Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзүн өзү кармай билүү сапатын өрчүт

Өзүн өзү кармай билүү сапатын өрчүт

«Рухтун жемиши — ...өзүн өзү кармай билүү» (ГАЛ. 5:22, 23).

ЫРЛАР: 121, 36

1, 2. а) Өзүн өзү кармай албоонун кесепети кандай болот? б) Бул сапатты карап чыкканыбыз эмне үчүн маанилүү?

ӨЗҮН ӨЗҮ КАРМАЙ БИЛҮҮ — Жахаба Кудайдын жардамы менен өрчүй турган сапат (Гал. 5:22, 23). Жахаба аны жеткилең түрдө чагылдырат. Ал эми бизге бул оңойго турбайт, анткени баарыбыз жеткилеңсизбиз. Бүгүнкү күндөгү кыйынчылыктардын көбү адамдардын өзүн өзү кармай албаганынын айынан болууда. Ал сапаттын жоктугунан улам көптөр ишти кийинкиге жылдыра бериши, мектепте начар окушу же жумушун жакшы аткарбашы мүмкүн. Өзүн кармай албоонун кесепеттерине булар да кирет: заар сөздөрдү айтуу, ичкиликке берилүү, зордук-зомбулук кылуу, ажырашуу, зарыл болбосо деле карыз алуу, кайсы бир нерсеге байланып калуу, түрмөгө түшүү, жан дүйнөнүн жабыркашы, жыныстык жол менен жугуучу оорулар, каалабаган кош бойлуулук (Заб. 34:11—14).

2 Ооба, өзүн кармай албагандар өзүн да, башкаларды да азапка салат. Көптөрдө бул сапат барган сайын жоголуп баратат. 1940-жылдардагы изилдөөлөргө ылайык, бул көйгөй ошондо эле бар болчу. Ал эми бүгүнкү күндөгү изилдөөлөргө ылайык, ал көйгөй күчөгөндөн күчөп келет. Бул бизди таң калтырбашы керек, себеби Ыйык Китепте адамдардын «өзүн өзү кармай албаганы» «акыркы күндөрдүн» бир белгиси болору алдын ала айтылган (2 Тим. 3:1—3).

3. Эмне үчүн өзүн кармай билүү сапатын өрчүтүшүбүз керек?

3 Эмне үчүн өзүн кармай билүү сапатын өрчүтүшүбүз керек? Буга байланыштуу орчундуу эки себепти карап көрөлү. Биринчиден, сезимдерин башкара билгендер олуттуу кыйынчылыктарга азыраак кабылышат. Алар оор басырыктуу болот, башкалар менен оңой тил табышат жана өзүн кармай албаган адамдардай көп ачууланбайт, өтө тынчсыздана бербейт, көңүл чөгөттүккө алдырбайт. Экинчиден, Кудайдын ырайымынан айрылбаш үчүн азгырыкты четке кагуу, терс сезимдерди ооздуктай билүү маанилүү. Мунун калетсиз экенин Адам ата менен Обо эненин окуясы тастыктап турат (Башт. 3:6). Ошондон бери канчалагандар өзүн кармай албай, кылган ишинин кесепетин тартып келишет.

4. Кайсы бир жактардан өзүн кармай албагандарды эмне бекемдейт?

4 Бир да киши өзүн жеткилең түрдө башкара албайт. Кызматчылары үчүн бул оңойго турбасын билгендиктен Жахаба аларга күнөөгө түрткөн каалоолорун жеңүүгө жардам бергиси келет (1 Пад. 8:46—50). Ал — бизди жакшы түшүнгөн Досубуз. Ошондуктан ага чын жүрөктөн кызмат кылууну каалаган, бирок кайсы бир жактардан өзүн кармай албаган жүрөгү таза адамдарды бекемдеп, кубаттайт. Эмесе, анын үлгүсүнө токтололу. Андан соң Ыйык Китептеги өзүн өзү кармай билген жана кармай албаган инсандар жөнүндө карап чыгабыз. Акырында ал сапатты дагы жакшыраак чагылдыруу үчүн эмне кылсак болорун талкуулайбыз.

ЖАХАБАНЫН ҮЛГҮСҮ

5, 6. Жахаба өзүн өзү кармай билүү жагынан кандай үлгү көрсөткөн?

5 Иштеринин баары жеткилең болгондуктан, Жахаба өзүн өзү кармай билүү сапатын жеткилең түрдө чагылдырат (Мыйз. 32:4). Ал эми биз жеткилең эмеспиз. Ошентсе да ал сапат жөнүндө түшүнүк алыш үчүн Жахабанын бул жагынан бизге кандай үлгү көрсөтөрүн карап чыгышыбыз керек. Бул бизге аны жакшыраак туураганга жардам берет. Ыйык Китептеги кайсы билдирүүлөр Жахабанын өзүн өзү кармай билерин көрсөтүп турат?

6 Мисалы, Шайтан текебердигинен улам козголоң чыгарганда, Жахабанын ал сапатты кандайча көрсөткөнү жөнүндө ойлонуп көрсөң. Шайтан көтөргөн талаш маселе чечилиши керек болчу. Ал Кудайдын бийлигине каршы чыкканда, ишенимдүү периштелердин ага кыжырданганы, ачууланганы, ызырынганы айтпаса да түшүнүктүү. Балким, сен да Шайтандын айынан болуп жаткан азап-кайгынын баарын көргөндө ошондой сезимде болоттурсуң. Бирок Жахаба ачууга алдырган эмес. Ал баарын кылдат ойлонуштуруп, маселенин эң туура жол менен чечилишине кам көргөн. Жахаба «ачууланууга шашпай», адилеттүүлүк менен иш кылып, убакыттын өтүшүнө жол берген (Чыг. 34:6; Аюп 2:2—6). Эмне үчүн? Анткени ал эч кимдин өлүшүн каалабайт, тескерисинче, «баарынын өкүнүшүн каалайт» (2 Пет. 3:9).

7. Жахабадан эмнеге үйрөнсөк болот?

7 Жахабанын өзүн өзү кармай билгени бир нерсе айтардан же кылардан мурун шашпай, жакшылап ойлонушубуз керектигин айгинелеп турат. Маанилүү чечим чыгарарда акылдуулук менен иш кылышың үчүн кылдат ойлонууга убакыт бөл. Туура сөздөрдү сүйлөш үчүн же туура иш кылыш үчүн акылмандык сурап тилен (Заб. 141:3). Жагдай курчуп турганда, сезимге алдырып коюу оңой. Андайда көптөрүбүз эле ойлонбой сүйлөп же иш кылып алып, бармагыбызды тиштеп калабыз (Накыл 14:29; 15:28; 19:2).

ЖАКШЫДАН ҮЛГҮ, ЖАМАНДАН САБАК АЛ

8. а) Өзүн өзү кармай билүү жагынан жакшы үлгү көрсөткөндөр жөнүндө каяктан билсек болот? б) Потипардын аялы азгырганда, ага каршы турууга Жусупка эмне жардам берген?

8 Ыйык Китептеги кайсы билдирүүлөр өзүн өзү кармай билүүнүн маанилүү экенин баса белгилеп турат? Балким, сен сыноого кабылганда өзүн башкара алган бир нече инсанды эстегендирсиң. Алардын бири — Жакыптын уулу Жусуп. Фараондун жан сакчыларынын башчысы болгон Потипардын үйүндө кызмат кылып жүргөндө ал азгырыкка каршы турган. Жусуп «келишимдүү, сулуу жигит» болгондуктан, Потипардын аялынын ага көзү түшүп, аны кайра-кайра жаман ишке азгырган. Бирок Жусуп макул болгон эмес. Ага эмне жардам берген? Ал андай ишке барса, арты канчалык кесепеттүү болору жөнүндө терең ой жүгүртсө керек. Ал эми азгырык жетер чегине жеткенде, Жусуп качып кеткен. Ал: «Кантип мен ушундай жаман ишке барып, Кудайга каршы күнөө кылайын?» — деген (Башт. 39:6, 9; оку: Накыл сөздөр 1:10).

9. Азгырыкты четке кагууга кантип даярдансаң болот?

9 Жусуптан эмнеге үйрөнсөк болот? Кудайдын мыйзамын бузууга азгырык пайда болгондо, аны дароо четке кагышыбыз керек. Чындык жолуна түшкөнгө чейин айрым ишенимдештерибиз ашыра тоюу, мас болуу, чылым чегүү, баңгизат колдонуу, жыныстык адеп-ахлаксыздык сыяктуу иштерди кылып келишкен. Атүгүл чөмүлгөндөн кийин деле кээде кайра ошол иштерин кылууга азгырылышы мүмкүн. Эгер сен да Жахабанын мыйзамдарын бузууга түртө турган жагдайга кабылсаң, туура эмес каалоолорго жетеленүү рухий жактан канчалык кыйратары жөнүндө ой жүгүрт. Азгырылышыңа себеп болушу мүмкүн болгон жагдайларды көрө билип, туруштук бериш үчүн эмне кылсаң болорун чечип ал (Заб. 26:4, 5; Накыл 22:3). Ал эми ошондой жагдайга туш болуп калсаң, Жахабадан акылмандык жана өзүңдү кармоого күч беришин сура.

10, 11. а) Жаш ишенимдештерибиздин көбү кандай кыйынчылыкка кабылууда? б) Жаштарга туура эмес ишке барбоого эмне жардам берет?

10 Жусуптукундай сыноого бүгүнкү күндөгү жаш ишенимдештерибиздин көбү кабылууда. Мисалга Кимберлини алалы. Анын көп классташтары жыныстык катнашта болуп көрүшкөн. Дем алыш күндөрүнөн кийин алар акыркы жолу ким менен жатканын айтып мактанышчу. Ал эми Кимберлиде айтып бере турган андай окуялар жок болчу. Алардан айырмаланганы үчүн ал жалгызсырап, өзүн бөлүнүп калгандай сезгенин, классташтары аны жигит менен сүйлөшпөгөнү үчүн артта калгандай көрүшкөнүн айтат. Бирок Кимберли жаш кезде жыныстык каалоо күчтүү болорун жакшы билчү (2 Тим. 2:22). Классташтары анын дагы деле кыз бойдон жүргөнүнө таң калып, себебин сурай беришчү. Ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эмне себептен жыныстык мамиледе болбой турганын түшүндүрүп берчү. Азгырыкты четке кагып, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка каршы туруп жаткан ушундай жаш ишенимдештерибиз менен биз да, Жахаба да абдан сыймыктанат.

11 Ыйык Китепте жыныстык каалоосун башкара албаган инсандар жөнүндө жазылган. Андан сырткары, андай каалоону ооздуктабаса, арты кейиштүү болорун көрсөткөн окуялар баяндалат. Кимберлиникиндей жагдайга кабылгандардын Накыл сөздөр 7-бөлүмдө баяндалган акылсыз жигит тууралуу ойлонуп көргөнү дурус. Ошондой эле Амнондун кылган иши жана анын кесепети канчалык залакалуу болгону жөнүндө да ой жүгүртүп көргөнү оң (2 Шем. 13:1, 2, 10—15, 28—32). Ата-энелер үй-бүлөлүк изилдөөдө ушул билдирүүлөрдү талкуулап, балдарына кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө өзүн өзү кармай билүү, акыл-эстүү болуу маанилүү экенин үйрөтсө болот.

12. а) Жусуп бир туугандарына мамиле кылууда сезимдерин кантип ооздуктаган? б) Кандай жагдайларда сезимдерибизди башкара билишибиз керек?

12 Жусуп башка учурларда да өзүн кармай билүү жагынан үлгү көрсөткөн. Мисалы, бир туугандары Мисирге тамак-аш сатып алганы келгенде, ал алардын жүрөгүндөгүсүн билиш үчүн өзүнүн ким экенин жашырган. Анан сезимдери албууттана баштаганда, ыйлап жибербеш үчүн сыртка чыгып кеткен (Башт. 43:30, 31; 45:1). Эгер ишенимдешиң же жакын адамың көңүлүңдү оорутуп койсо, Жусуптай болуп өзүңдү башкара билгениң ачууга алдыруудан сактайт (Накыл 16:32; 17:27). Ал эми жыйналыштан чыгарылган тууганың бар болсо, аны менен зарылдыгы жок эле сүйлөшө бербеш үчүн сезимдериңди ооздукташың керек болушу мүмкүн. Мындай жагдайларда өзүңдү кармоо кыйын болушу ыктымал, бирок ошентүү менен Жахабадан үлгү алган болосуң жана анын кеңешине ылайык иш кыласың. Муну эстен чыгарбасаң, ой-сезимдериңди башкаруу оңоюраак болот.

13. Дөөтү жөнүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнсөк болот?

13 Ыйык Китепте Дөөтү падышанын да үлгүсү камтылган. Ал чоң бийликке ээ болгон. Бирок Шабул куугунтуктаганда да, кийин Шимей жаман сөздөрдү айтып каргаганда да ачууга алдырган эмес (1 Шем. 26:9—11; 2 Шем. 16:5—10). Анткен менен анын өзүн кармай албай калган учурлары да болгон. Алсак, Батшеба менен ойноштук кылган, ач көз Набалга каарданган (1 Шем. 25:10—13; 2 Шем. 11:2—4). Ошентсе да Дөөтүдөн маанилүү нерселерге үйрөнө алабыз. Биринчиден, Кудайдын элин көзөмөлдөгөндөр ачууга алдырып, бийлигин кыянат колдонбош үчүн өзгөчө сак болушу кажет. Экинчиден, эч кимибиз өзүбүзгө таянып, азгырыкка алдырбайм деп ойлобошубуз керек (1 Кор. 10:12).

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

14. Бир ишенимдешибиз кандай жагдайга кабылган жана ошондой учурларда иш-аракетибизге эмне үчүн маани беришибиз керек?

14 Өзүңдү кармай билиш үчүн эмне кылсаң болот? Турмуштан алынган бир окуяга токтололу. Бир машине Луижи деген ишенимдешибиздин машинесин арт жагынан келип сүзгөн. Тиги киши өзү күнөөлүү болсо да, Луижиге кыйкырып-өкүрүп, аны менен чатакташмакчы болгон. Луижи Жахабадан тиленип, ачууга алдырбаганга жардам беришин сураган жана тиги кишини тынчтандырганга аракет кылган. Бирок эч майнап чыккан эмес. Ошондо ал анын машинесинин номурун жазып алып, кетип калган. Тиги киши болсо кыйкыра берген. Бир жумадан кийин Луижи бир келинге кайра жолугууга барса, баягы айдоочу ошол келиндин күйөөсү болуп чыккан. Ал киши уялып, орой мамиле кылганы үчүн кечирим сураган. Анан Луижиге камсыздандыруу компаниясы менен байланышып, келтирилген зыянды тез аранын ичинде төлөп берерин айткан. Ал ыйык китептик талкууга катышып, уккандары ага аябай жаккан. Ошондо Луижи өзүн кармай билгени абдан маанилүү болгонун, ал эми ачууга алдырып койсо, арты канчалык кесепеттүү болмоктугун түшүнгөн. (Оку: 2 Корунттуктар 6:3, 4.)

Сабырдуу болгонубуз да, ачууга алдырганыбыз да кызматыбызга таасир этет (14-абзацты кара)

15, 16. Ыйык Китепти изилдөө сага жана үй-бүлөңө өзүн кармай билүү сапатын өстүрүүгө кандайча жардам берет?

15 Ыйык Китепти кылдат, терең изилдөө өзүн кармай билүү сапатын өрчүтүүгө жардам берет. Кудайдын Жашыяга айткан сөздөрүн эстесең. Ал ага мындай деген: «Мыйзам китебиндеги сөздөр оозуңдан түшпөсүн. Анда жазылгандарды так аткарыш үчүн аны күнү-түнү ой жүгүртүп оку. Ошондо ийгиликке жетесиң, акылмандуулук менен иш кыласың» (Жаш. 1:8). Ыйык Китепти изилдөө ал сапатты өстүрүүгө кандайча көмөк кылат?

16 Жогорудан билгенибиздей, Ыйык Китепте иш-аракеттерибиздин кандай пайда же кандай зыян алып келерин айкын көрсөткөн билдирүүлөр арбын. Жахаба аларды биздин пайдабыз үчүн жаздырып койгон (Рим. 15:4). Андыктан ал билдирүүлөрдү окуп-изилдөө, ой жүгүртүү абдан маанилүү. Алардын өзүңө жана үй-бүлөңө кандай тиешеси бар экенин аңдаганга аракет кыл. Жахабадан анын Сөзүндө жазылгандарды иш жүзүндө колдонууга жардам беришин сура. Кайсы бир жактардан өзүңдү башкарууга үйрөнүшүң керектигин байкасаң, көз жумуп койбо. Ал жөнүндө тиленип, канткенде жакшыра аларыңды билгенге аракет кыл (Жкп. 1:5). Адабияттарыбызды изилдөөнүн аркасында бул жагынан жардам бере турган маалыматтарды таба аласың.

17. Ата-энелер балдарын өзүн кармай билүүгө кантип үйрөтсө болот?

17 Ата-энелер, балдарыңарды өзүн башкара билүүгө кантип үйрөтсөңөр болот? Балдарыңар бул сапат менен төрөлбөй турганын эсиңерден чыгарбагыла. Башка сапаттардай эле, бул сапатты өрчүтүүгө жардам берүүдө да үлгү болушуңар керек (Эф. 6:4). Андыктан эгер балдарыңардын ачууга алдырып жатканын байкасаңар, аларга үлгү көрсөтүп жаткан-жатпаганыңарды текшерип көргүлө. Кабар айтуу ишине жана жыйналышка дайыма катышканыңар, үй-бүлөлүк изилдөөнү үзбөй өткөргөнүңөр балдарыңарга жакшы таасир этерин унутпагыла. Зарыл болгон учурларда аларга «жок» деп айткандан коркпогула. Жахаба Адам ата менен Обо энеге белгилүү бир чектерди койгон. Бул аларга анын бийлигин урматтоого жардам бермек. Ошол сыяктуу эле, ата-энелер балдарын оңдоп-түзөп, үлгү көрсөтүү менен аларды өзүн кармай билүүгө үйрөтө алышат. Кудайдын бийлигине сүйүүбүздөн улам баш ийүү, анын нормаларын урматтоо балдарыңарга үйрөтүшүңөр керек болгон баа жеткис нерселерге кирет. (Оку: Накыл сөздөр 1:5, 7, 8.)

18. Жакшы достор бата деп эмне үчүн айта аласың?

18 Ата-энебизби, жокпу, баарыбыз досторду акылдуулук менен тандашыбыз керек. Жакшы максаттарга умтулууга, жамандыктан алыс жүрүүгө үндөгөн адамдар менен дос бол (Накыл 13:20). Рухий жактан жетилгендер сага оң таасир этет жана алардын үлгүсү өзүңдү кармай билүүгө түрткү берет. Сенин үлгүң да досторуңа дем-күч берери шексиз. Өзүн өзү кармай билүү сапаты Кудайдын ырайымына ээ болушуңа, жашоодон ыракат алышыңа жана жакындарың менен жагымдуу убакыт өткөрүшүңө өбөлгө түзөт.