Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

33-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба элине көз салат

Жахаба элине көз салат

«[Жахаба] андан корккондорду... карап турат» (ЗАБ. 33:18).

4-ЫР: «Жахаба — менин Койчум»

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Эмне үчүн Иса Жахабадан өзүнүн шакирттерин коргошун суранган?

 ӨЛТҮРҮЛӨР алдындагы түнү Иса асмандагы Атасынан өзгөчө бир нерсени: өзүнүн жолдоочуларына көз салып, аларды коргошун өтүнгөн (Жкн. 17:15, 20). Албетте, Жахаба ага чейин эле дайыма өз элинен көзүн албай, кам көрүп, коргоп келген. Бирок Иса жолдоочуларына Шайтан болуп көрбөгөндөй каршылык көрсөтөрүн жакшы билген. Алар Шайтандын ошол каршылыктарына туруштук бериш үчүн Жахабанын жардамына муктаж болорун да жакшы түшүнгөн.

2. Забур 33:18—20-аяттарга ылайык, эмне үчүн кыйынчылыктардан коркпой эле койсок болот?

2 Учурда биз Шайтандын дүйнөсүндө катуу кысымга алынып жатабыз. Кайратыбызды качыра турган, атүгүл Жахабага болгон берилгендигибизден тайдыра турган кыйынчылыктарга кабылып жатабыз. Бирок, бул макаладан биле турганыбыздай, эч нерседен коркуунун кереги жок. Анткени Жахаба бизден көзүн албай карап турат. Ал кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканыбызды көрүп жардам бергенге, кол сунганга даяр турат. Анда Жахабанын «андан корккондорду... карап турарын» тастыктаган Ыйык Китептеги эки окуяга токтололу. (Окугула: Забур 33:18—20).

ЖАЛГЫЗСЫРАГАНДА

3. Эмне үчүн жалгызсырашыбыз мүмкүн?

3 Кудай кошкон чоң үй-бүлөнүн мүчөсү болсок да, кээде жалгызсырашыбыз мүмкүн. Мисалы, мектепте окугандар классташтарынын алдында көз карашын түшүндүрүп берип жатканда колдой турган эч кимиси жоктой сезилиши же жаңы жыйналышка которулганда жалгызсырашы мүмкүн. Айрымдарга болсо кыйынчылыктары менен жапжалгыз күрөшүп жаткандай туюлгандыктан көңүлү чөгөт же жаман ойлор басат. Бизди туура эмес түшүнүп алат деп ичибиздегини башкаларга айтпай жүрө берген учурларыбыз да болот. Же кээде биз менен эч кимдин иши жоктой туюлат. Жалгызсырашыбызга эмне себеп болбосун, санаага батып, колубуздан эч нерсе келбечүдөй сезилет. Бирок Жахаба эч качан ошентип ойлошубузду каалабайт. Эмне үчүн?

4. Эмне үчүн Илияс: «[Пайгамбарлардан] жалгыз мен калдым»,— деп айткан?

4 Ишенимдүү Илияс пайгамбар жөнүндө ойлонуп көрөлү. Ал анын көзүн тазалайм деп ант берген Изабел канышадан качып жүргөн. Качып жүргөнүнө кырк күндөн ашып калган (1 Пад. 19:1—9). Акыры, бир үңкүргө кирип Жахабага: «[Пайгамбарлардан] жалгыз мен калдым»,— деп зар какшаган (1 Пад. 19:10). Бирок Ысрайыл жергесинде башка да пайгамбарлар бар болчу. Мисалы, Обадия жүз пайгамбарды канкор Изабелдин колунан куткарып калган (1 Пад. 18:7, 13). Анда эмне үчүн Илияс ушунчалык жалгызсыраган? Обадия сактап калган пайгамбарлардын баары өлүп калды деп ойлогонбу? Же Кармел тоосунда Баалдын жалган кудай экенин далилдеп берсе да, эл баары бир деле Жахабага кызмат кылгысы келбей койду деп ойлогонбу? Же өмүрүм кылдын учунда турганын эч ким билбейт же мени менен эч кимдин иши жок деп ойлогонбу? Ыйык Китепте ошондо Илиясты кандай сезимдер чулгаганы айтылбайт деле. Бирок Жахаба Илиястын эмне үчүн жалгызсырап жатканын жана ага кандай жардам керек экенин жакшы билген.

Илияс пайгамбар жалгызсыраганда, Жахаба аны кантип соороткон? Мындан эмнени билсе болот? (5, 6-абзацтарды карагыла)

5. Жахаба Илияска жалгыз эмес экенин кантип көрсөткөн?

5 Жахаба Илияска ар кандай жолдор менен жардам берген. Мисалы, аны ой-сезимдерин айтканга эки жолу чакырып: «Бул жерде эмне кылып жүрөсүң?» — деп сураган (1 Пад. 19:9, 13). Экөөндө тең Илияс жүрөгүндөгүсүн төгүп жатканда, Жахаба кунт коюп уккан. Андан тышкары, ал анын жанында экенин жана канчалык кудурети күчтүү экенин көрсөткөн. Ошондой эле Ысрайыл жергесинде андан башка да көптөгөн ишенимдүү кызматчылары бар экенин айткан (1 Пад. 19:11, 12, 18). Илияс ичиндегисин Жахабага айткандан кийин жана Жахабанын айткандарын уккандан кийин кадимкидей жеңилдеп калганына шек жок. Андан соң Жахаба Илияска бир нече маанилүү иш тапшырган. Ал ага Хазаелди Сирияга падыша кылып, Жехуну Ысрайылга падыша кылып, Элишаны болсо пайгамбар кылып дайындашы керектигин айткан (1 Пад. 19:15, 16). Ушундай тапшырмаларды берип Жахаба Илияска жакшы нерселерге көңүл топтогонго жардам берген. Ошондой эле ага Элиша деген жан тарткан досту берген. Сен жалгызсыраганда, Жахаба кантип жардам берет?

6. Жалгызсыраганда эмне жөнүндө тиленсең болот? (Забур 62:8)

6 Жахаба сени андан тиленгенге чакырат. Ал кандай кыйынчылыктар менен алпурушуп жатканыңды жакшы билет. Кайсы учурда болбосун, тиленгениңди угат (1 Тес. 5:17). Жахаба кызматчыларынын тиленгенин уккандан рахат алат (Накыл 15:8). Жалгызсыраганда эмне тууралуу тиленсең болот? Илияс пайгамбардай болуп, тынчыңды алган ойлордун баарын айт. (Окугула: Забур 62:8.) Жүрөгүңдү өйүгөн нерселерди, ошондон улам өзүңдү кандай сезип жатканыңды айт. Жахабадан кайгыга салган сезимдериң менен күрөшкөнгө жардам сура. Мисалы, мектептен өзүңдү башкалардан бөлүнүп калгандай сезсең же кабар айткандан корксоң, кайраттуулук сурап тилен. Атүгүл ишенген нерселериңди сылык-сыпаа түшүндүрүп бериш үчүн акыл сурасаң да болот (Лк. 21:14, 15). Жаман ойлор жабалактап, кайгы басып жатса, Жахабадан рухий жактан жетилген ишенимдешиң менен сүйлөшкөнгө жардам беришин сура. Ал сени туура түшүнсө экен деп да сурансаң болот. Ооба, жан дүйнөбүздү кыйнаган нерселердин баарын Жахабага айтсак, анын тилегибизге кантип жооп берип жатканын байкаганга аракет кылсак жана башкалардын жардамын кабыл алсак, көп жалгызсырабай калабыз.

Көбүрөөк кызмат кылуунун, башкалар менен кызматташуунун жолун издейсиңерби? (7-абзацты карагыла)

7. Маурисиодон эмнени үйрөндүңөр?

7 Жахаба баарыбызга кубаныч тартуулаган иш тапшырган. Ал жыйналыштагы милдеттериңди аткарыш үчүн жана кызматка катышыш үчүн жумшаган аракетиңди көз жаздымында калтырбайт, жогору баалайт. Буга эч шектенбе (Заб. 110:3). Ушул ишке толук кандуу катышканың жалгызсырабаганга кандайча жардам берет? Маурисио деген жигитти мисалга алалы b. Ал чөмүлгөндөн көп өтпөй, жакын досторунун бири акырындап отуруп чындык жолунан кетип калган. Ал мындай дейт: «Досум Жахабаны таштап кеткенде, мен да Жахабага берилгендигимди сактай албай уюмдан кетип калбаймбы деп коркком. Аябай жалгызсырап, мени эч ким түшүнбөйт деген ойлор баскан». Ага эмне жардам берген? «Мурдагыдан да көбүрөөк кызмат кыла баштадым,— дейт ал.— Бул мага өзүмдү эле ойлой бербегенге, терс сезимдерим менен эле алыша бербегенге жардам берди. Башкалар менен кызматташкандын аркасында кайрадан жадырап-жайнап, көп жалгызсырабай калдым». Кээде ишенимдештерибиз менен жүзмө-жүз көрүшүп кызматташа албай калышыбыз мүмкүн. Бирок алар менен чогуу кат жазып же телефон аркылуу кабар айтып бири-бирибизге дем-күч берсек болот. Маурисиого дагы эмне жардам берген? Ал мындай деп кошумчалайт: «Бүт көңүлүмдү жыйналыштын иштерине да бура баштадым. Берилген тапшырмаларыма жакшы даярданып, жакшы алып чыкканга аракет кылып жаттым. Ошонун аркасында Жахабанын да, ишенимдештеримдин да мени абдан баалай турганын сезип жаттым».

БАШЫБЫЗГА ООР МҮШКҮЛ ТҮШКӨНДӨ

8. Башыбызга оор мүшкүл түшкөндө өзүбүздү кандай сезебиз?

8 Азыркы акыркы күндөрдө кыйынчылык эч кимибизди кыя өтпөйт (2 Тим. 3:1). Күтпөгөн жерден ойлобогон сыноого кабылганда алапайыбызды таппай калышыбыз мүмкүн. Мисалы, акчага зар болуп калышыбыз, катуу ооруга чалдыгып калышыбыз же жакыныбыздан айрылып калышыбыз ыктымал. Андайда өзүбүздү коёрго жер таппай, кайгыга малынарыбыз айтпаса да түшүнүктүү. Айрыкча, кыйынчылык үстөккө-босток басып кирсе же тогуз толгоо бир келсе, так ошондой болобуз. Бирок бир нерсени эч качан унутпагыла: Жахаба силерге дайыма көз кырын салып турат жана кандай гана кыйынчылык болбосун, көтөрүп кеткенге жардам берет.

9. Аюп кандай кыйынчылыктарга кабылган?

9 Жахаба ишенимдүү пайгамбары Аюпка кантип жардам бергенине токтололу. Ал бир заматта биринен сала бири келген каргашаларга туш болгон. Бир күндүн ичинде эле мал-жанынан, кулдарынан, баарынан жаманы, жанындай жакшы көргөн балдарынан айрылып калган. Ошентип жашоосунун бир заматта таш-талканы чыккан (Аюп 1:13—19). Катуу күйүттөн баш көтөрө электе эле Аюп жан сыздаткан жийиркеничтүү оорууга чалдыгып калган (Аюп 2:7). Кайгысы ушунчалык жанына батканда ал: «Жашоону жек көрөм; түбөлүк жашабайт болчумун»,— деп сыздап жиберген (Аюп 7:16).

Аюпту жакшы көрүп, кам көрөрүн көрсөтүш үчүн Жахаба жан бүткөндүн баарына көптөгөн жолдор менен кам көрөрүн айткан (10-абзацты карагыла)

10. Жахаба Аюпка баарына чыдаганга кантип жардам берген? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

10 Жахаба Аюпка көз салып турган. Ал аны аябай жакшы көргөндүктөн кыйынчылыктарга чыдаганга керектүү нерсенин баарын берген. Өзүнүн жан бүткөндүн баарына кам көргөн акылмандыгы чексиз Кудай экенин эсине салган. Мисалы, анын күчүн чагылдырган жаныбарларды сөз кылган (Аюп 38:1, 2; 39:9, 13, 19, 27; 40:15; 41:1, 2). Элиу деген ишенимдүү кызматчысы аркылуу дем-күч берип, соороткон. Ал Аюпка Жахаба туруктуулугун сактаган кызматчыларын эч качан сыйлыксыз калтырбай турганын айткан. Бирок Жахаба Элиу аркылуу ага жылуу-жумшак кеп-кеңешин да берген. Элиу Аюптун ааламдын Эгедери Жахабанын алдында пенде экенин эсине салып, өзүнө көңүл топтобогонго жардам берген (Аюп 37:14). Жахаба Аюпка тапшырма да берген: ал оозунан жаңылып күнөөгө баткан дос аталымыш болгон үч киши үчүн тилениши керек болгон (Аюп 42:8—10). Ал эми Жахаба бизди башыбызга оор мүшкүл түшкөндө кантип колдойт?

11. Кыйынчылыктарга туш болгондо Ыйык Китепте жазылгандар бизди кандайча сооротот?

11 Албетте, Жахаба Аюпка сүйлөгөндөй бизге түзмө-түз сүйлөбөйт. Бирок өзүнүн Сөзү аркылуу биз менен сүйлөшөт (Рим. 15:4). Маселен, келечегиңер жаркын болот деп сооротуп-жубатат. Кыйынчылыкка кептелгенде сооротуп-жубата турган бир нече аятка токтололу. Ыйык Жазмада Жахаба бизди эч нерсе, атүгүл оор кыйынчылыктар да анын «сүйүүсүнөн ажырата албай» турганын айтат (Рим. 8:38, 39). Ошондой эле андан тиленип аны «чакыргандардын баарына... жакын» экенин айтып кубаттандырат (Заб. 145:18). Андан тышкары, Жахаба, эгер ага таянсак, баарына чыдай ала турганыбызды, ал тургай азап чексек да, кандайдыр бир деңгээлде кубана аларыбызды айткан (1 Кор. 10:13; Жкп. 1:2, 12). Кудайдын Сөзүндө айтылгандай, түбөлүктүү баталарга салыштырмалуу биз туш болуп жаткан кыйынчылыктар убактылуу эле жана кыска мөөнөттүү (2 Кор. 4:16—18). Жахаба баштан кечирип жаткан кыйынчылыктарыбыздын анык себепкери Шайтан менен аны туураган ыймансыз адамдарды сөзсүз жок кылам деп убада берген. Бул үмүтүбүздү жандырып жатат (Заб. 37:10). Сен келечектеги кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге жардам бере турган айрым аяттарды жаттап алдың беле?

12. Жахаба эмне кылышыбызды каалайт?

12 Жахаба Ыйык Китепти үзбөй изилдегенге, окугандарыбыз жөнүндө терең ой жүгүрткөнгө атайын убакыт бөлүшүбүздү каалайт. Окуп-билгендерибизди турмушта колдонсок, ишенимибиз чыңдалып, асмандагы Атабызга ого бетер ынак болуп калабыз. Ошондо сыноолорго сынбайбыз. Жахаба анын Сөзүн туу туткандарга ыйык рухун да берет. Ал рух, кандай кыйынчылык болбосун, ага чыдай алышыбыз үчүн «адаттан тышкаркы күчкө» толтурат (2 Кор. 4:7—10).

13. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу берилип жаткан рухий тамак туруктуу болгонго кантип жардам берип жатат?

13 Жахабанын жардамы менен «ишенимдүү жана акылдуу кул» ишенимибизди чыңдаганга, Жахабага жакын болуп, рухий жактан сергек болгонго жардам берген макалаларды, видеолорду, ырларды байма-бай чыгарып келет (Мт. 24:45). Өз убагында берилип жаткан ошол нерселерди мүмкүн болушунча жакшы пайдаланганга аракет кылалы. АКШда жашаган бир ишенимдешибиз рухий тамакка канчалык ыраазы экенин мындай деп билдирген: «Жахабага 40 жылдан бери кызмат кылып келатам. Жахабага болгон берилгендигимди сынаган толгон-токой кыйынчылыктарга кабылдым». Анын башынан эмнелер гана өткөн эмес: таятасын мас айдоочу сүзүп кеткен, ата-энеси айыккыс оорудан көз жумган, өзү эки жолу рак болгон. Ушунун баарына чыдаганга ага эмне жардам берген? Ал мындай дейт: «Жахаба мени такыр таштаган жок. „Ишенимдүү жана акылдуу кул“ аркылуу берген рухий тамак мага туруктуу болгонго жардам берип келатат. Ошон үчүн Аюптай болуп: „Өлөр-өлгөнчө кынтыксыздыгыман жазбаймын!” — деп айта алам» (Аюп 27:5).

Канткенде жыйналыштагыларга жөлөк боло алабыз? (14-абзацты карагыла)

14. Жахаба кыйын учурларда ишенимдештерибиз аркылуу кантип колдойт? (1 Тесалоникалыктар 4:9)

14 Жахаба өз элин оор учурларда бири-бирине күйүп-бышып, жөлөп-таяганга үйрөтүп келет. (2 Кор. 1:3, 4; окугула: 1 Тесалоникалыктар 4:9.) Оор кыйынчылыктарга кабылганда ишенимдештерибиз, Элиудай болуп, берилгендигибизден жазбаганга жардам бергенге ынтызар (Элч. 14:22). Мисалга Даяна деген ишенимдешибизге жыйналышындагылар кантип жардам бергенин алалы. Анын жолдошу катуу ооруп калганда, жыйналышындагылар аны кубаттап, Жахабадан алыстабаганга жардам беришкен. Ал мындай дейт: «Ошол учурда аябай эле оор болду. Бирок ошондой кыйын кезеңдерде Жахабанын мени мээримине бөлөп, күч берип жатканын сезип жаттым. Жыйналыштагылар болсо өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болушту. Алар ал-жайыбызды сурап келип турушту, айрымдары телефон чалып жатышты, кыса кучактап сүйүүсүнө бөлөштү. Мен машине айдай албагандыктан жыйналышка алпарып турушту, шартым жол берген учурларда кызматка да алып чыгып жатышты». Ооба, бири-бири дегенде жанын берген ушундай үй-бүлөнүн мүчөсү болгонубузга сыймыктансак болот.

ЖАХАБАНЫН КАМКОРДУГУНА ЫРААЗЫБЫЗ

15. Кыйынчылыктарыбызды жеңе аларыбыздан эмне үчүн шектенбесек болот?

15 Эртеби-кечпи, баарыбыз эле кыйынчылыкка туш болобуз. Бирок кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, Жахаба бизди таштабайт. Камкор атадай болуп, бизден көзүн албайт. Дайыма жаныбызда болуп, өтүнүчтөрүбүзгө кулак төшөйт, колдоп күч берет (Ыш. 43:2). Кыйынчылыктарыбызды жеңе аларыбыздан такыр шектенбесек болот. Анткени берешен Кудайыбыз Жахаба туруктуу болгонго эмне керек болсо, ошонун баарын берген. Мисалы, тиленүү белегин, Ыйык Китепти, мол рухий тамак-ашты, жардамга зар болгондо жөлөп-таяп турган боордошторубузду берген.

16. Жахаба бизге көз салып турушу үчүн эмне кылышыбыз керек?

16 Бизге көз кырын салып турган асмандагы Атабыз бар экенине кандай гана ыраазыбыз! «Анын алдында жүрөгүбүз кубанат» (Заб. 33:21). Анда анын камкордугуна ыраазы экенибизди кантип көрсөтөбүз? Ан үчүн ал бизге жардам бериш үчүн көргөн чаралардын баарын толук колдонолу. Жахаба бизге мындан ары да көз кырын салып турушу үчүн биз да өзүбүздөн талап кылынганды кылышыбыз керек. Тагыраак айтканда, ага баш ийгенге, анын көз алдында туура иш кылганга бүт күчүбүздү жумшай берсек, ал бизге түбөлүккө көз салып турат! (1 Пет. 3:12)

30-ЫР: Куткаруучум, Атам, Досум

a Бүгүнкү күндө туш болуп жаткан кыйынчылыктарга туруштук бериш үчүн Жахабанын жардамына аябай муктажбыз. Бул макалада Жахабанын өз элине дайыма көз салып турарын тастыктаган далилдерге токтолобуз. Ал ар бирибиз кабылып жаткан кыйынчылыктарды жакшы билет жана аларды көтөрүп кеткенге эмне керек болсо, ошонун баарын берет.

b Айрым ысымдар өзгөртүлдү.