Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кайраттуу... бол да, ишке кириш»

«Кайраттуу... бол да, ишке кириш»

«Кайраттуу, бекем бол да, ишке кириш. Коркпо, үрөйүң учпасын, анткени Жахаба... сени менен болот» (1 ЖЫЛН. 28:20).

ЫРЛАР: 38, 34

1, 2. а) Сулайманга кандай маанилүү иш тапшырылган? б) Дөөтү падыша эмне себептен Сулайман үчүн тынчсызданган?

СУЛАЙМАН тарыхтагы эң маанилүү долбоорду — Иерусалимдеги ибадаткананы куруу ишин — көзөмөлдөөгө дайындалган. Ал ибадаткана «жер жүзүндөгү эң кооз, заңгыраган» имарат болмок. Андан да маанилүүсү, ал «чыныгы Кудай Жахабанын үйү» болмок. Жахаба ал ишти Сулайман көзөмөлдөй турганын айткан (1 Жылн. 22:1, 5, 9—11).

2 Дөөтү падыша Кудайдын колдой турганына шектенген эмес, бирок уулу Сулайман «жаш, тажрыйбасы да аз» болчу. Ошого карабай Сулайман кайраттуу болуп, ибадаткананы курууга киришет беле? Же жаштыгы, тажрыйбасыздыгы тоскоолдук кылат беле? Ийгиликке жетиш үчүн ал кайраттуу болуп, ишке киришиши керек эле.

3. Сулайман атасынан кайраттуулукка байланыштуу эмнеге үйрөнгөн?

3 Сулайман кайраттуу болуу жагынан атасы Дөөтүдөн көп нерсеге үйрөнгөн. Бала кезинде Дөөтү атасынын койлорун сактап калыш үчүн жырткычтар менен алышкан (1 Шем. 17:34, 35). Ошондой эле душмандардын согушта дасыккан балбаны менен беттешкенде да укмуштуудай тайманбастык көрсөткөн. Кудай жардам бергендиктен, ал жылмакай таш менен алп Голиатты жерге сулаткан (1 Шем. 17:45, 49, 50).

4. Сулайман эмне үчүн кайраттуу болушу керек эле?

4 Дөөтүнүн Сулайманды кайраттуу болуп, ибадаткананы курууга үндөгөнү кандай гана орундуу болгон. (Оку: 1 Жылнаама 28:20.) Эгер Сулайман кайраттуу болбосо, коркунучка алдырып, эч иш-аракет кыла албай калмак. Бул болсо ишти аягына чыгара албай калгандан да жаман болмок.

5. Эмне үчүн кайраттуу болушубуз керек?

5 Сулайманга окшоп, биз да кайраттуу болуп, ишти аягына чыгара алышыбыз үчүн Жахабанын жардамына муктажбыз. Эмесе, байыркы убактагы кайраттуу инсандардын айрымдарынын үлгүсүн карап чыгалы. Ошондой эле канткенде кайраттуу болуп, ишибизди аткара аларыбызды талкуулайлы.

КАЙРАТТУУ БОЛГОНДОР

6. Жусуптун кайраттуулугу сени эмнеси менен таасирлентет?

6 Потипардын аялы жыныстык адеп-ахлаксыздыкка азгырганда, Жусуптун кандайча кайраттуулук көрсөткөнү жөнүндө ой жүгүртүп көрсөң. Жусуп анын сунушун четке какса арты каргашалуу болорун билсе керек. Ошентсе да ал азгырыкка алдырбай, кайраттуу болуп, чечкиндүү иш-аракет кылган (Башт. 39:10, 12).

7. Рахаптын кайраттуулугу жөнүндө айтып бер. (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

7 Кайраттуулугу менен үлгү калтыргандардын дагы бири Рахап болгон. Жерихону көргөнү келген ысрайылдык чалгынчылар анын үйүнө барганда, ал коркуп, аларды киргизбей койсо деле болмок. Бирок Жахабага бекем ишенгендиктен экөөнү жашырып, аман-эсен кетишине жардам берген (Жаш. 2:4, 5, 9, 12—16). Рахап Жахабанын чыныгы Кудай экенине жана ал жерди кандайдыр бир жол менен ысрайылдыктарга берерине ишенген. Ал башкалардан, анын ичинде Жерихонун падышасынан жана анын кишилеринен коркуп, иш-аракет кылбай койгон эмес. Тескерисинче, эр жүрөктүк көрсөтүп, өзүнүн жана жакындарынын өмүрүн сактап калган (Жаш. 6:22, 23).

8. Исанын кайраттуулугу элчилерине кандай таасир эткен?

8 Иса Машаяктын ишенимдүү элчилери да кайраттуу болуу жагынан сонун үлгү көрсөтүшкөн. Алар Мырзасынын кайраттуулук менен иш кылганына көп жолу күбө болушкан (Мт. 8:28—32; Жкн. 2:13—17; 18:3—5). Анын үлгүсү аларга кайраттуу болууга жардам берген. Ошондуктан садукейлер каршылык көрсөткөндө да, элчилер Исанын атынан окутканын токтотушкан эмес (Элч. 5:17, 18, 27—29).

9. 2 Тиметей 1:7ден кайраттуулуктун булагына байланыштуу эмнени биле алабыз?

9 Кайраттуулук Жусупка, Рахапка, Иса Машаякка жана анын элчилерине жакшы иштерди кылууга түрткү берген. Бирок алар өздөрүнө эмес, Жахабага таянгандыктан кайраттуу болушкан. Бүгүнкү күндө биз да кайраттуулукту талап кылган жагдайларга кабылабыз. Андайда өзүбүзгө эмес, Жахабага таянышыбыз керек. (Оку: 2 Тиметей 1:7.) Анда эмесе, үйүбүздө жана жыйналышта кантип кайраттуулук менен иш кыла аларыбызга токтололу.

КАЙРАТТУУЛУК ТАЛАП КЫЛЫНГАН ЖАГДАЙЛАР

10. Жаш ишенимдештерибиз эмне үчүн кайраттуу болушу керек?

10 Жаш ишенимдештерибиз Жахабага кызмат кылуу үчүн кайраттуулук талап кылынган жагдайларга туш болушат. Алар ибадаткананы куруу ишин аягына чыгаруу үчүн акылдуулук менен чечим чыгарган Сулаймандан көп нерсеге үйрөнүп, андан үлгү алса болот. Жаштарга ата-энеси акыл-насаат айтып, жол көрсөтүп турса да, аларга өз алдынча да маанилүү чечимдерди чыгарууга туура келет (Накыл 27:11). Мисалы, чөйрөнү жана көңүл ачуунун түрүн туура тандоого, адеп-ахлактык жактан таза болууга, чөмүлүүгө байланыштуу акылдуулук менен чечим чыгарыш үчүн кайраттуулук керек. Анткени муну менен алар Кудайды жаманатты кылып жаткан Шайтанга каршы турган болушат.

11, 12. а) Муса пайгамбар кайраттуу болуу жагынан кандайча жакшы үлгү калтырган? б) Жаштар андан кандай үлгү алса болот?

11 Жаштар максат коюуга байланыштуу да маанилүү чечимдерди чыгарышы керек болот. Айрым өлкөлөрдө жаштарга жогорку билим алууга жана маянасы жакшы жумушка орношууга кысым көрсөтүлөт. Дагы башка өлкөлөрдө каржы маселесинен улам жаштар өздөрүн үй-бүлөсүнө материалдык жактан жардам берүүгө милдеттүү сезишет. Эгер сен да ушу сыяктуу жагдайларга кабылсаң, Муса пайгамбардын үлгүсү тууралуу ойлонуп көр. Фараондун кызынын колунда чоңойгондуктан ал атак-даңкка же байлыкка умтулса деле болмок. Мисирдеги үй-бүлөсү, мугалимдери жана кеңешчилери аны ушундай нерселерге үндөп, аябай эле кысым көрсөтүшсө керек. Бирок Муса багынбай, таза сыйынууну тайманбастык менен жактаган. Мисирдин байлыгын таштап кетиш үчүн ал кайраттуу болуп, Жахабага толугу менен таянган (Евр. 11:24—26). Анын аркасында Жахабадан көп бата алган, келечекте да мол бата алары шексиз.

12 Ошо сыңары, рухий максаттарга умтулуп, Падышалыкты биринчи орунга койгон жаштарга Жахаба батасын төгөт. Ал аларга кийин үй-бүлөсүнө кам көрүүгө да жардам берет. 1-кылымда Тиметей деген жаш бир тууган өмүрүн Жахабага кызмат кылууга арнаган, сен да ошенте аласың *. (Оку: Филипиликтер 2:19—22.)

Жашооңдун бардык тармагында кайраттуу болууга чечкиндүүсүңбү? (13—17-абзацтарды кара)

13. Кайраттуулук бир жаш ишенимдешибизге максатына жетүүгө кандайча жардам берген?

13 АКШнын Алабама штатында жашаган бир ишенимдешибиз рухий максаттарды коюш үчүн кайраттуу болууга үйрөнүшү керек болгон. Ал: «Мен аябай тартынчаак болчумун. Таптакыр чоочун бирөөнүн эшигин тыкылдатмак түгүл, Падышалык залына келгендер менен араң сүйлөшчүмүн»,— деп жазган. Бирок ата-энесинин, жыйналыштагы ишенимдештеринин жардамы менен үзгүлтүксүз пионер болом деген максатына жете алган. Ал мындай деп кошумчалаган: «Шайтандын дүйнөсүндө жогорку билимге, атак-даңкка, акчага, дүнүйө-мүлккө умтулуу жакшы максат деп эсептелет. Бирок ал нерселерге баары эле жете бербегендиктен стресске кабылышат, жан дүйнөсү жараланат. Ал эми мен Жахабага кызмат кылуунун аркасында өзүмдү аябай бактылуу сезип, канааттануу алып жатам».

14. Ата-энелерден кандай жагдайларда кайраттуулук талап кылынат?

14 Жахабага кызмат кылган ата-энелерден да кайраттуулук талап кылынат. Алсак, жумуш берүүчүң сенден кечкисин жана дем алыш күндөрү — үй-бүлөлүк изилдөө өткөрө турган, кабарга чыга турган же жыйналышка бара турган күндөрү — кошумча иштөөнү дайыма сурана бериши мүмкүн. Ага макул болбой, балдарыңа жакшы үлгү көрсөтүш үчүн кайраттуу болушуң зарыл. Же болбосо жыйналыштагы айрым ата-энелер балдарына кайсы бир нерселерди кылууга уруксат бериши, сен болсо уруксат бербешиң мүмкүн. Алар сенден балаңды эмне үчүн андай иштерге катыштырбай турганыңды сурашы ыктымал. Ошондо кайраттуу болуп, анын себебин сылыктык менен түшүндүрүп бересиңби?

15. Забур 37:25 жана Еврейлер 13:5 ата-энелерге кандайча жардам берет?

15 Балдарына рухий максаттарды коюп, аларга жетүүгө көмөк кылуу үчүн да ата-энелер кайраттуу болушу керек. Айталы, кээ бир ата-энелер балдары кийин аларга жана өздөрүнө кам көрө албай калат деп корккондуктан аларды пионер болууга, муктаждык чоң жерде же Бейтелде кызмат кылууга, сыйынуу жайларын куруу ишине катышууга үндөбөшү мүмкүн. Ал эми акылдуу ата-энелер кайраттуу болуп, Жахабанын өз убадаларын аткарарына толук ишенишет. (Оку: Забур 37:25; Еврейлер 13:5.) Муну менен алар балдарына да кайраттуу болуп, Жахабага таянууга жардам бере алышат (1 Шем. 1:27, 28; 2 Тим. 3:14, 15).

16. Айрым ата-энелер балдарына Кудайга жаккан максаттарды коюуга кантип жардам беришкен жана бул кандай пайда алып келген?

16 Кошмо Штаттарда жашаган бир жубайлар балдарына Кудайга кызмат кылууга байланыштуу максаттарды коюуга жардам беришкен. Күйөөсү мындай дейт: «Балдарыбыз баса электе, атүгүл тили чыга электе эле аларга пионер болуунун жана жыйналыш үчүн кызмат кылуунун кубанычы жөнүндө айтып берчүбүз. Азыр алар ушуга умтулушат. Рухий максаттарды коюп, ага жетүүгө аракет кылуунун аркасында балдарыбыз Шайтандын дүйнөсүндөгү кысымга каршы туруп, Жахабага кызмат кылууга көңүл топтоп жатышат». Эки баласы бар дагы бир ата мындай деп жазган: «Көптөгөн ата-энелер балдарына спортко, хоббисине, билим алууга байланыштуу максаттарга жетүүгө жардам берүү үчүн көп күч-аракет, каражат жумшашат. Анда балдарыбызга Жахабага жагууга өбөлгө түзгөн максаттарга умтулууга көмөк кылыш үчүн ого бетер көп күч-аракет, каражат жумшашыбыз керек эмеспи. Балдарыбыздын койгон максаттарына жеткенин көрүү эле эмес, каймана мааниде алар менен чогуу саякаттоо бизге зор канааттануу тартуулайт». Балдарына рухий максаттарды коюп, ага жетүүгө көмөк кылган ата-энелерге Жахаба батасын берерине эч шектенбесек болот.

ЖЫЙНАЛЫШТА

17. Жыйналышта кантип кайраттуу боло алабыз?

17 Жыйналышта да кайраттуу болушубуз керек. Маселен, аксакалдардан укуктук маселелерди чечүүдө же өмүрүнө коркунуч туулган бир туугандарга медициналык жардам алууга көмөк көрсөтүүдө кайраттуулук талап кылынат. Айрым аксакалдар болсо түрмөдөгүлөрдүн рухий муктаждыгына кам көрүү үчүн ал жакка барып турушат. Бойдок эже-карындаштар тууралуу эмне айтууга болот? Аларда көбүрөөк кызмат кылууга, алсак, пионер болууга, жарчылар аз жерлерге көчүп барууга, жергиликтүү долбоор/курулуш программасына катышууга, Падышалыктын жарчылары үчүн мектепке арыз толтурууга сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Атүгүл кээ бирлери Гилат мектебинен билим ала алышат.

18. Жыйналыштагы апаларыбыз, эжелерибиз кантип кайраттуулук көрсөтө алышат?

18 Жыйналыштагы апаларыбыз, эжелерибиз биз үчүн чоң бата. Аларды аябай жакшы көрөбүз. Айрымдары Кудайга мурдагыдай көбүрөөк кызмат кыла албаса да, кайраттуу болуп, башкаларга жардам бере алышат. (Оку: Тит 2:3—5.) Мисалы, аксакалдар жашы улуу бир туугандан кайсы бир жаш ишенимдешине жөнөкөй кийинүүгө байланыштуу кеңеш берүүнү суранышы мүмкүн. Андайда ал бир туугандан кайраттуу болуу талап кылынат. Ал жаш ишенимдешине катуу тие турган сөздөрдү айтпай, аны кийими башкаларга кандай таасир этери жөнүндө ойлонуп көрүүгө үндөсө болот (1 Тим. 2:9, 10). Анын мындай камкордугу жакшы натыйжа бериши мүмкүн.

19. а) Чөмүлгөн ага-инилер кантип кайраттуу боло алышат? б) Филипиликтер 2:13 жана 4:13 ага-инилерге кайраттуу болууга кандайча жардам берет?

19 Чөмүлгөн ага-инилер да кайраттуу болушу керек. Көбүрөөк жоопкерчилик алууга умтулган кайраттуу бир туугандарды жыйналыш үчүн чоң бата десек болот (1 Тим. 3:1). Бирок кээ бирлери жооптуу милдеттерге умтулбашы мүмкүн. Балким, кайсы бир бир тууган мурунку каталарынан улам өзүн кызмат жардамчысы же аксакал болууга татыксыз сезеттир. Ал эми башка бир тууган өзүн андай милдетти аткарууга жөндөмсүз деп эсептеши ыктымал. Эгер сен да ушундай ойдо болсоң, Жахаба сага кайраттуу болууга жардам бере алат. (Оку: Филипиликтер 2:13; 4:13.) Муса пайгамбардын да бир кезде өзүн тапшырылган ишти аткарууга жөндөмсүз сезгенин унутпа (Чыг. 3:11). Жахаба жардам бергендиктен, Муса пайгамбар убакыттын өтүшү менен кайраттуу болуп, дайындоосун жакшы аткара алган. Чөмүлгөн ага-инилер да Кудайдан жалындуу тиленүүнүн, Ыйык Китепти күн сайын окуунун жана кайраттуулук жөнүндөгү билдирүүлөр тууралуу ой жүгүртүүнүн аркасында кайраттуу боло алышат. Ошондой эле момун болуп, аксакалдардан окутуп-үйрөтүшүн суранса жана кандай жол менен болбосун жардам берүүгө даяр экенин билдирсе болот. Биз чөмүлгөн ага-инилердин баарын кайраттуу болуп, жыйналыш үчүн күжүрмөн эмгектенүүгө чакырабыз.

«ЖАХАБА... СЕНИ МЕНЕН»

20, 21. а) Дөөтү Сулайманды эмнеге ынандырган? б) Эмнеден күмөн санабасак болот?

20 Дөөтү падыша уулу Сулайманды ибадаткана курулуп бүткөнгө чейин Жахабанын аны менен болоруна ынандырган (1 Жылн. 28:20). Атасынын сөздөрүн акылына, жүрөгүнө бекем түйүп алгандыктан Сулайман жаштыгынын, тажрыйбасыздыгынын жолтоо болушуна жол берген эмес. Ал кайраттуулук көрсөтүп, ишке киришкен жана Жахабанын жардамы менен жети жарым жылдын ичинде заңгыраган ибадаткананы куруп бүткөн.

21 Жахаба Сулайманга колдоо көрсөткөндөй эле, бизге да үй-бүлөбүздө, жыйналышта кайраттуу болуп, милдеттерибизди аткарууга көмөк кылат (Ыш. 41:10, 13). Жахабага сыйынууда кайраттуу болсок, анын бизге азыр да, келечекте да бата береринен күмөн санабасак болот. Андыктан кайраттуу болуп, «ишке киришели»!

^ 12-абз. Кудайга жаккан максаттарды коюуга байланыштуу айрым кеңештерди төмөнкү журналдан таба аласың: «Күзөт мунарасы», 2004-жыл, 15-июль, 21—23-беттер, ор.