Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Сулайман курган ибадаткананын кире бериши канчалык бийик болгон?

Ибадаткананын ыйык жайынын алдындагы бөлмө кире бериш катары колдонулчу. Англис тилиндеги Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» 2023-жылга чейинки басылышында: «[Кире бериштин] узундугу 20 чыканак болду, ал үйдүн туурасы менен бирдей эле. Бийиктиги болсо 120 чыканак болду»,— делет (2 Жылн. 3:4). Башка котормолордо да ал кире бериштин бийиктиги «120 чыканакты» түзөрү айтылган. Башкача айтканда, ал бийиктиги 53 метрге жеткен «мунара» деп жазылган.

Бирок 2023-жылы басылган англис тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунда» Сулайман курган ибадаткананын кире бериши тууралуу «анын бийиктиги 20 чыканак» же 9 метрдей экени айтылган a. Эмне үчүн ушинтип өзгөргөнүнүн бир нече себебине токтололу.

1 Падышалар 6:3тө ал кире бериштин бийиктиги айтылган эмес. Ал аятта Жеремия пайгамбар кире бериштин бийиктигин эмес, узундугу менен туурасын эле айткан. Кийинки бөлүмдө болсо ибадатканадагы башка нерселерге көңүл бурган. Мисалы, жезден жасалган чоң казан, он жез араба жана кире бериштин алдындагы эки жез мамы жөнүндө сөз кылган (1 Пад. 7:15—37). Эгер кире бериштин бийиктиги чындап эле 50 метрден ашык болсо жана ибадатканадан бийигирээк болсо, Жеремия бул тууралуу жазмак болушу керек. Бир канча кылым өткөндөн кийин да жүйүт жазуучулары кире бериштин Сулайман курган ибадатканадан бийик болгонун жазган эмес.

Окумуштуулар бийиктиги 120 чыканакка жеткен кире беришти ибадаткананын дубалдары кармап тура алмактыгынан шектенишет. Байыркы учурда таштан же кыштан тургузулган бийик курулмалардын ылдый жагы жазы болуп келип, өйдө жагы кууш болуп кетчү. Буга Мисирдеги ибадатканалардын дарбазаларын мисал кылса болот. Бирок Сулайман курган ибадаткана башкача болчу. Окумуштуулар болжогондой, ибадаткананын дубалынын калыңдыгы 6 чыканактан (2,7 метрден) ашкан эмес. Архитектура боюнча тарыхчы Теодор Бузник: «[Ибадаткананын кире беришинин] дубалынын калыңдыгын эске алганда, кире бериш [бийиктиги] 120 чыканак болушу мүмкүн эмес»,— деген жыйынтыкка келген.

2 Жылнаама 3:4түн тексти туура эмес көчүрүлүп калышы мүмкүн. Айрым байыркы кол жазмаларда ушул аятта «120 чыканак» деп турса да, башка беделдүү кол жазмаларда, алсак, 5-кылымга таандык Александрия кол жазмасында жана 6-кылымга таандык Амброзиани кол жазмасында «20 чыканак» деп турат. Көчүрмөчү эмне үчүн «120» чыканак деп жаңылып жазып алышы мүмкүн эле? Еврейче «жүз» жана «чыканак» деген сөздөрдүн көрүнүшү окшош. Андыктан көчүрмөчүнүн «чыканак» деп жазам деп «жүз» деп жазып алышы толук мүмкүн.

Албетте, биз ушундай майда-чүйдөдөй көрүнгөн нерселерди да так түшүнгүбүз келет жана Сулайман курган ибадаткананын сүрөтү туура тартылышын каалайбыз. Анткен менен биз анын прообразына — улуу рухий ибадатканага — өзгөчө басым жасайбыз. Жахаба кызматчыларынын баарын ошол ибадатканада ага сыйынганга чакырып жатканына кандай гана ыраазыбыз! (Евр. 9:11—14; Аян 3:12; 7:9—17).

a Шилтемеде: «Айрым байыркы кол жазмаларда „120“ деп турса, башка кол жазмаларда жана айрым котормолордо „20 чыканак“ деп турат»,— деп жазылган.