай жүргөн. Дэниел мындай деп эскерет: «Ушунча көп убакыт өтүп кетти, эми аксакалдар мага кантип жардам бере алмак эле деп ойлочумун. Бир күнү кыңыр ишим билинип, кесепетин тартам го деп коркуп жүрчүмүн. Ошондой эле Жахабадан тиленген сайын өзүмдү адегенде кылган күнөөм үчүн кечирим суроого милдеттүү сезе берчүмүн». Акыры, ал аксакалдардан жардам сураган. «Чынын айтсам, аларга кайрылгандан корктум. Бирок алар менен сүйлөшкөндөн кийин, кимдир бирөө үстүмөн оор жүктү алып салгандай эле болду. Азыр Жахабага ээн-эркин кайрыла алам»,— дейт Дэниел. Ал Кудайга таза абийир менен кызмат кылууда. Жакында эле кызмат жардамчысы болуп дайындалды.

«АЛ ШААРЛАРДЫН БИРИНЕ КАЧЫП БАРСЫН»

10. Бирөөнү кокустан өлтүрүп алган киши, күнөөсү кечирилиши үчүн, эмне кылышы керек болгон?

10 Бирөөнү кокустан өлтүрүп алган кишиден, күнөөсү кечирилиши үчүн, иш-аракет кылуу талап кылынган. Ал жакын жердеги баш калкалоочу шаарга качып барышы керек болчу. (Оку: Жашыя 20:4.) Анын жайбаракат жүрүп алганын элестетүү кыйын. Себеби шаарга мүмкүн болушунча эртерээк качып барганынан жана ал жакта калганынан өмүрү көз каранды болгон. Ан үчүн айрым нерселеринен баш тартууга туура келген. Алсак, жумушун, ыңгайлуу үй-жайын таштап кеткен. Ошондой эле башкы дин кызматчы көз жумганга чейин, эки жакка чыга алган эмес * (Сан. 35:25). Бирок мындай курмандыктарга барганы арзырлык болгон. Эгер ал баш калкалоочу шаардан кетсе, кан төккөнүнө олуттуу карабай турганын көрсөтмөк, өз өмүрүнө да коркунуч туудурмак.

11. Өкүнгөн күнөөкөр Кудайдын ырайымын баалай турганын кандай иштер менен көрсөтөт?

11 Бүгүнкү күндө да күнөөсү үчүн өкүнгөн киши Кудайдын ырайымынан айрылбаш үчүн тийиштүү иш-аракеттерди кылышы керек. Ал олуттуу күнөөдөн эле эмес, ага алып бара турган нерселерден да качып, туура эмес ишин толугу менен ташташы зарыл. Ыйык рухтун жетеги менен элчи Пабыл күнөөсү үчүн өкүнгөн корунттук ишенимдештеринин кандай иш-аракеттерди кылганын жазган. Ал: «Кудайга жаккан кайгы силерде кандай тырышчаактыкты, тазаланууну, жаман ишти жактырбоону, Кудайдан коркуу сезимин, ынтызарлыкты, ынталуулукту, оңолууну пайда кылганын карагылачы!» — деген (2 Кор. 7:10, 11). Жаман ишибизди таштоого бүт күчүбүздү жумшасак, Жахабаны бизге ырайым кылууга милдеттүү көрбөй турганыбызды, күнөөбүз үчүн чындап тынчсызданып жатканыбызды көрсөтөбүз.

12. Кудайдын ырайымынан айрылбаш үчүн эмнелерден качышыбыз керек болушу мүмкүн?

12 Кудайдын кызматчысына анын ырайымынан айрылбаш үчүн эмнелерден качууга туура келиши мүмкүн? Ал күнөө кылышына себеп боло турган нерседен, атүгүл аны жакшы көрсө да, баш тартууга даяр болушу керек (Мт. 18:8, 9). Эгер кайсы бир досторуң Жахабага жакпаган ишти кылууга түртсө, алар менен болгон байланышыңды үзөсүңбү? Ичимдик ичүүдө өзүңдү башкаруу кыйын болсо, көп ичип алууга шарт түзө турган жагдайлардан качасыңбы? Ыпылас каалоолор менен күрөшүп жүрсөң, таза эмес ойлорду пайда кыла турган кинолордон, веб-сайттардан же иштерден алыс болосуңбу? Жахабанын алдында кынтыксыз бойдон калуу үчүн жумшаган аракетибиздин акыбети сөзсүз кайтарын унутпа. Анын жактыруусунан айрылып калуудан өткөн кайгы жок. Ал эми анын түбөлүктүү мээримине бөлөнүү эч нерсеге салыштырылгыс канааттануу тартуулайт (Ыш. 54:7, 8).

«АЛ ШААРЛАР СИЛЕРДИ... КАЛКАЛАЙ ТУРГАН ШААРЛАР БОЛОТ»

13. Баш калкалоочу шаарга качып барган киши эмне үчүн өзүн коопсуз, бактылуу сезе алган?

13 Баш калкалоочу шаарга качып барган киши ал жакта коопсуз болгон. Жахаба: «Ал шаарлар силерди... калкалай турган шаарлар болот»,— деген (Жаш. 20:2, 3). Кудай бирөөнү өлтүрүп алган кишини ошол эле иши боюнча кайрадан соттоону талап кылган эмес жана өлгөн адамдын кунун кууган кишинин ал шаарга кирип, аны өлтүрүшүнө жол берген эмес. Ошондуктан анын кимдир бирөө өч алат деп коркушуна негиз жок болчу. Баш калкалоочу шаарда жашап жүргөн кезинде ал Жахабанын коргоосу астында өзүн коопсуз сезчү. Ал качып барган шаар түрмө эмес болчу. Анын иштегенге, башкаларга жардам бергенге, Жахабага тынчтыкта кызмат кылганга мүмкүнчүлүгү боло турган. Ооба, ал бактылуу, маңыздуу жашоо өткөрө алган.

Жахабанын кечирерине бекем ишен (14—16-абзацтарды кара)

14. Күнөөсү үчүн өкүнгөндөр эмнеден шектенбесе болот?

14 Олуттуу күнөө кетирип алган, бирок өкүнгөн бир туугандардын айрымдары өзүн жемелеп, каймана мааниде түрмөгө камалгандай сезиши, атүгүл Жахаба эч качан кечирбейт деп ойлошу мүмкүн. Эгер сен да ушундай сезимде болуп жатсаң, Жахаба кечиргенде күнөөңдү толугу менен кечирерине эч шектенбе. Жогоруда сөз кылынган Дэниел буга өз тажрыйбасынан ынанган. Аксакалдар ишин карап, кайрадан таза абийирге ээ болууга көмөк кылгандан кийинки абалы жөнүндө ал мындай деген: «Кадимкидей жеңилдей түштүм. Ишим тийиштүү түрдө каралгандан кийин өзүмдү жемелебей калдым. Күнөө кечирилгенден кийин ал биротоло кечирилген болот. Жахаба, өзү айткандай, үстүңдөгү оор жүктү алып, алыс жакка ыргытып жиберет. Аны кайра эч качан көрбөйсүң». Баш калкалоочу шаарга качып барган киши ал жакта жүргөндө кун кууган киши өлтүрүп кетет деп коркчу эмес. Анын сыңарындай, Жахаба күнөөбүздү кечиргенден кийин аны кайра эстейт же жазалаганга себеп издейт деп коркпошубуз керек. (Оку: Забур 103:8—12.)

15, 16. Исанын Куткаруучу жана Башкы дин кызматчы экени Кудайдын ырайым кыларына болгон ишенимиңди кандайча бекемдейт?

15 Жахабанын ырайым кыларына ишенүүгө бизде ысрайылдыктарга караганда көбүрөөк негиз бар. Элчи Пабыл Жахабага жеткилең түрдө баш ие албаганы үчүн өзүн байкуш адамдай сезерин айткандан кийин: «Мени Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу куткара турган Кудайга ыраазымын!» — деген (Рим. 7:25). Ооба, ал жеткилеңсиздиктен жана мурун кылып, бирок өкүнгөн күнөөлөрүнөн улам кыйналса да, Кудайдын аны Иса Машаяк аркылуу кечирерине бекем ишенген. Куткаруучубуз катары Иса абийирибизди тазалап, жан дүйнө тынчтыгын берет (Евр. 9:13, 14). Ал эми Башкы дин кызматчыбыз катары «ал өзү аркылуу Кудайга жакындагандарды толугу менен куткара алат, себеби ар убак тирүү болгондуктан алар үчүн арачылык кыла алат» (Евр. 7:24, 25). Байыркы Ысрайылда башкы дин кызматчы ысрайылдыктарды күнөөсү кечирилгенине ынандырган болсо, Башкы дин кызматчыбыз Иса бизди «жардамга муктаж болгонубузда Кудай бизге ырайымын, кайрымдуулугун көрсөтөрүнө» ого бетер ынандыра алат (Евр. 4:15, 16).

16 Жахабаны баш маана кылыш үчүн Исанын курмандыгына ишеним арт. Кунду жалпы адамзат үчүн төлөнгөн нерсе катары эле көрбө. Анын жеке сен үчүн да төлөнгөнүнө ишен (Гал. 2:20, 21). Кун аркылуу күнөөлөрүң кечирилерине, түбөлүк өмүргө ээ болоруңа ишен. Ооба, Исанын курмандыгы — Жахабанын сага берген белеги.

17. Эмне үчүн Жахабаны баш маана кылгың келет?

17 Баш калкалоочу шаарлар Жахабанын ырайымдуулугун чагылдырып турат. Андай чара көрүү менен Кудай өмүрдүн ыйык экенин эле эмес, аксакалдардын бизге кантип жардам берерин, чындап өкүнүү деген эмне экенин жана өзүнүн күнөөлөрүбүздү кечирерине эмне үчүн толук ишенсек болорун баса белгилеген. Сен Жахабадан баш маана издейсиңби? Андан өткөн коопсуз жай жок (Заб. 91:1, 2). Кийинки макалада баш калкалоочу шаарлар бизге Жахабага окшоп адилеттүү, ырайымдуу болууга кандайча жардам берери талкууланат.

^ 10-абз. Жүйүт окумуштууларынын айтканына ылайык, бирөөнү кокусунан өлтүрүп алган кишинин үй-бүлөсү, сыягы, аны менен чогуу баш калкалоочу шаарда жашаган.