Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

33-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кудайдын сүйүүсүн, акылмандыгын, чыдамдуулугун айкындаган тирилүү

Кудайдын сүйүүсүн, акылмандыгын, чыдамдуулугун айкындаган тирилүү

«Адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилерине ишенем» (ЭЛЧ. 24:15).

151-ЫР: Ал чакырат

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахаба эмне үчүн жарата баштаган?

БИР КЕЗДЕРДЕ жападан жалгыз Жахаба Кудай гана өмүр сүргөн. Бирок ал эч качан жалгызсыраган эмес. Эч кимге муктаж да болгон эмес. Ошондой болсо да Жахаба башкалардын да тирүүлүктүн рахатын көрүшүн каалаган. Ошентип, зор сүйүүсүнөн улам жарата баштаган (Заб. 36:9; 1 Жкн. 4:19).

2. Жахабанын жараткан нерселерин көргөндө Иса менен периштелер кандай сезимде болушкан?

2 Эң алды, Жахаба өз Уулун — Исаны — жараткан. Андан кийин экөө чогуу «калган нерселердин баарын», анын ичинде миллиондогон аң-сезимдүү рухтарды — периштелерди — жаратышкан (Кол. 1:16). Иса атасы менен биргеликте эмгектенгенине аябай сүйүнгөн (Накыл 8:30). Периштелер да кубанычка бөлөнгөн. Алар Жахаба Кудай менен чебер уста Исанын асман менен жерди жаратканына күбө болушкан. Алар кандай сезимде болгон? Жер жаратылып бүткөндө периштелер «салтанаттуу үн салган». Жахабанын ар бир жараткан нерсесин көрүп, анын ичинде соңку чеберчилигин — адам баласын — көрүп да аны алкап-даңкташканы шексиз (Аюп 38:7; Накыл 8:31). Колунан бүткөн нерсесинин ар бири Жахабанын сүйүүсү менен акылмандыгын айкындап турган (Заб. 104:24; Рим. 1:20).

3. 1 Корунттуктар 15:21, 22де жазылгандарга ылайык, кун төлөнгөндүн аркасында эмнеге жол ачылган?

3 Жахаба өзү жараткан кооз жер планетасында адам баласынын түбөлүк жашашын ниет кылган. Тилекке каршы, Адам ата менен Обо эне өз Атасына каршы чыгып, бүт адамзатты күнөө менен өлүмдүн чеңгелине салып берген (Рим. 5:12). Муну көрүп Жахаба эмне кылган? Ал адамзатты кантип куткарып аларын дароо айткан (Башт. 3:15). Жахаба Адам ата менен Обо эненин урпактары күнөө менен өлүмдөн азаттыкка чыга алышы үчүн кун төлөмөкчү болгон. Ошонун аркасында ага кызмат кылууну чечкен ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ боло алмак (Жкн. 3:16; Рим. 6:23; окугула: 1 Корунттуктар 15:21, 22).

4. Ушул макаладан кайсыл суроолорго жооп табабыз?

4 Кудайдын өлгөндөрдү тирилтем деген убадасына байланыштуу көп суроолор туулушу мүмкүн. Маселен, алар кантип тирилет? Көзү өтүп кеткен жакындарыбыз тирилгенде жазбай тааный алабызбы? Ошол учур эмне үчүн кубанычтуу болот? Өлгөндөрдүн тирилиши Жахабанын сүйүүсүн, акылмандыгын, чыдамдуулугун кандайча көрсөтүп турат? Эмесе келгиле, ушул суроолордун ар бирине жооп алалы.

ӨЛГӨНДӨР КАНТИП ТИРИЛЕТ?

5. Көзү өтүп кеткендер акырындык менен жана ирети менен тирилет деп эмне үчүн айтса болот?

5 Жахаба Уулу аркылуу көзү өтүп кеткен миллиондогон адамдарды бир учурда тирилтет деп күтпөйбүз. Эмне үчүн? Себеби жер жүзүнүн калкы бир заматта көбөйүп кете турган болсо, баш аламандык болуп кетиши мүмкүн. Анын үстүнө, Жахаба, эмне кылбасын, дайыма өз ирети менен кылат. Адамзат тынчтыкта жашашы үчүн, тартип болушу керектигин билет (1 Кор. 14:33). Жахаба Иса менен чогуу жерди адам баласы үчүн даярдап жатканда баарын акырындык менен жана ирет-ирети менен жасаган. Мындан Жахабанын акылмандыгы да, чыдамдуулугу да айкын көрүнүп турат. Миң жылдык башкаруусунун тушунда Армагедондон аман өткөндөр менен чогуу жерди тириле турган адамдар үчүн даярдай баштаганда Иса да так эле ушул сапаттарды чагылдырат.

Армагедондон аман өткөндөр тирилгендерге Кудайдын Падышалыгы жана талаптары жөнүндө билим берет (6-абзацты карагыла) *

6. Элчилер 24:15ке ылайык, тирилгендердин арасында кимдер болот?

6 Армагедондон аман өткөндөр тирилгендерге дагы бир маанилүү жол менен кам көрүшөт: аларга Кудайдын Падышалыгы жана анын талаптары жөнүндө билим бериши керек болот. Эмне үчүн дегенде, тирилгендердин көбү Ыйык Китепте «адил эмес» деп сыпатталган адамдардан болушат. (Окугула: Элчилер 24:15.) Иса Машаяктын кунунун пайдасы тийиши үчүн аларга көп жактан оңолгонго туура келет. Жахаба тууралуу такыр билбеген миллиондогон адамдарга ал жөнүндөгү чындыкты үйрөтүш үчүн эмне деген күч-аракет талап кылынарын ойлоп көрсөңөр! Бүгүнкү күндөгүдөй болуп ар биринин өзүнүн окутуучусу болобу? Жаңылар жыйналыштарга бекитилип, алардан кийин тириле тургандарды окутканга үйрөтүлүшөбү? Аны убакыт көрсөтөт. Бир билгенибиз, Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун соңунда «жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот» (Ыш. 11:9). Бизди эмне деген кызык күндөр күтүп турат!

7. Кудайдын эли тирилгендерди окутуп-үйрөткөндө эмне үчүн аларды түшүнө билет?

7 Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун тушунда Жахабанын жер бетинде жашаган балдары ага жагыш үчүн жакшы жакка өзгөрө беришет. Ошондуктан алардын баары чындап боорукер, түшүнүктүү болуп, тирилгендерге күнөөкөр табиятына мүнөздүү кемчиликтеринен арылганга жана Жахабанын талаптарына ылайык жашаганга жардам беришет (1 Пет. 3:8). Ошондо тирилгендердин Жахабанын кызматчыларынын момун экенине, «куткарылыш» үчүн дагы деле өзгөрүлүп жатканына таасирленип, алар менен чогуу кызмат кылганга түрткү алары шексиз (Флп. 2:12).

АЛАРДЫ ТААНЫЙ АЛАБЫЗБЫ?

8. Өлгөндөр тирилгенде жакындары аларды тааный алат деп эмне үчүн айта алабыз?

8 Өлгөндөр тирилгенде жакындары аларды тааный алат деп айтканга бир нече себеп бар. Мисалы, байыркы убактагы өлгөндөр тирилген учурларды эске алганда, Жахаба көзү өтүп кеткен кишини, анын өлгөнгө чейинки келбети, үнү, сүйлөгөнү жана акылы кандай болсо, ошондой кылып тирилтет деп айта алабыз. Иса өлүмдү уйкуга, тирилүүнү болсо андан ойгонгонго салыштырган (Мт. 9:18, 24; Жкн. 11:11—13). Киши уйкудан ойгонгондо кебетеси да, үнү да, эс тутуму да уктаганга чейин кандай болсо, ошол эле бойдон калат. Мисалга Лазарды алалы. Анын өлгөнүнө төрт күн болуп кеткендиктен чирий баштаган. Бирок Иса аны тирилткенде Мария менен Марта бир тууганын жазбай таанышкан. Лазар да аларды тааныбай калган эмес (Жкн. 11:38—44; 12:1, 2).

9. Эмне үчүн өлгөндөр дароо эле акылы, денеси жеткилең болуп тирилбейт?

9 Жахаба Машаяк башкарганда «ооруп жатам» деген бир да киши болбойт деп убада берген (Ыш. 33:24; Рим. 6:7). Андыктан өлгөндөр дени сак болуп тирилишет. Бирок шак эле жеткилең болуп калбайт. Эгер ошондой боло турган болсо, жакындары аларды тааныбай калышы мүмкүн. Сыягы, Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун тушунда бүт адамзат жеткилеңдикке бара-бара жетет. Иса Падышалыкты Атасына миң жылдык башкаруусу аяктаган соң гана өткөрүп берет. Ошондо Падышалык өз ишин толук бүтүрүп, мүдөө-максатына жеткен болот. Буга адам баласын жеткилеңдикке жеткирүү да кирет (1 Кор. 15:24—28; Аян 20:1—3).

ЭМНЕ ҮЧҮН КУБАНЫЧТУУ БОЛОТ?

10. Өлгөндөр тирилгенде кандай сезимде болосуңар?

10 Тирилген жакындарыңарды тосуп алып жатканыңарды элестетсеңер! Аларды көргөндө маңдайыңар жарыла сүйүнөсүңөрбү же жүрөгүңөр толкугандан ыйлап жибересиңерби? Же жер жаңырта Жахабаны даңктап ырдап киресиңерби? Кандай болбосун бир нерсе анык: ушундай керемети үчүн камкор Атабызга жана өз жанын аябаган Уулуна миң мертебе ыраазы болобуз.

11. Исанын Жакан 5:28, 29дагы сөздөрүнө ылайык, Кудайга моюн сунуп, оңолгондор эмне болот?

11 Тирилгендер эски табиятынан арылып, Кудайдын адил талаптарына ылайык жашай баштаганда канчалык кубанарын көз алдыңарга тартып көрсөңөр. Ушинтип оңолгонго аракет кылгандар Бейиште түбөлүк жашаш үчүн тирилген болушат. Ал эми оңолбой, Кудайга моюн сунгусу келбегендерге Бейиште жашаганга жана андагы бейкуттукту бузганга жол берилбейт. (Ыш. 65:20; окугула: Жакан 5:28, 29.)

12. Жер жүзүндөгүлөрдүн баары кандайча Жахабанын батасын алышат?

12 Падышалык башкарып турган тапта Кудайдын эли Накыл сөздөр 10:22деги: «Жахабанын батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт»,— деген сөздөрдүн калетсиз экендигине ынанат. Жахабанын руху таасир эткендиктен алар рухий жактан барган сайын байый берет, башкача айтканда, барган сайын Машаякка көбүрөөк окшошуп, жеткилеңдикти көздөй кадам шилтей берет (Жкн. 13:15—17; Эф. 4:23, 24). Ден соолугу да күн санап чыңдала берет. Ошондо жашоо кандай гана керемет болот! (Аюп 33:25). Ал эми өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө билгенибиздин, ой жүгүрткөнүбүздүн бизге азыр кандай пайдасы бар?

ЖАХАБАНЫН СҮЙҮҮСҮ

13. Забур 139:1—4-аяттарга ылайык, өлгөндөрдүн тирилиши Жахабанын бизди жакшы билерин кандайча тастыктап турат?

13 Буга чейин кеп кылганыбыздай, Жахаба өлгөндөрдү мурунку эс тутуму, инсандык өзгөчөлүктөрү менен тирилтет. Бул эмнени билдирери жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Жахаба силерди ушунчалык жакшы көргөндүктөн ар бир оюңарды, сөзүңөрдү, ишиңерди, кандай сезимде болуп жатканыңарды көрүп-билип турат. Ошондуктан көзүңөр өтүп кете турган болсо, эс тутумуңар, көз карашыңар, кулк-мүнөзүңөр кандай болсо, ошондой кылып тирилте алат. Анын бизди канчалык жакшы билери жөнүндө Дөөтү падыша да жазган. (Окугула: Забур 139:1—4.) Кудайыбыздын бизди жакшы билери бизге кандай таасир этет?

14. Жахабанын бизди абдан жакшы билерин ойлогондо эмнени унутпашыбыз керек?

14 Жахабанын бизди абдан жакшы билерин ойлогондо коркуп кетишибиз мүмкүн. Анткени ар бирибиздин эле кемчиликтерибиз бар. Бирок коркконго эч себеп жок. Жахабанын биздин жыргалчылыгыбызды чындап көздөй турганын эстен чыгарбашыбыз керек. Ал ар бирибиздин башкалардан айырмалап турган өзгөчөлүктөрүбүздү баалайт. Жашообуздагы инсан катары калыптанышыбызга таасир эткен нерселердин баарын эсинде сактайт. Бул чындап эле жүрөк жылытат! Биз эч качан өзүбүздү жалгыз калып калгандай сезбешибиз керек. Себеби Жахаба ар күндүн ар мүнөтүндө жаныбызда. Ал бизге кантип жардам берсем деп ошонун жолун издеп турат (2 Жылн. 16:9).

АКЫЛМАНДЫГЫ

15. Өлгөндөр тирилет деген үмүт кандайча Жахабанын акылмандыгын чагылдырып турат?

15 Өлүм коркунучу — күчтүү курал. Аны Шайтан бийлеген дүйнөдөгү адамдар кимдир бирөөнү досторун сатканга же көз карашынан баш тартканга мажбурлаш үчүн колдонушат. Бирок биз ал куралдан коркпойбуз. Себеби душмандарыбыз бизди өлтүрүп койсо да, Жахаба тирилте аларын билебиз (Аян 2:10). Алар эмне кылбасын, Жахаба менен болгон достугубузду буза албасына да бекем ишенебиз (Рим. 8:35—39). Жахабанын өлгөндөр тирилет деген үмүттү бергени кандай гана акылмандык! Анткени Шайтандын эң бир күчтүү куралынын кубатын алып, бизге болсо кажыбас кайрат берип жаткан нерсе — так ошол үмүт.

Жахабанын кызматчыларына кам көрөм деген убадасына ишенерибиз чечимдерибизден көрүнүп турабы? (16-абзацты карагыла) *

16. Эмне тууралуу ойлонуп көрүшүбүз керек жана бул Жахабага канчалык таянарыбызды аныктаганга кандайча жардам берет?

16 Жахабаны жек көргөндөр өлтүрөбүз деп коркутса, сени тирилтип аларына ишенесиңби? Муну кантип билсе болот? Ал үчүн: «Күнүмдүк жашоомдогу майда-чүйдө чечимдеримден Жахабага таянарым көрүнүп турабы?» — деп ойлонуп көр (Лк. 16:10). «Убактымды, акчамды кантип пайдаланып жатканымдан Падышалыкты биринчи орунга койгондорду Жахаба эч нерседен кем кылбай турганына ишенерим көрүнүп турабы?» — деп да ойлонуп көр (Мт. 6:31—33). Эгер көрүнүп турса, Жахабага толук таянып жатканың жана алдыда кандай сыноо болбосун, баарына чыдаганга даяр экениң бышык (Накыл 3:5, 6).

ЧЫДАМДУУЛУГУ

17. а) Өлгөн адамдардын тирилиши Жахабанын чыдамдуулугун кандайча айгинелеп турат? б) Жахабанын чыдамдуулугуна ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

17 Жахаба бул ыймансыз дүйнөнү жок кыла турган күндү жана саатты алдын ала белгилеп койгон (Мт. 24:36). Ошол убакыт келмейинче ал сабыр сактап, эч нерсе кылбай турат. Жахаба өлгөн адамдарды абдан тирилткиси келет, ошентсе да чыдап жатат (Аюп 14:14, 15). Ал белгиленген убакты күтүп келет (Жкн. 5:28). Анын чыдамдуулугуна биз кандай гана ыраазыбыз! Ошонун аркасында көптөгөн адамдар «өкүнүп», чындык жолуна түшүп жатышат. Алардын арасында биз да барбыз (2 Пет. 3:9). Ал мүмкүн болушунча көптөрдүн түбөлүк жашашын каалайт. Андыктан ага ыраазы экенибизди иш жүзүндө көрсөтөлү. Ан үчүн «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондорду» талыкпай издеп таап, Жахабаны жакшы көргөнгө жана ага кызмат кылганга жардам беришибиз керек (Элч. 13:48). Ошондо алар, биздей болуп, Жахабанын чыдамдуулугунун пайдасын көрүшөт.

18. Башкаларга карата эмне үчүн сабырдуу болушубуз керек?

18 Жахаба чыдамдуу болуп, биз миң жыл өтүп жеткилең болгуча бизден жеткилеңдикти талап кылбайт. Ошол мезгилге чейин күнөөлөрүбүздү кечирет. Анда биз да көтөрүмдүү болуп, көңүлүбүздү башкалардын жакшы жактарына топтошубуз керек эмеспи?! Бир ишенимдешибиздин жагдайына токтололу. Анын жолдошу туруп туруп эле коркунуч баса бермей илдетине кабылып, жыйналышка барбай калган. «Жолдошум ооруп калганда аябай кыйналдым. Ой-тилектерибиздин баары бир заматта эле ойрон болду»,— дейт ал. Бирок ошонун баарына карабай чыдамдуу болуп, күйөөсүн жакшы карай берген. Жахабага таянып, күйөөсүнө жөлөк боло берген. Жахабага окшоп, кыйынчылыктын өзүнө эмес, жолдошунун жакшы жактарына көңүл топтогон. Ал: «Жолдошумдун сонун сапаттары бар. Оорусун жеңгенге бүт күчүн жумшап жатат»,— дейт. Биздин да, үй-бүлөбүздө болобу же жыйналыштабы, кыйынчылыктар менен алпурушуп жаткандарга карата сабырдуу болгонубуз маанилүү!

19. Биз эмне кыла беришибиз керек?

19 Жер жаратылганда Иса менен периштелер аябагандай сүйүнүшкөн. Ал эми ошол жер Жахабаны сүйгөн, ага кызмат кылган жеткилең адамдарга толгондо, алардын канчалык кубанычка бөлөнөрүн элестетип көрсөңөр! Машаяк менен башкарыш үчүн жерден асманга тандалып алынгандар адамзаттын алардын эмгегинин пайдасын көрө баштаганын көргөндө канчалык сүйүнөрүн да көз алдыңарга тартып көрсөңөр! (Аян 4:4, 9—11; 5:9, 10). Оору-сыркоо, азап-кайгы, өлүм-житим жок болгондо кайгы-муңдун көз жашы кубанычтын көз жашына айланат (Аян 21:4). Ал эми ошол убак келгенге чейин сүйүүсү мол, акылман, чыдамдуу Атабыздан үлгү ала берели. Ошентсек, башыбызга кандай мүшкүл түшпөсүн, көңүлүбүз бейкам болуп, кубанып жүрөбүз (Жкп. 1:2—4). Жахаба Кудайыбыздын өлгөндөрдү тирилтем деген убадасына кандай гана ыраазыбыз! (Элч. 24:15)

141-ЫР: Жашоонун керемети

^ 5-абз. Жахаба — сүйүүсү зор, акылман, чыдамдуу Ата. Анын бул сапаттарын эки нерседен, бардык нерсени жаратканынан жана көзү өтүп кеткендерди тирилтем деген убадасынан биле алабыз. Бул макалада өлгөндөрдүн тирилишине байланышкан айрым суроолорду карап чыгабыз. Ошондой эле өлгөндөрдүн тирилиши Жахабанын сүйүүсүн, акылмандыгын жана чыдамдуулугун кандайча айкындап турарын жана бул бизге кандай таасир этиши керектигин талкуулайбыз.

^ 59-абз. СҮРӨТ. Жүздөгөн жылдар мурун жашаган жана Машаяктын миң жылдык башкаруусунун тушунда тирилген киши. Армагедондон аман өткөн ишенимдешибиз ага Машаяктын кунунун пайдасын көрүшү үчүн эмне кылышы керектигин жан-дили менен окутуп-үйрөтүп жатат.

^ 61-абз. СҮРӨТ. Жума ичинде кээ бир күндөрү кошумча иштей албай турганын жетекчисине айтып жаткан бир тууганыбыз. Ал ошол убактысын Жахаба Кудайга сыйынганга арнай турганын түшүндүрүп, зарыл болсо башка учурларда кошумча иштегенге даяр экенин айтып жатат.