Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кудайды жана Машаякты даңктап жаткан эбегейсиз көп адамдар

Кудайды жана Машаякты даңктап жаткан эбегейсиз көп адамдар

«Бизди тактыда отурган Кудайыбыз менен Козу куткарды» (АЯН 7:10).

14-ЫР: Жаңы Падышаны даңктайлы!

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Бир жигитке 1935-жылкы жыйындагы баяндама кандай таасир эткен?

1926-ЖЫЛЫ 18 жаштагы бир жигит Кудайга өмүрүн арнап, сууга чөмүлөт. Анын ата-энеси Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр болчу. Мурун Жахабанын Күбөлөрү ушинтип аталчу. Алар үч уул, эки кызын Исадан үлгү алган Жахабанын кызматчысы кылып чоңойтушкан. Ошол кездеги Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн бардыгы сыяктуу эле, ал жигит да жыл сайын Эскерүү кечесинде нан менен шараптан ооз тийчү. Бирок «Сан жетпеген өтө көп адамдар» деген баяндамадан кийин анын көз карашы түп-тамыры менен өзгөргөн. Ал тарыхый баяндаманы 1935-жылы Вашингтондо (АКШ) болгон жыйында Ж. Рутерфорд айткан. Ал жыйында эмне айкын болгон?

2. Рутерфорддун баяндамасынан кийин жүрөк толкуткан кайсы нерсе айкын болгон?

2 Баяндамасында Рутерфорд Аян 7:9да айтылган «эбегейсиз көп адамдар» кимдерди билдирерин түшүндүрүп берген. Ошол убакка чейин Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр адамдардын бул тобу асманда жашайт, бирок Кудайга анча берилген болбогондуктан Иса менен чогуу падышалар катары башкарбайт деп эсептеп келишкен. Рутерфорд эбегейсиз көп адамдардын асманда жашаш үчүн тандалбаганын Ыйык Китептин негизинде түшүндүргөн. Алар Машаяктын «улуу алааматтан» аман өтүп, жер бетинде түбөлүк жашай турган башка койлору * болгон (Аян 7:14). Иса: «Менин бул короодон болбогон башка койлорум да бар. Мен аларды да алып келишим керек. Алар менин үнүмө кулак салат. Ошондо бир отор, бир койчу болот»,— деп айткан (Жкн. 10:16). Ал башка койлор — жер бетиндеги Бейиште түбөлүк жашайбыз деп үмүттөнгөн Жахабанын берилген Күбөлөрү (Мт. 25:31—33, 46). Эмесе келгиле, рухий жарыктын бул нуру көптөгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн, анын ичинде 18 жаштагы бир тууганыбыздын да, жашоосун канчалык өзгөрткөнүн карап чыгалы (Заб. 97:11; Накыл 4:18).

МИҢДЕГЕНДЕРДИН ЖАШООСУН ӨЗГӨРТКӨН ЖАҢЫ ТҮШҮНҮК

3, 4. 1935-жылы жыйында миңдегендер үмүтү жөнүндө эмнени түшүнүшкөн жана эмне себептен?

3 Баяндама учурунда Рутерфорд угармандардын баарына кайрылып: «Жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөр, ордуңардан турсаңар!» — деген. Жыйындагы бүйүрдү кызыткан эң кызыктуу учур ошол болгон. Көргөндөрдүн айтымында, жыйынга келген 20 000дей кишинин жарымынан көбү ордунан турган. Ошондо Рутерфорд: «Мына! Эбегейсиз көп адамдар — ушулар!» — деген. Ошол замат баары кубанганынан шаттана кыйкырышкан. Ордунан тургандар асманда жашаш үчүн тандалбаганын айкын түшүнүшкөн. Себеби Кудайдын руху менен майланбаганын билишчү. Эртеси 840 киши чөмүлгөн. Алардын көбү башка койлор болгон.

4 Ошол баяндамадан кийин жогоруда айтылган жигит жана башка миңдеген ишенимдештерибиз Эскерүү кечесинде нан менен шараптан ооз тийбей калышкан. Алардын бири: «Мен нан менен шараптан ооз тийген акыркы Эскерүү кечеси 1935-жылы болгон. Ошондон кийин ооз тийбей калдым. Себеби Жахаба мага ыйык руху аркылуу асманда жашаганга үмүт бербегенин түшүндүм. Менин үмүтүм жерде жашап, аны бейишке айлантканга жардам берүү экен»,— деп моюнга алган (Рим. 8:16, 17; 2 Кор. 1:21, 22). Ошондон бери күндөн күнгө саны өсүп жаткан эбегейсиз көп адамдар майлангандардын калдыгы менен ийиндеш туруп Кудайга кызмат кылып келатышат.

5. Эскерүү кечесинде нан менен шараптан ооз тийбей калгандарга Жахаба кандай карайт?

5 1935-жылдан кийин Эскерүү кечесинде нан менен шараптан ооз тийбей калгандарга Жахаба кандай карайт? Ал эми азыркы тапта нан менен шараптан ооз тийип жүрүп кийинчерээк чынында майланбаганын түшүнгөн чөмүлгөн Күбөлөр жөнүндө эмне дешке болот? (1 Кор. 11:28) Айрымдар үмүтү жөнүндө жаңылыш ойдо болгондуктан ооз тийип жүрүшкөн. Эгер алар чынчыл болуп, жаңылып жүргөнүн мойнуна алышса, ооз тийгенин токтотушса жана Жахабага андан ары да берилип кызмат кыла беришсе, Жахабанын аларды башка койлор катары кабыл алары шексиз. Алар нан менен шараптан ооз тийбей калышса да, Эскерүү кечесине катышышат, себеби Жахаба менен Исанын алар үчүн кылгандарын жогору баалашат.

БӨТӨНЧӨ ҮМҮТ

6. Иса периштелерге кандай буйрук берген?

6 Улуу алаамат жакындап келаткандыктан Аян китебинин 7-бөлүмүндөгү майлангандар жана башка койлорго кирген эбегейсиз көп адамдар жөнүндө айтылгандарды карап чыкканыбыз дем-күч берет. Эмесе, ушуга токтололу. Иса периштелерге кыйратуучу төрт шамалды кармап турганга буйрук берген. Периштелер ал төрт шамалды майлангандардын баарына мөөр басылганга чейин, башкача айтканда, Жахаба аларды ишенимдүү деп таап, акыркы чечим чыгарганга чейин, коё бербей кармап турушат (Аян 7:1—4). Ошондой берилгендиги үчүн Машаяктын майланган ал бир туугандары кандай сыйлык алышат? Алар аны менен бирге асманда падышалар жана дин кызматчылар болушат (Аян 20:6). Кудайдын үй-бүлөсүнүн асмандагы бөлүгүнө киргендердин баары 144 000 майлангандын асмандагы сыйлыгын алганын көргөнгө кандай гана куштар!

Кудайдын жаркыраган тактысынын жана Козунун алдында колдоруна курма дарагынын бутактарын кармап турган ак кийимчен эбегейсиз көп адамдар (7-абзацты карагыла)

7. Аян 7:9, 10го ылайык, Жакан аянында кимдерди көргөн жана алар эмне кылып жатышкан? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

7 144 000 падыша менен дин кызматчы жөнүндө айткандан кийин элчи Жакан жүрөк толкуткан бир нерсени — Армагедондон аман өткөн «эбегейсиз көп адамдарды» — көргөн. Биринчи топтон айырмаланып бул топтогулардын саны кыйла көп жана чектелүү эмес болгон. (Окугула: Аян 7:9, 10.) Алардын «узун ак кийим кийип турушканы» Шайтандын дүйнөсүндө өздөрүн «таза сактап», Кудайдын жана Машаяктын алдында берилгендигинен жазбаганын билдирген (Жкп. 1:27). Алар: «Бизди... Кудайыбыз менен Козу куткарды»,— деп кыйкырып жатышкан. Ал эми колдоруна курма дарагынын бутактарын кармап турганы Исаны Жахаба дайындаган Падыша тутуп, кубанып жатышканын билдирген. (Салыштыргыла: Жакан 12:12, 13.)

8. Аян 7:11, 12де Жахабанын асмандагы үй-бүлөсүнүн эмне кылганы айтылган?

8 Окугула: Аян 7:11, 12. Бул асмандагыларга кандай таасир эткен? Жакан Жахабанын асмандагы үй-бүлөсүндөгүлөрдүн бардыгы эбегейсиз көп адамдарды көргөндө кубанычка бөлөнүп, Жахабаны даңкташканын көргөн. Эбегейсиз көп адамдардын улуу алааматтан аман өтөрү көрсөтүлгөн аян аткарылганда Жахабанын асмандагы үй-бүлөсү буга, албетте, абдан сүйүнөт.

9. Аян 7-бөлүм 13—15-аяттарга ылайык, эбегейсиз көп адамдар азыр кайсы ишти аткарып жатышат?

9 Окугула: Аян 7:13—15. Жакан эбегейсиз көп адамдардын «кийимдерин Козунун канына жууп агартышканын» жазган. Бул алардын Жахабанын алдында абийири таза, адил экенин билдирет (Ыш. 1:18). Алар — өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлүп, аны менен жакшы мамиледе болгон жана Исанын курмандыгына бекем ишенген адамдар (Жкн. 3:36; 1 Пет. 3:21). Ошондуктан Кудайдын тактысынын алдында туруп, рухий ибадатканасынын жердеги короосунда «ага күнү-түнү ыйык кызмат кылганга» татыктуу. Кудайдын Падышалыгын баарынан маанилүү эсептеп, ал жөнүндө жакшы кабарды жарыялоо жана шакирт даярдоо ишинин көпчүлүк бөлүгүн ынталуу аткарып жаткандар — так ошолор (Мт. 6:33; 24:14; 28:19, 20).

Улуу алааматтан аман өткөнүнө кубанып жаткан эбегейсиз көп адамдар (10-абзацты карагыла)

10. Эбегейсиз көп адамдар эмнеден шектенбесе болот жана алар кайсы убаданын аткарылышын көрүшөт?

10 Улуу алааматтан аман өткөн эбегейсиз көп адамдар Кудай аларга андан ары да кам көрө берерине шектенбесе болот. Себеби «Тактыда отурган» алардын үстүнө «чатырын жаят». Ошондо башка койлор көксөп келген бул убада жүзөгө ашат: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:3, 4).

11, 12. а) Аян 7:16, 17ге ылайык, эбегейсиз көп адамдарды кандай сыйлык күтүп турат? б) Башка койлор Эскерүү кечесинде эмне кыла алышат жана аларга ошенткенге эмне түрткү берет?

11 Окугула: Аян 7:16, 17. Азыркы тапта Жахабанын элинин арасында айрымдар каржы каатчылыгынан же жарандык кагылышуудан жана согуштан улам тамак-аштан кыйналып жатышат. Башкалары ишеними үчүн түрмөдө отурушат. Бирок эбегейсиз көп адамдар бул ыймансыз дүйнө кыйратылгандан кийин кадимки тамактан да, рухий тамактан да эч качан өксүбөй, молчулукта жашаарын билишет. Алар ошол убакты чыдамсыздык менен күтүшөт. Жахаба Шайтан бийлеген азыркы дүйнөнү талкалай баштаганда эбегейсиз көп адамдарды Жахабанын элдерге төгүлө турган каарынын «апта[бы] каарыбайт». Ал эми улуу алаамат аяктаган соң Иса аман калгандарды «өмүр суусунун башаттарына алып барат». Эбегейсиз көп адамдардын кандай гана бөтөнчө үмүткө ээ экенин ойлоп көрсөңөр. Жер бетинде жашап өткөн миллиарддаган адамдардын арасынан алар гана эч качан өлүм дегенди көрбөшү мүмкүн! (Жкн. 11:26).

12 Ооба, башка койлор Жахаба Кудай менен Иса Машаякка ыраазы болгудай кереметтүү үмүткө ээ. Алардын асманда жашаш үчүн тандалбаганы чын, бирок бул Жахаба аларды анча баалабайт дегенди билдирбейт. Майлангандар да, башка койлор да Кудай менен Машаякты даңктай алышат. Мунун бир жолу — Эскерүү кечесине катышуу.

ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИНДЕ КУДАЙДЫ ЖАНА ИСАНЫ ДАҢКТАГЫЛА

Эскерүү кечесинде колдон колго өткөрүлгөн нан менен шарап, түбөлүк жашай алышыбыз үчүн, Исанын биздин ордубузга өлгөнүн эске салат (13—15-абзацтарды карагыла)

13, 14. Майлангандар менен башка койлор эмне үчүн Эскерүү кечесине барышат?

13 Акыркы жылдары Эскерүү кечесине баргандардын арасынан нан менен шараптан ооз тийгендердин саны болжол менен миңдин бири болуп келет. Жыйналыштардын көбүндө нан менен шараптан ооз тийгендер жок. Демек, Эскерүү кечесине келгендердин басымдуу бөлүгү жерде жашайбыз деп үмүттөнөт. Анда алар эмне үчүн Эскерүү кечесине катышышат? Муну досубуздун үйлөнүү үлпөтүнө салыштырсак болот. Биз ал жакка баш кошкону жаткан түгөйлөрдү жакшы көргөндүктөн, кубанычына ортоктош экенибизди көрсөткүбүз келгендиктен барабыз. Анын сыңарындай эле, башка койлор да Эскерүү кечесине Машаякты жана майлангандарды жакшы көргөндүктөн, аларды колдоорун көрсөткүсү келгендиктен барышат. Ошондой эле Эскерүү кечесине барып, жер бетинде түбөлүк жашаганга мүмкүнчүлүк берген Исанын курмандыгына ыраазычылыгын көрсөтүшөт.

14 Башка койлордун Эскерүү кечесине барганынын дагы бир орчундуу себеби бар: алар Иса Машаяктын буйругуна баш ийишет. Иса берилген элчилери менен отуруп Эскерүү кечесин негиздегенде: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деген (1 Кор. 11:23—26). Ошондуктан башка койлор Эскерүү кечесине майлангандардын көзү тирүүсүндө бара беришет жана башкаларды да чакыра беришет.

15. Эскерүү кечесинде Кудай менен Машаякты кантип даңктай алабыз?

15 Эскерүү кечесинде баарыбыз чогуу ырдайбыз, тиленебиз. Ошентип Кудайыбызды жана Машаякты даңктап, аларга ыраазычылыгыбызды, сүйүүбүздү билдиребиз. Эскерүү кечесинде «Кудайдын жана Машаяктын биз үчүн кылгандарына ыраазычылык билдирели!» деген баяндама айтылат. Ал баяндама Кудайга жана Машаякка болгон ыраазычылыгыбызды ого бетер арттырат. Ошол кечте колдон колго узатыла турган нан менен шарап алар билдирген нерсени — Исанын денеси менен канын — эске салат. Ошондой эле түбөлүк жашай алышыбыз үчүн, Жахабанын өз Уулунун биздин ордубузга өлүшүнө жол бергенин эстей алабыз (Мт. 20:28). Ошондуктан Жахабаны жана анын Уулун сүйгөндөрдүн баары Эскерүү кечесине баргысы келет.

ҮМҮТ БЕРГЕНИ ҮЧҮН ЖАХАБАГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРГИЛЕ

16. Майлангандар менен башка койлор кайсы жактардан окшош?

16 Майлангандар менен башка койлордун айырмасы алардын Кудайдын алдындагы баалуулугунда эмес. Кудай үчүн эки топ тең бирдей кымбат. Ал майлангандардын да, башка койлордун да кунуна бирдей эле бааны төлөгөн: өзүнүн сүйүктүү Уулунун өмүрүн берген. Алардын болгон айырмачылыгы — үмүтү эки башка. Эки топтогулар тең Кудайга жана Машаякка берилгендигин сакташы керек (Заб. 31:23). Кудайдын руху баарыбызга бирдей эле таасир этерин да эстен чыгарбаганыбыз маанилүү. Майланган болобузбу, башка койлорго киребизби, Жахаба ар бирибизге ыйык рухун канча керек болсо, ошончо берет.

17. Майлангандар эмнени чыдамсыздык менен күтүшөт?

17 Исанын майланган жолдоочулары асманда жашайм деген үмүт менен төрөлбөйт. Андай үмүттү жүрөгүнө Кудай өзү салат. Алардын ойлогону да, тилегени да ошол үмүт болуп калат. Алар асмандагы ошол сыйлыкты алууну көксөшөт. Албетте, алар рухий денеси кандай болорун элестете алышпайт (Флп. 3:20, 21; 1 Жкн. 3:2). Бирок Жахабаны, Исаны, периштелерди, башка майлангандарды көрө турган жана асман Падышалыгында өз ордуларын ээлей турган убакты чыдамсыздык менен күтүшөт.

18. Башка койлор эмнени самап жашашат?

18 Башка койлор болсо адам баласы үчүн табигый болгон үмүттү — жер бетинде түбөлүк жашайм деген үмүттү — багып келишет  (Нас. 3:11). Алар бүтүндөй жер жүзүн бейишке айлантуу ишине катыша ала турган убакты эңсеп келишет. Үй куруп, бак отургузуп, балдарын чың ден соолукта чоңойто ала турган заманды самашат (Ыш. 65:21—23). Ошондой эле жер жүзүн айланып, тоо-ташты кыдырып, токой аралап, деңиз кезип, Жахабанын колунан бүткөн сансыз нерселерди изилдегенге куштар. Баарынан да, аларды Жахаба менен болгон мамилеси күндөн күнгө бекемделип-чыңдала берерин билгени кубантат.

19. Эскерүү кечесинде ар бирибизде кандай мүмкүнчүлүк болот жана ал быйыл качан өткөрүлөт?

19 Жахаба өмүрүн ага арнаган ар бир кызматчысына жаркын келечекке үмүт берген (Жер. 29:11). Эскерүү кечеси ар бирибиз үчүн өзгөчө күн. Себеби ошол күнү түбөлүк жашашыбызга жол ачкан Кудай менен Машаякты даңктай алабыз. Ооба, Эскерүү кечеси Исанын чыныгы жолдоочулары үчүн абдан маанилүү азем экени анык. Эскерүү кечеси 2021-жылы 27-мартта, ишемби күнү, күн баткандан кийин белгиленет. Көбүбүз бул маанилүү аземге эркин катыша алабыз. Башкалары ар кандай каршылыктарга карабай келишет. Айрымдар болсо Исанын өлүмүн түрмөдө отуруп эскеришет. Бирок жагдайыбыз кандай болбосун, Жахаба да, Иса да, Жахабанын үй-бүлөсүнүн асмандагы бөлүгү да бизге байкоо салып карап турарын унутпайлы. Эмесе, ар бир жыйналыш, ар бир топ, ар бир киши Эскерүү кечесин жакшы өткөрүп алсын!

150-ЫР: Куткаруучу Кудайды издейли

^ 5-абз. 2021-жылдын 27-марты Жахабанын Күбөлөрү үчүн өзгөчө күн. Ошол күнү кечинде биз Машаяктын өлгөн күнүн эскеребиз. Эскерүү кечесине келгендердин басымдуу бөлүгү Иса «башка койлор» деп атаган адамдар болот. 1935-жылы адамдардын ушул тобуна байланышкан жүрөк толкуткан кандай чындык айкын болгон? Улуу алааматтан кийин башка койлорду кандай кереметтүү күндөр күтүп турат? Алар Эскерүү кечесинде Кудай менен Машаякты кантип даңктай алышат?

^ 2-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Башка койлорго Машаяктын жолун жолдогон жана келечекте жер бетинде түбөлүк жашайбыз деп үмүттөнгөн адамдар кирет. Алардын айрымдары Жахабага акыркы күндөрдө кызмат кыла баштаган. Эбегейсиз көп адамдар болсо башка койлорго кирген жана Машаяк улуу алаамат учурунда адамзатты соттогондо көзү тирүү боло турган адамдар. Алар ошол улуу алааматтан аман өтүшөт.