Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

34-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабанын жыйналышында сенин да ордуң бар!

Жахабанын жыйналышында сенин да ордуң бар!

«Дене бирөө болгону менен, мүчөлөрү көп. Мүчөлөрү көп болгону менен, баары бир эле денени түзөт. Машаяктын денеси да ошондой» (1 КОР. 12:12).

101-ЫР: Биримдикте кызмат кылабыз

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Биз кандай сыймыкка ээбиз?

ЖАХАБА КУДАЙДЫН жыйналышына таандык болгонубуз кандай гана чоң сыймык! Биз азыр тынчтыкка жана бакытка бөлөнгөн адамдарга толгон рухий бейиште жашап жатабыз. Анда Жахабанын жыйналышында сенин ордуң кандай?

2. Элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен жазган айрым каттарында кандай мисал келтирген?

2 Муну түшүнгөнгө элчи Пабылдын ыйык рухтун жетеги менен жазган айрым каттарындагы бир мисал жардам берет. Ал каттардын ар биринде Пабыл жыйналышты адамдын денесине, ал эми жеке адамдарды дене мүчөлөрүнө салыштырган (Рим. 12:4—8; 1 Кор. 12:12—27; Эф. 4:16).

3. Бул макалада кайсы үч нерсеге токтолобуз?

3 Бул макалада Пабылдын мисалынан кайсы маанилүү үч нерсени биле аларыбызды карап чыгабыз. Биринчиден, ар бирибиздин Жахабанын жыйналышында ордубуз * бар экенин билебиз. Экинчиден, жыйналыштан өз ордубуз бар экенин аңдай албай жатсак, эмне кылсак болорун талкуулайбыз. Үчүнчүдөн, Кудайдын жыйналышында бизге тапшырылган милдеттерди аткаруу эмне үчүн жашообузда негизги орунда турушу керектигине токтолобуз.

АР БИРИБИЗДИН ОРДУБУЗ БАР

4. Римдиктер 12:4, 5тен эмнени биле алабыз?

4 Пабылдын мисалынан эң оболу Жахабанын үй-бүлөсүндө ар бирибиз маанилүү орунду ээлей турганыбызды биле алабыз. Пабыл мисалын мындай сөздөр менен баштаган: «Денебиздин мүчөлөрү көп болгону менен, баары бирдей кызмат аткарбагандай эле, биз да, көп болгонубузга карабай, Машаяк менен биримдикте бир денени түзөбүз, ал эми өз-өзүнчө алганда, бири-бирибизге таандык мүчөлөрбүз» (Рим. 12:4, 5). Муну менен ал эмнени айткысы келген? Жахабанын уюмунда ар кимибиздин аткарган милдетибиз ар кандай болсо да, ар бирибиз баалуубуз.

Жыйналышта ар кимибиздин ордубуз ар кандай, бирок Жахаба ар бирибизди баалайт (5—12-абзацтарды карагыла) *

5. Жахаба жыйналышка кандай «белектерди» берген?

5 Жахабанын уюмундагы кандайдыр бир орунду ээлегендер жөнүндө ойлогондо оюбузга дароо эле Кудайдын элин жетектегендер келиши ыктымал (1 Тес. 5:12; Евр. 13:17). Ооба, чын эле Жахаба Иса Машаяк аркылуу өзүнүн элине «адам түрүндөгү белектерди берген» (Эф. 4:8). Аларга Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү, Жетектөөчү Кеңештин атайын дайындалган жардамчылары, филиалдын комитетинин мүчөлөрү, райондук көзөмөлчүлөр, уюмдагы мектептердин нускоочулары, жыйналыштын аксакалдары жана кызмат жардамчылары кирет. Ушундай ага-инилерибиз Жахабанын кымбат баалуу койлоруна кам көрүш үчүн жана жыйналышты бекемдеш үчүн ыйык рухтун жетеги менен дайындалат (1 Пет. 5:2, 3).

6. 1 Тесалоникалыктар 2:6—8-аяттарга ылайык, ыйык рухтун жетеги менен дайындалган эркектер эмне кылганга умтулушат?

6 Ыйык рухтун жетеги менен дайындалган эркектерге ар кандай милдет артылган. Дененин кол, бут сыяктуу ар кандай мүчөлөрү бүтүндөй денеге керектүү кызматты аткаргандай эле, ыйык рухтун жетеги менен дайындалган эркектер да бүтүндөй жыйналыштын пайдасы үчүн талыкпай эмгектенишет. Алар оозго алынып, даңкталууну көздөшпөйт. Кайра, ишенимдештерине дем-күч берип кубаттаганга аракет кылышат. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 2:6—8.) Өзгөлөрдүн кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору койгон андай ага-инилерибиз үчүн Жахабага абдан ыраазыбыз!

7. Кудайга толук убакыт кызмат кылгандардын көбү андан кандай бата алышат?

7 Жыйналыштагы айрым бир туугандарыбыз миссионер, атайын пионер же үзгүлтүксүз пионер катары кызмат кылганга дайындалган. Негизи, дүйнө жүзү боюнча жакшы кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин жашоосунда башкы орунга коюп, толук убакыт кызмат кылган ишенимдештерибиз арбын. Алар ошонун аркасында көптөргө Иса Машаяктын шакирти болгонго жардам бере алышкан. Андай ишенимдештерибиз адатта акчага бай болушпаса да, Жахабанын батасына бай (Мр. 10:29, 30). Биз аларды абдан баалап-барктайбыз жана алар менен бирге жыйналышта болгонубузга сүйүнөбүз!

8. Эмне үчүн жакшы кабарды жарыялаган жарчынын ар бири Кудай үчүн баалуу?

8 Бирок толук убакыт кызмат кылгандардын гана жыйналышта орду бар деп айтсак туура болобу? Жок, түк да андай эмес! Чынында, жакшы кабарды жарыялаган жарчынын ар бири Кудай үчүн да, жыйналыш үчүн да баалуу (Рим. 10:15; 1 Кор. 3:6—9). Себеби жыйналыштын түзүлгөнүнүн эң негизги максаттарынын бири — Иса Машаяктын шакирттерин даярдоо (Мт. 28:19, 20; 1 Тим. 2:4). Жакшы кабар айткан чөмүлгөн да, чөмүлө элек да жарчылар так ушул ишти жашоосунда негизги орунга койгонго аракет кылышат (Мт. 24:14).

9. Жыйналыштагы аял затын эмне үчүн баалайбыз?

9 Исанын жолун жолдогон аял затынын да жыйналышта Жахаба берген кадырлуу орду бар. Жахаба ага берилип кызмат кылып жаткан зайыптарды, энелерди, жесирлерди, алардын арасында турмуш кура электерди да баалайт. Ыйык Китепте Кудайга жаккан көптөгөн чыгаан аялдар жөнүндө айтылган. Алар акылмандыгы, ишеними, ынтасы, кайраты, марттыгы, башкаларга кылган жакшылыгы менен өзгөчөлөнүп, мыкты үлгү калтырганы үчүн мактоого алынган (Лк. 8:2, 3; Элч. 16:14, 15; Рим. 16:3, 6; Флп. 4:3; Евр. 11:11, 31, 35). Ушундай сонун сапаттарды азыр да көрсөтүп жаткан жыйналыштагы аял заты үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз!

10. Арабыздагы ата-апаларыбызды эмне үчүн жогору баалайбыз?

10 Арабызда кадырман карыларыбыз да бар. Кээ бирлери бүт өмүрүн жаштайынан Жахабанын кызматына толук арнап келишсе, башкаларынын чындык жолуна түшкөнүнө бир аз эле болду. Кандай болбосун, алар карылыктын азабынан түрдүү оору-сыркоо менен алышып келишет. Ошондуктан жыйналыштагы иштерди мурункудай кыла албай же кабар айтуу ишине ойдогудай катыша албай тушалып калышат. Анткен менен алар алы жетишинче кабар айтып, бар күчүн башкаларга дем-шык берип, үйрөткөнгө жумшашат. Алардын тажрыйбасынын пайдасы бир топ. Алар, чынында эле, Жахаба үчүн да, биз үчүн да баа жеткис асыл адамдар (Накыл 16:31).

11, 12. Жыйналыштагы жаштардын үлгүсү силерге кандайча дем-күч берет?

11 Эми жыйналыштагы жаштар жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Адамды адаштырган ойлорго толгон, Шайтан бийлеп турган азыркы дүйнөдө жаштар далай кыйынчылыкка кабылышат (1 Жкн. 5:19). Ошого карабай алардын жыйналыштан жооп берип жатканын, кабар айтып жатканын, Ыйык Китептен билгендерин тайманбай жактап жатканын көргөндө баарыбыздын ичибиз элжиреп, кадимкидей кубаттанып калабыз. Ооба, жаштар, Жахабанын жыйналышында силердин да маанилүү ордуңар бар! (Заб. 8:2).

12 Бирок айрымдар жыйналышта алардын өзүнчө орду бар деп ойлошпойт. Анда ар бирибизге ушуну түшүнгөнгө эмне жардам берет?

ӨЗ ОРДУҢАРДЫ КӨРӨ БИЛГИЛЕ

13, 14. Эмне үчүн кээ бирлер өздөрүн жыйналышта пайда-батасы жок бирөөдөй көрүшү мүмкүн?

13 Эми Пабылдын мисалындагы экинчи ойду талдайлы. Ал өзүнүн мисалында бүгүнкү күндө көптөрдүн жүрөгүн өйүгөн бир нерсеге көңүл бурган. Көптөр өзүн жыйналышта эч кандай пайда-батасы жок бирөөдөй көрүшөт. Пабыл: «Эгер бут: „Мен кол эмесмин, ошон үчүн денеге таандык эмесмин“,— десе эле денеге таандык болбой калбайт. Эгер кулак: „Мен көз эмесмин, ошон үчүн денеге таандык эмесмин“,— десе эле денеге таандык болбой калбайт»,— деп жазган (1 Кор. 12:15, 16). Бул сөздүн төркүнү эмнеде эле?

14 Эгер өзүңөрдү жыйналыштагы башка бирөөгө салыштыра берсеңер, акылыңар тумандап өзүңөрдүн баалуу экениңерди унутуп коюшуңар мүмкүн. Жыйналышта бири чебер окутса, башкасы ишти мыкты уюштурат, дагы бири боорукер койчудур. Балким, аларга жетиш кайда деп ойлойттурсуңар. Эгер ошентип ойлосоңор, демек, өз чегиңерди билген момун адамсыңар (Флп. 2:3). Бирок сак болгула. Өзүңөрдү кайсы бир жагынан абдан жөндөмдүү кишилерге дайыма салыштыра берсеңер, көңүлүңөрдү чөгөргөндөн башка пайда таппайсыңар. Атүгүл, Пабыл айткандай, жыйналышта такыр эле ордуңар жоктой сезилип калышы мүмкүн. Терс мүнөздөгү андай ойлор менен кантип күрөшсө болот?

15. 1 Корунттуктар 12:4—11-аяттарга ылайык, жөндөмдөргө байланыштуу эмнени түшүнүшүбүз керек?

15 Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр: Жахаба Исанын алгачкы жолдоочуларынын кээсине ыйык рухтун таасири аркылуу кереметтүү жөндөмдөрдү берген. Бирок баарына окшош берген эмес. (Окугула: 1 Корунттуктар 12:4—11.) Ал ар кимине ар башка жөндөм берсе да, кызматчыларынын баарын баалаган. Азыркы учурда биз ыйык рухтун таасири менен кандайдыр бир кереметтүү жөндөмгө ээ болуп калбайбыз. Бирок 1-кылымдагыдай эле, шыгыбыз ар кандай болсо да, ар бирибиз Жахаба үчүн кымбатпыз.

16. Пабылдын кайсы сөзүнө кулак кагышыбыз керек?

16 Андыктан өзүбүздү башкаларга салыштыра бергенден көрө, Пабылдын ыйык рухтун жетеги менен айткан сөзүнө кулак какканыбыз жакшы. Ал: «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин, ошондо ал өзүн башкаларга салыштырбай, өз иштерине кубанат»,— деген (Гал. 6:4).

17. Пабылдын кеңеши боюнча иш кылганыбыздын кандай пайдасы бар?

17 Пабыл жогоруда кеңеш кылгандай, өз иштерибизге көңүл бура турган болсок, бизде да башкаларда жок шык-жөндөм бар экенин байкай баштайбыз. Алсак, жыйналыштагы бир аксакал сахнадан сүйлөгөндө чечен болбосо да, көптөргө Исанын шакирти болгонго жакшы жардам берет. Же башка аксакалдарга окшоп, ишти мыкты уюштура билбесе да, жарчылар кеңеш сурап оңой кайрыла тургандай боорукер, жумшак киши. Же абдан меймандос (Евр. 13:2, 16). Ооба, өзүбүздүн күчтүү жактарыбызды көрө билсек, жыйналыштын жыргалчылыгына салым кошуп жатканыбызга сүйүнөбүз. Биздикинен башкача жөндөмү барларга да көз артпайбыз.

18. Окутуу жөндөмүбүздү кантип өрчүтө алабыз?

18 Жыйналыштагы ордубуз кандай болбосун, баарыбыз кызматыбызды жакшыртканга жана окутуу жөндөмүбүздү өрчүткөнгө умтулушубуз керек. Жахаба бизге бул жагынан өзүнүн уюму аркылуу окутуп-үйрөтүп жардам берет. Мисалы, иш күндөрүндөгү жолугушууда кызматыбызда жакшы натыйжага жеткенге жардам берген көрсөтмөлөр берилип турат. Силер ошол чарадан толук пайдаланып жатасыңарбы?

19. Падышалыктын жарчыларынын мектебине барганга кантип аракет кылсаңар болот?

19 Бул жагынан дагы бир чоң жардам — Падышалыктын жарчыларынын мектеби. Бул мектептен жашы 23төн 65ке чейинки толук убакыт кызмат кылгандар билим ала алышат. Силерге бул кол жеткистей сезилиши мүмкүн. Бирок эмне үчүн бара албай турганыңардын эмес, эмне үчүн баргыңар келип жатканыңардын себептерин тизмелеп жазып көргүлө. Анан мектептин талаптарына жооп бериш үчүн эмне кылышыңар керектигин ойлонуштургула. Өзүңөрдүн талыкпай кылган аракетиңердин жана Жахабанын жардамынын аркасында орундалбачудай сезилген кыял да орундалышы ыктымал.

ЖӨНДӨМҮҢӨРДҮ ЖЫЙНАЛЫШТЫН ЖЫРГАЛЧЫЛЫГЫНА КОЛДОНГУЛА

20. Римдиктер 12:6—8-аяттардан эмнени биле алабыз?

20 Пабылдын мисалындагы үчүнчү маанилүү ой Римдиктер 12:6—8-аяттарда жазылган. (Аяттарды окугула.) Бул аяттарда Пабыл жыйналыштагылар ар кандай жөндөмгө ээ экенин дагы бир жолу айткан. Бирок мунусунда кандай жөндөм болбосун, аны жыйналышты бекемдеш үчүн колдонушубуз керектигин баса белгилеген.

21, 22. Роберт менен Фелистин мисалынан эмнени билсек болот?

21 Бир мисалга токтололу. Чет өлкөдө кызмат кылып жүргөн Роберт * өз өлкөсүндөгү Бейтелге дайындалган. Ошондо бул анын чет өлкөдө жакшы кызмат кылбаганын билдирбей турганына ынандырышкан. Бирок ал: «Өзүмдү эч нерсеге жарабаган бирөөдөй сезип жүрдүм. Бул көп айга созулду. Кээде ошонун айынан Бейтелдеги кызматымды да токтотсомбу деген ойлор келген»,— дейт. Ага кайрадан мурункудай кубанып кызмат кылганга эмне жардам берген? Бир аксакал ага Жахаба тапшырган кызматтын мурункусу бизди дайыма кийинкисине көбүрөөк пайдабыз тийгидей кылып даярдай турганын эсине салган. Роберт өткөндү карап кылчактай бербей, азыркыга көңүл топтой башташы керектигин түшүнгөн.

22 Фелис Ипископо деген бир тууганыбыздын да жагдайы ушуга окшош болгон. Жубайы экөө 1956-жылы Гилатты бүтүрүп, Боливияга райондук кызматка дайындалышкан. Бирок 1964-жылы балалуу болуп калышкан. Фелис мындай дейт: «Жакшы көргөн кызматыбызды токтоткондо аябай кыйналдык. Чынын айтсам, бир жылча жаман болуп жүрдүм. Бирок Жахабанын жардамы менен оюмду оңдоп, аталык милдетиме көңүл топтой баштадым». Силер да өзүңөрдү Роберт менен Фелистей сезген учурларыңар болду беле? Мурун аркалап жүргөн сыймыктуу кызматыңарды ойлоп көңүлүңөр чөгөбү? Эгер ошондой болсо, Жахабага жана ишенимдештериңерге кызмат кылыш үчүн азыр эмне кыла аларыңарды көбүрөөк ойлогула. Болгон шык-жөндөмүңөрдү башкаларга жардам бериш үчүн колдонуп, дайыма иш менен алек болгула. Жыйналышты ошентип бекемдегениңер көп кубаныч тартуулайт.

23. Эмне деп ойлонуп көрүшүбүз керек жана кийинки макалада кайсы суроолор каралат?

23 Жахаба ар бирибизди абдан баалайт. Анын үй-бүлөсүнө таандык экенибизди сезишибизди да каалайт. Эгер бир туугандарыбызга арка-бел болуш үчүн эмне кыла алам деп ойлонуп, ошонун аракетин кылсак, жыйналышта ордубуз жоктой сезилбейт. Ал эми башкаларга карата кандай ойдобуз? Аларды баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз? Кийинки макалада мына ушул маанилүү суроолор каралат.

24-ЫР: Жахабанын тоосуна келгиле

^ 5-абз. Баарыбыз эле Жахаба бизди баалай турганын сезгибиз келет. Бирок кээде андай сезилбеши мүмкүн. Бул макала Жахабанын жыйналышында ар бирибиздин өз ордубуз бар экенин түшүнгөнгө жардам берет.

^ 3-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ: Жахабанын жыйналышында ээлеген ордубуз анын элин кубаттап-чыңдаш үчүн аткарган ролубузду билдирет. Бул расабыздан, тек жайыбыздан, чөнтөгүбүздөн, коомдо ээлеген абалыбыздан, маданиятыбыздан же билим деңгээлибизден көз каранды эмес.

^ 21-абз. Ысымы өзгөртүлдү.

^ 63-абз. СҮРӨТТӨР. Жыйналышка чейин, учурунда жана андан кийин болуп жаткан нерселер көрсөтүлгөн үч сүрөт. 1-сүрөт: Жыйналышка келген кишини жылуу тосуп алып жаткан аксакал, микрофонду даярдап жаткан жаш ишенимдешибиз, бир апа менен сүйлөшүп отурган кыз. 2-сүрөт: «Күзөт мунарасын» изилдөө учурунда жооп бериш үчүн кол көтөрүп жаткан чоңдор менен балдар. 3-сүрөт: Падышалык залын жыйнаганга жардам берип жаткан жубайлар. Кызына кутучага тартуу салганга жардам берип жаткан эне. Адабият издеп жаткан жигит жана бир апаны кубаттап жаткан ишенимдешибиз.