Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Биз Жахаба Атабызды аябай жакшы көрөбүз

Биз Жахаба Атабызды аябай жакшы көрөбүз

«Биз... сүйөбүз, анткени Кудай бизди биринчи сүйгөн» (1 ЖКН. 4:19).

3-ЫР: Күч, үмүт, кайрат бересиң

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Жахаба бизге өзүнүн үй-бүлөсүнө кошулууга кантип жол ачкан жана эмне үчүн?

ЖАХАБА бизди өзүнүн үй-бүлөсүнө кошулууга чакырган. Бул — кандай гана жүрөк толкутарлык чакырык! Биздин үй-бүлө — өзүн Кудайга арнаган жана анын Уулунун куткаруу курмандыгына ишенген адамдардан турган бактылуу үй-бүлө. Биз азыртадан эле маңыздуу жашоо өткөрүп жатабыз жана келечекте асманда болобу же жер бетиндеги бейиштеби, түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнөбүз.

2 Чоң курмандыкка барууга туура келсе да, Жахаба сүйүүсүнөн улам бизге өзүнүн үй-бүлөсүнүн мүчөсү болууга жол ачкан (Жкн. 3:16). Ал бизди «кымбат баага сатып» алган (1 Кор. 6:20). Кун аркылуу бизге өзү менен ынак мамиле өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк берген. Биз бүткүл ай-ааламдын Улуу Жаратканына «Ата» деп кайрылуу сыймыгына ээбиз. Ал болсо, буга чейинки макаладан билгенибиздей, эң мыкты Ата.

3. Эмне деп ойлонушубуз мүмкүн? (« Жахаба мага көңүл бурабы?» деген кутучаны да карагыла.)

3 Ыйык Китепти жазууга катышкан бир забурчудай болуп, биз да: «Жахабанын мага кылган бардык жакшылыктарын кантип актайм?» — деп ойлонушубуз мүмкүн (Заб. 116:12). Албетте, эч кимибиз асмандагы Атабыздын жакшылыктарын актай албайбыз. Ошентсе да анын сүйүүсүнө сүйүү менен жооп кайтара алабыз. Элчи Жакан: «Биз... сүйөбүз, анткени Кудай бизди биринчи сүйгөн»,— деп жазган (1 Жкн. 4:19). Асмандагы Атабызды сүйөрүбүздү кандай жолдор менен көрсөтсөк болот?

ЖАХАБА МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕҢЕРДИ САКТАГЫЛА

Асмандагы Атабыз Жахабаны абдан жакшы көрөрүбүз андан дайыма тиленгенибизден, тилин алганыбыздан жана башкаларга аны сүйүүгө жардам бергенибизден көрүнөт (4—14-абзацтарды карагыла)

4. а) Жакып 4:8де жазылгандай, Кудайга жакындаш үчүн эмне себептен күч-аракет жумшашыбыз керек? б) Канткенде Жахабага жакындай алабыз?

4 Жахаба биздин ага ынак болушубузду жана аны менен сүйлөшүп турушубузду каалайт. (Окугула: Жакып 4:8.) Ал бизди үзгүлтүксүз тиленүүгө үндөйт жана бизди угууга ар убак даяр (Рим. 12:12). Ага кайрылганыбызда, анын бошобой калган же чарчап калган учуру эч качан болбойт. Ал эми биз асмандагы Атабызды кантип уга алабыз? Ыйык Китепти жана аны түшүнүүгө жардам берген адабияттарды окуганда, жолугушууларыбызды кунт коюп укканда анын айткандарына кулак төшөгөн болобуз. Жакшы пикир алышуунун аркасында балдар ата-энесине ынак болгондой эле, Жахаба менен дайыма сүйлөшүп турсак, ага жакын боло алабыз.

5-абзацты карагыла

5. Тиленүүлөрүбүздү кантип жакшыртсак болот?

5 Тиленүүлөрүңөрдүн сапаты жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Жахаба жүрөгүбүздөгүнүн баарын ага төгүшүбүздү каалайт (Заб. 62:8). Андыктан: «Мен үстүртөн эле тиленип койбоймбу? Тиленүүлөрүм бири-бирине опокшош болгон билдирүүлөрдөйбү же өз колум менен чын жүрөктөн жазган каттардайбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Силердин Жахабаны абдан жакшы көрөрүңөр, аны менен болгон мамилеңерди бекем сактоону каалаарыңар шексиз. Мамилеңер бекем болуш үчүн, аны менен дайыма пикирлешип турушуңар керек. Ага жүрөгүңөрдүн түпкүрүндөгү сезимдериңерди айткыла. Кубанычыңарды да, кайгыңарды да бөлүшкүлө. Андан жардам сурай аларыңардан такыр күмөн санабагыла.

6. Асмандагы Атабыз менен болгон мамилебиз тыгыз болушу үчүн эмне кылышыбыз керек?

6 Асмандагы Атабыз менен болгон мамилебиз тыгыз болушу үчүн, ыраазычылык сезимин өрчүтүшүбүз зарыл. Баарыбыз забурчунун: «Оо, Жахаба Кудайым, сен көп иштерди жасадың, сенин кереметтериң, биз жөнүндөгү ойлоруң сан жеткис. Сага эч ким тең келе албайт. Ошонун баарын жар салып, айткым келет, бирок аларга эсебим жетпейт»,— деген сөздөрүнө толук кошулабыз (Заб. 40:5). Биз Жахабага ыраазы болуп эле койбой, ыраазы экенибизди сөзүбүз менен да, ишибиз менен да билдиргибиз келет. Бул бизди дүйнөдөгү адамдардан айырмалап турат. Бүгүнкү күндө көптөр Кудайдын алар үчүн кылган жакшылыктарын баалашпайт. Негизи, «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбыздын бир белгиси адамдардын жакшылыкты билбегени болмок (2 Тим. 3:1, 2). Биз эч качан алардай болбойлу!

7. Жахаба эмне кылышыбызды каалайт жана эмне үчүн?

7 Ата-эне балдарынын урушуп-талашпай, ынтымактуу болушун каалайт. Ошол сыяктуу эле Жахаба да бардык балдарынын бири-бирине күйүмдүү болушун күтөт. Ортобуздагы сүйүү биздин Исанын чыныгы жолдоочулары экенибизди айгинелеп турат (Жкн. 13:35). Биз да: «Бир туугандардын биримдикте жашаганы кандай сонун, кандай жагымдуу!» — деп айткан забурчунукундай сезимде болобуз (Заб. 133:1). Ишенимдештерибизди сүйүү менен Жахабаны сүйөрүбүздү далилдейбиз (1 Жкн. 4:20). Бири-бирине «кайрымдуу, боорукер» бир туугандардан турган үй-бүлөнүн мүчөсү болуу кандай сонун! (Эф. 4:32).

СҮЙҮҮҢӨРДҮ ТИЛ АЛУУ МЕНЕН КӨРСӨТКҮЛӨ

8-абзацты карагыла

8. 1 Жакан 5:3төн көрүнүп тургандай, Жахабага баш ийгенибиздин эң негизги себеби кайсы?

8 Жахаба балдардын ата-энесине тил алышын каалагандай эле, биздин да анын тилин алышыбызды каалайт (Эф. 6:1). Ал бардыгыбызды жаратып, өмүр сүрүшүбүзгө шарт түзүп келаткандыктан жана жердеги ата-энелердин баарынан акылман болгондуктан баш ийишибизге татыктуу. Бирок биз ага биринчи кезекте аны жакшы көргөндүктөн баш иебиз. (Окугула: 1 Жакан 5:3.) Жахабага тил алышыбызга көптөгөн себептер бар болсо да, ал эч кимибизди мажбурлабайт. Ал бизге чечим чыгаруу эркиндигин бергендиктен, сүйүүбүздөн улам ага баш ийүүнү тандаганыбызда, абдан кубанат.

9, 10. Кудайдын нормаларын билгенибиз жана аларга ылайык жашаганыбыз эмне үчүн маанилүү?

9 Ата-энелер балдарынын коопсуздугуна кам көрүшөт. Ошол себептен аларды зыяндуу нерселерден сактай турган эрежелерди бекитишет. Балдар ал эрежелерге кармануу менен ата-энесине ишенерин жана аларды урматтаарын көрсөтүшөт. Анда биздин асмандагы Атабыздын нормаларын жакшы билгенибиз жана аларга ылайык жашаганыбыз алда канча маанилүү эмеспи?! Эгер ошентсек, аны жакшы көрөрүбүздү, урматтаарыбызды айгинелейбиз. Андан тышкары, бул өзүбүзгө да пайда алып келет (Ыш. 48:17, 18). Ал эми Жахабаны жана анын нормаларын четке каккандар өздөрүн азапка салышат (Гал. 6:7, 8).

10 Жахабага жаккандай жашасак, ден соолугубузга зыян келтире турган, жан дүйнөбүздү жаралай турган жана аны менен болгон мамилебизге доо кетире турган нерселерден алыс болобуз. Жахаба биз үчүн баарынан эмне жакшы экенин билет. Кошмо Штаттарда жашаган Аврора: «Жахабанын тилин алсак, жашообуз дайыма эң жакшы болорун билем»,— дейт. Анын сөздөрүндө калет жок. Жахабанын сүйүү менен берген кеңешине кулак кагуу силерге кандай пайда алып келди эле?

11. Тиленүү бизге эмне кылууга жардам берет?

11 Тиленүү бизге атүгүл кыйын учурда да Жахабага тил алууга жардам берет. Баарыбыз эле күнөөкөр болгондуктан кээде Жахабага баш ийүү оңойго турбайт. Андыктан ага каршы иш кылып албаш үчүн тынбай күрөш жүргүзүшүбүз керек. Забурчу Кудайга: «Тилиңди алууга дилгир кыл»,— деп жалбарган (Заб. 51:12). Үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылган Дениз: «Жахабанын кайсы бир буйругуна баш ийүү кыйын болгондо, андан туура иш кылууга күч беришин сурап тиленем»,— деп айтат. Жахабанын ушундай тиленүүлөрүбүзгө сөзсүз жооп берерине кымындай да шектенбесек болот (Лк. 11:9—13).

БАШКАЛАРГА АТАБЫЗГА КАРАТА СҮЙҮҮ ӨРЧҮТҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

12. Эфестиктер 5:1ге ылайык, эмне кылышыбыз керек?

12 Окугула: Эфестиктер 5:1. Жахабанын «сүйүктүү балдары» катары биз андан үлгү алууга бүт күчүбүздү жумшайбыз. Башкаларга сүйүү, боорукердик менен мамиле кылсак жана кечиримдүү болсок, анын сапаттарын чагылдырган болобуз. Кудайга кызмат кылбагандар жакшы жүрүм-турумубузду көрүп, ал тууралуу көбүрөөк билүүгө түрткү алышы мүмкүн (1 Пет. 2:12). Жахабадан корккон ата-энелер балдарына мамиле кылууда аны тууроого умтулушу зарыл. Бул балдарына мээримдүү Атабыз менен жекече мамиле өрчүтүүгө түрткү бериши мүмкүн.

13-абзацты карагыла

13. Кайраттуу болуш үчүн эмне кылуу зарыл?

13 Кичинекей балдар атасы менен сыймыктанышат жана башкаларга ал жөнүндө айтып бергенди жакшы көрүшөт. Анын сыңарындай, биз да асмандагы Атабыз менен сыймыктанабыз жана башкалардын ал тууралуу билишин каалайбыз. Баарыбыз тең: «Жаным Жахаба менен мактанат»,— деп жазган Дөөтү падышанын сезимдерине ортоктошпуз (Заб. 34:2). Бирок Жахаба тууралуу айткандан тартынсакчы? Канткенде кайраттуу боло алабыз? Ан үчүн Жахаба жөнүндө күбөлөндүргөндө анын жүрөгүн канчалык кубантарыбызга жана айткан кабарыбыз башкаларга кандай пайда алып келерине көңүл топтошубуз керек. Жахаба бизге кайрат бере алат. Ал 1-кылымдагы кызматчыларына кайраттуу болууга жардам бергендей, бизге да жардам берет (1 Тес. 2:2).

14. Шакирт даярдоо ишине катышуу маанилүү экенин эмнелер көрсөтүп турат?

14 Жахаба бет карама эмес. Ошондуктан баарына, алардын тек-жайы кандай болбосун, сүйүү менен мамиле кылып жатканыбызды көргөндө аябай кубанат (Элч. 10:34, 35). Башкаларга сүйүү көрсөтүүнүн эң мыкты жолдорунун бири — жакшы кабар айтуу (Мт. 28:19, 20). Ал иш кандай пайда алып келет? Кабарга кулак каккандар жашоосун азыртан жакшы жакка өзгөртүшөт жана түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ болушат (1 Тим. 4:16).

АТАБЫЗДЫ СҮЙСӨК, БАКТЫЛУУ БОЛОБУЗ

15, 16. Бактылуу болушубузга кандай себептер бар?

15 Жахаба мээримдүү Ата болгондуктан үй-бүлөсүнүн жыргап-куунап жашашын каалайт (Ыш. 65:14). Кээде башыбыздан кыйынчылыктарды кечирүүгө туура келсе да, азыртадан эле кубанычка бөлөнүп жашашыбызга көптөгөн себептер бар. Мисалы, биз асмандагы Атабыздын бизди абдан жакшы көрөрүнө ишенебиз. Анын Сөзү болгон Ыйык Китептеги чындыкты билебиз (Жер. 15:16). Жахабаны, анын мыйзамдарын жана бири-бирин сүйгөн бир туугандардан турган өзгөчө үй-бүлөнүн мүчөсүбүз (Заб. 106:4, 5).

16 Келечекте жашообуз азыркыдан да жакшы болоруна бекем үмүттөнгөндүктөн, жүрөгүбүз дайыма кубанычка толуп турат. Биз жакында Жахабанын бүт жамандыкты жок кылып, Падышалыгынын башкаруусунун алдында жерди бейишке айлантарын билебиз. Ошондой эле өлгөн адамдардын тирилип, кайрадан жакындары менен чогуу болоруна үмүттөнөбүз (Жкн. 5:28, 29). Ошондо жер бети кандай гана шаттыкка бөлөнөт! Андан да маанилүүсү, ошол убакта асмандагылар менен жердегилердин баары мээримдүү Атабызга ал татыктуу болгон урмат-сыйды, даңкты ыйгарып, ага гана сыйынат!

12-ЫР: Жахаба — Улуу Кудай

^ 5-абз. Биз асмандагы Атабыз Жахабанын бизди абдан жакшы көрөрүн жана өзүнүн үй-бүлөсүнө кошконун билебиз. Бул бизге аны сүйүүгө түрткү берет. Камкор Атабызды жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз? Мунун айрым жолдорун ушул макалада карап чыгабыз.