Билесиңерби?
Бабылдык Белшатсардын жашаганын жана башкаруучу болгонун археология кандайча тастыктап турат?
ЫЙЫК КИТЕПТИ сындагандар Даниел китебинде жазылган Белшатсар падышанын тарыхта жашаганын көп жылдар бою четке кагып келишкен (Дан. 5:1). Буга археологдордун анын жашаганын ырастаган далил таба албаганы себеп болгон. Бирок 1854-жылы баары өзгөргөн. Эмне үчүн?
Ошол жылы Британиянын элчиси Жон Тейлор азыркы Ирактын түштүгүндө жайгашкан байыркы Ур шаарынын калдыктарынын айрым бөлүктөрүн изилдеген. Ал ошол жактагы чоң мунаранын ичинен бир нече чопо цилиндр таап алган. Ар биринин узундугу 10 сантиметрдей болгон ал цилиндрлерге шынаа сымал жазуулар чегилип жазылган. Алардын биринде Бабылдын падышасы Набониддин жана анын улуу баласы Белшатсардын өмүрүнүн узун болушу жөнүндөгү тиленүү камтылган. Бул табылга Белшатсардын тарыхта жашаганын далилдеген. Аны атүгүл сынчылар да тана алган эмес.
Кызыктуусу, Ыйык Китепте Белшатсардын жашап өткөнү эле эмес, падыша болгону да жазылган. Бирок сынчылар муну да талашка салышкан. Алсак, 19-кылымда англис окумуштуусу Уильям Толбот айрымдардын «Белшатсардын атасы Набонид менен бирге башкарганын» айтышарын, «бирок буга кымындай да далил жок экенин» жазган.
Бул талаш башка чопо цилиндрлердеги жазуулардан улам чечилген. Ал цилиндрлерде Белшатсардын атасы Набонид падышанын Бабылдан бир нече жылга башка жакка кеткен учурлары болгону жазылган. Ал жокто ким башкарган? «Британ энциклопедиясында»: «Набонид башка өлкөгө кеткенде падышалык тактыны жана аскеринин чоң бөлүгүн Белшатсарга тапшырчу»,— делет. Андай учурларда Белшатсар Бабылда атасынын ордуна бийлик кылчу. Ошол себептүү, археолог жана тил боюнча окумуштуу Алан Миллард белгилегендей, «Даниел китебинде Белшатсардын „падыша“ деп аталганы» орундуу болгон.
Кудайдын кызматчылары үчүн Даниел китебинин ишенүүгө татыктуу экенинин жана ыйык рухтун жетеги менен жазылганынын эң негизги далили Ыйык Китептин өзүндө камтылат (2 Тим. 3:16).