Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайыбыздын сөзү түбөлүккө калат»

«Кудайыбыздын сөзү түбөлүккө калат»

«Чөп куурап, гүл соолуйт, ал эми Кудайыбыздын сөзү түбөлүккө калат» (ЫШ. 40:8).

ЫРЛАР: 95, 97

1, 2. а) Ыйык Китеп жок болсо, жашоо кандай болмок? б) Канткенде Кудайдын Сөзүнөн толук пайда ала алабыз?

ЫЙЫК КИТЕП жок болсо, жашооңдун кандай болмоктугун элестете аласыңбы? Анда күндөлүк турмушуңда колдонорлук даанышман кеңештерди таба алмак эмессиң. Кудайга, жашоого жана келечекке байланыштуу суроолоруңа канааттандырарлык жооп ала албайт болчусуң. Ошондой эле Жахабанын мурунку убактагы адамдарга кандай мамиле кылганын билбей калмаксың.

2 Бактыга жараша, бизде Кудайдын Сөзү, Ыйык Китеп, бар. Жахаба аны биз үчүн жаздырып койгон. Ал анда жазылгандардын түбөлүккө каларына кепилдик берген. Буга байланыштуу элчи Петир Ышая 40-бөлүмдүн 8-аятынан үзүндү келтирген. Албетте, ал аятта Ыйык Китептин өзү жөнүндө айтылган эмес, бирок андагы ыйык рухтун жетеги менен жазылган сөздөрдү кеңири мааниде Ыйык Китептеги кабарга карата колдонсо болот. (Оку: 1 Петир 1:24, 25.) Кудайдын Сөзүн өзүбүз түшүнгөн тилде окуганда гана андан толук пайда алабыз. Аны жакшы көргөндөр муну тээ илгертен бери эле түшүнүп келишкен. Оңойго турбаса да, көптөгөн кылымдар бою жүрөгү таза адамдар Ыйык Жазманы которууга, таратууга бүт күчүн жумшашкан. Алардын каалоосу «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалаган» Жахабанын эркине шайкеш келген (1 Тим. 2:3, 4).

3. Бул макалада эмнени карап чыгабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

3 Бул макалада 1) тилдин өзгөргөнүнө, 2) саясий өзгөрүүлөргө жана 3) Ыйык Китепти которууга көрсөтүлгөн каршылыктарга карабай Кудай аны кантип сактап келгенин карайбыз. Мунун кандай пайдасы бар? Кудайдын Сөзүн ого бетер баалоого түрткү алабыз. Ошондой эле биздин пайдабыз үчүн жазылган Ыйык Китептин Авторуна болгон сүйүүбүз өсөт (Мик. 4:2; Рим. 15:4).

ТИЛДИН ӨЗГӨРҮШҮ

4. а) Тил убакыттын өтүшү менен кандайча өзгөрүп турат? б) Кудайыбыздын бет карама эмес экенин каяктан билебиз жана бул сага кандай таасир этет?

4 Тил убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турат. Мурда колдонулган сөздөр, сөз айкаштары кийин таптакыр башка маанини туюнтуп калышы мүмкүн. Балким, сен өзүң сүйлөгөн тилдин кантип өзгөрүп келгенин байкаган чыгарсың. Ыйык Китептин көп бөлүгү жазылган еврей жана грек тилдери жөнүндө да ушуну айтууга болот. Азыркы еврей жана грек тилдери Ыйык Китеп жазылган убактагыга караганда кыйла айырмаланат. Андыктан Кудайдын Сөзүн түшүнгүсү келгендер, атүгүл азыркы еврей жана грек тилдерин билгендер да анын котормосун окушу керек. Айрымдар Ыйык Китептин түп нускасын окуп-түшүнүш үчүн байыркы еврей жана грек тилдерин үйрөнүшүм керек деп эсептешет. Бирок бул аларга өздөрү элестеткенчелик жардам бербеши мүмкүн *. Кубанычтуусу, Ыйык Китеп толугу менен же анын кээ бир бөлүктөрү учурда 3 000ден ашык тилге которулган. Ооба, Жахаба бардык улуттардын, уруулардын, ар кандай тилдерде сүйлөгөндөрдүн анын Сөзүн окуп, пайда алышын каалайт. (Оку: Аян 14:6.) Бул сага мээримдүү, бет карама эмес Кудайыбызга ого бетер жакындоого түрткү бербейби? (Элч. 10:34).

5. «Король Яковдун Ыйык Китеби» эмнеси менен баалуу болгон?

5 Тилдин өзгөрүшү Ыйык Китептин котормолоруна да таасир этип келет. Кайсы бир тилдеги Ыйык Китептин алгачкы котормосу башында түшүнүктүү болгону менен, кийин анча түшүнүксүз болуп калышы ыктымал. Мисалга Ыйык Китептин англис тилиндеги котормосун алалы. «Король Яковдун Ыйык Китеби» биринчи жолу 1611-жылы басылган. Ал англисче Ыйык Китептердин эң белгилүүсү болгон жана англис тилине күчтүү таасир эткен *. Бирок анда Кудайдын ысмына көп деле басым жасалган эмес. «Жахаба» деген ысым бир нече эле аятта кездешкен, ал эми Еврей Жазмаларынын Кудайдын ысмы турушу керек болгон башка жерлерине чоң тамгалар менен «ТЕҢИР» деп жазылган. «Король Яковдун Ыйык Китебинин» кийинки басылыштарында Грек Жазмаларынын айрым аяттарында да чоң тамгалар менен жазылган «ТЕҢИР» деген сөз колдонулган. Ушундайча ал котормодо Ыйык Китептин көптөр Жаңы Келишим деп атап койгон бөлүгүндө Кудайдын ысмы тийиштүү ордунда турушу керектиги көрсөтүлгөн.

6. Эмне себептен «Жаңы дүйнө котормосу» үчүн ыраазыбыз?

6 Анткен менен «Король Яковдун Ыйык Китебиндеги» сөздөрдүн көбү кылымдар өткөндөн кийин эскирип калган. Ыйык Китептин башка тилдердеги алгачкы котормолору тууралуу да ушуну айтууга болот. Андыктан азыркы тилге которулган «Жаңы дүйнө котормосу» үчүн абдан ыраазыбыз. Ал толугу менен же жарым-жартылай 150дөн ашуун тилде жарык көргөн, ошол себептен бүгүнкү күндө аны жер калкынын басымдуу бөлүгү окуй алат. Анда түшүнүктүү сөздөр колдонулгандыктан, окуган адамдын жүрөгү козголот (Заб. 119:97). Эң маанилүүсү, «Жаңы дүйнө котормосунда» Кудайдын ысмы тийиштүү жерлердин баарында кездешет.

САЯСИЙ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

7, 8. а) Б.з.ч. 3-кылымда жүйүттөрдүн көбү эмне үчүн еврей тилин түшүнбөй калган? б) «Септуагинта» деген эмне?

7 Кээде саясий өзгөрүүлөр кайсы тилдин жалпы эл сүйлөгөн орток тил болоруна таасир эткен. Ошондой өзгөрүүлөрдөн улам адамдар Ыйык Китепти түшүнбөй калбашы үчүн, Кудай эмне кылган? Бул суроого жооп алуу үчүн тарыхка сереп салалы. Ыйык Жазманын алгачкы 39 китебин жазууга ысрайылдык кишилер, башкача айтканда, жүйүттөр катышкан. «Кудайдын ыйык сөздөрү» алгач ысрайылдыктарга берилген болчу (Рим. 3:1, 2). Бирок б.з.ч. 3-кылымда жүйүттөрдүн көбү еврей тилин түшүнбөй калган. Эмне үчүн? Себеби Искендер Зулкарнайн басып алган жерлеринин баарын Греция империясына караткан (Дан. 8:5—7, 20, 21). Ал империя кеңейген сайын, грек тили ага баш ийген элдердин көбүнүн, анын ичинде империянын ар кайсы жагына чачырап кеткен жүйүттөрдүн да орток тилине айланган. Жүйүттөрдүн көпчүлүгү грек тилинде сүйлөп калгандыктан, Еврей Жазмаларын түшүнүү алар үчүн бир топ эле кыйын болуп калган. Бул көйгөй кантип чечилген?

8 Б.з.ч. 3-кылымдын орто чендеринде Ыйык Китептин алгачкы беш китеби еврей тилинен грек тилине которулган. Ал эми Еврей Жазмаларынын калган бөлүгү б.з.ч. 2-кылымда которулуп бүткөн. Ал «Септуагинта» деп белгилүү болуп калган жана Еврей Жазмаларынын алгачкы толук котормосу болуп саналат.

9. а) «Септуагинта» жана башка алгачкы котормолор Кудайдын Сөзүн окугандарга кандай таасир эткен? б) Сага Еврей Жазмаларындагы кайсы билдирүү өзгөчө жагат?

9 «Септуагинта» грекче сүйлөгөн жүйүттөрдүн жана башкалардын Еврей Жазмаларын грек тилинде окуй алышына шарт түзгөн. Кудайдын Сөзүн эне тилинде угуп, окуй алганы алар үчүн канчалык жүрөк толкутарлык болгонун элестетсең! Кийинчерээк Ыйык Китептин бөлүктөрү сирия, гот, латын сыяктуу тилдерге да которулган. Көптөр Ыйык Жазманы өздөрү түшүнгөн тилде окуй баштаганда, биз сыяктуу эле, анын айрым бөлүктөрүн өзгөчө жакшы көрүп калганы шексиз. (Оку: Забур 119:162—165.) Ооба, жалпы эл сүйлөгөн тилдер өзгөрүп келсе да, Кудайдын Сөзү жок болуп кеткен эмес.

ЫЙЫК КИТЕПТИН КОТОРУЛУШУНА КАРШЫЛЫК КӨРСӨТҮЛҮШҮ

10. Жон Уиклифтин убагында эмне үчүн элде Ыйык Китеп болгон эмес?

10 Ыйык Китепти карапайым эл окуй албашы үчүн, айрым учурларда чоң бийликке ээ адамдар катуу каршылык көрсөтүшкөн. Бирок жүрөгү таза кишилер андай каршылыктарга туруштук беришкен. Мисалга 14-кылымда жашаган Жон Уиклиф деген теологду алалы. Ал Ыйык Китепти ар бир адам окуп, пайда алышы керек деп эсептеген. Бирок анын убагында Англиядагы жөнөкөй эл Ыйык Китепке ээ боло алган эмес. Эмне үчүн? Мунун бир себеби, алардын Ыйык Китеп сатып алууга каражаты жок болчу. Ал учурда Ыйык Китептин көчүрмөлөрү колго жасалгандыктан, кымбатка турчу. Анын үстүнө, көпчүлүк кат-сабатсыз эле. Албетте, алар Ыйык Китепте жазылгандарды чиркөөгө барганда угушу мүмкүн болчу. Бирок уккандарын түшүнгөнү күмөн. Эмне себептен? Анткени чиркөөдө колдонулган Ыйык Китеп («Вульгата») латын тилинде болчу. Орто кылымдарда латын тили өлүү тилге айланып, карапайым элдин арасында колдонулбай калган. Анда Ыйык Китептеги баа жеткис кенч аларга кантип ачылып берилмек? (Накыл 2:1—5).

Жон Уиклиф жана башкалар Ыйык Китепти ар бир кишиге жеткирүүнү самашкан. Сенде да ошондой каалоо барбы? (11-абзацты кара)

11. Уиклифтин Ыйык Китеби элге кандай таасир эткен?

11 1382-жылы кийин Уиклифтин Ыйык Китеби деп белгилүү болуп калган англис тилиндеги котормо жарык көргөн. Ал тез эле Уиклифтин жолдоочуларынын арасында көп колдонулган китепке айланган. Кудайдын Сөзүн карапайым элдин акылына, жүрөгүнө жеткирүүнү абдан самагандыктан жер кезген ал кабарчылар Англиянын бүт кыштактарын жөө кыдырып чыгышкан. Алар лолларддар деп белгилүү болгон. Лолларддар көп учурда өздөрү кезиктирген кишилерге Уиклифтин Ыйык Китебинен окуп берип, колго жазылган көчүрмөлөрүн калтырып кетишчү. Алардын жумшаган күч-аракетинин аркасында элдин Ыйык Китепке болгон кызыгуусу кайрадан жанданган.

12. Диний жетекчилер Уиклифке жана анын жүргүзгөн ишине кандай карашкан?

12 Тилекке каршы, диний жетекчилер Жон Уиклифти, анын Ыйык Китебин жана жолдоочуларын жек көрүшкөн. Ошол себептен лолларддарды куугунтукташкан. Алар Уиклифтин Ыйык Китебинин көчүрмөлөрүн табыш үчүн бардык жерди тинтип, тапкандарын жок кылышкан. Атүгүл Уиклиф өлгөндөн кийин да аны еретик деп жарыялашкан. Албетте, көзү өтүп кеткен кишини жазалоо мүмкүн эмес болчу. Бирок диний жетекчилер анын сөөгүн каздырып, өрттөшкөн да, күлүн Свифт дарыясына чачып салышкан. Анткен менен алар Кудайдын Сөзүн окуп, түшүнүүнү эңсеген адамдардын каалоосун өчүрө алышкан эмес. Андан кийинки кылымдарда Европадагы жана башка өлкөлөрдөгү көптөгөн адамдар Ыйык Китепти которуп, таратууга аракет кыла башташкан.

«СЕНИ ПАЙДАЛУУ НЕРСЕГЕ ҮЙРӨТӨТ»

13. Эмнеден шектенбесек болот жана бул ишенимибизди кандайча бекемдейт?

13 Ыйык Китеп Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган. Бирок бул «Септуагинта», Уиклифтин Ыйык Китеби, «Король Яковдун Ыйык Китеби» же дагы башка котормолор ыйык рухтун жетеги менен которулган дегенди билдирбейт. Ошентсе да ушул жана башка котормолордун тарыхын изилдей турган болсок, бир нерсени айкын түшүнөбүз: Жахаба убадасына туруп, өзүнүн Сөзүн сактап келген. Бул анын башка убадаларынын да сөзсүз аткарыларына болгон ишенимиңди бекемдебейби? (Жаш. 23:14).

14. Кудайдын Сөзү ага болгон сүйүүбүздү кандайча тереңдетет?

14 Ыйык Китептин кылымдар бою кандайча сакталып келгенин карап чыгуу ишенимибизди чыңдагандан тышкары, Жахабага болгон сүйүүбүздү тереңдетет *. Кудай бизге эмне үчүн өзүнүн Сөзүн берген? Аны сактай турганын эмне себептен убада кылган? Анткени ал бизди жакшы көрөт жана пайдалуу нерсеге үйрөткүсү келет. (Оку: Ышая 48:17, 18.) Андыктан биз да анын сүйүүсүнө сүйүү менен жооп кайтарып, буйруктарына баш ийгенибиз маанилүү (1 Жкн. 4:19; 5:3).

15. Кийинки макалада эмнелерди карап чыгабыз?

15 Биз Кудайдын Сөзүн жогору баалагандыктан андан толук пайда алгыбыз келет. Аны өз алдынча окуудан көбүрөөк пайда алууга эмне жардам берет? Кызматта жүргөндө канткенде адамдардын көңүлүн Ыйык Китепке бура алабыз? Сахнадан окуткандар Кудайдын Сөзүнө басым жасаш үчүн эмне кылса болот? Бул суроолордун жообун кийинки макаладан билебиз.

^ 4-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 2009-жыл, 1-ноябрь, «Еврей жана грек тилдерин үйрөнүшүң керекпи?», ор.

^ 5-абз. Англис тилиндеги көптөгөн идиомалар «Король Яковдун Ыйык Китебинен» алынган. Алардын айрымдары булар: «жүзтөмөндөп жыгылуу», «тишимдин териси», «жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө» (Сан. 22:31; Аюп 19:20; Заб. 62:8).

^ 14-абз. « Миң уккандан бир көргөн» деген кутучаны кара.