Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

23-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба турганда эч качан жалгыз эмессиңер

Жахаба турганда эч качан жалгыз эмессиңер

«Жахаба Өзүн чакыргандардын баарына... жакын» (ЗАБ. 145:18).

28-ЫР: Жахаба менен дос бололу

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахабанын кызматчылары кээде эмне үчүн жалгызсырашы мүмкүн?

АРАБЫЗДА көбүбүздүн эле жалгызсыраган учурларыбыз болот. Айрымдардыкы бат эле өтүп кетет, башкалардыкы болсо узакка созулат. Атүгүл көпчүлүктүн арасында жүрүп деле жалгызсырашыбыз мүмкүн. Кээ бирлер жаңы жыйналышка барганда дос таппай кыйналышат. Дагы бирөөлөр үй-бүлөсүнөн, тууган-туушкандарынан алыс кеткендиктен жалгызсырашат. Көзү өтүп кеткен жакын кишисин сагынып куса болгондор да бар. Айрымдар болсо, өзгөчө чындык жолуна жаңыдан түшкөндөр, үйүндөгүлөрү же достору каршы болуп, алар менен мамилесин үзүп койгондо өздөрүн жалгыз калгандай сезишет.

2. Кайсы суроолорго жооп алабыз?

2 Жахаба биз жөнүндө бүт баарын билет, баарын жакшы түшүнөт. Жалгызсыраганыбызды да көрүп-билип турат жана андай сезим менен күрөшкөнгө жардам бергиси келет. Ал кантип жардам берет? Өзүбүз эмне кылсак болот? Жыйналышыбызда жалгызсырап жүргөндөргө кантип жардам бере алабыз? Эмесе, ушул суроолорго жооп алалы.

ЖАХАБА БИЗДИ КӨРҮП, КОЛДОП ТУРАТ

Жахаба Илияска периштесин жиберип, жалгыз эмес экенине ынандырган (3-абзацты карагыла)

3. Жахаба Илиястын сезимдерине кайдыгер эместигин кантип көрсөткөн?

3 Жахаба бардык кызматчыларынын жыргалчылыгын көздөп, бактылуу болушун каалайт. Ал ар бирибизге жакын, ошондуктан көңүлүбүз чөгүп, кайгырып турганыбызда байкабай койбойт (Заб. 145:18, 19). Келгиле, Жахабанын Илияс пайгамбарга кандай мамиле кылганын карап чыгалы. Кудайга берилген ал адам Ысрайылдын тарыхындагы коогалаңдуу мезгилде жашаган. Ал кезде Жахабага сыйынгандар катуу куугунтукталгандыктан, Илияс пайгамбар душмандардын негизги бутасына айланган (1 Пад. 19:1, 2). Ошондой эле ага Жахабага сыйынган башка эч ким жок, жалгыз өзү эле калгандай сезилген. Жахаба муну көрүп дароо жардамга келген (1 Пад. 19:10). Ал периштесин жиберип, пайгамбарды жалгыз эмес экенине, Ысрайылда Жахабадан корккон андан башка да көп адамдар бар экенине ынандырган (1 Пад. 19:5, 18).

4. Марк 10:29, 30-аяттар Жахабанын башкалар колдобой калган кызматчыларына кам көрөрүн кандайча көрсөтүп турат?

4 Жахаба ага кызмат кылабыз деп чечкенде айрымдарыбыздын көп нерседен кечкенибизди билет. Балким, кээ бирлерди туугандары, достору мурункудай колдоп, жардам бербей калгандыр. Мына ошон үчүн Петир да Исадан: «Биз баарын таштап, сенин артыңдан ээрчидик. Бул үчүн биз эмне алабыз?» — деп сурагандыр (Мт. 19:27). Иса ошондо шакирттерин ишенимдештери аларга чоң рухий үй-бүлөдөй болуп берерине ынандырган. (Окугула: Марк 10:29, 30.) Ушундай үй-бүлөбүздүн башчысы Жахаба ага кызмат кылгандардын баарын колдой турганын убада кылган (Заб. 9:10). Анда жалгызсырап жатканда Жахабанын жардамын кабыл алыш үчүн өзүбүз эмне кылсак болорун карап чыгалы.

ӨЗҮҢӨР ЭМНЕ КЫЛА АЛАСЫҢАР?

5. Жахабанын силерди кантип колдоп жатканына көңүл топтогонуңардын кандай пайдасы бар?

5 Жахабанын силерди кантип колдоп жатканына көңүл топтогула (Заб. 55:22). Бул жагдайыңарга тең салмактуу караганга жардам берет. Үйүндөгүлөрү Жахабага сыйынбаган жалгыз бой Кэрол * мындай дейт: «Артка кылчая карап, Жахабанын кыйын кезеңдерде мени кантип колдогонун ойлогондо жалгыз эмес экенимди түшүнөм. Ошон үчүн келечекте да мени таштабай турганына эч шектенбейм».

6. 1 Петир 5:9, 10догу сөздөр жалгызсыраганда кандайча жардам берет?

6 Жалгызсыраган ишенимдештерибизге Жахабанын кантип жардам бергени жөнүндө ойлонгула. (Окугула: 1 Петир 5:9, 10.) Көп жылдан бери Жахабага үй-бүлөсүнөн жалгыз өзү эле кызмат кылып келаткан Хироши: «Жыйналышта телегейи тегиз эч ким жок экенин шак эле байкайсың. Ошентсе да баарынын Жахабага кызмат кылыш үчүн болгон күчүн жумшап жатканы чындык жолунда мага окшоп жалгыз жүргөндөргө кадимкидей күч-кубат берет»,— дейт.

7. Жахабага кайрылып турганыңар кандайча жардам берет?

7 Рухий күн тартипке кармангыла. Буга Жахабага кайрылып, өзүңөрдү кандай сезип жатканыңарды ачык айтып туруу да кирет (1 Пет. 5:7). Мишел деген жаш кыз: «Жалгызсырап жатканда Жахабага кайрылып жалындуу тиленгеним аябай жардам берчү»,— дейт. Ал жаштайынан Жахабанын жолун тандаганы үчүн үй-бүлөсүнөн бөлүнүп, өзүн жалгыз калгандай сезген. Ал: «Жахаба менин атамдай эле болчу. Мен ага күн сайын бир нече жолу кайрылып, өзүмдү кандай сезип жатканымды айтчумун»,— деп кошумчалайт.

Жалгызсыраганда Ыйык Китептин жана ага негизделген адабияттардын аудиожаздыруусун уксаңар, жакшы жардам бериши мүмкүн (8-абзацты карагыла) *

8. Кудайдын Сөзүн окуп, ой жүгүртүү силерге кандайча жардам берет?

8 Кудайдын Сөзүн дайыма окугула. Жахабанын силерди сүйөрүн көрсөткөн окуялар жөнүндө ой жүгүрткүлө. Үй-бүлөсүнөн көңүл ооруткан сөздөрдү көп уккан Биянка мындай дейт: «Ыйык Китепти жана меникиндей кыйынчылыктарга кабылган Жахабанын кызматчыларынын өмүр баянын окуп, ой жүгүрткөнүм мага чындап жардам берет». Айрымдар болсо Забур 27:10, Ышая 41:10 сыяктуу өзгөчө күч-кубат берип, жубаткан аяттарды жаттап алышат. Башкалар болсо жалгызсыраганда жыйналышка даярданып жатып же Ыйык Китепти окуп жатып алардын аудиожаздыруусун укканы да жакшы экенин байкашкан.

9. Жыйналышка баргандын кандай пайдасы бар?

9 Жыйналышка дайыма барганга аракет кылгыла. Ал жактан уккандарыңар силерге дем-күч берет. Ишенимдештериңер менен да жакыныраак таанышасыңар (Евр. 10:24, 25). Жогоруда сөз кылынган Мишел мындай дейт: «Аябай тартынчаак болсом да бир да жыйналышты калтырбайм, барган сайын жооп берем деп чечип алгам. Бул мага жыйналыштагылар менен аябай жакын болгонго жардам берди».

10. Ишенимдештерибиз менен дос болгонубуз эмне үчүн маанилүү?

10 Ишенимдештериңер менен дос болгула. Курагы, тек-жайы силердикинен айырмаланса да, силерди көп нерсеге үйрөтө ала тургандар менен дос болгонго аракет кылгыла. Ыйык Китепте «даанышмандык карыларда» экени жазылган (Аюп 12:12). Бирок улуулар да жаштардан көптү үйрөнө алышат. Мисалы, Дөөтү Жонатандан бир топ эле жаш болгон. Бирок бул нерсе аларга жакын достордон болгонго тоскоолдук болгон эмес (1 Шем. 18:1). Алар бири-бирине Жахабага кызмат кылганга кыйын жагдайларда да дем берип турушкан (1 Шем. 23:16—18). Үй-бүлөсүнөн жалгыз Жахабанын Күбөсү болгон Ирина: «Ишенимдештерибиз ата-энебиздей, кандаш бир туугандарыбыздай эле болуп калат. Жахаба алар аркылуу бөксө жерибизди толтуруп коё алат»,— дейт.

11. Кимдир бирөө менен ынак достордон болуш үчүн эмне кылышыңар керек?

11 Жаңы кишилер менен достошуш, өзгөчө тартынчаак болсоң, кыйын болушу мүмкүн. Дээринен уялчаак келген Ратна катуу каршылыкка карабай Жахабанын жолуна түшкөн. Ал: «Мындайда рухий үй-бүлөңдүн жардамы, колдоосу аябай керек экен. Ансыз мүмкүн эмес экен»,— дейт. Кимдир бирөөгө сезимдериңди айтып, ачык сүйлөшүш кыйындыр. Бирок жакшы достук так ошондон башталат. Досторуңар силерди колдоп, жөлөп-таяп тургусу келет. Бирок ал үчүн силерге кандай жардам керек экенин билиши керек.

12. Кызматташуу башкалар менен достошконго кантип өбөлгө түзөт?

12 Кимдир бирөө менен достошуунун эң жакшы жолу — чогуу кабар айтуу. Кэрол мындай дейт: «Башкалар менен чогуу кабар айтып, уюмдун иштерине чогуу катышып, көптөр менен ынак дос боло алдым. Жахаба көп жылдардан бери ошол досторум аркылуу мени колдоп келатат». Исанын жетилген жолдоочулары менен дос болгонго жумшаган аракетибиз ошого арзыйт. Жахаба жалгыздык сыяктуу терс сезимдер менен күрөшкөнгө так ошондой досторду колдонуп жардам берет (Накыл 17:17).

ӨЗ ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨЙ БОЛУП БЕРГИЛЕ

13. Жыйналыштагы ар бир кишинин кандай милдети бар?

13 Жыйналышта эч ким өзүн жалгыздыкка баткандай сезбеши керек. Ал жакта сүйүү жана тынчтык өкүм сүрүшү зарыл. Буга салым кошконго баарыбыз милдеттүүбүз (Жкн. 13:35). Биздин ар бир ишибиз, ар бир сөзүбүз башкаларга күчтүү таасир этиши мүмкүн. Бир ишенимдешибиздин эмне дегенине көңүл бурсаңар: «Жахабанын жолуна түшкөндө жыйналыш менин үй-бүлөмдөй эле болуп калган. Жыйналыштагылардын жардамысыз Жахабанын Күбөсү боло албайт болчумун». Анда Жахабага кызмат кылып жүрүп өзүн жалгыз сезгендерге канткенде үй-бүлөсүндөй болуп бере аласыңар?

14. Канткенде башкалар менен достук мамиле өрчүтө алабыз?

14 Достошконго биринчи өзүңөр аракет кылгыла. Жыйналышка жаңылар келгенде, эң алды жылуу тосуп алгыла (Рим. 15:7). Бирок жакшы учурашып эле тим болбошубуз керек. Биз алар менен бара-бара ынак достордон болгубуз келет. Ошондуктан жаңыларга ал-жайын сурап, чын дилден көңүл бургула. Кандай кыйынчылыктарга кабылып жатканын билгенге аракет кылгыла. Бирок ошол эле учурда жеке жашоосуна өтө эле кийлигишкенден сак болгула. Кээ бирлер башкаларга оңой менен ачылбашы мүмкүн. Андайда сүйлөшкөнгө мажбурлап, оңтойсуз абалда калтырбагыла. Андан көрө, орундуу суроолорду берип, кунт коюп уккула. Мисалы, чындык жолуна кантип түшкөнүн сурасак болот.

15. Исанын жетилген жолдоочулары жыйналыштагыларга кантип жардам бере алышат?

15 Исанын жетилген жолдоочулары, өзгөчө аксакалдар, жыйналыштагыларга чын дилден көңүл буруп турса, бардыгы рухий жактан гүлдөп-өсүшөт. Энеси Жахабанын жолунда тарбиялап чоңойткон Мелиса: «Ушунча жыл бою мага көңүл буруп, менден убактысын аябаган, атамдай болуп берген байкелерге канчалык ыраазы экенимди сөз менен айтып жеткире албайм. Качан болбосун, сүйлөшкүм келгенде мени уга турган киши бар болчу»,— дейт. Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген окутуучусу чындык жолунан чыгып кеткенде Маурисио деген жигит да жалгызсырап кыйналган. Ал мындай дейт: «Аксакалдар мага аябай жардам беришкен. Дайыма мени менен сүйлөшүп, кызматташып турушчу. Ыйык Китепти окуп жатканда тапкан жакшы ойлор менен бөлүшүп турушчу. Атүгүл мени менен спорт оюндарын да ойношчу». Мелиса да, Маурисио да учурда толук убакыт кызмат кылышат.

Жыйналышыңарда силердин жылуу сөзүңөргө, көңүл бөлүшүңөргө муктаж болгон бирөө барбы? (16—19-абзацтарды карагыла) *

16, 17. Башкаларга кантип жардам берсек болот?

16 Керектүү жардам көрсөткүлө. (Гал. 6:10). Үй-бүлөсүнөн алыс жакта миссионер болуп кызмат кылган Лео мындай дейт: «Көбүнчө кимдир бирөөнүн өз учурунда кичинекей эле бир жакшылык кылып коюшуна зар болосуң. Бир жолу машине айдап баратып кырсыктап калгам. Эптеп үйгө жетип, өзүмө келе албай отургам. Бир маалда эле бир жубайлар үйүнө чайга чакырып калышты. Эмне жегеним эсимде деле жок. Бирок алардын мага кылган мамилеси, кунт коюп укканы эсимде. Ошондо аябай жеңилдеп калгам!»

17 Баарыбызга эле райондук, региондук жыйындарга барган жагат. Себеби ал жактан боордошторубузга жолугуп, жыйындан уккандарыбызды талкуулап, сүйлөшө алабыз. Жогоруда айтылган Кэрол мындай дейт: «Мен үчүн жыйынга барыш өзгөчө кыйын. Ал жакта жүздөгөн, атүгүл миңдеген ишенимдештеримдин арасында болгонум менен, көбүнчө ар кимиси өз үй-бүлөсү менен отурат. Ошону көргөндө ого бетер жалгызсырап жаман болом». Жубайынын көзү өтүп кеткендер да жыйынга биринчи жолу жалгыз барышканда аябай жаман болушат. Ушундай бир туугандарыбызды билесиңерби? Билсеңер, анда кийинки жолу жыйынга чогуу баралы деп сунуштасаңар болот.

18. 2 Корунттуктар 6:11—13-аяттардагы кеңешти кантип колдонсок болот?

18 Чогуу убакыт өткөргүлө. Жыйналыштагы ар кандай адамдар менен, айрыкча өзүн жалгыз сезгендер менен, чогуу убакыт өткөргөнгө аракет кылгыла. Биз бөтөнчө ошондой адамдарга «жүрөгүбүздү кенен ачкыбыз» келет. (Окугула: 2 Корунттуктар 6:11—13.) «Досторубуз үйүнө же бир жакка чогуу барып келгенге чакырганда аябай сүйүнчүбүз»,— дейт Мелиса. Силердин жыйналышыңарда да ошентип чакырса болчудай бирөөлөр барбы?

19. Ишенимдештерибиз менен чогуу болгонубуз кандай учурларда өзгөчө керек болушу мүмкүн?

19 Ишенимдештерибиз аларга көңүл буруп, убакыт бөлгөнүбүз үчүн бөтөнчө ыраазы болгон учурлар болот. Үй-бүлөсү Жахабага сыйынбагандыктан, кээ бирлерге майрам күндөрү өзгөчө кыйын болот. Башкалары белгилүү бир күндөрү, мисалы, жакын кишиси өлгөн күнү аябай жаман болушат. Ошондой учурларда аларды жөлөп-таяп, чогуу болсок, «чын жүрөктөн кам көрөрүбүздү» көрсөтөбүз (Флп. 2:20).

20. Исанын Матай 12:48—50-аяттардагы сөздөрү жалгызсыраганыбызда кантип жардам берет?

20 Биздин кээде жалгызсырашыбызга көптөгөн себептер болушу мүмкүн. Бирок Жахабанын баарын көрүп-билип турарын эч качан унутпашыбыз керек. Ал бизге керектүү жардамды көп учурда ишенимдештерибиз аркылуу берет. (Окугула: Матай 12:48—50.) Ал эми биз болсо Жахабанын ошондой чара көргөнүнө ыраазы экенибизди рухий үй-бүлөбүздү бар күчүбүз менен колдоп көрсөтөбүз. Кээде өзүбүздү кандай сезбейли, биз эч качан жалгыз эмеспиз. Себеби Жахаба бизди дайыма колдоп турат!

46-ЫР: Ыракмат сага, Жахаба

^ 5-абз. Кээде жалгызсырап кыйналган учурларыңар болобу? Эгер ошондой болсо, Жахаба абалыңарды көрүп-туюп турат жана силерди колдогонго дайым даяр. Бул макалада андайда эмне кылса болорун талкуулайбыз. Ошондой эле жалгызсырап жүргөн бир туугандарыбызга кантип дем-күч берсек болоруна токтолобуз.

^ 5-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 60-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Аялынын көзү өтүп кеткен бир тууганыбыз Ыйык Китептин жана жыйналыштан өтүлө турган материалдын аудиожаздыруусун угуп жатат.

^ 62-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жыйналышындагы улгайган бир ишенимдешин көргөнү келген атасы менен кызы.