42-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
103-ЫР: Койчулар — адам түрүндөгү белектер
«Адам түрүндөгү белектерге» ыраазы экенибизди көрсөтөлү
«Жогоруга көтөрүлдү. . . адам түрүндөгү белектерди берди» (ЭФ. 4:8).
МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ
Бул макалада кызмат жардамчыларынын, аксакалдардын жана райондук көзөмөлчүлөрдүн бизге кантип жардам берери жана биз аларды бааларыбызды кантип көрсөтө аларыбыз жөнүндө сөз жүрөт.
1. Иса бизге кандай белектерди берген?
БЕРЕШЕНДИК жагынан Исага бир да киши тең келе албайт. Жерде жүргөндө ал башкаларга жардам бериш үчүн көп жолу керемет жасаган (Лк. 9:12—17). Ал биз үчүн өз жанын берип, эң чоң белек тартуулаган (Жкн. 15:13). Тирилгенден кийин да Иса башкаларга жакшылык кыла берген. Өзү убада кылгандай эле, бизди үйрөтүшү жана сооротушу үчүн Жахабадан ыйык рухун төгүшүн суранган (Жкн. 14:16, 17; 16:13). Ошондой эле төгөрөктүн төрт бурчунан шакирттерди даярдашыбыз үчүн бизди жолугушуулар аркылуу окутуп-үйрөтүп келатат (Мт. 28:18—20).
2. Эфестиктер 4:7, 8де «адам түрүндөгү белектер» деп кимдер жөнүндө айтылган?
2 Иса берген дагы бир белекке токтололу. Элчи Пабыл Иса асманга кеткенден кийин «адам түрүндөгү белектерди бергенин» жазган. (Окугула: Эфестиктер 4:7, 8.) Ал андан ары Исанын ал «белектерди» жыйналышты ар кандай жолдор менен колдош үчүн бергенин айткан (Эф. 1:22, 23; 4:11—13). Бүгүнкү күндөгү «адам түрүндөгү белектерге» кызмат жардамчылары, аксакалдар жана райондук көзөмөлчүлөр кирет a. Ооба, алар деле бизге окшогон пенделер, ошон үчүн жаңылып-жазышат (Жкп. 3:2). Бирок Мырзабыз Иса Машаяк аларды бизге жардам бериш үчүн колдонуп жатат. Алар — анын белеги.
3. «Адам түрүндөгү белектерди» кантип колдой алабыз? Мисал келтиргиле.
3 Иса «адам түрүндөгү белектерди» жыйналышты бекемдеш үчүн берген (Эф. 4:12). Алар ушул маанилүү ишти аткара алышы үчүн баарыбыз тең көмөк көрсөтө алабыз. Муну Падышалык залын курганга салыштырса болот. Айрымдарыбыз курулушка түзмө-түз катышышыбыз мүмкүн. Башкаларыбыз тамак-аш даярдап, бир нерсесин жеткирип жана башка жактардан колдой алабыз. Анын сыңарындай, кызмат жардамчыларын, аксакалдарды жана райондук көзөмөлчүлөрдү жылуу сөзүбүз, кылган ишибиз менен колдой алабыз. Анда келгиле, алардын күжүрмөн эмгегинин кандай пайдасын көрүп жатканыбызга, ошондой эле алардын өзүнө жана «белек» катары берген Исага абдан ыраазы экенибизди кантип көрсөтө аларыбызга токтололу.
КЫЗМАТ ЖАРДАМЧЫЛАРЫНЫН ЖАРДАМЫ
4. 1-кылымда кызмат жардамчылары кандай жардам көрсөтүшкөн?
4 1-кылымда айрымдар кызмат жардамчылары болуп дайындалышкан (1 Тим. 3:8). Пабыл «жардам көрсөткөндөр» деп, кыязы, кызмат жардамчылары жөнүндө айтса керек (1 Кор. 12:28). Аксакалдар окутуу жана кайтаруу ишине көңүл топтой алышы үчүн, кызмат жардамчылары алардын колун кармаган иштерди бүтүргөн. Мисалы, алар Ыйык Жазманы көчүргөнгө же аны көчүргөнгө керектүү нерселерди сатып келгенге жардам беришсе керек.
5. Бүгүнкү күндөгү кызмат жардамчылары кандай иштерди аткарышат?
5 Биздин күндөрдөгү кызмат жардамчыларынын жыйналышка кантип «жардам көрсөтөрүн» ойлонуп көрсөңөр (1 Пет. 4:10). Аларга жыйналыштын эсеп-кысабы, аймак же адабияттарга буйрутма берүү иши тапшырылышы мүмкүн. Ошондой эле алар үн күчөткүч шаймандарын иштетип, жолугушуулардан видео коюп беришет, тескөөчү болушат же Падышалык залын жакшы абалда күткөнгө көмөк кылышат. Жолугушуулар жакшы өтүп, кабар айтуу иши уюшкандыкта жүргүзүлүшү үчүн ушулардын баары абдан маанилүү (1 Кор. 14:40). Мындан тышкары, кызмат жардамчылары Ыйык кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун айрым бөлүктөрүн алып барышат жана жалпыга арналган баяндама айтышат. Алар топтун көзөмөлчүсүнө да жардам беришет. Айрым учурларда аксакалдарды коштоп, кайтаруучулук жолугушууга барышат.
6. Күжүрмөн эмгектенип жаткан кызмат жардамчыларын баалаганга кандай себептер бар?
6 Айрымдар кызмат жардамчылары тууралуу эмне дешкен? Боливиядан болгон Беверли b деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Кызмат жардамчылары болгон үчүн жыйналыштан толугу менен пайда алып жатам. Алардын эмгегинин аркасында мен жыйналыштан ырдап, жооп бере алам, баяндамаларды уга алам жана экранга коюлган видеолордон, сүрөттөрдөн көп нерсени үйрөнө алам. Алар эшиктерди кайтарышат, залга келе албагандарга жыйналышка видеобайланыш аркылуу катышканга көмөктөшөт. Жыйналыштан кийин залды жыйнаганга дайыма катышат. Эсеп-кысапка, керектүү адабияттардын болушуна көз салышат. Аларга аябай ыраазымын». Күйөөсү аксакал болуп кызмат кылган Колумбиядагы Лесли мындай дейт: «Жолдошум жыйналыштын көптөгөн иштерин кызмат жардамчыларынын колдоосу менен бүтүрөт. Алар болбосо, анын колу такыр эле бошобой калмак. Кызмат жардамчыларынын жалындап турганына жана жардам бергенге дилгир болгонуна аябай ыраазымын». Силердин да Леслинин сөздөрүнө кошуларыңар шексиз (1 Тим. 3:13).
7. Кызмат жардамчыларына ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)
7 Ыйык Китеп бизди кызмат жардамчыларынын эмгегине ыраазы болуп эле койбой, аны иш жүзүндө көрсөткөнгө үндөйт (Кол. 3:15). Финляндиядагы Кристофер деген аксакалдын кызмат жардамчыларына кантип ыраазычылык билдирерин карайлы. Ал: «Мен аларга открытка же смс жөнөтөм. Ага кайсы бир аятты, анын мени кантип бекемдегенин же кызматына эмне үчүн ыраазы экенимди жазып коём»,— дейт. Жаңы Каледониядагы Паскаль жана Жиел деген жубайлар кызмат жардамчылары үчүн атайын тиленишет. Паскаль: «Акыркы учурларда биз Жахабадан кызмат жардамчылары үчүн рахмат айтып, алар менен болушун сурап көп тилене баштадык»,— дейт. Жахаба ушинтип тиленгенибизде сөзсүз угат жана бул жыйналышка чоң пайдасын тийгизет (2 Кор. 1:11).
АКСАКАЛДАР «ТАЛЫКПАЙ ЭМГЕКТЕНИШЕТ»
8. Эмне үчүн Пабыл 1-кылымдагы аксакалдарды «талыкпай эмгектенгендер» деп айткан? (1 Тесалоникалыктар 5:12, 13).
8 1-кылымдагы аксакалдар жыйналыш үчүн талыкпай эмгектенишкен. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 5:12, 13; 1 Тим. 5:17.) Алар жыйналышта «жетекчиликти колго алып», жолугушууларды өткөрүшкөн жана аксакалдар кеңеши менен чечимдерди чыгарышкан. Андан тышкары, боордошторуна «насаат айтышкан», тактаганда, жыйналышты коргош үчүн түз, бирок жылуу-жумшак кеңеш беришкен (1 Тес. 2:11, 12; 2 Тим. 4:2). Албетте, алар үй-бүлөсүн багыш үчүн жана Кудай менен болгон мамилесин бекем сакташ үчүн да бүт күчүн жумшашкан (1 Тим. 3:2, 4; Тит 1:6—9).
9. Бүгүнкү күндөгү аксакалдар кандай милдеттерди аркалашат?
9 Бүгүнкү күндөгү аксакалдар да жан үрөп эмгектенет. Алар — жакшы кабар таратуу жагынан мыкты үлгү (2 Тим. 4:5). Демилгени колго алып, өздөрүнүн аймагында кабар айтуу ишин уюштурат жана жарчыларды кабарды жакшы айтканга, мыкты окутканга үйрөтүшөт. Жахаба аларды сот кылып да дайындаган. Алар муну боорукердик, калыстык менен аткарат. Жыйналыштан кимдир бирөө олуттуу күнөө кылса, аксакалдар ага Жахаба менен болгон достугун калыбына келтиргенге жардам бериш үчүн бүт күчүн жумшайт. Ошол эле учурда жыйналыш таза болушу үчүн аябай сак турушат (1 Кор. 5:12, 13; Гал. 6:1). Алардын эң негизги милдети — оторду кайтаруу (1 Пет. 5:1—3). Аксакалдар баяндамаларын Ыйык Китепке негиздеп, мыкты даярдашат жана жарчылардын ар бирин жакшы билгенге аракет кылышат. Кайтаруучулук жолугууларга барышат. Ушулардан тышкары, айрым аксакалдар Падышалык залдарын курганга, жакшы абалда күткөнгө жана жыйындарды уюштурганга жардам берет. Башкалары Ооруканалар менен байланышуу комитеттеринде жана Бейтаптарга баруу топторунда кызмат кылышат. Ооба, аксакалдар биз үчүн талыкпай эмгектенишет!
10. Талыкпай эмгектенип жаткан аксакалдарыбыздын эмгегин жогору баалаганга кандай себептер бар?
10 Жахаба аксакалдар бизге жакшы кам көргөндүктөн коркуп, үрөйүбүз учпай турганын алдын ала айткан (Жер. 23:4). Мунун калетсиз экенин Финляндиядагы Жоаннанын сөздөрү тастыктап турат. Ал мындай дейт: «Апам катуу ооруп калганда, мени бекемдегени бир аксакал келген. Мен аны жакшы таанычу эмесмин. Негизи, мага ичимдегини айтыш оңой эмес. Бирок ал аксакал мен ачылгыча күттү. Анан кунт коюп угуп, чогуу тиленип, Жахабанын мени сүйөрүнө ынандырды. Ошондо анын эмне дегени эсимде деле жок. Бирок аны менен сүйлөшкөндөн кийин кадимкидей тынчтанып калгам. Жахаба ал аксакалды мага так керек учурда жөнөткөн». Аксакалдарыңар силерге кантип жардам берди эле?
11. Аксакалдарга ыраазычылыгыбызды кантип билдирсек болот? (Сүрөттү да карагыла.)
11 Жахаба аксакалдарга «кылган эмгеги үчүн» ыраазычылык билдиришибизди каалайт (1 Тес. 5:12, 13). Финляндияда жашаган Генритта мындай дейт: «Аксакалдар башкаларга жардам бергенге дайыма даяр. Бирок бул алардын убактысы көп, башкалардан күчтүү же көйгөйү жок дегенди билдирбейт. Мен кээде аксакалдарга: „Сен аябай сонун аксакалсың! Ушуну унутпа!“ — деп айтам». Түркиядан болгон Сера мындай дейт: «Аксакалдар кызматын уланта бериши үчүн аларга дем-күч берип турушубуз керек. Мисалы, открытка жазсак, тамакка чакырсак же чогуу кызматка чыксак болот». Силер да кайсы бир аксакалга эмгеги үчүн ыраазычылык билдиргиңер келеби? Анда мунун жолдорун издеп көргүлө (1 Кор. 16:18).
РАЙОНДУК КӨЗӨМӨЛЧҮЛӨР ДЕМ-КҮЧ БЕРИШЕТ
12. Иса жыйналыштагыларды бекемдеш үчүн дагы эмне кылган? (1 Тесалоникалыктар 2:7, 8).
12 Машаяк Иса жыйналыштагыларга «адам түрүндөгү белек» боло турган дагы башка эркектерди берген. Исанын көзөмөлү астында Иерусалимдеги аксакалдар Пабылды, Барнабаны жана башкаларды жыйналыштарды кыдырганга жөнөтүп турган (Элч. 11:22). Эмне үчүн? Кызмат жардамчылары менен аксакалдардай болуп, жыйналышты бекемдеш үчүн (Элч. 15:40, 41). Алардын жыйналыштагыларды окутуп, бекемдеш үчүн өз жыргалчылыгынан баш тарткан, атүгүл өмүрүн тобокелге салган учурлары болгон. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 2:7, 8.)
13. Райондук көзөмөлчүлөрдүн кандай милдеттери бар?
13 Райондук көзөмөлчүлөр дайыма көчүп-конуп жүрүшөт. Айрымдары бир жыйналыштан экинчи жыйналышка жетиш үчүн жүздөгөн километр жол жүрүшөт. Жума сайын бир нече баяндама айтышат, кайтаруучулук жолугушууга барышат, пионерлер жана аксакалдар менен жолугушууларды өткөрүшөт. Кабар айтуу жолугушууларын алып барат. Баяндамаларды даярдап, райондук жана региондук жыйындарды уюштурушат. Ошондой эле пионердик мектептерде нускоочу болушат. Районундагы пионерлердин жолугушууларын өткөрөт. Кээде филиал тапшырган шашылыш иштерди бүтүрүшөт.
14. Күжүрмөн эмгектенген райондук көзөмөлчүлөрдү эмне үчүн жогору баалайбыз?
14 Райондук көзөмөлчүлөрдүн кызматы жыйналыштагыларга кандай пайда алып келет? Түркиядан болгон бир ишенимдешибиз мындай деп бөлүшкөн: «Алар келип-кеткен сайын ишенимдештериме жардам бергенге дагы көбүрөөк убакыт жумшаганга түрткү алам. Жыйналышка келген райондук көзөмөлчүлөрдүн эч кимиси колу бошобой жаткандай же мени менен сүйлөшкүсү келбей жаткандай түр көрсөткөн эмес». Жогоруда сөз кылынган Жоанна болсо минтип айтып берген: «Экөөбүз кызматка чыкканда аймактан эч кимди жолуктура алган эмеспиз. Бирок ал күндү эч качан унутпайм. Ошол кезде эжелерим башка жакка кызмат кылганы көчүп кетишкендиктен, аларды аябай сагынып жүргөм. Райондук көзөмөлчү менен сүйлөшүп кадимкидей жеңилдеп калгам. Ал кызматыбыздан улам убактылуу ар кайсы жакта болуп каларыбызды, бирок келечекте жакындарыбыз менен түбөлүккө чогуу боло аларыбызды эсиме салган». Көптөгөн райондук көзөмөлчүлөр алар менен кызматташкандардын жүрөгүндө ушундай жылуу сезимдерди калтырат (Элч. 20:37—21:1).
15. а) 3 Жакан 5—8-аяттарга ылайык, райондук көзөмөлчүлөрдү жогору бааларыбызды кантип көрсөтө алабыз? (Сүрөттү да карагыла.) б) Эмне үчүн алардын аялдарына да көңүл бурушубуз керек жана муну кантип кылсак болот? (« Алардын зайыптарын унутпагыла» деген кутучаны да карагыла.)
15 Элчи Жакан Гай деген боордошунан жыйналышына келген ишенимдештерин «Кудайга жаккыдай кылып узатышын» суранган. (Окугула: 3 Жакан 5—8.) Биз дагы ушул кеңешке ылайык иш кыла алабыз. Ал үчүн райондук көзөмөлчүлөрдү тамакка чакырсак болот. Алар келген жумада кабар айтуу жолугушууларын калтырбаганга аракет кылсак да аларды колдой алабыз. Жогоруда сөз кылынган Лесли аларга ыраазы экенин кантип көрсөтөрү тууралуу мындай дейт: «Мен Жахабадан: „Алардын керектүү нерсесин бере көр“,— деп тиленем. Жолдошум экөөбүз аларга келип-кеткени бизге канчалык дем-күч бергенин айтып да кат жазабыз». Райондук көзөмөлчүлөрдүн биздей эле адамдар экенин унутпагыла. Алар да кээде ооруйт, тынчсызданат, көңүлү чөгөт. Балким, силердин бир ооз жылуу сөзүңөр же жөнөкөй эле белегиңер алардын тилегине жооп болуп калышы мүмкүн (Накыл 12:25).
БИЗ «АДАМ ТҮРҮНДӨГҮ БЕЛЕКТЕРГЕ» МУКТАЖБЫЗ
16. Накыл сөздөр 3:27ге ылайык, ага-инилер кандай суроолордун үстүнөн ойлонуп көрүшү керек?
16 Дүйнө жүзү боюнча «адам түрүндөгү белектерге» муктаждык аябай чоң. Эгер чөмүлгөн ага-ини болсоң, колуңан келип турганда «жакшылыгыңды аябаганга» умтуласыңбы? (Окугула: Накыл сөздөр 3:27.) Кызмат жардамчысы болгонго каалооң барбы? Эгер кызмат жардамчысы болсоң, аксакал c болгонго максат коюп жатасыңбы? Падышалыктын жарчыларынын мектебине арыз толтуруш үчүн жашооңду өзгөртө аласыңбы? Ал мектеп сени Исанын толук колдонушуна даярдайт. Эгер колуман келбейт деп ойлоп жатсаң, Жахабадан тилен. Кандай иш тапшырбасын, аны мыкты аткарганга ыйык рухун сура (Лк. 11:13; Элч. 20:28).
17. «Адам түрүндөгү белектер» Иса Машаяктын кандай Падыша экенин көрсөтүп турат?
17 Исанын «адам түрүндөгү белектерди» бергенинен анын бизди акыркы күндөрдө жетектеп жатканы көрүнүп турат (Мт. 28:20). Силер мээримдүү, берешен, эмнеге муктаж экенибизди билген жана жардам бергенге дилгир ага-инилерди берген Падышабызга ыраазысыңарбы? Эгер ошондой болсо, күжүрмөн эмгектенип жаткан ага-инилерибизге ыраазычылык билдирүүнүн жолдорун издегиле. Ошондой эле «жакшы, жеткилең белектердин» булагы болгон Жахабага рахмат айтканды эч качан унутпагыла (Жкп. 1:17).
99-ЫР: Миң сандаган бир туугандар
a Булардан тышкары, Жетектөөчү Кеңеш, алардын жардамчылары, филиалдын комитетинин мүчөлөрү жана башка кызматты аркалаган аксакалдардын баары — «адам түрүндөгү белектер».
b Айрым ысымдар өзгөртүлдү.
c Кызмат жардамчысы же аксакал болгонго максат коюп жатсаңар, «Ага-инилер, кызмат жардамчысы болгонго умтулуп жатасыңарбы?» жана «Ага-инилер, аксакал болгонго умтулуп жатасыңарбы?» деген макалаларды окуп көргүлө («Күзөт мунарасы», 2024-ж., нояб.).