32-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
Жаштар, чөмүлгөндөн кийин да ийгилик кыла бергиле
«Сүйүү менен өсүп,.. бардык жагынан жетилели» (ЭФ. 4:15).
56-ЫР: Чындык жолунда бекем бол
БУЛ МАКАЛАДА a
1. Көп жаштар чөмүлгөнгө чейин эле эмнелерди кылышкан?
ЖЫЛ сайын миңдеген жаштар чөмүлөт. Алардын арасында сен да барсыңбы? Бар болсоң, чөмүлгөнүңө ишенимдештериң да, Жахаба да сүйүнүп жатат (Накыл 27:11). Бир саамга токтоп, буга чейин эле кандай ийгиликтерди кылганың жөнүндө ойлонуп көрсөң. Сен Ыйык Китепти кылдат изилдеп келдиң. Балким, буга бир нече жыл кеткендир. Ыйык Китепти изилдегендин аркасында анын Кудайдын Сөзү экенине көзүң жетти. Баарынан маанилүүсү, ошол китептин Авторун таанып-билип, жакшы көрүп калдың. Анан ошол сүйүүң күчөп отуруп өмүрүңдү Жахабага арнап, чөмүлдүң. Сен эң туура кылдың!
2. Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?
2 Чөмүлгөнгө чейин эле ишенимиңди сынаган ар кандай кыйынчылыктарга кабылгандырсың. Бирок чоңойгон сайын жаңы кыйынчылыктарга туш болоруң турган иш. Шайтан Жахабага болгон сүйүүңдү муздатып, андан алыстатып, ага кызмат кылбай калышыңды көксөйт (Эф. 4:14). Буга такыр жол бербе. Анда Жахабага болгон берилгендигиңден жазбаганга, ага берген убадаңа бек турганга эмне жардам берет? Ан үчүн Ыйык Китептеги мыйзам-принциптерди терең түшүнгөн Кудайдын кызматчысы болгонго умтула беришиң керек (Евр. 6:1). Ошенткенге эмне жардам берет?
АЛДЫГА АРЫШТАЙ БЕРГЕНГЕ ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?
3. Чөмүлгөндөн кийин да Кудайдын кызматчыларынын баары эмне кыла бериши керек?
3 Чөмүлгөндөн кийин баарыбыз элчи Пабылдын Эфестеги ишенимдештерине берген кеңешине ылайык иш кылышыбыз керек. Ал аларды Исанын жетилген жолдоочусу болгонго үндөгөн (Эф. 4:13). Ал, мындайча айтканда: «Андан ары да алдыга арыштай бергиле»,— деп айткандай болгон. Рухий жактан ийгилик кылганыбызды баланын чоңоюп-өсүшүнө салыштырганда Пабылдын эмне дегенин жакшыраак түшүнө алабыз. Жаңы төрөлгөн ымыркай ата-эненин кубанычы да, сыймыгы да болот. Бирок өмүр бою ымыркай бойдон кала бербейт. Убакыттын өтүшү менен балага мүнөздүү адаттарды ташташы керек (1 Кор. 13:11). Кудайдын кызматчысы жөнүндө да ушуну айтсак болот. Чөмүлгөндөн кийин да ал өсүп-жетиле бериши керек. Анда келгиле, ушул максатка жеткенге эмнелер жардам берерин карап чыгалы.
4. Кайсы сапат рухий жактан жетиле бергенге жардам берет? Түшүндүргүлө. (Филипиликтер 1:9)
4 Жахабага болгон сүйүүңдү жалындата бер. Сен Жахабаны аябай жакшы көрөрүң шексиз. Бирок ошол сүйүүнү андан ары да тереңдете беришиң керек. Кантип? Элчи Пабыл Филипиликтер 1:9да мунун бир жолун көрсөткөн. (Аятты окугула.) Ал Филипидеги ишенимдештеринин сүйүүсү «уламдан улам өсө берсе экен» деп тиленген. Демек, биз да сүйүүбүздү арттыра алабыз. Ан үчүн «так билим» алып, «Кудайдын эркин толук түшүнө» беришибиз керек. Жахабаны канчалык таанып-билген сайын, аны ошончолук жакшы көрүп, сапаттарын, иштерин ого бетер баалап калабыз. Ага жаккыбыз келгендиктен эч качан жүрөгүн ооруткан иштерди кылбайбыз. Ошондой эле ага эмне жагарын, эмне жакпай турганын билгенге күч жумшап, ошого ылайык иш кылганга аракет кылабыз.
5, 6. Канткенде Жахабага болгон сүйүүбүздү өстүрө алабыз? Түшүндүргүлө.
5 Жахабага болгон сүйүүбүздү мындан ары да канткенде арттыра алабыз? Ан үчүн Атасынын сапаттарын жазбай туураган Уулун жакшыраак таанып-билишибиз керек (Евр. 1:3). Мунун эң мыкты жолу — Иса тууралуу жазылган төрт Инжилди изилдөө. Эгер буга чейин Ыйык Китепти күндө окуганды адат кыла элек болсоң, муну Инжилден баштап көрсөң болот. Аны окуп жатканда Исанын сапаттарына өзгөчө көңүл бур. Ага баары оңой кайрыла алышкан. Ал кичинекей балдарды кучактап, эркелеткен (Мр. 10:13—16). Шакирттери анын жанында өздөрүн эркин сезишкен. Оюн тартынбай эле айта алышкан (Мт. 16:22). Иса ушул жагынан асмандагы Атасына аябай окшош. Жахабага баарыбыз эркин кайрылып, жүрөгүбүздөгүнү төгө алабыз. Ал бизди эч качан жемелебейт. Бизди аябай жакшы көрөт жана камыбызды ойлойт (1 Пет. 5:7).
6 Исанын элге жаны ачыган. Бул тууралуу Матай: «Элди көрүп, Исанын боору ачыды. Анткени алар койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калышкан эле»,— деп жазган (Мт. 9:36). Ал эми Жахаба элине кандай карайт? Иса: «Асмандагы Атам да ушул кичинелердин биринин да жок болушун каалабайт»,— деген (Мт. 18:14). Бул кандай гана канат байлаткан ой! Ооба, Исаны жакшыраак таанып-билген сайын, Жахабага болгон сүйүүбүз ошончолук күчөй берет.
7. Рухий жактан жетилген ишенимдештериң менен пикирлешип турганыңдын кандай пайдасы бар?
7 Жыйналышыңдагы рухий түшүнүгү терең ишенимдештериң менен жакыныраак таанышсаң да Жахабага болгон сүйүүң тереңдеп, ийгилик кыласың. Алардын эмненин аркасында Жахабага кубанып кызмат кылып жатканына көңүл бур. Алар Жахабага кызмат кылып жатканына түк да өкүнбөйт. Алардан Жахабага кызмат кылып жүрүп кандай окуяларды башынан өткөргөнүн сурап көрсөң болот. Маанилүү чечим чыгарарда алар менен кеңеш. Анткени кеңешип кескендин бармагы оорубайт (Накыл 11:14).
8. Ыйык Китепте айтылгандардын чындык экенине шектенип жатсаң, эмне кылсаң болот?
8 Шек ойлорду жок кыл. 2-абзацта айтылгандай, Шайтан ишенимиңди солгундатып, Жахабадан алыстатканга аракет кылат. Ал үчүн ал Ыйык Китептеги кайсы бир окуулардын тууралыгына күмөн санатат. Маселен, эртеби-кечпи, Кудайдын бар экенине шек туудурган эволюция теориясы жөнүндө билишиң мүмкүн. Балким, кичирээк кезиңде бул теория жөнүндө бир аз эле билчүсүң же такыр ойлонгон эместирсиң. Ал эми чоңойгондо мектептен ошол окуу жөнүндө уккандырсың. Мугалимдериңдин эволюция жөнүндө айткандары жүйөлүүдөй, төгүндөлгүс чындыктай туюлушу мүмкүн. Бирок алар Жараткандын бар экенин көрсөткөн далилдерди эч качан изилдеп көрбөшү ыктымал. Андайда Накыл сөздөр 18:17деги сөздөрдү эстесең болот. Ал жерде: «Сот ишин ким биринчи баштаса, ошонуку туура. Бирок атаандашы келет да, чын-төгүнүн текшерет»,— деп жазылган. Ошол себептен сокур сезимге жетеленип мектепте айтылгандардын баарын эле туура деп кабыл ала бербей, Кудайдын Сөзүндө камтылган чындыкты кылдат изилдеп көр. Ан үчүн биздин адабияттарды изилде. Мурда эволюцияга ишенип келген ишенимдештериң менен да сүйлөш. Алардан камкор Жараткандын бар экенине эмне үчүн ишенип калганын сурасаң болот. Натыйжада ишенимиң бекемделип, далилдерге көңүл топтой аласың.
9. Мелиссадан эмнени үйрөндүңөр?
9 Мелисса деген карындашыбыз тиричиликтин келип чыгышы жөнүндө изилдеп, шек ойлордон арылган b. Ал мындай дейт: «Мектепте эволюцияны төгүндөлгүс чындыктай кылып окутушат. Башында бул тууралуу такыр изилдегим келчү эмес. Анткени Ыйык Китептен окуп-билгендеримдин баары жалган болуп калсачы деп корко берчүмүн. Бирок Жахабанын ага сокур сезимге жетеленип кызмат кылышыбызды каалабай турганы жөнүндө ой жүгүрттүм. Ошол себептен мени шектендирген ойлордун чын-төгүнүн текшерейин дедим. Анан „Камкор Жараткан барбы?“ деген китепти, „Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?“ жана „Тиричиликтин башаты. Маанилүү беш суроо“ деген китепчелерди окуп чыктым. Мага так ушул керек болуп жаткан. Эчак эле изилдесем жакшы болмок экен».
10, 11. Ыпылас ишке барбаганга эмне жардам берет? (1 Тесалоникалыктар 4:3, 4)
10 Жаман иштерден оолак бол. Өспүрүм куракта жыныстык каалоолор аябай күчтүү болот. Курбу-курдаштарың сени жыныстык адеп-ахлаксыздыкка азгырышы мүмкүн. Шайтан сенин ошондой каалоолорго алдырышыңды каалайт. Анда сага ыпылас иштерге барбаганга эмне жардам берет? (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 4:3, 4.) Жахабадан тиленип, ой-сезимдериң менен бөлүш. Өзүңдү кандай сезип жатканыңды айтып, күчтүү болгонго жардам беришин сура (Мт. 6:13). Жахаба сени айыптабай турганын, тескерисинче, жардам бергиси келерин унутпа (Заб. 103:13, 14). Сага Ыйык Китепте жазылгандар да жардам берет. Жогоруда сөз кылынган Мелисса да таза эмес ойлорун жеңе албай кыйналган. Ага эмне жардам берген? Ал мындай дейт: «Ыйык Китепти күн сайын окуганым багынбаганга жардам берди. Аны окуган сайын өзүмдүн Жахабага таандык экенимди, ага кызмат кылгым келерин эсиме салып турчумун» (Заб. 119:9).
11 Кыйынчылыктарды өз алдынча чечкенге аракет кылба. Эмнелер менен күрөшүп жатканыңды ата-энеңе айт. Албетте, ички сезимдериңди айткандан тартынышың мүмкүн. Бирок ошенткениң аябай маанилүү. Мелисса мындай дейт: «Жахабадан тиленип алып, атам менен көйгөйүм жөнүндө сүйлөштүм. Ошондон кийин аябай жеңилдей түштүм. Жахабанын мени менен сыймыктанып жатканын сездим».
12. Канткенде туура чечимдерди чыгара аласың?
12 Ыйык Китептеги принциптерге жетектел. Бара-бара ата-энең сага көбүрөөк эркиндик берип, өз алдыңча чечим чыгарганга уруксат бериши мүмкүн. Бирок дагы деле турмуштук тажрыйбаң аз экенин унутпа. Туура эмес чечим чыгарып алып Жахаба менен болгон мамилеңе доо кетпеши үчүн эмне кылсаң болот? (Накыл 22:3) Кари деген кызга туура чечимдерди чыгарганга эмне жардам бергенине көңүл буралы. Ал рухий жактан жетилип, түшүнүгүң тереңдесе, ар бир жагдай үчүн эреже керек болбой каларын түшүнгөн. «Эрежелерди эле эмес, Ыйык Китептеги принциптерди түшүнүшүм керектигин байкадым»,— дейт Кари. Ошон үчүн Ыйык Китепти окуп жатканда мындай деп ойлонуп көр: «Бул жерден Жахабанын ой жүгүртүүсү жөнүндө эмнени билдим? Кандайдыр бир иш кыларда колдонсом боло турган принциптер камтылганбы? Эгер камтылса, аларга ылайык иш кылганымдын өзүмө кандай пайдасы бар?» (Заб. 19:7; Ыш. 48:17, 18) Ыйык Китепти окуп, андагы принциптер жөнүндө ой жүгүртсөң, Жахабага жаккандай чечимдерди чыгарасың. Рухий жактан өскөн сайын ар бир жагдай үчүн эреже кереги жок экенин түшүнөсүң. Себеби Жахабанын көз карашын билип каласың.
13. Жакшы достор сага кандай таасир эте алат? (Накыл сөздөр 13:20)
13 Жахабаны жакшы көргөндөр менен дос бол. 7-абзацтан билгенибиздей, досторуң рухий жактан өсүшүңө күчтүү таасир эте алат. (Окугула: Накыл сөздөр 13:20.) Сара деген карындашыбыз мурдагыдай кубанычты сезбей калганда ага эмне жардам бергени жөнүндө мындай дейт: «Так зар болуп турганда жакшы досторду таптым. Мисалы, бир дос кызым экөөбүз жума сайын „Күзөт мунарасын“ окуп-изилдечүбүз. Дагы бир курбум болсо жыйналыштан жооп бергенге үндөп турчу. Ушундай досторумдун түрткүсү менен өздүк изилдөө жүргүзгөнгө, Жахабадан тиленгенге олуттуу карай баштадым. Жахаба менен болгон мамилем да чыңдалды. Кайрадан мурдагыдай кубанычты сезе баштадым».
14. Жулиен жакшы досторду кантип тапкан?
14 Сени алга сүрөй тургандар менен дос болуш үчүн эмне кылсаң болот? Азыр аксакал болуп кызмат кылган Жулиен мындай дейт: «Бала кезимде башкалар менен кабарга чыккандын аркасында сонун досторду тапкам. Ал досторум Жахабага жалындап кызмат кылышчу. Алар мага кызматтын даамын татканга жардам беришти. Бул толук убакыт кызмат кылууну максат кылганга түрткү берди. Өзүм теңдүүлөр менен эле достошуп көп нерселерден кур калып жатканымды, улуулар менен деле достошсом болорун да түшүндүм. Кийин Бейтелде кызмат кылып, ал жактагылар менен да дос боло баштадым. Аларды көрүп көңүл ачканда айрым нерселерди өзгөртүшүм керектигин түшүндүм. Ошонун аркасында Жахабага ого бетер ынак болуп калдым».
15. Элчи Пабыл Тиметейди эмнеден сак болгонго үндөгөн? (2 Тиметей 2:20—22)
15 Жыйналыштагы кимдир бирөө менен дос болгонуң сени артка тартчудай сезилип жатсачы? Пабыл Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын арасында Жахаба менен достугун баалабагандар бар экенин билген. Ошон үчүн Тиметейди алардан алыс болгонго чакырган. (Окугула: 2 Тиметей 2:20—22.) Жахаба менен дос болуу — баа жеткис кенч. Бирөөнүн айынан канча күч жумшап жатып жеткен ушундай мамилени солгундатып албайлы (Заб. 26:4).
КАНДАЙ МАКСАТТАР РУХИЙ ЖАКТАН ӨСКӨНГӨ ЖАРДАМ БЕРЕТ?
16. Кандай максаттарды койсоң болот?
16 Арзырлык максаттар. Ишенимиңди бекемдей турган жана Кудайдын кызматчысы катары жакшырганга жардам берген максаттарды кой (Эф. 3:16). Балким, өздүк изилдөөнү үзбөй өткөргөнгө, Ыйык Китепти күндө окуганга максат коёттурсуң (Заб. 1:2, 3). Же Жахабадан бат-баттан, чын жүрөктөн тиленгенге умтулаттырсың. Же болбосо көңүл ачуу, убакытты пайдалануу жагынан өзүңдү тыя билишиң керектир (Эф. 5:15, 16). Жахаба сенин талыкпай эмгектенип алдыга кадам шилтеп жатканыңды көргөндө аябай сүйүнөт.
17. Башкаларга жардам бергендин өзүңө кандай пайдасы бар?
17 Башкаларга жардам берсең, Кудайдын кызматчысы катары жетиле бересиң. Иса: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деп айткан (Элч. 20:35). Ооба, эгер убактыңды, ашып-ташып турган күчүңдү башкаларга жардам бергенге колдонсоң, өзүң да сүйүнөсүң. Мисалы, жыйналышыңдагы ата-апаларга, ооруп жаткандарга көмөк көрсөтсөң болот. Балким, үй жумуштарына кол кабыш кылаттырсың. Же электрондук каражатын колдонгонду үйрөтөттүрсүң. Эгер эркек бала болсоң, ишенимдештериңе кызмат кылыш үчүн кызмат жардамчысы болууну максат койсоң болот (Флп. 2:4). Ошондой эле кабар айтуу ишине салым кошсоң, Жахабанын Күбөсү эместерге да жакшылык кылган болосуң (Мт. 9:36, 37). Шартың бар болсо, толук убакыт кызматтын кайсы бир түрүн аркалоого умтулаттырсың.
18. Толук убакыт кызмат кылуу рухий жактан өскөнгө кантип жардам берет?
18 Кудайга толук убакыт кызмат кылуу сага алдыга арыштаганга жакшы шарт түзөт. Мисалы, пионер болсоң, Падышалыктын жарчыларынын мектебинен билим алганга жол ачылат. Мындан тышкары, Бейтелде кызмат кылганга же уюм жүргүзгөн курулуш иштерине катышканга мүмкүнчүлүгүң болот. Пионер болуп кызмат кылган Кейтлин деген кыз мындай дейт: «Чөмүлгөндөн кийин тажрыйбалуу бир туугандар менен кызматташканым рухий жактан өскөнгө жардам берди. Алардын үлгүсү мага Ыйык Китепти дагы да казып изилдегенге, окутуу чеберчилигин жакшыртканга түрткү берди».
19. Рухий жактан жетиле берсең, Жахабадан кандай бата аласың?
19 Эгер мындан ары да рухий жактан жетилгенге умтула берсең, Жахаба сага мол бата төгөт. Сен пайда-батасы жок максаттарга умтулуп жаштыгыңды текке кетирбейсиң (1 Жкн. 2:17). Туура эмес чечимдерди чыгарып алып жүрөгүң жараланбайт. Анын ордуна, сени чыныгы ийгилик коштоп, бакытка бөлөнүп жашайсың (Накыл 16:3). Мындан тышкары, үлгүң ишенимдештериңе: жаштарга да, улууларга да дем-шык берет (1 Тим. 4:12). Баарынан маанилүүсү, Жахабага жаккандай иштерди кылып, аны менен ынак болгондуктан жан дүйнөң тынч болуп, жүрөгүңдө канааттануу сезими уялайт (Накыл 23:15, 16).
88-ЫР: Өз жолуңда жүрүүгө үйрөт
a Жаштар өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлгөндө, баарыбыз сүйүнөбүз. Бирок, албетте, алар Кудайдын жетилген кызматчысы болгонго андан ары да аракет кыла бериши керек. Бул макалада жаңы чөмүлгөн жаштар канткенде ошенте аларына токтолобуз. Ошентсе да талкууланган ойлор Кудайдын бардык кызматчыларына тиешелүү.
b Айрым ысымдар өзгөртүлдү.