«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Сентябрь, 2017

Бул санда 2017-жылдын 23-октябрынан 26-ноябрына чейин изилдене турган макалалар камтылат.

Өзүн өзү кармай билүү сапатын өрчүт

Ыйык Китептеги инсандардын үлгүсү бул сапатты өрчүтүүгө жана чагылдырууга кандайча жардам берет? Кудайдын кызматчылары эмне үчүн аны өрчүтүшү керек?

Жахабадай боорукер бол

Бир жолу Жахаба Муса пайгамбарга ысмын, сапаттарын айтып, өзүнүн ким экенин ачып берген. Ал боорукердигин биринчи айткан. Боорукердик деген эмне жана муну билгениң эмне үчүн маанилүү?

ӨМҮР БАЯН

Рухий бир туугандар менен кызматташуу мен үчүн зор бата

Дейвид Синклер Бруклиндеги Бейтелде 61 жыл ишенимдүү бир туугандар менен кызматташуу чоң сыймык болгонун, кубаныч тартуулаганын айтып берет.

«Кудайыбыздын сөзү түбөлүккө калат»

Ыйык Китеп тилдин өзгөргөнүнө, саясий өзгөрүүлөргө жана аны которууга көрсөтүлгөн тоскоолдуктарга карабай кылымдардан бери кеңири тараган китеп катары белгилүү болуп келет.

«Кудайдын сөзү... күчтүү»

Көптөр Ыйык Китепти изилдеп, чоң өзгөрүүлөрдү кылышкан. Ал бизге да таасир этиши үчүн эмне кылышыбыз керек?

«Кайраттуу... бол да, ишке кириш»

Эмне үчүн кайраттуу болушубуз керек жана ал сапатты кантип өрчүтүүгө болот?