Билесиңби?
Байыркы ысрайылдыктардын жашоосунда музыка канчалык чоң роль ойногон?
Байыркы ысрайылдыктардын жашоосунда музыка орчундуу орунду ээлеген. Ыйык Китепте ысрайылдыктардын музыкалык аспаптарда ойногону, ырдаганы көп айтылат. Айта кетчү нерсе, Ыйык Китептин басымдуу бөлүгү ырлардан турат. Мисалы, Забур, Сулаймандын ыры, Жеремиянын ыйы сыяктуу китептер ыр түрүндө жазылган. Бир эмгекте Ыйык Китепте «ысрайылдыктардын жашоосунун көп тармагы музыка менен тыгыз байланышта болгону айкын көрүнүп турганы» жазылган («Music in Biblical Life»).
Күнүмдүк жашоосунда. Ысрайылдыктар сезимдерин музыка аркылуу билдиришкен (Ыш. 30:29). Алсак, падыша майланганда, майрамдар учурунда же жоокерлер жеңиш менен кайтып келгенде, аялдар дап кагып, ырдап-бийлешкен (Бий. 11:34; 1 Шем. 18:6, 7; 1 Пад. 1:39, 40). Ошондой эле ысрайылдыктар жакынынан айрылганда кошок кошушкан (2 Жылн. 35:25). Макклинток менен Стронгдун энциклопедиясында белгиленгендей, «еврейлер чынында эле музыкага жакын эл болгон».
Падыша сарайында. Ысрайылдын падышалары музыка укканды абдан жакшы көргөн. Алсак, Шабул падыша Дөөтүнү музыка ойноп бериш үчүн ак сарайга алдырткан (1 Шем. 16:18, 23). Кийин Дөөтү өзү падыша болгондо жаңы күү аспаптарды ойлоп тапкан, бир топ ырларды чыгарган жана Жахабанын ибадатканасында ойной турган оркестрди түзгөн (2 Жылн. 7:6; Амос 6:5). Сулаймандын ак сарайында да ырчы кыз-жигиттер болгон (Нас. 2:8).
Жахабага сыйынганда. Баарынан да музыка Жахабага сыйынууда чоң роль ойногон. Иерусалимдеги ибадатканада 4 000 киши музыкалык аспаптарда ойногонго дайындалган (1 Жылн. 23:5). Алар жез табак кагып, ар кандай кыл аспаптарда жана арфада ойношкон, сурнай да тартышкан (2 Жылн. 5:12). Алардан башкалары да Жахабаны музыка менен даңктаган. Көптөгөн ысрайылдыктар Иерусалимге баратканда жолду карай, кыязы, Шаарга чыгуу ырларын ырдап барышкан (Заб. 120—134). Жүйүттөрдүн жазмаларына ылайык, ысрайылдыктар Пасах майрамы учурунда Халел ырларын a ырдашчу.
Музыка Кудайдын элинин жашоосунда дагы деле чоң роль ойнойт (Жкп. 5:13). Биз Жахабага сыйынганда аны даңктап ырдайбыз (Эф. 5:19). Ишенимдештерибиз менен чогуу ырдаганда ортодогу биримдигибиз чыңдалат (Кол. 3:16). Кыйын кезеңде Жахаба жөнүндөгү музыканы уксак, ырларды ырдасак же музыкалык аспапта ойносок, бул бизге дем-шык берет жана кыйынчылыктарды оңоюраак көтөрөбүз (Элч. 16:25). Чынында эле, музыка менен Жахабага болгон ишенимибизди жана сүйүүбүздү көрсөтө алабыз.
a Жүйүттөр 113—118-забурлардагы Жахабаны даңктаган ырларды Халел ырлары деп атаган.