Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Таштагы жазуу: «Кагавдын уулу Кагаф Яхве Сабаоттун каргышына калсын»

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Байыркы бир жазуу Ыйык Китепте жазылгандарды кандайча тастыктайт?

ИЕРУСАЛИМДЕГИ «Ыйык Китепте айтылган жерлер музейинде» б.з.ч. 700—600-жылдарга таандык бир таш бар. Ал таш Израилдеги Хеброн шаарынан анча алыс эмес жердеги сөөк коюлган үңкүрдөн табылган. Ташка: «Кагавдын уулу Кагаф Яхве Сабаоттун каргышына калсын»,— деп чегилип жазылган. Байыркы бул жазуу Ыйык Китепте жазылгандарды кандайча тастыктайт? Бул ЙХВХ деп байыркы еврей тамгалары менен берилген Кудайдын Жахаба же Яхве деген ысымы тээ илгери эле кеңири белгилүү болгонун жана күнүмдүк турмушта колдонулганын көрсөтүп турат. Андай үңкүрлөрдөгү башка жазуулар да ал жакта жолуккан же жашынган адамдардын үңкүрлөрдүн дубалдарына Кудайдын ысмы камтылган жеке аттарды көп жазганын далилдеп турат.

Грузия университетинин илимдер доктору Рейчл Набулси ошол жазуулар тууралуу мындай дейт: «[Ыйык Китептеги] тексттерде жана ушундай жазууларда ЙХВХ деген ысымдын көп кайталанганы көңүлгө аларлык... Бул ЙХВХ деген ысымдын ээсинин Ысрайыл жана Жүйүт элинин жашоосунда маанилүү орунду ээлегенин көрсөтүп турат». Чынында эле, еврей тамгалары менен берилген Кудайдын ЙХВХ деген ысмы Ыйык Китепте миңдеген жолу кездешет. Ошондой эле Кудайдын ысмы адамдардын аттарында да камтылган учурлар көп.

Жогоруда айтылган ташка чегилген «Яхве Сабаот» деген сөздөр «асман аскерлеринин Кудайы Жахаба» деген маанини туюнтат. Мындан Кудайдын ысмынан тышкары, байыркы убакта «асман аскерлеринин Кудайы Жахаба» деген наам да байма-бай колдонулган деген тыянак чыгарсак болот. Бул наам да Ыйык Китепте колдонулат. Мисалы, Еврей Жазмаларында 250дөн ашык жолу кездешет. Алардын көбү Ышая, Жеремия, Закарыя пайгамбарлар жазган китептерде камтылат.