Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

35-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Бири-бириңерди... бекемдей бергиле»

«Бири-бириңерди... бекемдей бергиле»

«Бири-бириңерди кубаттандырып, бекемдей бергиле» (1 ТЕС. 5:11).

90-ЫР: Бири-бирибизди бекемдейли

БУЛ МАКАЛАДА a

1. 1 Тесалоникалыктар 5:11ге ылайык, баарыбыз кайсы ишке катыша алабыз?

 ЖЫЙНАЛЫШТАГЫЛАР менен Падышалык залын курган же оңдогон учуруңар болду беле? Эгер ошондой болсо, жаңы имаратта өткөн биринчи жолугушуу эсиңерде болсо керек. Ошондо жүрөгүңөр кубанычтан толкуп, Жахабага ыраазы болгонуңар күмөнсүз. Жүрөгүңөр алып учуп үнүңөр дирилдегенинен эң алгачкы ырды ырдай албай калсаңар керек. Мыкты курулган Падышалык залдарыбыз Жахабаны даңктап-даңазалайт. Бирок кадимки курулуштан башка да курулуш иши бар. Ага катышсак, Жахаба андан бетер даңкталат. Анын пайдасы кадимки курулуштукунан алда канча ашып түшөт. Ал иш ошол сыйынуу жайларына келгендерди бекемдеп-кубаттоону камтыйт. Элчи Пабыл бул макаланын негизги аяты катары тандалган 1 Тесалоникалыктар 5:11деги сөздөрдү айтканда так ошондой курулуш жөнүндө кеп кылган. (Аятты окугула.)

2. Бул макалада эмнеге токтолобуз?

2 Ишенимдештерин кубаттап-бекемдеген жагынан Пабыл — эң мыкты үлгү. Ал аларды аяп, дайыма жан тартып турган. Бул макалада анын ишенимдештерине 1) кыйынчылыктарды көтөргөнгө, 2) ынтымактуу болгонго, 3) Жахабага болгон ишенимин бекемдегенге кантип жардам бергенине токтолобуз. Анда келгиле, андан үлгү алып бир туугандарыбызга кантип дем-күч берсе болорун карайлы (1 Кор. 11:1).

ИШЕНИМДЕШТЕРИНЕ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ КӨТӨРГӨНГӨ ЖАРДАМ БЕРГЕН

3. Пабыл кантип тең салмактуу болгон?

3 Пабыл Кудай кошкон бир туугандарын аябай жакшы көргөн. Өзү да далай кыйынчылыкты баштан кечиргендиктен ал азаптуу күнгө кабылгандарга боор ооруп, аларды түшүнө билген. Бир жолу анын тыйын-тыпыры жок калган. Ошондо шериктери менен бирге жан багыш үчүн иштегенге туура келген (Элч. 20:34). Корунтка барганда адегенде Акила, Прискила деген жубайлар менен иштеген. Алар да ага окшоп чатыр жасап иштешчү. Бирок «ишемби сайын» жүйүттөргө, гректерге кабар айтчу. Ал эми Сылас менен Тиметей келгенде, «өзүн толугу менен Кудайдын сөзүн жарыялоого арнаган» (Элч. 18:2—5). Ооба, Пабыл эң негизги максатын — Жахабага кызмат кылууну — эсинен чыгарган эмес. Ал эч кимге жүк болбош үчүн жан үрөп иштегендиктен да, кызматка жан-жигерин төшөгөндүктөн да ишенимдештерине жөлөк боло алган. Пабыл аларды татаал турмуштун кысымына бел алдырбай, үй-бүлөмдү багам деп түйшүккө берилбей, «маанилүүрөөк» иштерди — Жахабага кызмат кылуу менен байланышы бар иштердин баарын — биринчи орунга койгонго үндөгөн (Флп. 1:10).

4. Пабыл менен Тиметей ишенимдештерине куугунтукка туруштук бергенге кантип жардам беришкен?

4 Тесалоникада жыйналыш уюшулгандан көп өтпөй эле чындык жолуна жаңы түшкөндөр катуу каршылыкка туш болушкан. Өлтүрүп койгондон кайра тартпаган сүрмө топ Пабыл менен Сыласты таппай калып «айрым бир туугандарды шаар башкаруучуларына сүйрөп барышкан». Анан: «Булардын баары... цезардын буйругуна каршы чыгып жатышат»,— деп кыйкырышкан (Элч. 17:6, 7). Исаны жолдой баштагандар бүт шаардын аларга тишин кайрап жатканын билгенде жүрөгү оозуна кептелип, аябай эле коркушса керек. Алар ынтасын суутуп, Жахабага кызмат кылбай калышы мүмкүн эле. Бирок Пабыл андай болушун такыр каалаган эмес. Сылас экөөнө ал шаардан кеткенге туура келсе да, жаңы эле түптөлгөн жыйналыштагы ишенимдештерине башкалар аркылуу кам көрө беришкен. Пабыл тесалоникалыктарга: «Бир тууганыбыз Тиметейди силерге жиберүүнү чечтик. Аны силерди бекемдеп, сооротуп, ишенимиңердин күчтүү болушуна өбөлгө түзүшү үчүн, ушул кыйынчылыктардан улам эч кимиңер олку-солку болбошуңар үчүн жибердик»,— деп жазган (1 Тес. 3:2, 3). Тиметей туулуп-өскөн шаары Листрада катуу куугунтукталгандыктан куугунтук деген эмне экенин жакшы билсе керек. Ал ошондо Пабылдын Листрадагы ишенимдештерин кантип кайраттандырганын өз көзү менен көргөн. Листрада Жахабанын баарын ордуна келтиргенине күбө болгондуктан Тиметей Тесалоникадагы боордошторун акыры баары жакшы болоруна ынандыра алган (Элч. 14:8, 19—22; Евр. 12:2).

5. Бир аксакал Браянтка кантип жардам берген?

5 Элчи Пабыл ишенимдештерин дагы кантип кубаттаган? Кийин Барнаба экөө Листрага, Иконияга, Антиохияга барганда «ар бир жыйналышка аксакалдарды дайындашкан» (Элч. 14:21—23). Бүгүнкү күндөгү аксакалдардай эле, алар да боордошторуна тирек болуп бергени шексиз. Браянт деген ишенимдешибиз мындай дейт: «15 жашымда атам бизди таштап кеткен. Апам жыйналыштан чыгарылып калган. Ошондо жалгызсырап, аябай көңүлүм чөккөн». Ошондой оор учурда ага туруктуу болгонго эмне жардам берген? Браянт мындай деп бөлүшөт: «Тони деген аксакал жыйналыштан да, башка учурларда да ал-жайымды сурап, сүйлөшүп турчу. Ал кыйынчылыктарга туш болсо да кубанычын кемитпей кызмат кыла бергендер жөнүндө айтып берчү. Забур 27:10ду да окуп берген. Ал атасы жаман киши болсо да ак жолдон тайбай Жахабага кызмат кыла берген Хиския жөнүндө да көп айтчу». Бул ага кандай таасир эткен? «Ошол аксакалдын түрткүсү менен бара-бара баш көтөрүп, пионер болуп кызмат кыла баштадым. Бул мага азыркыга чейин кубаныч тартуулап келет»,— дейт ал. Аксакалдар, Браянттай болуп «жакшы сөзгө» муктаж болгон ишенимдештериңерди байкап, жөлөк болгула (Накыл 12:25).

6. Пабыл ишенимдүү инсандар жөнүндө эмне үчүн сөз кылган?

6 Пабыл Жахаба күч бергени үчүн кыйынчылыктарга моюн бербеген мурун жашаган «көп күбөлөр» жөнүндө сөз кылган (Евр. 12:1). Анткени алардын өмүр таржымалы ишенимдештерине күч-кайрат берерин жакшы түшүнгөн. Ошондой эле бул аларга «тирүү Кудайдын шаарынан» көзүн албаганга жардам берерин билген (Евр. 12:22). Бүгүн деле ошондой. Жахабанын Гидонго, Баракка, Дөөтүгө, Шемуелге жана башка кызматчыларына кантип жардам бергенин окуганда кимибиз эле дем-күчкө толбойбуз? (Евр. 11:32—35) Ал эми бүгүнкү күндөгү ишеними күчтүү бир туугандарыбыз жөнүндө эмне айтсак болот? Берилгендигинен жазбаган ишенимдештерибиздин өмүр баяндарын окуганда көбүбүз эле кайраттанып калабыз. Башкы башкармалыкка ошондой өмүр баяндарга ыраазычылык билдиргендерден каттар байма-бай түшүп турат.

ИШЕНИМДЕШТЕРИН ЫНТЫМАККА ЧАКЫРГАН

7. Пабылдын Римдиктер 14:19—21-аяттарда берген кеңешинен эмнени үйрөндүңөр?

7 Жыйналыштын тынчтыгына салым кошсок да ишенимдештерибизди бекемдейбиз. Пикир келишпестиктердин айынан бөлүнүп-жарылбайлы. Ыйык Китепте так көрсөтмө берилбеген учурларда өзүбүздүкүнөн кайтпай туруп алганыбыз туура эмес болмок. Буга байланыштуу бир мисал карап көрөлү. Римдеги жыйналышта жүйүттөр да, башка улуттан болгондор да бар болчу. Ал кезде Муса пайгамбарга берилген Мыйзам күчүн жоготкондуктан, белгилүү бир тамак-ашты жегенге байланыштуу мыйзамдар жоюлган эле (Мр. 7:19). Ошондуктан Исанын айрым жүйүт жолдоочулары каалаган тамагын коркпой эле жей башташкан. Бирок башкалары муну туура көрүшкөн эмес. Ушул себептен жыйналыштагылар эки жаат болуп бөлүнгөн. Ошондо Пабыл биринчи кезекте жыйналышта ынтымак сакталышы керектигин баса белгилеп: «Бир тууганың мүдүрүлө турган болсо, анда эт жебегениң, шарап ичпегениң же башка нерселерди кылбаганың жакшы»,— деген. (Окугула: Римдиктер 14:19—21.) Ошентип Пабыл мындай талаш-тартыштар жыйналыштагылардын ортосуна жарака түшүргөндөн тышкары, биримдикти ыдыратарын түшүндүргөн. Башкаларга кедерги болбош үчүн ал өзү да айрым нерселерден кечкенге даяр болгон (1 Кор. 9:19—22). Биз дагы ар ким жеке өзү чече турган нерселерге келгенде өзүбүздүкүн таңуулабай, алардын чечимин сыйлайлы. Ошондо ишенимдештерибизди бекемдеп, жыйналышта тынчтык болушуна салым кошобуз.

8. Жыйналышка бүлүк сала тургандай маселе көтөрүлгөндө Пабыл эмне кылган?

8 Пабыл олуттуу маселелер көтөрүлгөндө да тынчтыкты сактап, мыкты үлгү калтырган. Мисалы, 1-кылымдагы Исанын айрым жолдоочулары башка улуттан болгон боордошторунан сүннөткө отургузулууну талап кыла башташкан. Сыягы, алар Исаны жолдобогон жүйүттөргө сөз болбош үчүн ошентсе керек (Гал. 6:12). Бирок Пабыл аларга такыр кошулган эмес. Ошондой болсо да оюн таңуулап маселени өзү чечип кирбей, момун болуп аны Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдарга билдирген (Элч. 15:1, 2). Ошенткендин аркасында жыйналыштын ыркы кетпей, биримдик сакталган (Элч. 15:30, 31).

9. Канткенде Пабылды туураган болобуз?

9 Олуттуу көйгөйлөр туулганда Жахаба жыйналышка кам көрсүн деп дайындагандардан кеңеш сурасак, ынтымагыбыз ыдырабайт. Адатта, Ыйык Китепке негизделген кеп-кеңештер адабияттарыбызда же уюм берген көрсөтмөлөрдө камтылат. Эгер оюбузду таңуулай бербей, ошол көрсөтмөлөргө ылайык иш кылсак, жыйналышта тынчтык өкүм сүрүшүнө шарт түзөбүз.

10. Пабыл тынчтыкка дагы кантип салым кошкон?

10 Пабыл боордошторунун жаман жактарын эмес, жакшы жактарын баса белгилегендиктен да жыйналышта тынчтык сакталган. Алсак, Римдиктерге жолдогон катынын соңунда ал жактагы көп ишенимдештерин атынан атап, жакшы жактарын, кандай өзгөчөлүктөрү бар экенин сөз кылган. Бир туугандарыбыздын мактоого татырлык жактарын көп-көп айтып турсак, Пабылдан үлгү алабыз. Мунун аркасында бири-бирибизге ого бетер ынак болуп, сүйүүбүз күчөй берет.

11. Келишпестик болуп кеткенде эмне кылсак болот?

11 Кээде жадагалса түшүнүгү терең, тажрыйбалуу ишенимдештерибиздин да оюу келишпей, талашып-тартышышы мүмкүн. Маселен, бир жолу Пабыл менен анын ынак досу Барнаба чатакташа кеткен. Миссионердик сапарга чыгарда бирөө Маркты алып алалы десе, экинчиси караманча каршы болгон. Экөө «аябай катуу ачууланып, талашып-тартыша кетишкен» да, эки башка жолго түшүшкөн (Элч. 15:37—39). Бирок убакыттын өтүшү менен Пабыл, Барнаба жана Марк ортосундагы жараканы бүтөп элдешишкен. Ошентип жыйналыштагы тынчтыкты, биримдикти баарынан жогору коёрун көрсөтүшкөн. Кийинчерээк Пабыл Барнаба менен Маркты мактап жазган (1 Кор. 9:6; Кол. 4:10). Биз да келишпестик болгондо чечпей калтырып койбошубуз керек. Чечилгенден кийин болсо ишенимдештерибиздин жакшы сапаттарына көңүл топтогонубуз маанилүү. Ошентсек, таруудай чачылбай биримдүү болобуз (Эф. 4:3).

БООРДОШТОРУНУН ИШЕНИМИН ЧЫҢДАГАН

12. Ишенимдештерибиз кандай кыйынчылыктарга кабылып жатат?

12 Кудай кошкон бир туугандарыбыздын ишенимин чыңдасак, аларды кубаттап-бекемдей алабыз. Айрым ишенимдештерибизди Жахабага ишенбеген туугандары, кесиптештери же классташтары шылдыңдап, басынтышы мүмкүн. Дагы башкалары оорунун азабын тартып жатышы же жүрөгү жараланып кыйналып жүрүшү ыктымал. Чөмүлгөнүнө көп жыл болгон, бул дүйнө качан жок болот деп зарыгып күткөндөр да бар. Ушундай жагдайлардан улам алардын ишеними сыналышы мүмкүн. 1-кылымдагы Исанын жолдоочулары деле ушундай кыйынчылыктарга туш болушкан. Пабыл аларды кантип кубаттап-бекемдеген?

Канткенде элчи Пабылдай болуп башкаларды кубаттап-бекемдей алабыз? (13-абзацты карагыла) b

13. Шылдыңга алынган ишенимдештерине Пабыл кантип жардам берген?

13 Пабыл боордошторунун ишенимин чыңдаш үчүн Ыйык Жазманы колдонгон. 1-кылымдагы Исанын жүйүт жолдоочуларынын иудаизм динин туткан тууган-туушкандары өздөрүнүн динин артык көрүп, алардыкын болбогон эле дин деп айтып басынтышса керек. Ошондо алар эмне дешти билбей кыйналган учурлары болсо керек. Бирок элчи Пабылдын Еврейлерге жолдогон каты аларга бир топ эле дем-шык бергени шексиз (Евр. 1:5, 6; 2:2, 3; 9:24, 25). Анда жазылган жүйөлүү далилдер аларга ишенген нерселерине бек туруп жактаганга жардам бергени күмөнсүз. Бүгүн биз да шылдыңга кабылган ишенимдештерибизге Ыйык Китепке негизделген адабияттарды колдонуп көз карашын түшүндүрүп бергенге көмөк кылсак болот. Балким, жыйналышыңарда майрамдарды белгилебегени үчүн шылдыңга алынган жаштар бардыр. Аларга «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебинин 44-бөлүмүн колдонуп эмне үчүн кээ бир майрамдарды майрамдабай турганын түшүндүрүп бергенге жардам берсеңер болот.

Канткенде элчи Пабылдай болуп башкаларды кубаттап-бекемдей алабыз? (14-абзацты карагыла) c

14. Пабыл окутуп, кабар айтса да, дагы эмне кылган?

14 Пабыл ишенимдештерин «жакшы иштерди» кылып, бири-бирин сүйгөнгө үндөгөн (Евр. 10:24). Ал өзү да аларга жылуу сөзүн айтып кубаттандырып-бекемдегенден тышкары, жакшылык да кылган. Мисалга Жүйүт жерин ачарчылык каптаганда, Пабыл ал жактагы боордошторуна керектүү нерселерди да жеткирген (Элч. 11:27—30). Ал элге кабар айтып, окутуп көп эмгектенсе да, башкаларга тыйын-тыпыр жагынан жардамдашкан (Гал. 2:10). Ошону менен аларды Жахаба эч качан калтырбай турганына ынандырган. Эгер биз да күчүбүздү, убактыбызды, жөндөмүбүздү табигый кырсыктарга кабылгандарга жардам бергенге колдонсок, алардын ишенимин бекемдейбиз. Бүткүл дүйнөлүк ишке тартуу кылганда да ошенткен болобуз. Ушул сыяктуу жолдор менен ишенимдештерибизге жардам берсек, Жахабанын аларды эч качан калтырбай турганына бекем ишенгенге көмөк кылабыз.

Канткенде элчи Пабылдай болуп башкаларды кубаттап-бекемдей алабыз? (15, 16-абзацтарды карагыла) d

15, 16. Ишеними алсырап калгандарга кантип жардам берсек болот?

15 Пабыл ишеними алсырап калгандарга эч качан кол шилтеген эмес. Аларга жаны ачып, жүрөк жылыткан, канат байлаткан сөздөрүн да аяган эмес (Евр. 6:9; 10:39). Мисалы, Еврейлерге жазган катында кеңештерин башынан аягына чейин өзүнө да тиешелүү кылып айткан (Евр. 2:1, 3). Биз да, Пабылдай болуп, ишеними алсырагандардан үмүтүбүздү үзбөшүбүз керек. Анын ордуна, аларга күйүп-бышып, чын жүрөктөн кубаттап-бекемдешибиз керек. Ошентсек, аларды жакшы көрөрүбүздү көрсөтөбүз. Эске алчу нерсе, сөздөрүбүз жүрөктү козгоп, таасирдүү болушу үчүн жылуу-жумшак сүйлөшүбүз керек.

16 Мындан тышкары, Пабыл ишенимдештерине жакшы иштери эч качан Жахабанын көз жаздымында калбай турганын эсине салган (Евр. 10:32—34). Биз да ишеними сууп бараткандарга так ошентип жардам бере алабыз. Ан үчүн аларга чындык жолуна кантип түшкөнүн же Жахабанын кантип кам көрүп келгенин эсине салган суроолорду берсек болот. Анан Жахаба алардын сүйүүсүн, жакшы иштерин эч качан унутпай турганын, келечекте да эч качан таштабай турганын айтып кубаттандырсак болот (Евр. 6:10; 13:5, 6). Бул аларга кайрадан жалындап кызмат кылганга түрткү бериши мүмкүн.

БИРИ-БИРИҢЕРДИ КУБАТТАЙ БЕРГИЛЕ

17. Кайсыл жактардан жакшыра берсек болот?

17 Куруучу барган сайын чеберчилигин арттыра берген сыңары, биз да бири-бирибизди бекемдөө жагынан улам жакшыра беришибиз керек. Ан үчүн ишенимдештерибизге сыноого сынбагандардын үлгүсү жөнүндө айтып берсек болот. Ошентип аларга кыйынчылыктарга багынбаганга дем-күч бере алабыз. Ошондой эле ынтымагыбызды ыдыратчудай жагдайлар же пикир келишпестиктер болгондо бир туугандарыбыздын жакшы жактарына көңүл топтоп жыйналыштын тынчтыгына салым кошо алабыз. Мындан тышкары, ишенимдештерибизге Ыйык Китептеги ойлорду айтып берип, колубуздан келген жардамыбызды берип, Кудай менен болгон мамилеси солгундап калгандарды колдойлу. Ошенткенде да боордошторубуздун Жахабага болгон ишенимин чыңдай алабыз.

18. Эмне кылганга бел байлап калдыңар?

18 Уюм жүргүзгөн курулуш ишине катышкандар чоң кубанычка бөлөнүп, жүрөгү ыраазычылыкка толот. Каймана маанидеги курулуш ишине катышканда да, тагыраак айтканда, ишенимдештерибизди кубаттап-бекемдегенде бизди так ошондой сезимдер чулгайт. Адатта, кадимки имараттар бара-бара эскирип, жарактан чыгып калат. Ал эми биз катышып жаткан каймана маанидеги курулуш ишинин пайдасы түбөлүккө созулат. Ошондуктан мындан ары да бири-бирибизди кубаттандырып, бекемдей берели (1 Тес. 5:11).

100-ЫР: Меймандос бололу

a Азыркы жашообуз азапка толгон. Ошондуктан ишенимдештерибиз толгон-токой кыйынчылыктар менен алпурушуп жатышат. Аларды кантип кубаттап-бекемдейм деп изденип турсак, алар үчүн чындап жөлөк-таяк боло алабыз. Бул жагынан элчи Пабыл бизге мыкты үлгү калтырган. Бул макалада анын үлгүсүн карап чыгабыз.

b СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Атасы кызына «Эмне үчүн рождествону майрамдабайсың?» дегендерге адабияттарды колдонуп кантип жооп берсе болорун үйрөтүп жатат.

c СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам бериш үчүн өлкөсүнүн башка жагына барган жубайлар.

d СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Кудайга болгон ишеними алсырап калган бир тууганына барган аксакал. Ал ага экөө чогуу Пионерлердин мектебинде окуп жүргөндө түшкөн сүрөттөрдү көрсөтүп жатат. Ошол сонун кездери көз алдына тартылып кубанычка бөлөнүп жатышат. Ишеними алсырап калган боордошубуз Жахабага кубанычтуу кызмат кылган кезин сагынып, акыры жыйналышка кайтып келип жатат.