Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

24-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Шайтандын тузагынан бошоно аласыңар!

Шайтандын тузагынан бошоно аласыңар!

«Ибилистин... тузагына[н]... бошонгула» (2 ТИМ. 2:26).

36-ЫР: Жүрөгүбүздү сактайлы

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Шайтанды эмне үчүн аңчыга салыштырсак болот?

АҢЧЫНЫН көздөгөнү бир эле нерсе — жемин колго түшүрүү же өлтүрүү. Ан үчүн, Ыйык Китепте айтылгандай, түрлүү амал колдонот (Аюп 18:8—10). Ал жемин кантип алдайт? Кармагысы келген жаныбардын бүт кылык-жоруктарын, баскан-жүргөн жолун, эмнени жакшы көрөрүн кылдат изилдеп, байкатпай кармаштын айласын издейт. Шайтан дал ошондой аңчыга окшош. Ал да бизди изилдейт. Мындайча айтканда, баскан-жүргөн жолубузга, кызыккан нерселерибизге кылдат байкоо салып, бизге билгизбей тор жаят. Анткен менен Ыйык Китепте анын торуна түшүп калган күндө да андан бошонсо болору айтылган. Ошондой эле Ыйык Китептен канткенде дегеле анын торунан кача аларыбызды билсек болот.

Шайтан колдонгон эң эле мыкты тузактардын экөө — текебердик менен ач көздүк (2-абзацты карагыла) *

2. Шайтан колдонгон эң жакшы эки тузак кайсы?

2 Шайтан колдонгон эң жакшы тузактардын экөө — текебердик менен ач көздүк *. Миңдеген жылдар бою ал ушул эки жаман сапатты жакшы колдонуп келет. Шайтан кушту торуна алдап түшүргөн аңчыга окшош (Заб. 91:3). Бирок ал жайган тордон кача алабыз. Себеби Жахаба ал кандай айла-амалдарды колдонорун ачык эле айтып эскертип келет (2 Кор. 2:11).

Эскертүү иретинде жазылган мисалдардан Ибилистин тузактарынан кантип качышты жана кантип бошонушту үйрөнсө болот (3-абзацты карагыла) *

3. Жахаба Ыйык Китепке айрым окуяларды эмне үчүн жаздыртып койгон?

3 Жахаба текебердик менен ач көздүк канчалык каргашалуу экенин ар түрдүү жолдор менен эскертет. Алсак, башкаларды мисал катары колдонот. Ал мисалдардан айлакер Шайтандын тузагына атүгүл Жахабага көптөн бери сыйынып келаткандар да түшүп калганын билебиз. Бул анын тузагынан эч кимибиз качып кутула албасыбызды билдиреби? Жок, андай эмес. Жахаба андай мисалдарды Ыйык Китепке «бизге эскертүү иретинде» жаздыртып койгон (1 Кор. 10:11). Себеби алардан сабак алып, Шайтандын тузактарынан кантип качышты же кантип бошонушту үйрөнө аларыбызды билет.

ТЕКЕБЕРДИК

4-абзацты карагыла

4. Текебердиктин кесепети кандай болушу мүмкүн?

4 Шайтан  жүрөгүбүздө текебердиктин үрөнүнүн өсүп-өрчүшүн каалайт. Себеби ал тамырлап кетсе, ага окшош болуп каларыбызды, түбөлүк өмүрдөн кол жууп каларыбызды беш колдой билет (Накыл 16:18). Ошон үчүн элчи Пабыл кимдир бирөө «текеберденип кетсе», «Ибилиске чыгарылган өкүм ага да чыгарылып калышы» мүмкүн экендигин эскерткен (1 Тим. 3:6, 7). Жахабанын жолунда жүргөнүбүзгө көп болобу, аз болобу, бул эскертүү баарыбызга тиешелүү.

5. Насаатчы 7:16, 20га ылайык, кишинин текебер экени эмнеден көрүнөт?

5 Текебер адам өзүмчүл болот. Шайтан, өзгөчө кыйналган учурда Жахабаны эмес, өзүбүздү көбүрөөк ойлошубузду каалайт. Мисалы, жыйналыштагылардын бири силерге жалаа жапкан учурлар болду беле? Же адилетсиздикке кабылып көрдүңөр беле? Андайда Жахабаны же анын уюмун күнөөлөсөк, Шайтандын чырагына май тамат. Ошондой жагдайда ал биздин ошол көйгөйдү чечиш үчүн «Жахаба айткандай эмес, өзүм туура көргөндөй кылышым керек окшойт» деп ойлошубузду көксөйт. (Окугула: Насаатчы 7:16, 20.)

6. Нидерландиядагы ишенимдешибиздин мисалынан эмнеге үйрөнө аласыңар?

6 Нидерландиялык бир ишенимдешибизди мисал кылалы. Ал башкалардын кемчилигин көрүп кыжырдана берчү экен. Ага андан ары чыдай албачудай сезилиптир. «Жападан жалгыз калгандай эле болгом. Аларга эч качан жакшы мамиле кыла албачудай сезилген,— дейт ал.— Ошон үчүн жолдошума башка жыйналышка которулбасак болбойт дегем». Анан сайтыбыздагы 2016-жылдын март айындагы телеберүүнү көрүп калган. Телеберүүдө башкалардын кемчилигине кандай карашыбыз керектиги жөнүндө бир нече кеңеш айтылган. Ал мындай дейт: «Ошондо башкаларды өзгөрткөнгө аракет кылганды коюп, момун, чынчыл болуп, өзүмдүн ката-кемчилигимди моюнга алышым керектигин түшүндүм. Ошол программа мага Жахаба жөнүндө жана кандай кылыш керектигин айтканга ал гана укуктуу экени жөнүндө көбүрөөк ойлонгонго жардам берди». Мындан кандай жыйынтык чыгара алабыз? Кыйынчылыкка туш болгондо дайыма Жахаба жөнүндө ойлонгула. Башкаларга ал карагандай караганга жардам беришин сурап жалбаргыла. Асмандагы Атаңар алардын кемчилигин көрүп эле турат. Ошентсе да кечиргенге даяр. Ал силердин да кечиримдүү болушуңарды каалайт (1 Жкн. 4:20).

7-абзацты карагыла

7. Узия падышага эмне болгон?

7 Жүйүттүн Узия деген падышасы текеберденип кеткендиктен кеңешке кулак какпай, укугу жок ишти кылганга батынган. Ал негизи көп иштин көзүн билген киши болгон. Мисалы, согуш жүргүзүүбү, курулуш ишиби же айыл чарбачылыкпы, баарында ийгиликке жеткен. «Чыныгы Кудай ага батасын берип турган» (2 Жылн. 26:3—7, 10). Бирок Ыйык Китепте айтылгандай, «күчтүү болгондон кийин, анын жүрөгү менменсинип кеткен» жана «бул акыры анын кыйрашына алып келген». Жахабанын буйругу боюнча ибадатканага жыпарзат түтөтүш үчүн дин кызматчылар гана кире алмак. Бирок Узия, укугу жок болсо да, ошондой ишке дааган. Ошондо Жахаба ал текебер кишини пес оорусуна чалдыктырган. Ал өмүрү өткөнчө оорусунан айыккан эмес (2 Жылн. 26:16—21).

8. 1 Корунттуктар 4:6, 7ге ылайык, текебердиктен кантип кача алабыз?

8 Биз да Узияга окшоп, текеберденип кетип тузакка түшүп калышыбыз мүмкүнбү? Жозени мисалга алалы. Ал мыкты бизнесмен болгон. Ал эми жыйналышта кадыр-барктуу аксакал болчу. Райондук, региондук жыйындарда сөз сүйлөчү, райондук көзөмөлчүлөр да аны менен кеңешип турчу экен. Ал: «Өзүмдүн шык-жөндөмүмө, тажрыйбама таянчумун. Жахабаны четке түртүп салгандай эле болгом. Күчтүүмүн деп ойлогом. Ошон үчүн Жахабанын акыл-насаатын, эскерткенин укпай калгам»,— деп моюнга алат. Акыры олуттуу күнөө кетирип, жыйналыштан чыгарылган. Бирок бир нече жылдан кийин кайра кабыл алынган. Азыр мындай дейт: «Жахаба мени бир нерсеге үйрөттү. Көрсө, ээлеген абалыбыз эмес, Жахаба айтканды аткарганыбыз маанилүү экен». Келгиле эмесе, кандай гана жөндөмүбүз болбосун, жыйналышта кандай гана сыймыктуу жоопкерчиликке ээ болбойлу, баарын Жахаба бергенин эч качан унутпайлы. (Окугула: 1 Корунттуктар 4:6, 7.) Себеби текеберденип кетсек, Жахаба бизди өзүнүн керегине жаратпай коёт.

АЧ КӨЗДҮК

9-абзацты карагыла

9. Ач көздүк Шайтанга да, Обо энеге да кандай таасир эткен?

9 Ач көздүк дегенди укканда оюбузга шак эле Шайтан келеттир. Жахаба жараткан периште катары ал мурун көптөгөн сыймыктуу иштерди аткарса керек. Бирок ал андан да көптү каалаган. Жалгыз Жахаба татыктуу болгон нерсени — башкалардын ага сыйынышын — көксөгөн. Шайтан биздин да ага окшош болушубузду каалайт. Болгон нерсеге ыраазы болбой, андан да көптү эңсеткенге аракет кылат. Обо эне менен сүйлөшкөндө ал так ошол нерсени көздөгөн. Жахаба Обо эне менен күйөөсүнө тамак-ашты кенен берген. Алар бир гана дарактын жемишинен башкасынын баарынан каалашынча жей алышмак (Башт. 2:16). Ошентсе да Шайтан аны алдап, так ошол тыюу салынган дарактын жемишин саматтырып коё алган. Обо эне өзүндө болгон нерсеге каниет кылбай, көптү каалап калган. Мунун кесепети кандай болгонун баарыбыз жакшы билебиз. Ал күнөө кетирип, акыры өлгөн (Башт. 3:6, 19).

10-абзацты карагыла

10. Дөөтүнүн ач көздүгү кандайча ага тузак болгон?

10 Ач көздүктүн айынан Дөөтү падыша Жахаба ага канчалык көп нерсе бергенин унутуп койгон. Жахаба аны байлыкка, атак-даңкка, көптөгөн душмандарынын үстүнөн жеңишке да ээ кылган болчу. Дөөтү Кудайдын берген белектерине ушунчалык ыраазы болгондуктан «аларга эсебим жетпейт» деген эле (Заб. 40:5). Бирок кийинчерээк ошонун баарын унутуп калган. Болгон нерсесине топук кылбай, көптү каалай баштаган. Өзүнүн бир нече аялы бар болсо да, башка бирөөнүн аялына кумарын арттырган. Ал аялдын аты Батшеба эле, ал эми күйөөсү Хеттин тукумдарынан болгон Урий болчу. Дөөтү өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлоп, Батшебаны үйүнө алдырган, анан Батшебанын боюна бүтүп калган. Анысы аз келгенсип, күйөөсү Урийдин да көзүн тазалаткан (2 Шем. 11:2—15). Дөөтү ошондо эмнени ойлоду эле? Жахаба көрбөйт деп ойлоду беле? Ал Жахабанын берилген кызматчысы эмес беле?! Ошентсе да ач көздүккө алдырып койгон. Анан ошонун азабын далай тарткан. Бактыга жараша, Дөөтү күнөөсүн мойнуна алып, өкүнгөн. Жахаба ага ырайым кылганына ал кандай гана ыраазы болгон! (2 Шем. 12:7—13).

11. Эфестиктер 5:3, 4кө ылайык, ач көздүк менен күрөшкөнгө эмне жардам берет?

11 Дөөтүнүн мисалынан эмнеге үйрөнсөк болот? Эгер Жахаба берген нерселерди баалап, дайыма ыраазы болсок, ач көздүккө алдырбайбыз. (Окугула: Эфестиктер 5:3, 4.) Биз колдо бар нерсеге шүгүрчүлүк кылышыбыз керек. Мисалы, Ыйык Китепти жаңыдан изилдеп жаткандарды Жахабанын аларга кылган бир жакшылыгы жөнүндө ойлонуп, ошого ыраазычылык билдиргенге үндөсөк болот. Эгер алар күнүгө ошенте турган болсо, анда Жахабага бир жуманын ичинде жети нерсе үчүн ыраазычылык билдире алат (1 Тес. 5:18). Силер өзүңөр да ушинтесиңерби? Эгер Жахабанын силерге кылган бардык жакшылыгы жөнүндө ой жүгүртсөңөр, ыраазычылыгыңар артат. Ал эми ыраазы боло билсеңер, бар нерсеге каниет кыласыңар. Ошондо ач көздүктүн күчү кайтат.

12-абзацты карагыла

12. Жүйүттүн ач көздүгү аны кандай ишке түрткөн?

12 Ач көздүктүн айынан Жүйүт Искариот чыккынчылыкка барган. Бирок башында андай киши эмес болчу (Лк. 6:13, 16). Иса аны элчи кылып тандаган. Ал иштин көзүн билген ишенимдүү киши болсо керек. Себеби ага акча салынган куту тапшырылган болчу. Иса менен элчилери ал акчаны кабар айтуу ишине жумшачу. Ал каражат бүгүнкү күндөгү бүткүл дүйнөлүк ишке кылынган тартуудай эле болчу. Бирок убакыттын өтүшү менен, Иса ач көздүктөн алыс болуш керектигин кайра-кайра эскерткенине карабай, Жүйүт ошол акчадан уурдай баштаган (Мр. 7:22, 23; Лк. 11:39; 12:15). Ал Исанын эскерткенин кулагынын сыртынан кетирген.

13. Жүйүттүн ач көздүгү качан билинген?

13 Жүйүттүн ач көздүгү Исанын өлөрүнө аз калганда байкалган. Иса менен шакирттери, анын ичинде Мариям жана анын бир тууганы Марта да, пес оорулуу Симондун үйүндө конокто болчу. Ошондо Мариям Исанын башын абдан кымбат жыттуу май менен майлаган. Муну көрүп Жүйүт жана башка шакирттер ачууланган. Башка шакирттер ошого кеткен акчаны андан көрө колунда жокторго берсе жакшы болмок деп ойлошкондур. Бирок Жүйүттүн ою башка болчу. «Ууру болгондуктан» ал түшкөн акчадан уурдагысы келген. Кийин болсо ошондой ач көздүгүнүн айынан Исаны бир кулдун баасына сатып жиберген (Жкн. 12:2—6; Мт. 26:6—16; Лк. 22:3—6).

14. Бир жубайлар Лука 16:13тө жазылгандарды кантип колдонушкан?

14 Иса жолдоочуларына маанилүү бир чындыкты эскерткен. Ал: «Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар»,— деген. (Окугула: Лука 16:13.) Бул сөздөр азыр деле калетсиз. Исанын ушул сөздөрүнө кулак каккан Румыниядагы бир жубайларды мисал кылалы. Аларга байыраак бир өлкөдө убактылуу жумуш сунушташкан. Алар: «Биз банкка көп акча төлөшүбүз керек болчу. Ошондуктан ал жумушту сунушташканда адегенде Жахаба өзү жардам берип жатат деп ойлогонбуз»,— деп моюнга алышкан. Бирок чынында ал капкан болчу. Эгер ошол жумушка орношушса, Жахабага кылган кызматына бир топ тоскоол болмок. Бирок «Күзөт мунарасынын» 2008-жылдын 15-августтагы санына чыккан «Кудайга бүт жүрөгүң менен берил» деген макаланы окугандан кийин башкача чечишкен. «Эгер көбүрөөк акча табыш үчүн чет өлкөгө барсак, Жахаба менен болгон мамилебиз экинчи орунга туруп калмак. Бул рухийлигибизге сөзсүз терс таасир этмек»,—  дейт алар. Ошондуктан ал жумуштан баш тартышкан. Андан кийин жолдошу өзүнүн эле өлкөсүнөн маянасы керектүүсүнө жеткен жумуш тапкан. Аялы: «Жахабанын колу кыска эмес, ал кызматчыларына дайыма жардам бере алат»,— дейт. Бул жубайлар мырзасы катары акчага эмес, Жахабага кызмат кылып жатканына аябай сүйүнүшөт.

ШАЙТАНДЫН ТУЗАКТАРЫНАН САК БОЛГУЛА

15. Шайтандык тузагынан бошоно аларыбызды кайдан билсек болот?

15 Эгер текебер же ач көз болуп баратканыбызды байкасак эмне кылышыбыз керек? Андай тузактан бошонсо болот! Пабыл «Ибилистин... тузагына тирүүлөй түшкөндөр» андан бошоно аларын айткан (2 Тим. 2:26). Дөөтү деле Натан пайгамбар аны ашкерелегенде сөзүнө кулак салып, ач көздүк кылганына өкүнбөдү беле?! Ал Жахаба менен болгон мамилесин кайрадан оңдогон. Жахабанын Шайтандан күчтүү экенин эч качан унутпагыла. Ошондуктан анын жардамын кабыл алсак, Шайтандын кандай тузагынан болбосун бошоно алабыз.

16. Шайтандын тузактарынан качканга эмне жардам берет?

16 Албетте, Шайтандын тузагына түшүп, анан бошонгондон көрө, сак болуп, таптакыр эле түшпөгөнүбүз жакшы. Муну Кудайдын жардамы менен кылса болот. Бирок ошондо да аябай сак болушубуз керек! Себеби узак убакыттан бери Жахабага кызмат кылып келаткандар да текебердиктин же ач көздүктүн торуна чалынып калат. Ошондуктан ушундай жаман сапаттар оюбузга жана кылган иштерибизге таасир этип жаткан жокпу деп ойлонуп, ушуну байкай билгенге күн сайын Жахабадан жардам сурагыла (Заб. 139:23, 24). Ал сапаттардын тордой болуп силерди басып калышына эч качан жол бербегиле!

17. Душманыбыз Ибилис жакында эмне болот?

17 Шайтан миңдеген жылдардан бери аңчылык кылып келет. Бирок жакында «байланып», акыры жок кылынат (Аян 20:1—3, 10). Ошол күндү эңсеп келебиз. Бирок ал күн келгиче, тузактарынан сак болгула. Текебердик же ач көздүк бийлеп албашы үчүн, бар күчүңөрдү жумшап күрөшкүлө. «Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат» (Жкп. 4:7).

127-ЫР: Кандай адам болушум керек?

^ 5-абз. Шайтан айла-амалы ашып турган аңчыга окшош. Жахабага канчадан бери кызмат кылып келатпайлы, ал бизди тузагына түшүргөнгө аракет кылат. Бул макалада Шайтандын бизди кантип текебердик менен ач көздүктүн тузагына түшүрүп, Кудай менен болгон мамилебизди буза аларын карап чыгабыз. Ошондой эле бул тузакка кимдердин түшкөнүн жана биз андан кантип качсак болорун билебиз.

^ 2-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Бул макалада «текебердик» деген сөз өзүн башкалардан өйдө көрүү деген маанини, ал эми «ач көздүк» деген сөз көбүрөөк акчаны, бийликти, жыныстык мамиледе болууну же ушу сыяктуу башка нерселерди көксөө деген маанини туюнтат.

^ 53-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Текеберденип, акыл-насаатка кулак какпай жаткан ишенимдешибиз. Көп нерсе сатып алып, дагы алгысы келип жаткан бир тууганыбыз.

^ 55-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Текебердикке Кудайдын периштеси жана Узия падыша алдырып койгон. Обо эненин тыюу салынган бактын жемишинен жешине, Дөөтүнүн Батшеба менен ойноштук кылышына жана Жүйүттүн акча уурдашына ач көздүк себеп болгон.