Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Рухий бир туугандар менен кызматташуу мен үчүн зор бата

Рухий бир туугандар менен кызматташуу мен үчүн зор бата

АТАМ менен апам, Жеймс менен Жесси Синклер, 1935-жылдары Нью-Йорктогу Бронкс деген районго көчүп барыптыр. Ал жактан алгачкылардан болуп Уилли Снеддон деген киши менен таанышышыптыр. Ал да Шотландиядан көчүп барган экен. Жолуккандан бир нече мүнөт өтүп-өтпөй эле үчөө өздөрүнүн үй-бүлөсү жөнүндө сүйлөшүп киришиптир. Ошондон бир нече жыл өткөндөн кийин мен төрөлгөм.

Апам Уиллиге Биринчи дүйнөлүк согуш тутанар алдында атасы менен агасынан айрылганын айтып бериптир. Алар Түндүк деңизде балык кармап жатканда, кайыгы минага тийип кетип, чөгүп кетишкен экен. Уилли апама: «Атаң азыр тозокто»,— дептир. Уилли Жахабанын Күбөсү болчу. Анын төбө чачты тик тургузган ошол сөздөрүнөн улам апам Ыйык Китептеги чындыкты биле баштаган экен.

Уилли менен Лиз Снеддон

Апам атасынын жакшы киши болгонун билгендиктен Уиллинин айткандары ага катуу тийиптир. Бирок Уилли: «Иса да тозокто болгон десем, бул сизди сооротот беле?» — деп сураптыр. Ошондо апам чиркөөнүн окуусун эстеген экен. Ал окууга ылайык, Иса өлгөндөн кийин тозокко түшүп, үч күндөн кийин тирилген. Ошол себептен апам: «Эгер тозок ыймансыздар кыйнала турган оттуу жай болсо, анда эмне үчүн Иса ал жакка түшкөн?» — деп таң калыптыр. Ошондон тартып ал чындыкка кызыгып, жыйналыштарга бара баштаптыр жана 1940-жылы чөмүлүптүр.

Апам менен; кийин атам менен

Ал убакта ата-энелерди балдары менен Ыйык Китепти изилдөөгө көп үндөшчү эмес. Там-туң басып калган кезимде апам дем алыш күндөрү жыйналышка, кызматка кеткенде, мени атам карап калчу экен. Бир канча жылдан кийин атам экөөбүз да апам менен жыйналышка бара баштадык. Апам кабар айтуу ишине жигердүү катышар эле. Ал бир нече киши менен изилдечү. Алар бири-бирине жакын жашагандыктан, айрым учурларда апам баарын чогултуп алып изилдөө өтө турган. Каникул убагында апам менен чогуу кабарга чыгып турчумун. Ошонун аркасында Ыйык Китеп тууралуу көбүрөөк билип, андагы чындыкты башкаларга кантип окутса болорун үйрөндүм.

Кичинекей кезимде чындыкты көп баалабаганыма өкүнөм. Аны боло жүргөн нерседей эле көрчүмүн. Бирок 12 жаштарымда жарчы болуп, ошондон кийин кызматка дайыма катыша баштадым. 16га чыкканда өмүрүмдү Жахабага арнап, 1954-жылы 24-июлда Канаданын Торонто шаарында өткөн жыйында чөмүлдүм.

БЕЙТЕЛДИК КЫЗМАТЫМ

Жыйналышыбызда мурда Бейтелде кызмат кылган же кылып жаткан бир туугандар бар болчу. Алар мага жакшы таасир этчү. Ал бир туугандардын Ыйык Китептеги чындыкты чебердик менен окутканына, түшүндүргөнүнө аябай суктанар элем. Мугалимдерим жогорку окуу жайына тапшыр дей беришчү, бирок мен Бейтелде кызмат кылгым келчү. Ошон үчүн Торонтодо өткөн жыйында Бейтелге арыз толтурдум. 1955-жылы Нью-Йорк шаарындагы «Янки» стадионунда болгон жыйында дагы бир жолу арыз толтурдум. Ошондон көп өтпөй эле 1955-жылы 19-сентябрда 17 жашымда Бруклиндеги Бейтелге чакырылдым. Барган күндүн эртеси Адамс-стрит 117деги китеп мукабалаган жерде иштей баштадым. Андан кийин китептерди 32 беттен кылып чогулта турган машинеде иштегенди үйрөндүм. Биз даярдап берген бөлүктөрдү башка машинеде бир китеп кылып тигишчү.

17 жашымда Бруклиндеги Бейтелге чакырылгам

Мукабалаган жерде бир айдай иштеген соң мени журналдар бөлүмүнө дайындашты, анткени терип жазганды билчүмүн. Ошол убакта бир туугандар «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарын алып турууга жазылгандардын дарегин трафаретке (кичинекей металл тактайчага) терип жазышчу. Бир нече айдан кийин жөнөтүү бөлүмүндө иштей баштадым. Бөлүмдүн көзөмөлчүсү Клаус Женсен бир тууган менден адабияттарды жүк ташуучу машине менен кеме жайларга жеткирген бир тууганды коштоп барып тура алар-албасымды сурады. Ал жактан болсо адабияттар дүйнө жүзүнө жеткирилчү. Ал бөлүмдө кызмат кылгандар, мүшөктөргө салынган журналдар Кошмо Штаттардагы жыйналыштарга жетиши үчүн, аларды почтого да алып барышчу. Клаус бир тууган мага кара жумуш пайдалуу болорун айтты. Ошол кезде мен 57 килограммдай эле болчумун. Шыргыйдай арык элем. Журналдарды кеме жайларга, почтого ташыгандын аркасында күчкө толо баштадым. Клаус байке мага эмне жакшы болорун билген окшойт.

Журналдар бөлүмү жыйналыштардын заказдарын да аткарчу. Ошондон улам Бруклинде басылып, дүйнө жүзүнө жөнөтүлгөн журналдардын канча тилде чыгарын билдим. Мурун ал тилдердин көбүн такыр укпаптырмын. Он миңдеген журналдарыбыздын жердин булуң-бурчуна жетип жатканына аябай кубандым. Ошол убакта кийин ал жерлердин көбүн кыдырам деп эч ойлогон эмесмин.

Роберт Уоллен, Чарлз Молохен жана Дон Адамс менен

1961-жылы Грант Сьютер көзөмөл кылган Казына кеңсесине дайындалдым. 2 жылдан кийин мени ошол убакта дүйнө жүзүндөгү кабар айтуу ишин жетектеген Нейтан Норр бир тууган чакырып калды. Ал анын кеңсесиндеги бир туугандардын бири Падышалык кызмат мектебинен бир ай билим алууга чакырылганын, бүткөндөн кийин кызмат бөлүмүнө дайындаларын айтты. Ошентип, ал бир туугандын кызматын аркалап, Дон Адамс менен кызматташа баштадым. Көрсө, 1955-жылы жыйында Бейтелге толтурган арызымды так ошол Дон бир тууган караган экен. Ал бөлүмдө Роберт Уоллен менен Чарлз Молохен да кызмат кылчу. Төртөөбүз 50 жылдан ашуун убакыт бирге эмгектендик. Ушундай рухий бир туугандар менен кызматташуудан зор кубаныч алчумун! (Заб. 133:1).

Зоналык көзөмөлчү катары биринчи жолу Венесуэлага барганда, 1970-жыл

1970-жылдан тартып жыл сайын же эки жылда бир жолу Күзөт мунарасы коомунун айрым филиалдарын кыдыруу үчүн бир нече жумага кете баштадым. Ал кезде филиалдарды кыдыргандар зоналык көзөмөлчү деп аталчу. Алар дүйнө жүзүндөгү Бейтел үй-бүлөлөрүн, миссионерлерди рухий жактан бекемдеп, филиалдын кандай иш жүргүзүп жатканын текшеришчү. Филиалдарга барганда Гилат мектебинин алгачкы класстарын бүтүргөн айрым бир туугандардын дайындалган жеринде ишенимдүү кызмат кылып жатканын көрүп аябай сүйүнчүмүн. Ушул кызматтын аркасында 90дон ашуун өлкөнү кыдыруу мен үчүн зор сыймык болду, кубаныч да тартуулады.

90дон ашуун өлкөнү кыдыруу кубаныч тартуулады

ИШЕНИМДҮҮ ЖАР ТАПТЫМ

Бруклиндеги Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнүн баары Нью-Йорк шаарындагы жыйналыштарга дайындалган болчу. Мен Бронкстогу жыйналышта кызмат кылчумун. Кийин ошол биринчи жыйналыш өсүп, бөлүнгөндөн кийин «Жогорку Бронкс жыйналышы» деп аталып калды. Мен ошол жыйналышта калдым.

Чындыкты Бронкстун түштүгүнөн угуп, Жахабанын Күбөлөрү болгон латыш улутундагы бир үй-бүлө 1965-жылдары биздин жыйналыштын аймагына көчүп келди. Улуу кызы Ливия мектепти бүтөрү менен үзгүлтүксүз пионер болду. Бир нече айдан кийин жарчылар көбүрөөк керек болгон жерде кызмат кылыш үчүн Массачусетске көчүп кетти. Ага жыйналышта эмне жаңылык болуп жатканын жаза баштадым. Ал болсо мага Бостондогу кызматы, кандай ийгиликтерге жетип жатканы жөнүндө жазып турчу.

Ливия экөөбүз

Ливия бир нече жылдан кийин атайын пионер болуп дайындалды. Ал Жахабага мүмкүн болушунча көбүрөөк кызмат кылгысы келгендиктен Бейтелге арыз толтуруп, 1971-жылы чакырылды. Ошондо Жахаба мага белги берип жаткандай сезилди. 1973-жылы 27-октябрда экөөбүз баш коштук. Үйлөнүү үлпөтүбүзгө арналган баяндаманы Норр бир тууган айтты. Накыл сөздөр 18:22де: «Ким жакшы аял тапса, ал ырыс тапты, Жахабанын ырайымына ээ болду»,— деп жазылган. Жубайым экөөбүз Бейтелде 40 жылдан ашуун убакыттан бери чогуу кызмат кылып келатабыз. Дагы деле Бронкстогу жыйналыштардын бириндебиз.

МАШАЯКТЫН БИР ТУУГАНДАРЫ МЕНЕН ИЙИНДЕШ ТУРУП КЫЗМАТ КЫЛЫШЫМ

Норр бир тууган менен кызматташкан аябай жакчу. Ал чындык үчүн талыкпай эмгектенчү жана дүйнө жүзүндөгү миссионерлерди жогору баалаар эле. Алардын көбү өздөрү дайындалган өлкөлөрдөгү эң алгачкы Жахабанын Күбөлөрүнөн болушкан. 1976-жылы Норр бир туугандын рак менен ооруп калганына жаман болдум. Ал төшөктөн турбай калганда менден басууга даярдалып жаткан материалдарды окуп берип турушумду суранды. Фредерик Френц бир тууган да угушу үчүн, аны да чакырууну айтты. Көрсө, анын көзү начар көргөндүктөн, Норр бир тууган ага ушундай материалдарды окуп берүүгө көп убактысын арначу экен.

Дэниел жана Марина Сидлик менен зоналык кызматта, 1977-жыл

Норр бир тууган 1977-жылы көз жумду. Бирок аны жакшы билген, жакшы көргөн бир туугандарды анын жердеги жашоосунун акырына чейин ишенимдүүлүгүн сактаганы сооротту (Аян 2:10). Норрдун ордуна кабар айтуу ишин Френц бир тууган жетектей баштады.

Ошол учурда мен Норр бир тууган менен ондогон жылдар бою чогуу иштеген Милтон Хеншелдин катчысы катары кызмат кылып жаткам. Ал мага мындан ары негизги милдетим Френц бир тууган эмнеге муктаж болсо, ага ошол жагынан көмөк көрсөтүү экенин айтты. Мен ага басууга даярдалып жаткан материалдарды дайыма окуп берчүмүн. Анын эс тутуму укмуш эле, ошондой эле окулуп жаткан нерсеге толугу менен көңүл топтой алчу. Жердеги жашоосун 1992-жылы декабрда аяктаганга чейин, ага ошондой жол менен жардам берүү мага чоң кубаныч тартуулады.

Колумбия-Хайтс 124тө ондогон жылдар бою кызмат кылдым

Бейтелде өткөргөн 61 жылым учкан куштай тез өттү. Ата-энем өмүрүнүн акырына чейин Жахабага ишенимдүү кызмат кылды. Аларды азыркыдан алда канча сонун дүйнөдө тосуп ала турган убакты чыдамсыздык менен күтөм (Жкн. 5:28, 29). Кудайдын дүйнө жүзүндөгү элине кам көрүү үчүн ишенимдүү бир туугандар менен кызматташуу сыймыгына бул дүйнөдөгү эч бир нерсе тең келбейт. Ливия экөөбүз толук убакыт кызмат кылып келаткан жылдарыбызда «Жахаба берген кубаныч [биз үчүн] чеп болуп» келүүдө деп ишенимдүү түрдө айта алабыз (Нек. 8:10).

Жахабанын уюму кайсы бир адамдан көз каранды эмес. Ошон үчүн Падышалык жөнүндөгү чындык эч токтобой жарыялана берет. Көптөгөн кайраттуу, берилген бир туугандар менен кызматташуу мен үчүн кубаныч да, сыймык да болду. Мени менен чогуу эмгектенген майлангандардын көбү азыр жерде эмес. Бирок Жахабага кызмат кылууда ошондой ишенимдүү бир туугандарга шерик болгонума абдан ыраазымын!