Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаңы жыйналышка канткенде көнүп кете аласың?

Жаңы жыйналышка канткенде көнүп кете аласың?

«БУЛ жакка көчүп келерде аябай тынчсыздангам. Дос таба аламбы, мени кандай кабыл алышат болду экен деп ойлонгом»,— дейт Аллен *. Ал үйүнөн 1 400 чакырымдан ашуун алыстыкка көчүп барып, жаңы жыйналышка ылайыкташып жатат.

Балким, сен да башка жыйналышка которулуп, сарсанаа болуп жаткандырсың. Көнүп кеткенге эмне жардам берет? Жаңы жыйналышка ылайыкташуу сен ойлогондон да оор болуп жатса, эмне кылсаң болот? Ал эми сенин жыйналышыңа башкалар которулуп келсе, аларга кантип колдоо көрсөтө аласың?

ЖАҢЫ ЖЫЙНАЛЫШТА ЖЕМИШТҮҮ КЫЗМАТ КЫЛЫШ ҮЧҮН

Бир мисалга токтололу. Бакты башка жакка көчүргөндө, башында жакшы өсө албай кыйналат. Себеби аны көчүрүү оңой болуш үчүн, казып жатканда тамырларынын көбүн кесип салышат. Бирок отургузгандан көп өтпөй эле жаңы тамырлар чыга баштайт. Анын сыңарындай, башка жыйналышка которулганда башында көнө албай кыйналышың мүмкүн. Мурунку жыйналышыңда көптөр менен ынак дос болуп, белгилүү бир рухий күн тартипке көнүп, «тамыр» жайган болчусуң. Эми жаңы жыйналышта жемиштүү кызмат кылышың үчүн, сенден жаңы тамырлар өсүп чыгышы керек. Буга эмне жардам берет? Ыйык Жазмадагы принциптерди колдонуу. Эмесе, алардын айрымдарын карап көрөлү.

Кудайдын Сөзүн дайыма окуган киши «суу агымдарынын жээгине отургузулуп, өз маалында жемиш берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Эмне иш кылбасын, ийгиликке жетет» (Заб. 1:1—3).

Дарак жакшы өсүшү үчүн дайыма сугарылып турушу керек болгондой эле, Кудайдын кызматчысы рухий жактан бекем болуш үчүн анын Сөзү менен дайыма азыктанып турушу зарыл. Андыктан Ыйык Китепти күндө оку, жыйналыш жолугушууларын калтырба. Үй-бүлөлүк жана өздүк изилдөөнү үзгүлтүккө учуратпай өткөр. Рухий жактан бекем болуш үчүн мурун эмнелерди кылып келсең, жаңы жерге баргандан кийин да ошолорду кыла беришиң керек.

«Башкалардын суусунун кандырган адамдын өзүнүн да суусуну канат» (Накыл 11:25).

Кызматка толук кандуу катышсаң, жаңы жыйналышка батыраак көнүп, аралашып кетесиң. «Көчүп баргандан көп өтпөй эле көмөкчү пионер болгонубуз аялым экөөбүзгө өзгөчө жардам берди,— дейт Кевин деген аксакал.— Мунун аркасында бир туугандар, анын ичинде пионерлер менен бат эле таанышып, аймагыбызды жакшы билип калдык». Ал эми үйүнөн 1 600 чакырымдан ашуун алыстыкка көчүп барган Рожер мындай дейт: «Жаңы жыйналышка көнүп кетүүнүн эң мыкты жолу — кызматка мүмкүн болушунча көп чыгуу. Ошондой эле жардам берүүгө даяр экениңди, мисалы, Падышалык залын тазалоого көмөк кыла аларыңды, жыйналыштан бирөөнүн ордуна тапшырма менен чыга аларыңды же кимдир бирөөнү машине менен жыйналышка алып келип тура аларыңды аксакалдарга билдирип койсоң болот. Бир туугандар жан аябас экениңди көрсө, сага тартылат».

«Жүрөгүңөрдү кенен ачкыла» (2 Кор. 6:13).

Көптөр менен достошконго аракет кыл. Мелисса менен үй-бүлөсү башка жыйналышка которулганда жаңы досторду тапканга умтулушкан. «Биз жыйналышка чейин да, жыйналыштан кийин да бир туугандар менен пикирлешчүбүз. Бул алар менен жөн эле учурашып койбой, көбүрөөк сүйлөшүүгө өбөлгө түзчү»,— дейт ал. Мунун аркасында алар ишенимдештеринин аттарын да бат жаттап алышкан. Андан сырткары, меймандостук көрсөтүү менен да жүрөктөрүн кенен ачышкан. Бул болсо өздөрү достошкон адамдар менен болгон мамилесин чыңдоого жардам берген. Мелисса: «Алар менен байланышта болуп туруш үчүн жана рухий же башка иштерге чогуу катыша алышыбыз үчүн телефон номурларыбызды алышканбыз»,— деп кошумчалайт.

Тааныбаган адамдар менен сүйлөшкөндөн тартынсаң, кичинекей эле нерселерден баштасаң болот. Мисалы, аларга жылмай. Башында буга көңүлүң анча келбеши мүмкүн. Бирок жылмаюу менен башкаларды өзүңө тартасың. Анткени «көздөн чачырап турган нур жүрөктү кубантат» (Накыл 15:30). Чоңоюп-өскөн жеринен ыраак жакка көчүп барган Рэйчел мындай дейт: «Мен табиятыман эле тартынчаакмын. Жаңы жыйналыштагы бир туугандар менен сүйлөшүш үчүн кээде өзүмдү мажбурлаганга туура келет. Падышалык залынан эч ким менен сүйлөшпөй, өзүнчө отурган бирөөнү издейм. Ал да мага окшоп уялчаак болушу мүмкүн». Сен да дайыма жыйналышка чейин же андан кийин жаңы бирөө менен пикирлешкенге аракет кыл.

Же тескерисинче, жаңы адамдар менен таанышканыңа алгачкы бир нече жума аябай сүйүнүп жүрүшүң, бирок убакыттын өтүшү менен кызыгы тарай башташы мүмкүн. Андайда андан ары да дос тапканга умтула бер.

Көчүрүлгөн бак башында жакшы өсө албай кыйналат, бирок отургузулгандан кийин, жаңы тамырлар өсүп чыгат

КӨНҮҮ ҮЧҮН УБАКЫТ ТАЛАП КЫЛЫНАТ

Көчүрүлгөндөн кийин кээ бир бактар башкаларына караганда кечирээк жанданат. Ошо сыңары, жаңы жыйналышка көнүп кетүүгө баарына бирдей убакыт талап кылынбайт. Башка жыйналышка которулганыңа бир нече убакыт болуп калса да, дагы деле көнө албай жатсаң, Ыйык Китептеги төмөнкү принциптерди колдонуу жардам берет:

«Жакшылык кылып жатып багынбайлы, анткени алсырап эле калбасак, убагы келгенде оруп алабыз» (Гал. 6:9).

Өзүң ойлогондон да көбүрөөк убакыт керек болушу мүмкүн экенин унутпа. Мисалы, Гилат мектебин бүтүрүп, башка өлкөгө дайындалган миссионерлердин көбү бир нече жыл өткүчө мекенине барбай турушат. Бул аларга жергиликтүү бир туугандар менен ынак мамиле өрчүтүп, ал жактын маданиятына көнүп кетүүгө шарт түзөт.

Бир нече жолу жыйналыш которгон Алехандро жаңы жыйналышка бат көнүп кетүү оңой эмес экенин жакшы билет. Ал: «Акыркы жолу көчкөнүбүздө аялым: „Досторумдун баары мурунку жыйналышта калды“,— деп кейиген»,— дейт. Алехандро эки жыл мурун көчкөндө да так ушинтип айтканын анын эсине салган. Жубайы ошол эки жылдын ичинде башкаларга чындап көңүл буруунун аркасында алар менен жакын достордон болуп калган.

«„Эмне үчүн азыркы күндөргө караганда өткөн күндөр жакшы эле?“ — дебе. Анткени антип сураганың акылмандыкка жатпайт» (Нас. 7:10).

Азыркы жыйналышыңды мурунку жыйналышың менен салыштырба. Мисалы, жаңы жыйналышыңдагылар тартынчаак же тескерисинче, ачык-айрым болушу мүмкүн. Алардын сенин жакшы жактарыңа көңүл бурушун каалаганыңдай эле, сен да алардын жакшы жактарына көңүл бур. Бөлөк жыйналышка которулгандардын айрымдары: «Чындап эле бир туугандардын баарын сүйөмбү?» — деп ойлонууга туура келгенин айтышкан (1 Пет. 2:17).

«Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет» (Лк. 11:9).

Кудайдан жардам сурап тилене бер. «Өзүм эле көнүп кетем деп ойлобо. Биз көп нерсени Жахабанын жардамы менен гана кыла алабыз. Андан жардам сурап тилен»,— дейт Дэйвид деген аксакал. Буга жогоруда сөз кылынган Рэйчел да кошулат. Ал мындай дейт: «Күйөөм экөөбүз жыйналыштан бир аз алыстап бараткандай сезилгенде Жахабадан: „Башкаларды бизден алыстаткыдай бир нерсе кылып жаткан жокпузбу, билгенге жардам берчи“,— деп тиленебиз. Анан бир туугандар менен көбүрөөк убакыт өткөргөнгө аракет кылабыз».

Ата-энелер, балдарыңар жаңы жыйналышка көнө албай кыйналып жатса, алар менен чогуу тиленгиле. Балдарыңар жаңы досторду таба алышы үчүн, бекемдээрлик пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп бергиле.

ЖАҢЫЛАРДЫ ЖЫЛУУ КАБЫЛ АЛ

Жыйналышыңа которулуп келгендерге кантип жардам бере аласың? Башынан эле чындап дос болгонго аракет кыл. Ан үчүн өзүңдү алардын ордуна коюп, бир туугандардын эмне кылышын кааламактыгың жөнүндө ойлонуп көр. Анан ошенткенге аракет кыл (Мт. 7:12). Аларды үй-бүлөлүк изилдөөгө же JW телеберүүсүнүн ай сайынкы программасын чогуу көрүүгө чакыра аласыңбы? Кызматка жазыласыңбы? Эгер конокко чакырып, кичинекей эле бир нерсе жасап берсең, алар муну көпкө чейин унутпайт. Жаңы келгендерге иш жүзүндө дагы кандай жардам көрсөтсөң болот?

«Жыйналышка которулуп келгенибизде, бир эже арзан дүкөндөрдүн тизмесин берген. Бул чоң жардам болгон»,— дейт Карлос. Климаты кыйла айырмаланган өлкөдөн көчүп келгендерге сенин өлкөңдө ысыкта, суукта же жаан-чачында кантип кийинүү керектигин айтсаң, аябай ыраазы болушат. Ошондой эле аларга жергиликтүү элдин тарыхын же диний ишенимдерин айтып берүү менен кызматын натыйжалуу аткарууга жардам бересиң.

АРАКЕТИҢДИН АКЫБЕТИ КАЙТАТ

Макаланын башында сөз кылынган Аллендин башка жыйналышка которулганына бир жылдан ашты. Ал: «Башында бир туугандар менен таанышуу үчүн өзүмдү мажбурлаганга туура келчү. Азыр аларды үй-бүлөмдөй эле көрөм жана бактылуумун»,— дейт. Аллен башка жыйналышка которулуу менен досторунан айрылбаганын, тескерисинче, өмүр бою ынак боло турган жаңы досторду тапканын түшүнгөн.

^ 2-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.