Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эч нерсе сени сыйлыктан ажыратпасын!

Эч нерсе сени сыйлыктан ажыратпасын!

«Эч ким... силерди сыйлыктан ажыратпасын» (КОЛ. 2:18).

ЫРЛАР: 122, 139

1, 2. а) Кудайдын кызматчылары кандай сыйлык алууну эңсеп келет? б) Сыйлыктан көзүбүздү албаганга эмне жардам берет? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ЭЛЧИ ПАБЫЛГА окшоп, Машаяктын бүгүнкү күндөгү майланган жолдоочулары баа жеткис сыймыкка — «Кудайдын... асманга чакырылуу сыйлыгына» — ээ болууга үмүттөнүшөт (Флп. 3:14). Алар Иса Машаяк менен чогуу асмандагы Падышалыкта бийлик кылып, адамзатты жеткилеңдикке жеткире турган убакты эңсеп келишет (Аян 20:6). Кудай майлангандарды кандай сонун максатты көздөөгө чакырган! Ал эми башка койлордун үмүтү алардыкынан айырмаланат. Алар жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү сыйлыгын алууну чыдамсыздык менен күтүп келишет. Бул, чынында эле, жаркын келечек! (2 Пет. 3:13).

2 Майланган ишенимдештерине аягына чейин Кудайга болгон берилгендигин сактап, сыйлыгын алууга жардам берүү үчүн Пабыл аларды: «Асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүрткүлө»,— деп үндөгөн (Кол. 3:2). Алар асмандагы мурасына болгон баа жеткис үмүтүн эсинде бек сакташы керек болчу (Кол. 1:4, 5). Асманда жашоого үмүттөнөбүзбү же жердеби, Жахабанын өзүнүн кызматчыларына бере турган баталары жөнүндө ой жүгүртүү баарыбызга сыйлыктан көзүбүздү албаганга көмөк кылат (1 Кор. 9:24).

3. Пабыл ишенимдештерине эмнелер тууралуу эскерткен?

3 Пабыл ишенимдештерине аларды сыйлыгынан ажырата турган нерселер тууралуу да эскерткен. Алсак, Колосадагы жыйналыштагыларга Кудайдын ырайымына Машаякка болгон ишеним аркылуу эмес, Мыйзамдын талаптарын аткаруунун аркасында жетебиз деп айткан жалган бир туугандардан сак болушу керектигин жазган (Кол. 2:16—18). Андан сырткары, бүгүнкү күнгө чейин келаткан жана бизди да сыйлыктан айрылтып коюшу мүмкүн болгон нерселер тууралуу сөз кылган. Мисалы, ыпылас каалоолорго кантип каршы турса болорун, ишенимдештер менен болгон келишпестиктерди жана үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарды кантип чечсе болорун түшүндүргөн. Анын буларга байланыштуу берген кеңештери биз үчүн да абдан баалуу. Андыктан Пабылдын колосалыктарга мээримдүүлүк менен берген кеп-кеңештеринин айрымдарын карап чыгалы.

ЫПЫЛАС КААЛООЛОРУҢДУ «ӨЛТҮР»

4. Эмне үчүн ыпылас каалоолор бизди сыйлыктан ажыратып коюшу мүмкүн?

4 Бир туугандарга алардын кереметтүү үмүтү жөнүндө айткан соң Пабыл: «Андыктан бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, жаман каалоолорго жана... ач көздүккө азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө»,— деген (Кол. 3:5). Ыпылас каалоолор аябай күчтүү болушу жана бизди рухий кенчибизден ажыратып коюшу мүмкүн. Бир ишенимдешибиз адеп-ахлаксыз каалоолоруна алдырып, жыйналыштан алыстап кеткен. Кайра кайрылып келгенден кийин ал: «Каалоом ушунчалык күчтүү болгондуктан, өтө кеч болуп калгандан кийин гана эсиме келдим»,— деген.

5. Кооптуу жагдайларда өзүбүздү кантип коргой алабыз?

5 Жахабанын адеп-ахлак нормаларын бузууга алып бара турган жагдайларга кабылганда өзгөчө сак болгонубуз маанилүү. Айталы, кыз-жигит болуп сүйлөшө баштагандардын бири-бирин кучактоого, өбүүгө жана жалгыз калууга байланыштуу башынан эле чек коюп алганы акылдуулукка жатат (Накыл 22:3). Кудайдын кызматчысы иш сапары боюнча үйүнөн алыс жүргөндө же бөлөк жыныстагы адам менен чогуу иштегенде да адеп-ахлаксыз ишке түртө турган жагдайларга туш болуп калышы ыктымал (Накыл 2:10—12, 16). Эгер сен да ошондой жагдайга кабылсаң, Жахабанын Күбөсү экениңди жашырба, сылык бол жана тийишүүнүн арты кесепеттүү болорун унутпа. Көңүлүбүз чөккөндө же жалгызсырап турганда да аябай сак болушубуз керек. Себеби андайда бирөөнүн көңүл бурушуна абдан муктаж болушубуз, атүгүл ким көңүл бурбасын, анын мамилеси майдай жага бериши мүмкүн. Андай сезимдер сени да чулгай баштаса, Жахабадан жана анын элинен жардам сура. Ошондо сыйлыктан кол жууп калбайсың. (Оку: Забур 34:18; Накыл сөздөр 13:20.)

6. Көңүл ачууга байланыштуу эмнени унутпашыбыз керек?

6 Адеп-ахлаксыз каалоолорубузду өлтүрүү үчүн көңүл ачуунун ыпылас түрлөрүн четке кагышыбыз зарыл. Азыркы көңүл ачуулардын көбү байыркы Содом жана Амор шаарларында жасалгандай иштер менен коштолот (Жүй. 7). Ал тармактын башында тургандар жыныстык адеп-ахлаксыздыкты кадимки эле нерседей, эч зыяны жоктой кылып көрсөтүшөт. Андыктан баамчыл болуп, көңүл ачуунун түрлөрүн ылгай билишибиз керек. Тандаган көңүл ачуубуз өмүр сыйлыгынан көзүбүздү албаганга шарт түзгөндөй болушу талап (Накыл 4:23).

СҮЙҮҮНҮ, БООРУКЕРДИКТИ «КИЙ»

7. Жыйналышта кандай көйгөйлөр болушу мүмкүн?

7 Кудайдын кызматчыларынан турган жыйналыштын мүчөсү болуу зор бата экенине баарыбыз эле кошулат чыгарбыз. Жыйналышта Кудайдын Сөзүн изилдөө жана бири-бирибизге жылуу-жумшак мамиле кылып, колдоо көрсөтүү сыйлыктан көзүбүздү албоого жардам берет. Анткен менен кээде түшүнбөстүктөрдөн улам бир туугандардын мамилесине жарака түшүшү мүмкүн. Эгер көйгөйдү чечкенге аракет кылбасак, жүрөгүбүзгө таарыныч сезими уялай башташы ыктымал. (Оку: 1 Петир 3:8, 9.)

8, 9. а) Сыйлыктан көзүбүздү албаганга кайсы сапаттар жардам берет? б) Ишенимдешибиз көңүлүбүздү оорутканда, кантип тынчтыкты сактай алабыз?

8 Таарынычтан улам сыйлыктан кол жууп калбаганга эмне жардам берет? Элчи Пабыл Колосадагы ишенимдештерине мындай деп кеңеш берген: «Кудай тандаган ыйык жана сүйүктүү адамдар катары назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийгиле. Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле. Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да айкөлдүк менен кечиргиле. Ушулардан сырткары, сүйүүнү кийгиле, анткени ал — биримдиктин жеткилең түйүнү» (Кол. 3:12—14).

9 Сүйүү, боорукердик бири-бирибизди кечирүүгө көмөк кылат. Мисалы, кайсы бир ишенимдешибиз сөзү же иши менен көңүлүбүздү оорутса, өзүбүздүн да туура эмес сүйлөп, туура эмес иш кылып алган учурларыбызды эстесек болот. Ката-кемчиликтерибизге көз жуумп койгон бир туугандардын сүйүүсүнө, боорукердигине ыраазы эмеспизби? (Оку: Насаатчы 7:21, 22.) Биз, айрыкча, жолдоочуларынын башын бириктирип жаткан Машаяктын боорукердигине ыраазыбыз (Кол. 3:15). Баарыбыз бир эле Кудайды сүйүп, бир эле кабарды жарыялап, негизинен, бирдей эле кыйынчылыктарга кабылып жатабыз. Боорукер болуп, бири-бирибизди сүйүү менен кечирсек, жыйналыштын ынтымагына салым кошуп, мындан ары да көзүбүздү өмүр сыйлыгына багыттайбыз.

10, 11. а) Көрө албас болуу эмне үчүн коркунучтуу? б) Көрө албастыктын айынан сыйлыктан кол жууп калбаш үчүн эмне кылсак болот?

10 Ыйык Китептеги айрым билдирүүлөр көрө албастык адамды сыйлыктан ажыратып коёрун эскертип турат. Маселен, Кабыл иниси Абылды көрө албай, өлтүрүп койгон. Корак, Датан жана Абырамдар Муса пайгамбарга ичи тарып, каршы чыгышкан. Ошондой эле Шабул падыша Дөөтүнүн ийгиликке жеткенин көрө албай, көзүн тазалаганга аракет кылган. Кудайдын Сөзүндө: «Көрө албастык жана тажаалдык каерде болсо, баш аламандык менен жамандыктын баары ошол жерде болот»,— деп бекеринен жазылган эмес (Жкп. 3:16).

11 Ал терс сапаттан качыш үчүн жүрөгүбүздү сүйүүгө толтуруп, боорукердикти өрчүтө беришибиз керек. Анткени Кудайдын Сөзүндө: «Сүйүү чыдамкай, боорукер. Сүйүү көрө албастык кылбайт»,— делет (1 Кор. 13:4). Көрө албастык жүрөгүбүзгө терең тамырлап албашы үчүн, бардык нерсеге Кудайдын көз карашы менен карап, бир туугандарыбызды бир дененин мүчөлөрү катары көрүшүбүз кажет. Бул бизге ыйык рухтун жетеги менен жазылган: «Эгер дененин... бир мүчөсү даңкталса, аны менен кошо калган мүчөлөрдүн баары кубанат»,— деген сөздөргө ылайык иш кылууга жардам берет (1 Кор. 12:16—18, 26). Ошондо башкалар бата алганда, ич күйдүлүк кылбай, алар менен чогуу кубанабыз. Мисалы, Шабул падышанын уулу Жонатандын үлгүсүн карап көрөлү. Кудай Дөөтүнү падыша кылып майлаганда, Жонатан ага ичи тарлык кылган эмес. Тескерисинче, аны бекемдеп, дем-күч берген (1 Шем. 23:16—18). Биз да ага окшоп боорукер, мээримдүү болобузбу?

ҮЙ-БҮЛӨҢ МЕНЕН ЧОГУУ СЫЙЛЫК АЛ

12. Ыйык Китептеги кайсы кеңештер үй-бүлөбүз менен чогуу сыйлык алууга жардам берет?

12 Ыйык Китептеги принциптерди колдонуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн бактылуу болуп, тынчтыкта жашашына жана сыйлыкка жетишине өбөлгө түзөт. Элчи Пабыл Колосадагы ишенимдештерине үй-бүлөгө байланыштуу кандай кеңештерди берген? Ал мындай деп жазган: «Аялдар, Мырзабыздын жолдоочуларынан талап кылынгандай, күйөөңөргө баш ийгиле. Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла, аларга каарданбагыла. Балдар, бардык жагынан ата-энеңердин тилин алгыла, анткени бул Теңирге жагат. Аталар, балдарыңардын көңүлү чөкпөшү үчүн, аларды кыжырдантпагыла» (Кол. 3:18—21). Пабылдын ыйык рухтун жетеги менен жазган ушул кеңештерине ылайык иш кылуу баарына: күйөөлөргө, зайыптарга, балдарга азыр да пайда алып келерине өзүң күбө боло аласың.

13. Кудайдын кызматчысы күйөөсүнүн чындык жолуна түшүшүнө кантип шарт түзө алат?

13 Эгер жолдошуң Жахабага кызмат кылбаса жана сага тийиштүү түрдө мамиле кылбагандай сезилип жатса, эмне кылсаң болот? Аны сындоо менен жагдайды жакшырта аласыңбы? Каалаганыңа жеткен күндө да аны чындык жолуна алып келе аласыңбы? Андай болушу күмөн. Ал эми күйөөңдү башчы катары урматтап-сыйласаң, үй-бүлөңдө тынчтык болушуна шарт түзөсүң, Жахабаны даңктайсың, атүгүл жолдошуң чындык жолуна түшүп, экөөңөр тең сыйлык алышыңар мүмкүн. (Оку: 1 Петир 3:1, 2.)

14. Ишенимдеш эмес аялы урматтабаса, күйөөсү эмне кылса болот?

14 Эгерде аялың чындык жолунда болбосо жана сени урматтабай жаткандай сезилсе, эмне кылганың оң? Кимиңер башчы экенин көрсөтүш үчүн ага кыйкырып-өкүрсөң, ал сени көбүрөөк сыйлап калабы? Кайдан! Кудай сенин Исадан үлгү алып, мээримдүү башчы болушуңду каалайт (Эф. 5:23). Иса жыйналышка мээримдүүлүк, чыдамдуулук менен башчылык кылат (Лк. 9:46—48). Андан үлгү алуу менен күйөө аялына Жахабага кызмат кылууга түрткү бериши мүмкүн.

15. Кудайдын кызматчысы аялын сүйөрүн кантип көрсөтөт?

15 Күйөөлөргө: «Аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла, аларга каарданбагыла»,— деген кеңеш берилет (Кол. 3:19). Мээримдүү күйөө аялынын оюн угуп, айткандарын баалай турганына ынандыруу менен аны сыйлаарын көрсөтөт (1 Пет. 3:7). Ал дайыма эле жубайынын оюндагыдай кылбаса да, аны менен кеңешип иш кылса, көп учурда тең салмактуу чечим чыгара алат (Накыл 15:22). Жакшы күйөө аялынын урмат-сыйына аны мажбурлап эмес, аракет кылуунун аркасында ээ болууга умтулат. Ал аялын, балдарын сүйгөндө гана үй-бүлөсү Жахабага кубаныч менен кызмат кылып, өмүр сыйлыгын ала алат.

Үй-бүлөдөгү кыйынчылыктардан улам сыйлыктан ажырап калбаганга эмне жардам берет? (13—15-абзацтарды кара)

ЖАШТАР, ЭЧ НЕРСЕ СИЛЕРДИ СЫЙЛЫКТАН АЖЫРАТПАСЫН

16, 17. Ата-энеңе кыжырдана бербеш үчүн эмне кылсаң болот?

16 Өспүрүм болсоң жана Кудайга кызмат кылган ата-энең сени түшүнбөй, көп жактан чектеп жаткандай сезилсе, эмне кылсаң болот? Аларга кыжырдана берсең, Жахабага кызмат кылуу жашоодогу эң мыкты жол экенине шектене башташың мүмкүн. Ошонун айынан Жахабага кызмат кылбай калсаң, көп өтпөй эле ата-энең менен жыйналышыңдагылардан башка эч ким сага чындап кам көрбөй турганын түшүнөсүң.

17 Эгер ата-энең такыр оңдоп-түзөбөсө, алардын сенин жыргалчылыгыңды ойлой турганына күмөн санабай коёт белең? (Евр. 12:8). Балким, сага ата-энеңдин кандай жол менен акыл-насаат айтканы катуу тиеттир. Андайда кыжырдангандын ордуна, алардын эмне себептен ошондой жол менен оңдоп-түзөп жатканын түшүнгөнгө аракет кыл. Сабырдуу бол, сезимге алдырба. Кудайдын Сөзүндө: «Токтоолук менен сүйлөгөн билимге ээ, кыраакы киши оор басырыктуу»,— деп айтылат (Накыл 17:27). Кеңештин кантип берилгенине өтө эле маани бере бербей, аны туура кабыл алган жана андан пайда алууга умтулган жетилген адам болууну максат кылып кой (Накыл 1:8). Ата-энеңдин Жахабаны чындап сүйгөнү — чоң бата. Алардын сага өмүр сыйлыгын алууга жардам берүүнү каалаарына шек жок.

18. Эмне үчүн сыйлыкты көңүлүңдүн борборунда сактоого чечкиндүүсүң?

18 Асманда өлбөстүккө ээ болууга же жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнөбүзбү, ала турган кереметтүү сыйлыгыбыз бүт көңүлүбүздү топтошубузга арзыйт. Биздин үмүтүбүз сөзсүз ишке ашат, анткени аны Жараткан өзү убада кылган. Жер бетине орной турган бейишке байланыштуу Кудай: «Жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот»,— деген (Ыш. 11:9). Ал убакта жер жүзүндө жашагандардын ар бири Жахабадан билим алат. Мындай сыйлык бардык күчүбүз менен умтулушубузга татыйт. Андыктан Жахаба убада кылган сыйлыкты дайыма көңүлүңдүн борборунда сакта. Андан сени эч нерсе ажыратпасын!