Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

32-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кудайдын алдында момун, жөнөкөй болгула

Кудайдын алдында момун, жөнөкөй болгула

«Кудайыңдын жолунда жөнөкөйлүк менен жүр» (МИК. 6:8).

31-ЫР: Кудайдын жолунда жүрөлү

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Дөөтү Жахаба Кудайдын момундугу жөнүндө эмне деп айткан?

ЖАХАБА КУДАЙДЫ момун деп айтканга болобу? Ооба, болот. Бир жолу Дөөтү пайгамбар Жахаба жөнүндө: «Сен мага куткаруучу калканыңды бересиң, сенин момундугуң зоболомду көтөрөт»,— деп айткан (2 Шем. 22:36; Заб. 18:35). Ал ошондо Шемуел пайгамбар үйүнө Ысрайылдын болочок падышасын майлаганы келген учурду эстесе керек. Жахаба Дөөтүнү, Жышайдын сегиз уулунун эң кенжесин, падыша кылып тандаган. Ошентип, момундугун көрсөткөн (1 Шем. 16:1, 10—13).

2. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

2 Бир забурчу да Жахаба жөнүндө: «Ал асман менен жерди караш үчүн эңкейет, бей-бечараны топурактан тургузат, жакырды күлдөн көтөрөт. Аны... аттуу-баштуулардын катарына отургузат»,— деп айткан. Дөөтү бул сөздөргө толук кошулмак болуш керек (Заб. 113:6—8). Бул макалада адегенде Жахабанын момундук сапатын көрсөткөн учурларын карап чыгып, андан эмнени үйрөнсөк болорун талдайбыз. Андан соң Шабул падышанын, Даниел пайгамбардын, Иса Машаяктын мисалынан момундук, жөнөкөйлүк сапаты жөнүндө эмнелерди билсек болорун талкуулайбыз.

ҮЛГҮБҮЗ — ЖАХАБА

3. Жахаба бизге кандай мамиле кылат жана бул эмнени көрсөтүп турат?

3 Жахабанын момун экени ага сыйынган күнөөкөр пенделерге кылган мамилесинен көрүнөт. Ал алардын сыйынуусун кабыл кылгандан сырткары, алар менен ынак болуп, досу катары көрөт (Заб. 25:14). Андай жакын мамилеге жол ачыш үчүн Жахаба биздин кунубузга өз Уулун берген. Бул эмне деген боорукердик, эмне деген кайрымдуулук!

4. Жахаба бизди кандай кылып жараткан жана эмне үчүн?

4 Жахабанын момун экенинен кабар берген дагы бир нерсеге токтололу. Жаратканыбыз катары ал адам баласын кантип жашаарын өзү чече албагыдай эрксиз кылып жаратып коё алмак. Бирок анткен эмес. Ал бизди өзүнө окшоштуруп жаратып, кандай жашашты өз эркибизге койгон. Бирок ошол эле учурда, эч нерсеге татыбаган пенде болсок да, кандай чечим чыгарарыбызга абдан кызыкдар. Ага аны жакшы көргөндүктөн, ага баш ийгенибиздин өзүбүзгө эле жакшы экенин түшүнгөндүктөн өз ыктыярыбыз менен кызмат кылышыбызды каалайт (Мыйз. 10:12; Ыш. 48:17, 18). Жахабанын момун экенине кандай гана ыраазыбыз!

Асмандагы Иса. Артында кошо башкаруучуларынын айрымдары турат. Алар сансыз периштелерди карап турушат. Кээ бир периштелер тапшырылган ишин аткарыш үчүн жерди көздөй учуп баратышат. Жахаба ушул сүрөттө көрсөтүлгөндөрдүн баарына бийлик берген (5-абзацты карагыла)

5. Жахаба бизди момундукка кантип үйрөтөт?

5 Жахаба момундукка бизге кылган мамилеси аркылуу үйрөтөт. Ааламда акылмандык жагынан ага тең келген бир да жан жок. Эч кимдин кеңешине муктаж болбосо да, башкалардын оюн укканга дилгир. Мисалы, Уулун бардык нерсени жаратканга катыштырган (Накыл 8:27—30; Кол. 1:15, 16). Күч жагынан теңдешсиз болсо да, башкаларга кандайдыр бир бийлик берип келет. Алсак, Исаны асмандагы Падышалыктын Падышасы кылып дайындаган, ал эми 144 000 адамга аны менен кошо башкарганга бийлик берген (Лк. 12:32). Андан сырткары, Исаны Падыша жана Башкы дин кызматчы болгонго үйрөткөн (Евр. 5:8, 9). Аны менен бирге башкара тургандарды да үйрөтүп жатат. Ошол эле учурда алардын ишин майда-чүйдөсүнө чейин көзөмөлдөй бербейт. Алардын тапшырган ишти тийиштүү түрдө аткарарына толук ишенет (Аян 5:10).

Башкаларды окутуп-үйрөтүп, милдеттерди тапшырсак, Жахабадан үлгү алган болобуз (6, 7-абзацтарды карагыла) *

6, 7. Жахабадан эмнени үйрөнсөк болот?

6 Бирөө жарымдын жардамына эгерим муктаж болбогон Асмандагы Атабыз башкаларга бийлик берип жатса, анда биз андан бетер ошентишибиз керек эмеспи?! Эгер үй-бүлөнүн башчысы же жыйналыштын аксакалы болсоңор, анда Жахабадан бул жагынан көп нерсени үйрөнсөңөр болот. Ишти башкаларга тапшыра билгиле, ошол эле учурда майда-баратына чейин кийлигише бербегиле. Жахабадан үлгү алсаңар, иш да бүтөт, башкалар да көп нерсеге үйрөнүп, өзүн ишенимдүүрөөк сезип калышат (Ыш. 41:10). Кандайдыр бир бийлиги барлар Жахабадан дагы эмнени үйрөнө алышат?

7 Ыйык Китептен Жахабанын өз уулдарынын — периштелердин — ой-пикирин укканга кызыкдар экенин билебиз (1 Пад. 22:19—22). Ата-энелер, бул жагынан Жахабадан кандай үлгү алсаңар болот? Ыгы келгенде балдарыңарга кайсы бир ишти тапшырып, кантип аткарса болорун сурагыла. Анан жөндүү болсо, кандай кылышты эркине коюп койгула.

8. Жахаба Ыбрайым пайгамбар менен Саарага кандай мамиле кылган?

8 Жахабанын момун экенин чыдамдуулугу да айкындап турат. Мисалы, ал анын кайсы бир чечимин түшүнө албай бушайман болгон кызматчыларын түшүнөт. Алсак, Содом менен Амор шаарын талкаламакчы болгондо Ыбрайым пайгамбардын жүрөгүн түпөйүл кылган ойлорун кунт коюп уккан (Башт. 18:22—33). Байбичеси Саарага кандай мамиле кылганы тууралуу да ойлонуп көрсөңөр. Карып калган Саара балалуу болорун укканда күлүп жиберген, бирок Жахаба ачууланган эмес (Башт. 18:10—14). Аны түшүнө билген.

9. Ата-энелер жана аксакалдар Жахабадан эмнени үйрөнсө болот?

9 Бул жагынан ата-энелер жана аксакалдар Жахабадан эмнени үйрөнсө болот? Балдарыңар же жыйналышта кимдир бирөө чечимиңерди туура көрбөсө, эмне кыласыңар? Шак эле өзүңөрдүкүн жактап киресиңерби? Же алардын көз карашын түшүнгөнгө аракет кыласыңарбы? Бийлиги барлар Жахабадай иш кылышса, үй-бүлөгө да, жыйналышка да жакшы болот. Буга чейин момун болуу жагынан Жахабадан эмнени үйрөнсөк болорун карап чыктык. Эми момундук, жөнөкөйлүк жөнүндө Ыйык Китепте жазылган инсандардын окуясынан эмнени билсе болорун карайлы.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ИНСАНДАР

10. Бизге таалим-тарбия бериш үчүн Жахаба эмне кылган?

10 Бизге таалим-тарбия бериш үчүн «Улуу Насаатчыбыз» Жахаба өзүнүн Сөзүнө ар кандай адамдар тууралуу жаздыртып койгон (Ыш. 30:20, 21). Мисалы, андан Кудайга жаккан сапаттарды чагылдырган, анын ичинде жөнөкөй, өз чегин билгендерден кандай үлгү алсак болорун, ал эми андай сапаттар жетишпегендерден кандай сабак алсак болорун биле алабыз (Заб. 37:37; 1 Кор. 10:11).

11. Шабулдан кандай сабак алсак болот?

11 Шабул падыша тууралуу ойлонуп көрөлү. Ал башында кой оозунан чөп албаган момун, жөнөкөй киши болчу. Ал өз алын жакшы билген. Ал тургай, ага берилген чоң бийликке ашынган эмес (1 Шем. 9:21; 10:20—22). Бирок убакыттын өтүшү менен текеберденип, чегин билбей калган. Бул падыша болгонунан көп узабай эле айкын болгон. Бир жолу Шемуел пайгамбарды күтүп жатып чыдамы кетип, акылуу болбосо да, курмандык чалып жиберген. Ал Жахабанын өз элин таштабасына ишенбей турганын көрсөткөн. Ошонун айынан Жахабанын ырайымынан да, падышалык бийлигинен да ажырап калган (1 Шем. 13:8—14). Мындан сабак алып, акыбыз жок нерселерди кылгандан сак болсок, акылдуулук кылган болобуз.

12. Даниел пайгамбардын өз чегин билген киши болгону эмнеден көрүнгөн?

12 Шабулдан кандай сабак алсак болорун билдик. Эми Даниел пайгамбардын үлгүсүнө токтололу. Ал момун, өз чегин билген, Жахабадан ар дайым акыл сураган киши болгон. Ошонусунан өмүр бою жазган эмес. Мисалы, Жахаба аны колдонуп Небухаданасардын түшүн жоруп бергенде, мен жорудум деп көкүрөгүн каккан эмес. Бүт даңкты Жахабага ыйгарган (Дан. 2:26—28). Аны кантип туурай алабыз? Эгер айткан баяндамаларыбыз ишенимдештерибизге аябай жакса же кабар айтуу ишинде кызыктуу окуяларга бай болсок, биринчи кезекте Жахабаны даңктаганды унутпайлы. Ошонун баарын Жахабанын жардамысыз аткара алмак эместигибизди моюнга алышыбыз керек (Флп. 4:13). Эгер ошентсек, Исадан да үлгү алган болобуз. Кандайча?

13. Жакан 5:19, 30да жазылгандай, Исадан кандай үлгү алсак болот?

13 Кудайдын жеткилең Уулу болсо да, Иса анын жардамысыз эч нерсе кыла албасын түшүнгөн. (Окугула: Жакан 5:19, 30.) Ал Атасынан бийликти тартып алганга эч качан умтулган эмес. Филипиликтер 2:6да Иса жөнүндө: «Кудайдын абалын ээлеп алуу, атап айтканда, аны менен тең болуу оюна да келген эмес»,— деп жазылган. Ооба, ал Атасына баш ийүүгө дилгир болгон, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин билген жана Атасынын бийлигин сыйлаган.

Иса бийлиги чектелүү экенин түшүнгөн (14-абзацты карагыла)

14. Исадан ал чече албай турган нерсени сурашканда эмне кылган?

14 Жакып менен Жакан деген шакирттери энесин ээрчитип Исага бир өтүнүч менен келгенде анын эмне дегенине көңүл буралы. Алар Падышалыкта жогорку абалды ээлегиси келген. Бирок бул Иса чече турган нерсе эмес болчу. Ошондуктан Падышалыкта оң жагы менен сол жагына кимдердин отурарын Атасы гана чечерин дароо айткан (Мт. 20:20—23). Ошентип өзүнүн чегин билерин көрсөткөн. Ал момун болгон. Атасы буйрук кылбаган нерсени эч качан кылган эмес (Жкн. 12:49). Мындан эмнени үйрөнсөк болот?

Момун болуп, өз чегин билүү жагынан Исадан эмнени үйрөнсөк болот? (15, 16-абзацтарды карагыла) *

15, 16. Канткенде 1 Корунттуктар 4:6да жазылгандарга ылайык иш кылган болобуз?

15 Эгер 1 Корунттуктар 4:6да жазылгандай иш кылсак, Исанын үлгүсүнө карманган болобуз. Ал жакта: «Жазылгандан четтебегиле»,— делген. Кимдир бирөө кеңеш сурап кайрылса, өзүбүздүн көз карашыбызды же оюбузга келгенди айта салганыбыз туура эмес болуп калат. Андан көрө, кеңешти Ыйык Китепке же ага негизделген адабияттарга таянып бергенибиз жакшы. Ошондо чегибизди билерибизди, биздин акылга караганда, Кудурети Чексиз Кудайыбыздын акылы алда канча артык экенин түшүнөрүбүздү көрсөтөбүз (Аян 15:3, 4).

16 Демек, момун, өзүнүн чегин билген жөнөкөй адам болсок, алкыш-даңкты Жахабага ыйгарган болобуз. Мунун дагы кандай пайдасы бар? Азыр бул сапаттардын кубанычтуу жүргөнгө, башкалар менен тил табыша билгенге кандайча өбөлгө түзөрүн талкуулайлы.

ПАЙДАСЫ

17. Өзүнүн чегин билген момун адамдардын көңүлү эмне үчүн жайдары болот?

17 Өзүнүн чегин билген момун адам болсок, көбүнчө кубанычтуу жүрөбүз. Эмне үчүн? Анткени андай киши колунан баары келбесин мойнуна алгандыктан, башкалар кандай жардам бербесин кубанып кабыл алып, ошого курсант болот. Мисалга Исанын пес оорулуу он кишини айыктыргандагы окуяны алалы. Азаптуу оорусунан айыккан соң Исага ыраазычылыгын айтыш үчүн алардын бири эле кайтып келген. Ал момун киши дартынан өзү эч качан айыга албай турганын билген. Ошон үчүн жүрөгүндөгү ашып-ташкан ыраазычылыгын Исага билдирип, Кудайды даңктап-мактаган (Лк. 17:11—19).

18. Өзүнүн чегин билген момун адамдын башкалар менен мамилеси кандай болот? (Римдиктер 12:10)

18 Өзүнүн чегин билген момун адам башкалар менен оңой ымалашып кетет, жакын достору да болот. Себеби башкалардын өзүндө жок мыкты сапаттарын көрө билет, ишеним артат. Алардын ийгилигин көрүп кошо кубанат, мактаганга шашат, урматтап-сыйлайт. (Окугула: Римдиктер 12:10.)

19. Эмне үчүн текебердиктен алыс болушубуз керек?

19 Ал эми өзү гана оозго алынып, өзү гана көзгө көрүнгүсү келгендиктен көөдөнүн көтөргөн кишиге бирөөнү макташ кыйын. Ал өзүн башкаларга салыштыра бергенге жакын келет жана баарынан ашып түшүүнү самап турат. Бирөөгө бир нерсе үйрөткөндүн, бийлик бергендин ордуна, өзүнөн башка эч ким тыңгылыктуу иш кыла албайт дегендей ойдо. Жанына киши теңебейт, ич күйдүлүк да кылат (Гал. 5:26). Андай кишиден дос качат. Эгер ушундай кемчилигибиз бар экенин байкасак, терең тамыр алып кете электе, Жахабага жалбарып акылыбызды жаңыртканга жардам сурашыбыз керек (Рим. 12:2).

20. Эмне үчүн момун, өз чегин билген жөнөкөй адам болушубуз керек?

20 Момундук деген эмне экенин үлгүсү менен көрсөткөн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! Анын момун экенин кызматчыларына кылган мамилесинен көрө алдык. Биз да бул жагынан ага окшош болгубуз келет. Кудайдын алдында момун, өз чегин билген Ыйык Китептеги инсандардан да үлгү алалы. Алкыш-даңкты дайыма Кудайыбыз Жахабага ыйгаралы. Буга ал гана татыктуу! (Аян 4:11) Ушуларды кылсак, момун, жөнөкөй пенделерин сүйгөн Жахабанын түбөлүктүү досу боло алабыз.

123-ЫР: Теократияга берилгендикте баш иебиз

^ 5-абз. Кимдир бирөө момун болсо, ал кайрымдуу, боорукер болот. Андыктан Жахаба Кудайды момун деп айтсак жаңылбайбыз. Момундукка Жахабадан кантип үйрөнө алабыз? Шабул падышанын, Даниел пайгамбардын, Иса Машаяктын мисалынан момундук, жөнөкөйлүк сапаты жөнүндө эмнелерди билсек болот? Бул макалада ушуларды карап чыгабыз.

^ 58-абз. СҮРӨТ. Жаш ишенимдешибизге жыйналыштын аймактарына байланыштуу иштерди үйрөтүп жаткан аксакал. Ал андан аркысын өзүнө коюп, майда-баратына чейин көзөмөлдөгөн жок.

^ 62-абз. СҮРӨТ. Чиркөөдө өткөрүлө турган үйлөнүү үлпөтүнө барса болор-болбосун жыйналыштын аксакалынан сурап жаткан жарчы. Аксакал өз оюн айтпай, Ыйык Китептеги принциптерди аны менен талкуулап жатат.