Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

25-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Бул кичинелерди» мүдүрүлтпөгүлө

«Бул кичинелерди» мүдүрүлтпөгүлө

«Бул кичинелердин бирин да кемсинтпегиле» (МТ. 18:10).

113-ЫР: Кудайдын элинин арасындагы тынчтык

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахаба ар бирибизди жакшы көрөт деп эмне үчүн айта алабыз?

ЖАХАБА ар бирибизди өзүнө жакындаткан (Жкн. 6:44). Бул эмнени билдирерин ойлонуп көрсөңөр. Ал жер бетиндеги миллиарддаган адамдардын жан дүйнөсүн көрүп турат. Алардын ичинен сенден баалуу бир нерсе тапкан — жүрөгүңдү текшерип, аны сүйө аларыңды көргөн (1 Жылн. 28:9). Жахаба сени жакшы билет, түшүнөт жана сүйөт. Ушуну билгенибиз кадимкидей канат байлатат!

2. Жахабанын ар бирибизди баалай турганын Иса кантип түшүндүргөн?

2 Жахаба сенин камыңды ойлойт. Ал ошондой эле бардык башка ишенимдештериңди да ойлойт. Ушул ойду бышыкташ үчүн Иса Жахабаны койчуга салыштырган. Жүз коюнун ичинен бир кою жоголуп кетсе, койчу эмне кылат? «Ал токсон тогузун тоого калтырып, жоголуп кеткенин издеп» жөнөйт. Анан тапканда ага ачууланбайт, кайра аябай сүйүнөт. Мындан кандай бүтүм чыгарсак болот? Жахаба үчүн ар бир кою кымбат. Иса: «Асмандагы Атам да ушул кичинелердин биринин да жок болушун каалабайт»,— деген (Мт. 18:12—14).

3. Бул макалада эмне талкууланат?

3 Албетте, эч кимибиз ишенимдештерибиздин бирин да капа кылып, мүдүрүлткүбүз келбейт. Ал үчүн эмне кылышыбыз керек? Ал эми кимдир бирөө бизди капалантканда кандай кылсак болот? Бул суроолорго ушул макаладан жооп алабыз. Бирок адегенде Матай китебинин 18-бөлүмүндө айтылган «кичинелер» деген кимдер экенин билип алалы.

«БУЛ КИЧИНЕЛЕР» ДЕГЕН КИМДЕР?

4. «Бул кичинелер» деген кимдер?

4 «Бул кичинелерге» Исанын жолдоочуларынын баары кирет. Курагы ар кандай болсо да, Исадан үйрөнгөнгө дилгир болгондуктан алар кандайдыр бир мааниде «кичинекей балдарга» окшош (Мт. 18:3). Тек-жайы, маданияты, көз карашы, мүнөзү бири-бириникинен айырмаланса да, баары Исага ишенишет. Иса да аларды аябай жакшы көрөт (Мт. 18:6; Жкн. 1:12).

5. Жахаба анын кызматчысын кимдир бирөө мүдүрүлтсө же капа кылса, кандай сезимде болот?

5 «Бул кичинелердин» баары Жахаба үчүн аябай кымбат. Анын кандай сезимдерди туярын түшүнүш үчүн кичинекей балдар жөнүндө ойлонуп көрөлү. Биз кичинекей балдарга кандай карайбыз, кандай мамиле кылабыз? Аларды аябай жакшы көрөбүз. Чоңдорго салыштырмалуу алсыз, тажрыйбасыз болгондуктан жана акыл кире элек болгондуктан, аларды коргоп турабыз. Кимдир бирөөгө жаман мамиле кылган кишини көргөндө баарыбыз эле нааразы болобуз. Ал эми ошондой мамиле балага кылынса, аябай жаман болуп, атүгүл ачууланабыз. Ушу сыяктуу эле, Жахаба да бизди коргогусу келет. Ошондуктан кимдир бирөө анын кызматчысын мүдүрүлтсө же капа кылса, ал да аябай жаман болот, атүгүл ачууланат (Ыш. 63:9; Мр. 9:42).

6. 1 Корунттуктар 1:26—29-аяттарга ылайык, бул дүйнөдөгүлөр Исанын жолдоочуларына кандай карашат?

6 Исанын жолдоочулары дагы кандай мааниде «кичинелерге» окшош? Ойлоп көрсөңөр, бул дүйнөдө көптөр кимди кадыр тутушат? Дүнүйө-мүлкү, бийлиги, зоболосу зор адамдарды. Алардан айырмаланып, Исанын жолдоочулары кадыры жок, «кичинекей» бирөөлөрдөй эле көрүнүшү мүмкүн. (Окугула: 1 Корунттуктар 1:26—29). Бирок Жахаба аларга башкача карайт.

7. Жахаба ишенимдештерибизге кандай мамиле кылышыбызды каалайт?

7 Жахабага көптөн бери кызмат кылып келатабызбы же жакын арадан бериби, ал бардык кызматчыларын жакшы көрөт. Ишенимдештерибиздин баары Жахаба үчүн кымбат болгондуктан, биз үчүн да кымбат болушу керек. Биз бир туугандарыбыздын айрымдарын эле эмес, баарын сүйгүбүз келет (1 Пет. 2:17). Аларды коргоп, кам көрүш үчүн колубуздан келген нерсенин баарын кылганга дилгир болушубуз керек. Эгер кимдир бирөөнү таарынтып алганыбызды сезип калсак, «өзү ушундай таарынчак неме» деп кол шилтеп койбошубуз керек. Алар эмне себептен таарынышы мүмкүн? Айрымдары башынан өткөн нерселерден улам өздөрү жөнүндө төмөн ойдо болушу ыктымал. Дагы бирөөлөрү Жахабанын жолуна жаңыдан түшкөндүктөн кишинин кемчиликтерине кандай карашты үйрөнө элек болушу мүмкүн. Бирок бизди таарынтабы же биз таарынтабызбы, кандай болбосун, ортодогу мамилени оңдогонго умтулушубуз керек. Ошол эле учурда таарынганга жакын келгендер ушул жагынан оңолушу керектигин моюнга алышы керек. Ушундай кылса, өзүнүн да жан-дүйнөсү тынч болот, башкаларга да жакшы болот.

БАШКАЛАРДЫ ӨЗҮҢӨРДӨН ЖОГОРУ КӨРГҮЛӨ

8. Исанын шакирттерине ошол учурда кеңири жайылган кандай көз караш таасир эткен?

8 Иса  «бул кичинелер» деп эмнеден улам айткан? Ага чейин шакирттери андан: «Асман Падышалыгында ким баарынан чоң болот?» — деп сурашкан (Мт. 18:1). Ошол кезде жүйүттөрдүн көбү адамдын кадыр-баркына, ээлеген абалына аябагандай чоң маани беришчү. Бир окумуштуу: «Алар үчүн кадыр-барк, бедел, атак-даңк, урмат-сый аябай маанилүү болчу. Ошон үчүн жашап, ошон үчүн өлүшчү»,— деген.

9. Иса шакирттерине эмне кылышы керектигин айткан?

9 Шакирттери жүйүттөрдүн кан-жанына сиңип калган атаандаштык рухунан арылышы керектигин Иса жакшы билген. Ошон үчүн аларга: «Араңардан ким чоң болсо, ал кичүүдөй болсун, ал эми ким башчы болсо, ал кызматчыдай болсун»,— деген (Лк. 22:26). Эгер башкаларды жогору көрсөк, өзүбүздү «кичүүдөй» алып жүргөн болобуз (Флп. 2:3). Ошондой көз карашты канчалык көбүрөөк өрчүтсөк, башкаларды ошончолук азыраак мүдүрүлтөбүз.

10. Пабылдын кайсы кеңешин унутпашыбыз керек?

10 Боордошторубуздун кимиси болбосун, кайсы бир жагынан бизден жакшыраак болот. Эгер алардын жакшы сапаттарына көңүл бурсак, муну оңой эле байкайбыз. Биз Пабылдын Корунттагы жыйналыштагыларга айткан кеңешин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ал: «Сен кимдин аркасы менен башкалардан өзгөчөлөнүп турасың? Баарын Кудайдан алган жок белең? Эгер алган болсоң, анда эмнеге албагансып мактанып жатасың?» — деп жазган (1 Кор. 4:7). Биз өзүбүзгө көңүл бурдургандан же өзүбүз жөнүндө жогору ойдо болгондон сак болушубуз керек. Мисалы, кайсы бир ишенимдешибиз мыкты баяндамачы болсо же кайсы бир эжебиз же карындашыбыз башкалар менен тез эле изилдөө баштап кеткенге жөндөмдүү болсо, даңктын баарын Жахабага ыйгарышы керек.

«ЧЫН ЖҮРӨКТӨН» КЕЧИРГИЛЕ

11. Иса айткан падыша менен кул жөнүндөгү мисалдын негизги мааниси кандай?

11 Иса башкаларды мүдүрүлтпөгүлө деп айткандан кийин жолдоочуларына бир падыша менен кул жөнүндө мисал айтып берген. Ал падыша кулунун чоң карызын кечип койгон. Кул ал карызын эч качан төлөп бере албайт болчу. Бирок кул өзүнө андан алда канча аз карыз болгон кулду кечирбей койгон. Акыры падыша жакшылыкты билбеген таш боор ал кулду түрмөгө каматып салат. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Иса: «Эгерде ар бириңер бир тууганыңарды чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силерге ушундай мамиле кылат»,— деген (Мт. 18:21—35).

12. Капаланткан кишини кечирбей койсок эмне болот?

12 Мисалдагы кулдун кылган иши өзүнө эле эмес, башкаларга да зыян келтирген. Биринчиден, ал берки кулду «карызын төлөп бермейин» түрмөгө каматып, таш боордук кылган. Экинчиден, анын кылганы башка кулдарды да кыжалат кылган. Анын кылганын көрүп алар «аябай капаланышкан». Ошол өңдүү эле, биздин да иштерибиз башкаларга таасир этпей койбойт. Эгер бизди капа кылган кишини кечирбей койсок эмне болот? Биринчиден, аны кечирбей койгонубуз, көңүл бурбаганыбыз, жакшы көрбөгөнүбүз ага катуу тиет. Экинчиден, ушундай мамилебизди байкаган жыйналыштагы ишенимдештерибиз да кыжалат болот.

Таарынып жүрө бересиңби же чын жүрөктөн кечиресиңби? (13, 14-абзацтарды карагыла) *

13. Бир пионердин окуясынан эмнени үйрөндүңөр?

13 Башкаларды кечиргенибиз өзүбүзгө да, аларга да пайдалуу. Бир пионердин окуясына көңүл буралы. Аны Кристал деп атап коёлу. Жыйналыштагы бир эже аны таарынтып койгон. Кристал мындай деп эскерет: «Анын сөздөрү кээде бычактай эле тийчү. Кызматка чыкканда аны менен бир машинеде жүргүм келчү эмес. Ошентип жүрүп мурункудай кубанычтуу, ынталуу кызмат кылбай калдым». Бирок, таарынганга себеп бардай сезилсе да, Кристал таарынычка алдырып, өзүн аяп отуруп калган эмес. Кайра, «Күзөт мунарасы» журналына (1999-жыл, 1-нояб.) чыккан «Чын жүрөктөн кечиргиле» деген макаладагы Ыйык Китепке негизделген кеңешке ылайык иш кылган. Ал ишенимдешин кечирген. Кристал: «Баарыбыз эле жаңы табиятты кийип, өзгөргөнгө аракет кылып жатканыбызды жана Жахаба айкөлдүк кылып, бизди күнүнкүсүн күнүнө кечирип жатканын эми түшүндүм. Ошондон кийин жонуман жер көтөргүс оор жүк түшкөндөй эле болду. Мурункудай көңүлүм жайдары болуп калды»,— дейт.

14. а) Матай 18:21, 22ге ылайык, элчи Петирге эмне кылыш кыйын болсо керек? б) Ошондой жагдайга кабылсак, бизге эмне жардам берет?

14 Кечиришибиз керек экенин жана бул туура экенин баарыбыз эле билебиз. Бирок бул биз үчүн кыйын болушу мүмкүн. Элчи Петирге да бул оңой болбосо керек. (Окугула: Матай 18:21, 22.) Анда кечиргенге эмне жардам берет? Биринчиден, Жахабанын силерди канчалык кечирип жатканы жөнүндө ойлонгула (Мт. 18:32, 33). Татыксыз болсок да, ал бизди айкөлдүк менен кечирет (Заб. 103:8—10). Ошондой эле биз «бири-бирибизди сүйүүгө милдеттүү экенибизди» унутпагыла. Ошондуктан кечирер-кечирбесибиз өзүбүз чече турган иш эмес. Бир туугандарыбызды кечириш биздин парызыбыз (1 Жкн. 4:11). Экинчиден, кечиргендин пайдасы жөнүндө ой жүгүрткүлө. Кечирсек, бизди таарынткан кишиге жакшылык кылган болобуз, жыйналыштын биримдигине салым кошобуз жана Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетпейт. Ошондой эле өзүбүз жеңилдеп калабыз, жан дүйнөбүз тынч болот (2 Кор. 2:7; Кол. 3:14). Үчүнчүдөн, кечиргиле деп айткан Кудайдын өзүнөн жардам сурагыла. Шайтандын ортодогу ыркты ыдыратышына жол бербегиле (Эф. 4:26, 27). Эгер Шайтандын кылтагына түшүп калгыбыз келбесе, Жахабадан жардам сурашыбыз керек.

МҮДҮРҮЛҮП КАЛБАГЫЛА

15. Колосалыктар 3:13кө ылайык, кимдир бирөөнүн кылган ишине жаман болуп жатсак, эмне кылыш керек?

15 Ал эми ишенимдешиңердин кылганы аябай катуу тийип, жаман болуп жатсаңарчы? Андайда эмне кылыш керек? Тынчтыкты сакташ үчүн болгон аракетиңердин баарын кылгыла. Жахабага кайрылып, өзүңөрдү кандай сезип жатканыңарды айткыла. Андан силерди таарынткан кишиге жардам беришин сурангыла. Ошондой эле силерге да ал кишинин Жахаба жактырган сапаттарын көрө билгенге жардам беришин сурангыла (Лк. 6:28). Эгер анын кылганын дагы деле унута албай жатсаңар, анда аны менен кантип сүйлөшүштү ойлонуп көргүлө. Негизи, «ал эч качан атайлап кылмак эмес» деп ойлогон дайыма туура болот (Мт. 5:23, 24; 1 Кор. 13:7). Анан сүйлөшүп жатканда «жаман деле ою жок болсо керек» деген ойдо болушуңар керек. Ал эми мамилени оңдогусу келбей жатсачы? Анда «көтөрүмдүү болгула». Ага кол шилтеп койбой, чыдамкай болгула. (Окугула: Колосалыктар 3:13.) Баарынан маанилүүсү, эч качан ичиңерге кир сактап калбагыла. Анте турган болсоңор, Жахаба менен болгон мамилеңерди бузуп алышыңар мүмкүн. Силерди мүдүрүлтүшүнө эч нерсеге жол бербегиле. Ошентсеңер, баарынан да Жахабаны жакшы көрөрүңөрдү далилдейсиңер (Заб. 119:165).

16. Ар бирибиздин кандай милдетибиз бар?

16 «Бир койчу» кайтарган «бир отор» катары биримдикте Жахабага кызмат кылуу сыймыгын баарыбыз жогору баалайбыз! (Жкн. 10:16) «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» деген китептин 165-бетинде: «Биримдикти сактоо сенин да милдетиң»,— деп жазылган. Демек, «биз ишенимдештерибизге сыртынан баа бербей, Жахаба карагандай караганга үйрөнүшүбүз» керек. Жахаба үчүн баарыбыз «кичинелербиз», кымбатпыз. Силер да ишенимдештериңерди ушинтип баалайсыңарбы? Аларга кам көрүп, жардам бериш үчүн кылып жаткан ар бир аракетиңерди Жахаба байкап турат жана жогору баалайт (Мт. 10:42).

17. Биз эмне кылгыбыз келбейт?

17 Биз ишенимдештерибизди жакшы көрөбүз. Ошондуктан эч качан аларды «мүдүрүлтүп», «чалынткыбыз» келбейт (Рим. 14:13). Аларды өзүбүздөн жогору көрөбүз жана чын жүрөктөн кечиргибиз келет. Андыктан башкалардын сөзүнө же ишине эч качан мүдүрүлбөйлү. Андан көрө, «тынчтыкка, бири-бирибизди бекемдөөгө умтулалы» (Рим. 14:19).

130-ЫР: Кечиримдүү бололу

^ 5-абз. Жеткилең эмес болгондуктан сөзүбүз менен же ишибиз менен бир туугандарыбыздын көңүлүн оорутуп алышыбыз мүмкүн. Ал эми биздин көңүлүбүздү оорутуп коюшса эмне кылабыз? Негизи эле ушу сыяктуу жагдайларда башкалар менен болгон мамилебизди шак эле оңдогонго аракет кылабызбы? Дароо кечирим сурайбызбы? Же: «Таарынса, эмне кылайын?! Анчалык деле эч нерсе кылган жокмун»,— деп коёбузбу? Же башкалардын сөзүнө же ишине көп таарынсак эмне кылсак болот? «Эми, өзүм ушундай киши болсом эмне кылайын?» — дейбизби? Же ушу жагынан оңолушубуз керектигин моюнга алабызбы?

^ 53-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жыйналыштагы бирөөгө таарынып жаткан ишенимдешибиз. Кийинчерээк экөө өздөрүнчө сүйлөшүп, чечишип алгандан кийин таарынычы жазылып, Кудайга кубанып чогуу кызмат кылып жатышат.