Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайдын сөзү... күчтүү»

«Кудайдын сөзү... күчтүү»

«Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү» (ЕВР. 4:12).

ЫРЛАР: 96, 94

1. Кудайдын Сөзүнүн күчтүү экенине эмне үчүн шектенбейбиз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ЖАХАБАНЫН эли катары биз анын сөзүнүн, адамдарга айттырган кабарынын, «тирүү жана күчтүү» экенине шектенбейбиз (Евр. 4:12). Көбүбүз Ыйык Китептин адамды өзгөртө ала турган күчкө ээ экенин сезип-көрүп келатабыз. Кээ бир ишенимдештерибиз мурун ууру болчу, баңгизат колдончу же адеп-ахлаксыз иштерди кылчу. Башкалары болсо бул дүйнөдө көп нерсеге жетсе да, көкүрөгүн боштук ээлеп келген (Нас. 2:3—11). Андан тышкары, көптөр жашоонун маңызын таппай, бардык нерседен үмүтүн үзүп коюшкан. Бирок алар Ыйык Китептин жардамы менен өмүр жолуна түшүшкөн. Балким, сен «Күзөт мунарасындагы» «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген рубрикага чыккан өмүр баяндарды окуп, таасирленгендирсиң. Ошондой эле Кудайдын кызматчысы болгондон кийин да Ыйык Китепти окуп-изилдеп, рухий жактан ийгилик кыла берүү маанилүү экенине кошулат чыгарсың.

2. Кудайдын Сөзү 1-кылымда адамдарга кандай таасир эткен?

2 Бүгүнкү күндө да көптөрдүн Кудайдын Сөзүнүн жардамы менен чоң өзгөрүүлөрдү кылып жатканы таң калыштуу эмес. Бул 1-кылымда асманда жашоого үмүттөнгөн бир туугандарды эске салат. (Оку: 1 Корунттуктар 6:9—11.) Кудайдын Падышалыгын кандай адамдар мурастабай турганын санап өткөндөн кийин элчи Пабыл: «Кээ бирлериңер мурун ушундай адамдардан элеңер»,— деген. Бирок алар Ыйык Жазманын жана Кудайдын ыйык рухунун жардамы менен өзгөрүшкөн. Өкүнүчтүүсү, чындык жолуна түшкөндөн кийин деле кээ бирлери туура эмес иштерди кылып, Жахаба менен болгон мамилесин бузуп алышкан. Алсак, Ыйык Китепте бир майланган ишенимдешибиздин жыйналыштан чыгарылып, кийин кайра кабыл алынганы жөнүндө айтылат (1 Кор. 5:1—5; 2 Кор. 2:5—8). Бир туугандардын кандай кыйынчылыктарга дуушар болгону жана аларды Кудайдын Сөзүнүн жардамы менен кантип жеңгени тууралуу ой жүгүртүү бизди абдан бекемдейт.

3. Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

3 Ыйык Китеп ушунчалык зор күчкө ээ болгондуктан жана Кудай аны бизге бергендиктен, аны мүмкүн болушунча жакшы колдонгубуз келет (2 Тим. 2:15). Ушул макалада Кудайдын Сөзүн 1) жеке жашообузда, 2) кызматта жана 3) секичеден окутканда көбүрөөк таасир эткидей кылып кантип колдонсок болорун карап чыгабыз. Бул бизге баарыбызды пайдалуу нерселерге үйрөтүп жаткан асмандагы мээримдүү Атабызды сүйөрүбүздү, ага ыраазы экенибизди көрсөтүүгө жардам берет (Ыш. 48:17).

ЖЕКЕ ЖАШООБУЗДА

4. а) Кудайдын Сөзү таасир этиши үчүн, эмне кылышыбыз керек? б) Сен Ыйык Китепти кайсы маалда окуйсуң?

4 Кудайдын Сөзү бизге таасир этиши үчүн, аны дайыма, мүмкүн болсо, күн сайын окушубуз керек (Жаш. 1:8). Албетте, көбүбүздүн ишибиз чачтан көп болгондуктан, убактыбыз аябай тар. Анткен менен эч нерсенин, атүгүл маанилүү жоопкерчиликтерибиздин да Ыйык Китепти күн сайын окуганга тоскоолдук кылышына жол бербешибиз керек. (Оку: Эфестиктер 5:15, 16.) Жахабанын кызматчыларынын көбү анын Сөзүн күн сайын окуш үчүн тапкычтык кылышат. Кээ бири таң эртең менен окуса, кээ бири кечке маал же күндүз окушат. Алар: «Мыйзамыңды кандай гана жакшы көрөм! Ал тууралуу эртеден кечке ой жүгүртөм»,— деп жазган забурчунукундай сезимде болушат (Заб. 119:97).

5, 6. а) Ой жүгүртүү эмне үчүн маанилүү? б) Көбүрөөк пайда алыш үчүн кантип ой жүгүртсөк болот? в) Кудайдын Сөзүн окуудан, ой жүгүртүүдөн кандай пайда алып жатасың?

5 Ыйык Китепти окугандан сырткары, билгендерибиз тууралуу ой жүгүрткөнүбүз да маанилүү (Заб. 1:1—3). Ошондо гана анда жазылган даанышман кеңештерди жашообузда кантип колдонсок болорун биле алабыз. Ыйык Жазманын кагаз түрүндөгүсүн окуйбузбу же электрондук түрүнбү, биздин максатыбыз андагы сөздөрдү жүрөгүбүзгө көчүрүп алуу болушу керек.

6 Көбүрөөк пайда алыш үчүн кантип ой жүгүртсөк болот? Көптөр Ыйык Китептен үзүндү окугандан кийин токтоп: «Мындан Жахаба жөнүндө эмнелерди билүүгө болот? Бул жерде камтылган принциптерди кандай жолдор менен колдонуп жатам? Кайсы жактардан жакшырышым керек?» — деген сыяктуу суроолордун үстүнөн ой жүгүртүү пайдалуу болорун байкашкан. Эгер Кудайдын Сөзүнөн окугандарыбыз тууралуу тиленүү менен ой жүгүртсөк, андагы кеңештерди дагы жакшыраак колдонгонго түрткү алабыз. Ошондо Кудайдын Сөзү жашообузга дагы күчтүүрөөк таасир этет (2 Кор. 10:4, 5).

КЫЗМАТТА

7. Кызматта Кудайдын Сөзүн канткенде натыйжалуу колдоно алабыз?

7 Кызматта жүргөндө Кудайдын Сөзүн натыйжалуу колдонуш үчүн эмне кылсак болот? Мунун бир жолу — кабар айтканда, изилдөө өткөргөндө аны мүмкүн болушунча көп колдонуу. Бир ишенимдешибиз: «Жахаба менен чогуу үймө-үй кабар айтсаң, өзүң эле сүйлөй берет белең же ага да сөз берет белең?» — деген. Ал муну менен эмнени баса белгилегиси келген? Кызматта жүргөндө Ыйык Китептин өзүнөн окуп берсек, Жахабага үй ээси менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берген болобуз. Кылдат тандалган аяттар биздин сөзүбүзгө караганда алда канча күчтүү таасир этет (1 Тес. 2:13). Андыктан: «Кабар айтканда Кудайдын Сөзүнөн окуп бериш үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдономбу?» — деп ойлонуп көр.

8. Эмне үчүн аяттарды жөн эле окуп берип койбошубуз керек?

8 Аяттарды жөн эле окуп берип коюу жетишсиз. Эмне үчүн? Анткени көптөр Ыйык Китепте жазылгандарды жакшы түшүнө бербейт же такыр эле түшүнбөйт. 1-кылымда да ушундай болгон, азыр да ушундай (Рим. 10:2). Ошондуктан аят окуп берип койсок эле, бизди угуп жаткан киши анын маанисин түшүнүп калат деп ойлобошубуз керек. Анын ордуна, аяттагы негизги сөздөрдү баса белгилеп, мисалы, кайра окуп, маанисин түшүндүрүп бергенибиз оң. Ушундай кылсак, Кудайдын Сөзү алардын акылы менен жүрөгүнө терең таасир этет. (Оку: Лука 24:32.)

9. Аят окуп берерде адамга Ыйык Китепти баалоого түрткү бериш үчүн эмне кылсак болот? Мисал келтир.

9 Кимдир бирөөгө аят окуп берерде ага Ыйык Китепти баалоого түрткү бергидей сөздөрдү колдонгонубуз жакшы. Мисалы: «Буга карата Жараткандын көз карашын билип көрбөйлүбү»,— десек болот. Христиан дининен башка динди туткандарга кезигип калганда: «Бул тууралуу Ыйык Жазмада эмне делерине көңүл бурсаңыз»,— деп айтсак, ал эми динге кызыкпаган бирөө менен сүйлөшкөндө: «Байыркы убакта жазылган бул сөздөрдү уктуңуз беле?» — деп сурасак болот. Ооба, ар бир адамдын өзүнчө инсан экенин эске алып, ошого жараша сөз баштаганыбыз маанилүү (1 Кор. 9:22, 23).

10. а) Бир ишенимдешибиздин окуясын айтып бер. б) Кызматта жүргөндө Кудайдын Сөзү адамга күчтүү таасир этерин көрсөткөн кандай окуяга күбө болгонсуң?

10 Көптөр кабар айтканда Кудайдын Сөзүнөн окуп берүү маектешип жаткан адамга жакшы таасир этерин байкашкан. Бир ишенимдешибиздин окуясына токтололу. Ал көп жылдан бери биздин журналдарды окуп жүргөн улгайган бир кишиге кайра жолугууга барган. Ага «Күзөт мунарасынын» акыркы санын берип эле кетип калбастан, анда келтирилген аятты окуп берүүнү чечкен. Ал ага 2 Корунттуктар 1:3, 4төгү: «Боорукердиктин Атасы жана ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай... бизди, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, сооротот»,— деген сөздөрдү окуп берген. Аябай таасирленгендиктен ал киши бир тууганыбыздан аятты дагы бир жолу окуп беришин суранган. Анан аялы экөөнүн сооротууга абдан муктаж болуп жүргөнүн жана Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгиси келерин айткан. Ырас, Кудайдын Сөзүн кызматта колдонуу башкаларга күчтүү таасир этет (Элч. 19:20).

СЕКИЧЕДЕН ОКУТКАНДА

11. Секичеден окуткан бир туугандарга кандай жоопкерчилик артылган?

11 Баарыбызга жыйналыштарга, жыйындарга барган аябай жагат. Биз аларга, негизинен, Жахабага сыйыныш үчүн барабыз. Ошондой эле ал жактан Ыйык Жазмага негизделген пайдалуу кеңештерди угабыз. Бир туугандар секичеден окутууну сыймык катары көрүшөт. Бирок анын олуттуу жоопкерчилик экенин да эстен чыгарбашы керек (Жкп. 3:1). Алар айткан сөздөрүн толугу менен Ыйык Китепке негиздеши талап. Эгер сага да ушундай тапшырма берилсе, Кудайдын Сөзү угармандарыңа таасир этиши үчүн, эмне кылсаң болот?

12. Баяндамачы сөзүн Ыйык Жазмага негиздеш үчүн эмне кылса болот?

12 Баяндамаңдын өзөгүн Ыйык Китепте айтылгандар түзүшү кажет (Жкн. 7:16). Бул эмнени билдирет? Угармандарың сен айтып берген окуяларга, мисалдарга же сүйлөө стилиңе эмес, Ыйык Китепке көбүрөөк көңүл бургудай болушу керек. Ошондой эле аяттарды жөн эле окуп берип коюу Ыйык Китептин негизинде окутууга жатпай турганын унутпа. Өтө эле көп аят колдонсоң, угармандарың алардын бирин да эстеп калбашы мүмкүн. Андыктан негизги аяттарды кылдат танда жана аларды окуп, түшүндүрүп, мисал менен бышыктап, кантип колдонсо болорун көрсөт (Нек. 8:8). Уюм даярдап берген планга негизделген баяндама айта турган болсоң, ал планды жана анда келтирилген аяттарды изилдеп чык. Планда жазылгандар менен аяттардын байланышын түшүнгөнгө аракет кыл. Анан аяттардын айрымдарын тандап алып, пландагы ойлорду ачып бериш үчүн колдон. (Буга байланыштуу пайдалуу кеңештерди «Теократиялык кызмат мектебинен пайда алалы» китебинин 21—23-бөлүмдөрүнөн таба аласың.) Баарынан да Жахабадан анын Сөзүндөгү баалуу ойлорду угармандарга жеткирүүгө жардам беришин сурап тилен. (Оку: Эзра 7:10; Накыл сөздөр 3:13, 14.)

13. а) Бир эжеге жыйналыштан окулган аяттардын бири кандай таасир эткен? б) Жыйналышта колдонулган аяттардан кандай пайда алып жатасың?

13 Австралияда жашаган бир эженин бала чагы аябай оор болгон. Кийин ал Ыйык Китептеги чындыкты кабыл алып, өмүрүн Жахабага арнаган. Анткен менен ага Жахабанын аны жакшы көрөрүнө ишенүү кыйын болгон. Бирок убакыттын өтүшү менен Кудайдын аны сүйөрүнө ынанган. Эмнеден улам? Ага жыйналыштан окулган аяттардын бири күчтүү таасир эткен. Ал ошол аят тууралуу ой жүгүртүп, ага байланышы бар башка аяттарды да окуган. Ошондо анын ою түп-тамыры менен өзгөргөн *. Сага да жыйналыштан, жыйындардан окулган аяттар күчтүү таасир эткен учурлар болду беле? (Нек. 8:12).

14. Кудайдын Сөзү үчүн ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

14 Жахабага Ыйык Китепти бергени үчүн кандай гана ыраазыбыз! Ал өзүнүн Сөзүн адамзат үчүн жаздырып эле койбостон, аны түбөлүккө сактайм деген убадасын аткарып келатат (1 Пет. 1:24, 25). Андыктан Кудайдын Сөзүн дайыма окуп, жашообузда жана башкаларга жардам берүүдө колдонгонубуз маанилүү. Ушундай кылуу менен ал баа жеткис белекти эле эмес, баарынан да, анын автору болгон Жахаба Кудайды сүйөрүбүздү жана ага ыраазы экенибизди көрсөтөбүз.

^ 13-абз. « Ою түп-тамыры менен өзгөргөн» деген кутучаны кара.