Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Шаттана ырдайлы!

Шаттана ырдайлы!

«Кудайыбызды даңктап ырдоо жакшы» (ЗАБ. 147:1).

ЫРЛАР: 10, 2

1. Ыр эмнеге өбөлгө түзөт?

БИР атактуу акын: «Сөздөр ойлонууга түрткү берет. Музыка болсо сезимдерди ойготот. Ал эми ырлар ойлорду сезгенге жардам берет»,— деп айткан экен. Биздин ырлар асмандагы Атабыз Жахабага болгон сүйүүбүздү чагылдырып, аны мактап-даңктоого өбөлгө түзөт. Анын аркасында абдан жагымдуу сезимдерди туябыз. Андыктан өзүбүзчө ырдайбызбы же Кудайдын эли менен чогуубу, ыр таза сыйынуунун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.

2, 3. а) Айрымдар жыйналыштан ырдаганга кандай карайт? б) Бул макалада кайсы суроолорду карайбыз?

2 Сен жыйналышта ырдаганга кандай карайсың? Уялып, өзүңдү оңтойсуз сезбейсиңби? Айрым маданияттарда эркектер элдин көзүнчө ырдагандан тартынышат. Мындай көрүнүш, өзгөчө, жетекчиликти колго алган бир туугандардын жыйналышта ыр ырдалып жатканда башка иштер менен алек болгону же ырдабай койгону бүтүндөй жыйналышка терс таасир этет (Заб. 30:12).

3 Эгер жыйналыштан ыр ырдоону сыйынуубуздун бир бөлүгү катары көрсөк, ыр учурунда сыртка чыгып кетпейбиз же ага катышпай койбойбуз. Ошондуктан ар бирибиз мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Жыйналышта ырдаганга кандай карайм? Шаттана ырдаганга тоскоолдук кылган ой-сезимдерди кантип жеңсем болот? Жан-дилден ырдаш үчүн эмне кылсам болот?»

ЫР — ЧЫНЫГЫ СЫЙЫНУУНУН МААНИЛҮҮ БӨЛҮГҮ

4, 5. Байыркы Ысрайылда сыйынуу учурунда ыр ырдоо канчалык маанилүү болгон?

4 Жахабанын ишенимдүү кызматчылары тээ илгертен эле аны даңктоо ырларын ырдап келишет. Байыркы убакта ысрайылдыктар Жахабага берилгендик менен кызмат кылып жүргөндө ыр алардын сыйынуусунун маанилүү бөлүгү болгон. Алсак, Дөөтү падыша ибадатканадагы кызмат үчүн даярдык көрүп жатканда 4 000 лебини күү аспаптарда ойноп, Жахабаны даңктаганга дайындаган. Алардын 288и «Жахабаны даңктап ырдоого үйрөтүлгөн, абдан жакшы ырдаган ырчылар болушкан» (1 Жылн. 23:5; 25:7).

5 Ибадаткананы арноо аземинде да музыка менен ыр маанилүү роль ойногон. Ыйык Китепте мындай делет: «Сурнайчылар менен ырчылардын баары бир кишидей болуп Жахабага ыраазычылык билдирип, аны даңктай башташканда, ырчылар сурнайдын, жез табактын жана башка күү аспаптардын коштоосунда... Жахабаны даңктап ырдай баштаганда,.. чыныгы Кудайдын үйү Жахабанын даңкына толгон». Бул баарынын ишенимин бекемдегени шексиз (2 Жылн. 5:13, 14; 7:6).

6. Некемия Иерусалимде башкаруучу болуп турганда ыр менен музыкага байланыштуу кандай чара көргөн?

6 Некемия ишенимдүү ысрайылдыктарга Иерусалимдин дубалын кайра тургузуу ишинде көзөмөл кылгандан сырткары, лебилерди музыкалык аспаптардын коштоосунда даңктоо ырларын ырдоого дайындаган. Дубал курулуп бүтүп, арноо аземи өткөрүлүп жатканда, ыр менен музыка айлананы шаңга бөлөп, элдин кубанычына кубаныч кошкон. Некемия азем учурунда «Кудайга ыраазычылык билдирип ырдаган ырчыларды» эки чоң топко бөлгөн. Эки топ дубалдын үстү менен эки тарапты көздөй жөнөп, ибадатканага жакын жерден жолугушкан. Алардын үнү тээ алыска чейин угулган (Нек. 12:27, 28, 31, 38, 40, 43). Кызматчыларынын аны чын жүрөктөн даңктап ырдаганы Жахабага аябай жакканы күмөнсүз.

7. Сыйынуу учурунда ырдоо маанилүү экенин Иса Машаяк кантип көрсөткөн?

7 Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы уюшулгандан кийин да музыка чыныгы сыйынуунун маанилүү бөлүгү бойдон кала берген. Адамзат тарыхындагы эң маанилүү түндө Иса Машаяк, Эскерүү кечеси негизделгенден кийин, шакирттери менен чогуу Кудайды даңктап ырдаган. (Оку: Матай 26:30.)

8. 1-кылымдагы шакирттер Кудайды даңктап ырдоо жагынан кандайча жакшы үлгү калтырышкан?

8 Исанын 1-кылымдагы шакирттери Кудайды чогуу даңктап ырдоо жагынан жакшы үлгү калтырышкан. Көбүнчө менчик үйлөрдө чогулушса да жана үйлөр ибадатканадай кооз, заңгыраган болбосо да, алар Жахабаны чын жүрөктөн даңктап ырдашчу. Элчи Пабыл ишенимдештерине ыйык рухтун жетеги менен: «Мындан ары да бири-бириңерди забурлар, Кудайды даңктоо ырлары жана жагымдуу рухий ырлар менен бекемдеп, үйрөтө бергиле. Жахабага жүрөгүңөрдөн ырдагыла»,— деп жазган (Кол. 3:16). Биздин ырлар, чынында эле, Жахабага ыраазычылык менен ырдай турган «жагымдуу рухий ырлар». Алар — «ишенимдүү жана акылдуу кул» даярдап берип жаткан рухий тамактын бир бөлүгү (Мт. 24:45).

ТЕРС ОЙ-СЕЗИМДЕРДИ ЖЕҢҮҮ

9. а) Айрымдар жыйналышта, жыйындарда ырдагандан эмне үчүн тартынышы мүмкүн? б) Эмне себептен Жахабаны даңктап ырдашыбыз керек жана бул жагынан кимдер жетекчиликти колго алууга тийиш? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

9 Ырдаганга эмнелер тоскоолдук кылышы мүмкүн? Балким, үй-бүлөңдө же маданиятыңда ыр ырдоо көнүмүш эместир. Ошондой эле телевизордон же радиодон таланттуу ырчылардын ырдаганын угуп, өзүңдүн үнүңдү алардыкына салыштырып алып уялышың же көңүлүң чөгүшү мүмкүн. Бирок бул Жахабаны даңктап ырдоого байланыштуу милдетиңди аткарууга жолтоо болбошу керек. Ошондуктан ыр китебиңди бийик кармап, башыңды көтөрүп, бүт дитиң менен ырда! (Эзра 3:11; оку: Забур 147:1). Учурда көптөгөн Падышалык залдарында ырлардын сөздөрү экрандан көрсөтүлүп турат. Бул үнүбүздү бийик чыгарып ырдаганга шарт түзөт. Аксакалдар билим алган Падышалык кызмат мектебинде да ырлар ырдалат. Мындан жыйналышта ыр ырдоодо аксакалдардын жетекчиликти колго алышы керектиги көрүнүп турат.

10. Ырдагандан коркуп жатсак, эмнени унутпашыбыз керек?

10 Көптөргө бүт үнү менен ырдаганга коркуу сезими тоскоолдук кылат. Алар башкалардын көңүлүн бурдуруп алам же үнүм аларга жакпай калат деп коркушу мүмкүн. Андайда бир нерсени эстен чыгарбашыбыз кажет: сүйлөп жатканда «баарыбыз тең көп жаңылабыз» (Жкп. 3:2). Бирок ошон үчүн эле сүйлөбөй койбойбуз да. Анын сыңарындай, жакшы ырдай албагандыктан эле Жахабаны даңктабай койбошубуз керек.

11, 12. Жакшы ырдаганды үйрөнүүгө кайсы кеңештер жардам берет?

11 Кээде кантип ырдаш керектигин билбегендиктен да тартынышыбыз мүмкүн. Анткен менен айрым кеңештерди колдонуунун аркасында жакшы ырдаганга үйрөнө алабыз *.

12 Үндү бийик чыгарып ырдаш үчүн туура дем алуу маанилүү. Электр энергиясы лампочкага кубат берип, күйүшүн шарттагандай эле, дем алуу сүйлөп же ырдап жатканда үнүңдүн бийик чыгышына өбөлгө түзөт. Ырдаганда үнүңдү сүйлөп жаткандагыдай, атүгүл андан да бийик чыгарганга аракет кыл. («Теократиялык кызмат мектебинен пайда алалы» китебинин 181—184-беттериндеги «Өпкөдөгү абаны жөнгө салып туруу» деген бөлүмчөнү кара.) Ыйык Китептин айрым аяттарында Жахабанын кызматчылары даңктоо ырларын «кубанып-шаттанып» ырдоого чакырылат (Заб. 33:1—3).

13. Ырдаганда өзүбүздү ишенимдүү сезиш үчүн эмне кылсак болот?

13 Үй-бүлө менен изилдөө же өздүк изилдөө учурунда төмөнкү кеңештерди колдонуп көр: ыр китебибизден жакшы көргөн ырларыңдын бирин танда. Анын сөздөрүн үнүңдү бийик чыгарып окуп чык. Андан соң ошол эле тон менен ырдагы бир фразанын бардык сөздөрүн бир дем менен айт. Анан ал фразаны ошондой эле тон менен ырдап көр (Ыш. 24:14). Мунун аркасында үнүң бийигирээк чыгып, жакшыраак ырдап каласың. Ырдагандан эч качан коркпо, тартынба!

14. а) Ырдаганда оозду чоң ачуу кандайча жардам берет? (« Жакшы ырдаш үчүн» деген кутучаны кара.) б) Сага үндү жакшыртууга байланыштуу кайсы кеңештер жакты?

14 Үнүң болушунча бийик чыгышы үчүн, оозуңду кенен ачышың керек. Андыктан ырдап жатканда оозуңду сүйлөгөндөгүгө караганда чоңураак ач. Эгер үнүм начар же өтө эле катуу чыгат деп тынчсызданып жатсаң, эмне кылсаң болот? Буга байланыштуу жакшы кеңештерди «Теократиялык кызмат мектебинен пайда алалы» китебинин 184-бетиндеги «Айрым кемтиктер жана аларды жеңүү» деген кутучадан таба аласың.

ЧЫН ЖҮРӨКТӨН ДАҢКТАП ЫРДАЙЛЫ

15. а) 2016-жылы жылдык жолугушууда кандай кулактандыруу айтылган? б) Ыр китеп кайсы себептерден улам жаңыртылган?

15 2016-жылы Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун (Пенсильвания) жылдык жолугушуусунда Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Стивен Летт жолугушууларда «Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы» деген жаңы ыр китеп колдонула баштаарын кулактандырган. Ошондо баары кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн. Стивен бир тууган ыр китептин жаңыртылганынын бир себеби ырлардын текстин «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышына ылайык келтирүү болгонун айткан. Ал максатка жетиш үчүн «Жаңы дүйнө котормосунун» 2013-жылы кайра каралган басылышында колдонулбаган айрым сөздөр ыр китептен да алынып салынган же башкасына алмаштырылган. Андан сырткары, жаңы ыр китепке кабар айтуу ишибизге байланышкан жана кун үчүн ыраазычылык билдирилген ырлар да кошулган. Ошондой эле ыр ырдоо сыйынуубуздун маанилүү бөлүгү болгондуктан, Жетектөөчү Кеңеш ыр китептин сапаттуу болушун туура көргөн. Андыктан анын мукабасы «Жаңы дүйнө котормосунукуна» окшоштурулган.

16, 17. Жаңы ыр китепте дагы эмнелер өзгөртүлгөн?

16 «Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы» ыр китебин колдонуу оңой болушу үчүн, ырлар тема боюнча жайгаштырылды. Айталы, алгачкы 12 ыр Жахаба жөнүндө, андан кийинки 8 ыр Иса Машаяк жана кун жөнүндө. Калган ырлар да ушинтип тема боюнча кете берет. Кайсы бир нерсеге, мисалы, жалпыга арналган баяндамага ыр тандоо жеңилирээк болушу үчүн, ыр китепте тематикалык индекс да бар.

17 Баарыбыз чын жүрөктөн ырдай алышыбыз үчүн, кээ бир ырлардын тексти өзгөртүлдү. Алсак, айрым ойлор айкыныраак берилди жана айтканга оор сөздөр алынып салынды. Мурунку китептеги «Жүрөгүңдү сакта» деген ырдын «Жүрөгүбүздү сактайлы» деп өзгөртүлгөнү да абдан орундуу болду. Эмне үчүн? Жыйналыштарга, жыйындарга келгендердин арасында жаңылар, кызыгуучулар, жаштар, эже-карындаштар арбын. Андыктан ырдап жатканда алар башкаларга кеңеш бергендей болуп калбаш үчүн, жогорудагы ырдын аталышы менен сөздөрү өзгөртүлдү.

Үй-бүлөлүк сыйынуу учурунда ырдап көнүккүлө (18-абзацты кара)

18. Жаңы ыр китептеги ырларды жакшы билгенибиз эмне үчүн маанилүү? (Шилтемени кара.)

18 «Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы» деген ыр китептеги ырлардын көбү тиленүүгө окшош. Аларды ырдап жатканда Жахабага ички ой-сезимдериңди билдире аласың. Дагы башка ырлар бизди «сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөйт» (Евр. 10:24). Албетте, ар бирибиз эле ырларыбыздын обонун, сөздөрүн жакшы билип алгыбыз келет. Ал максатка жетүү үчүн jw.org сайтынан ырларды угуп туруу зарыл. Үйдөн дайыма көнүгө берсең, өзүңдү ишенимдүү сезип, чын жүрөктөн ырдаганга үйрөнөсүң *.

19. Жыйналыштагылардын баары канткенде Жахабага сыйына алат?

19 Ыр ырдоо сыйынуубуздун маанилүү бөлүгү экенин эсиңден чыгарба. Ыр менен Жахабага болгон сүйүүбүздү, ыраазычылыгыбызды билдиребиз. (Оку: Ышая 12:5.) Ошондой эле кубанып-шаттанып ырдаганыбызда башкаларга чын жүрөктөн ырдаганга түрткү беребиз. Жыйналыштагылардын баары: жаштар да, карылар да, жаңы келгендер да ыр ырдоо менен Жахабага сыйына алышат. Ошондуктан ырдагандан эч тартынба. Анын ордуна, забурчунун: «Жахабаны мактап ырда»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кыл. Чын жүрөктөн шаттана ырда! (Заб. 96:1).

^ 11-абз. Жакшы ырдаганды үйрөнүүгө байланыштуу кеңештерди JW телеберүүсүнө чыккан «Дэйвид Сплэйн. Жаңы ырларды ырдоого даярдануу» деген орус тилиндеги баяндамадан таба аласың. (Жолу: СТУДИЯБЫЗДАН > БАЯНДАМАЛАР.)

^ 18-абз. Ар бир жыйында эртең менен жана түштөн кийин программа башталарда 10 мүнөт музыка коюлат. Бул бизге шыктануу менен ырдаганга түрткү бергенден сырткары, жыйындын программасына жүрөгүбүз менен акылыбызды даярдаганга жардам берет. Андыктан ордубузга отуруп, музыканы башынан аягына чейин кунт коюп укканыбыз абзел.