Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Исанын күндөрүндө салыктын кандай түрүн төлөшчү?

ЫСРАЙЫЛДЫКТАР байыркы убактан тартып эле чыныгы Кудайга сыйынууну колдош үчүн акча беришчү. Бирок Исанын күндөрүндө салыктар көбөйүп, элдин жашоосу аябай оордоп кеткен.

Негизи, ыйык чатырдын, кийинчерээк болсо ибадаткананын керек-жарагына жүйүттөрдүн эркектеринин баары жарым шекелден (эки драхма) төлөгөнгө милдеттүү болчу. 1-кылымда андай каражат Ирод падыша курган ибадаткананы оңдоп-түзөгөнгө жана ошол жерде чалынган курмандыктарга жумшалчу. Жүйүттөрдүн арасынан бирөөлөр Петирден Исанын ошол салыкка карата оюн сурашканда Иса салык төлөгөн туура эмес деп айткан эмес болчу. Кайра, Петирге ал салыкты төлөгөнгө акчаны каяктан алыш керектигин айткан (Мт. 17:24—27).

Ошол кезде Кудайдын эли ондукту да, башкача айтканда, түшүмүнүн же кирешесинин ондон бир бөлүгүн төлөшү керек болчу (Леб. 27:30—32; Сан. 18:26—28). Диний жетекчилер атүгүл жалбыз, ашкөк, зире сыяктуу өсүмдүктөрдөн бери ондон бир бөлүгүн төлөшү керек деп талап кылышкан. Иса ондук төлөгөн туура эмес дебесе да, фарисейлер менен китепчилерди эки жүздүүлүгү үчүн ашкерелеген (Мт. 23:23).

Ошол учурда жүйүттөр аларды бийлеп турган римдиктерге да салыктын бир нече түрүн төлөшчү. Мисалы, жери барлар жер үчүн салыкты акчалай төлөшчү же түшүмүн беришчү. Андай салыктын көлөмү, болжолу, 20—25 пайызды түзчү. Андан сырткары, жүйүттөр киши башына да салык төлөшчү. Фарисейлер Исадан так ошол салык жөнүндө сурашкан. Ошондо ал салык төлөгөнгө карата кандай көз карашта болушубуз керектигин көрсөтүп: «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деген (Мт. 22:15—22).

Ошондой эле белгилүү бир аймакка кирген же андан чыккан товарлар үчүн салык төлөнчү. Андай аймактарга кеме токтогон жайлар, көпүрөлөр, чоң жолдордун кесилиши, шаарлардын же базарлардын кире бериши кирген.

Мына ушундай салыктардын баары Рим бийлигинин астындагы эл үчүн көтөрө алгыс жүк болгон. Рим тарыхчысы Тациттин жазгандарына ылайык, Иса жерде жүргөн кезде император Тиберийдин тушунда «Сирия жана Жүйүт жергесиндегилер салыктын оордугуна чыдабай, аны азайтышын сурап жалынып-жалбарышкан».

Ошол салыктардын кантип чогултулганы да элдин жүгүн ого бетер оорлоткон. Себеби салык чогулта турган кишинин орду да сатылчу. Эң көп акча берип ошол орунду сатып алгандар өзүнө пайда көрүш үчүн дагы башкаларды жалдашчу. Салыкты элден түзмө-түз ошолор чогултчу. Алар да ортодон акча өндүрүп алганга аракет кылчу. Закайдын да ошентип жалдаган кишилери болгон көрүнөт (Лк. 19:1, 2). Ушунун баарына эл эмне үчүн ачууланып, нааразы болгону жана салык чогулткандарды жек көргөнү таң калыштуу деле эмес.