34-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
Мындан ары да «чындык жолунда» жүргүлө
«Чындык жолунда жүргүлө» (3 ЖКН. 4).
111-ЫР: Кубанууга себептер
БУЛ МАКАЛАДА a
1. «Чындык жолуна» кантип түшкөнүбүз жөнүндө сүйлөшкөнүбүз эмнеси менен пайдалуу?
«ЧЫНДЫК жолуна кантип түштүң эле?» Сага бул суроону далай эле жолу беришсе керек. Ишенимдештерибиз менен таанышып калганда адегенде эле ушу суроону беребиз. Алардын Жахабаны кантип таанып-билгенин, ошондой эле аны кантип жакшы көрүп калганын уккан баарыбызга эле жагат болуш керек. Жахабаны кантип таанып-билгенибиз жөнүндө айтып берген өзүбүзгө да жагат (Рим. 1:11). Ушинтип пикирлешкендин аркасында чындыктын канчалык баалуу экенин эске салабыз. Ошондой эле «чындык жолунда жүргөнгө» ого бетер бел байлап калабыз. Тагыраак айтканда, Жахабага жаккандай жашап, андан бата алганга умтулабыз (3 Жкн. 4).
2. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?
2 Бул макалада чындыкты эмне үчүн аябай баалаарыбыздын бир нече себебине токтолобуз. Андан соң ушул баа жеткис белекке ыраазы экенибизди, аны жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтө аларыбызды билебиз. Бул Жахабанын бизди чындык жолуна алып келгенине азыркыдан да көбүрөөк ыраазычылык билдиргенге түрткү берет (Жкн. 6:44). Мындан тышкары, чындыкты башкалар менен бөлүшкөндү ого бетер каалай баштайбыз.
«ЧЫНДЫКТЫ» ЭМНЕ ҮЧҮН БААЛАЙБЫЗ?
3. Чындыкты жакшы көрүп, баалаганыбыздын орчундуу себеби кайсы?
3 Бизде чындыкты жакшы көрүп, баалаганга көп себептер бар. Алардын эң орчундуусу, биз чындыктын Булагы болгон Жахаба Кудайыбызды жакшы көрөбүз. Ыйык Китептен анын асман менен жерди жараткан кудуреттүү Кудай эле эмес, камкор Атабыз экенин да билдик (1 Пет. 5:7). Ошондой эле биз анын «кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз Кудай» экенин таанып-билдик (Чыг. 34:6). Жахаба адилеттикти сүйөт (Ыш. 61:8). Ал азап чегип жатканыбызды көргөндө жүрөгү мыкчылат. Ошондуктан кайгыга малган бардык нерселерден арылта турган күндү эңсеп күтүп жатат (Жер. 29:11). Муну билгенибиз бизге кадимкидей күч берет! Аны ушул себептен да жакшы көрөбүз!
4, 5. Эмне үчүн Пабыл үмүтүбүздү кеме казыкка салыштырган?
4 Чындыкты жогору баалаарыбыздын дагы бир себеби кайсы? Чындык бизге чоң пайдасын тийгизип жатат. Бир мисалга токтололу. Ыйык Китептеги чындык келечекке болгон үмүтүбүздү да камтыйт. Анын канчалык баалуу экенин түшүндүрүп элчи Пабыл: «Ал үмүт жаныбыз үчүн кеме казык сыяктуу ишеничтүү жана бекем»,— деген (Евр. 6:19). Кеме казык кемени өз ордунда бекем кармап тургандай эле, үмүт кыйынчылык басканда туруктуулугубуздан жазбаганга жардам берет.
5 Бул контекстте Пабыл Исанын майланган жолдоочуларынын асманда жашайм деген үмүтү жөнүндө сөз кылган. Бирок бул сөздөр жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашайм деп самап келаткан Кудайдын кызматчыларына да тиешелүү (Жкн. 3:16). Ооба, түбөлүк жашайбыз деген жаркын үмүтүбүз жашообузду маңызга толтуруп келет.
6, 7. Келечек жөнүндө билгени Ивоннага кандай таасир эткен?
6 Анда Ивонна деген ишенимдешибиздин окуясын карап көрөлү. Ал чындык жолунда чоңойгон эмес. Бала кезинде өлүмдөн аябай коркчу экен. Бир жолу ал «бир күнү баарыбыз тең өлөбүз» деген сөздөрдү угуп калыптыр. Ошол сөздөр кулагына дайыма жаңыра берчү экен. Ивонна мындай деп эскерет: «Ошондон улам келечегим жөнүндө ойлонуп кирпик какпай чыккан түндөрүм көп болгон. „Ушинтип эле азап тартып өтүп кетебизби? Эмне үчүн жаралгам? Мен такыр өлгүм келбейт!“ — деген ойлор баса берчү».
7 Кийин өспүрүм курагында Ивонна Жахабанын Күбөлөрү менен таанышып калган. Ал мындай дейт: «Бара-бара жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай алат турбаймбы деп ишене баштадым». Бул ага кандай таасир эткен? Ал: «Азыр түн бир оокумга чейин өлүм же келечек жөнүндө ойлонуп сансыз санаага бата бербейм»,— дейт. Бул сөздөрдөн Ивоннанын ушул чындыкты жогору баалай турганы көрүнүп турат. Ошондуктан жаркын келечек жөнүндө башкаларга айткандан ырахат алат (1 Тим. 4:16).
8, 9. а) Исанын мисалындагы киши таап алган кенчин канчалык баалаган? б) Чындык үчүн эмнелерден баш тартканга даярсың?
8 Ыйык Китептеги чындык өз ичине Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды да камтыйт. Иса Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыкты катылган кенчке салыштырган. Матай 13:44тө ал мындай деген: «Асман Падышалыгы талаада жашырылган кенчке окшош. Бир киши аны таап алып, кайра катып койду. Анан кубанган бойдон барып, колунда болгондун баарын сатты да, ошол талааны сатып алды». Бул кишинин кенчти атайын издеп чыкпаганына көңүл бурсаңар. Ошентсе да таап алгандан кийин аны сатып алыш үчүн көп нерседен кечкен. Колундагысынын баарын саткан. Эмне үчүн? Анткени ал кенчтин канчалык баа жеткис экенин билген. Ошол кенч баш тарткан нерселеринен да алда канча кымбат турган.
9 Силер да чындыкка ушундай карайсыңарбы? Буга шек жок! Бул дүйнөдөгү эч бир нерсе Жахабага кызмат кылгандан алган кубанычка, келечекте Кудайдын Падышалыгынын тушунда түбөлүк өмүр сүрөбүз деген үмүтүбүзгө тең келбейт! Ар бирибиз Жахаба менен ынак мамиледе боло алабыз. Биз баш тарткан нерселерди ошол сыймыкка салыштырганда эч нерсеге арзыбай калат. Жахабага бардык жагынан жакканыбыз — эң чоң кубаныч (Кол. 1:10).
10, 11. Майклга өзгөргөнгө эмне түрткү берген?
10 Жахабага жагыш үчүн көп нерселерди өзгөрткөнгө, айрым нерселерден баш тартканга туура келген. Мисалы, айрымдар майлуу-сүттүү жашоого жол ачкан жакшы жумуштан кечишкен. Башкалары байлыктын артынан сая түшкөнүн токтотушкан. Ал эми кээ бирлерге Жахабаны таанып-билгенден кийин жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөнгө туура келген. Майкл да так ошенткен. Ал чындык жолунда чоңойгон эмес. Бала кезинен эле карате менен машыкчу. Ал мындай дейт: «Дайыма машыгып жүргөндүктөн келбетим аябай сымбаттуу болчу. Ошого маашырканчумун. Кээде ал турсун өзүмдү кармашарга теңи жок баатыр сезчүмүн». Бирок Ыйык Китепти изилдей баштаганда Майкл Жахабанын зордук-зомбулукту жек көрөрүн билген (Заб. 11:5). Ага Кудай жөнүндө билгенге жардам берген жубайлар жөнүндө ал мындай дейт: «Алар мага каратени ташта деп эч качан айтышкан эмес. Тек гана Ыйык Китепти изилдегенге жардам бере беришкен».
11 Майкл Жахабаны таанып-билген сайын ага болгон сүйүүсү өсө берген. Ал, айрыкча, Жахабанын кызматчыларына канчалык кам көрөрүн көрүп аябай таасирленген. Убакыттын өтүшү менен Майкл жашоосун такыр башка нукка бурушу керектигин аңдаган. «Баарынан да каратени ташташ кыйын болорун билгем,— дейт ал. Бирок ушуну Жахаба туура көрөрүн түшүнгөм. Ошондой эле эмнеден баш тартпайын, ага кызмат кылгандан өтөр эч нерсе жок экенине да көзүм жеткен». Ооба, Майкл чындыктын наркы ушунчалык жогору экенин түшүнгөндүктөн жашоосун өзгөрткөн (Жкп. 1:25).
12, 13. Ыйык Китептеги чындык Майлынын жашоосуна кандайча жарык чачкан?
12 Чындыктын канчалык баалуу экенин баса белгилеш үчүн Ыйык Китепте ал караңгыда жарык чачкан чыракка да салыштырылат (Заб. 119:105; Эф. 5:8). Азербайжанда жашаган Майлы Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды билгенде көзү ачылгандай эле болгон. Ушуну ал аябай жогору баалайт. Ал ата-энеси эки башка динди туткан үй-бүлөдө чоңойгон. Атасы ислам, апасы жүйүт динин тутчу. Майлы мындай дейт:«Мен Кудайдын бар экенинен эч качан шектенген эмесмин. Бирок көкүрөгүмдү өйүгөн суроолорум аябай көп болчу. „Кудай адам баласын эмне үчүн жараткан? Өмүр бою азап тартып, анан түбөлүктөн түбөлүккө тозокто кыйналсын деппи?“ — деп бушайман боло берчүмүн. Көптөр Жараткан баарын бешенебизге жазып коёт деп айтышчу. Мен ичимен: „Бешенебизге жазарын жазып коюп, кыйналганыбызды жыргап карап отура береби?“ — деп түпөйүлдөнө берчүмүн».
13 Майлы багынбай суроолоруна жооп издей берген. Ошентип, кийинчерээк Ыйык Китепти изилдеп, бара-бара чындык жолуна түшкөн. «Кудайдын Сөзүндө жазылгандардын шайкештиги, ырааттуулугу көз карашымды түп-орду менен өзгөрттү. Ошондон тартып жашоом кубанычка толо баштады. Суроолорумдун баарына Ыйык Китептен так жооп алгандыктан, жүрөгүм мемиреп тынчып калды»,— дейт ал. Ооба, баарыбыз Майлыдай болуп, «караңгылыктан өзүнүн ажайып жарыгына чакырган» Жахабага алкыш-даңк айткыбыз келет (1 Пет. 2:9).
14. Чындыкты дагы көбүрөөк баалаш үчүн эмне кылсаңар болот? (« Дагы башка салыштыруулар» деген кутучаны да карагыла.)
14 Жогоруда чындыктын канчалык кымбат экенин көрсөткөн айрым мисалдарга гана токтолдук. Силер мындан башка дагы көптөгөн мисалдарды билет болушуңар керек. Аны дагы эмне себептен баалашыбыз керектигин билиш үчүн бул тууралуу өз алдыңарча изилдеп көргүлө. Чындыкты канчалык жогору бааласак, аны баалаарыбызды көрсөтүүнүн жолдорун таба алабыз.
ЧЫНДЫКТЫ ЖАКШЫ КӨРӨРҮБҮЗДҮ КАНТИП КӨРСӨТӨБҮЗ?
15. Чындыкты жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтөбүз?
15 Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды дайыма окуп-изилдесек, чындыкты жогору баалаарыбызды көрсөтөбүз. Чындык жолуна түшкөнүбүзгө канча жыл болбосун, билгенибизден биле элегибиз көп. Ошон үчүн дайыма билим ала беришибиз керек. «Күзөт мунарасынын» эң алгачкы санында мындай делген: «Чындык турмуштун ээн талаасында өскөн кичинекей, жөнөкөй гүлгө окшош. Жалгандыктын дүркүрөп өскөн отоо чөптөрү аны дээрлик басып салган. Эгер аны тапкың келсе, жакшылап карашың керек... Аны алгың келсе, эңкейишиң керек. Чындыктын бир гүлүнө эле ыраазы болуп калба... Чогулта бер, издей бер».
16. Ыйык Китепти кантип изилдегениң натыйжалуу болорун байкадың эле? (Накыл сөздөр 2:4—6)
16 Кээ бирлерибизге китеп окуган, изилдеген жага бербеши мүмкүн. Бирок Жахаба бизди чындыкты дагы тереңирээк түшүнүш үчүн аны издей бергенге чакырат. (Окугула: Накыл сөздөр 2:4—6.) Аракет кылсак, сөзсүз берекет болот. Гори деген ишенимдешибиз Ыйык Китепти изилдегенде бир эле аятка көңүл топтоп, ошол тууралуу ой жүгүртөт. Ал мындай дейт: «Ар бир шилтемени, байланышы бар аяттардын баарын окуп чыгам. Ошондой эле кошумча изилдөө да жүргүзөм. Ушинтип изилдесең аябай көп нерсени билет экенсиң». Кудайдын Сөзүн изилдегенде кайсы ыкманы колдонбойлу, аны изилдегенге убакыт бөлүп, күч жумшасак, чындыкты баалаарыбызды көрсөтөбүз (Заб. 1:1—3).
17. Чындык пайдасын тийгизиши үчүн эмне кылсак болот? (Жакып 1:25)
17 Албетте, чындыкты изилдегенибизге эле корстон болуп жүрө бербешибиз керек. Чындык пайдасын тийгизиши үчүн, окуп-билгендерибизди турмушта колдонушубуз керек. Ошенткенде гана чындык бизди бакытка бөлөйт. (Окугула: Жакып 1:25.) Анда чындыкка ылайык жашап жаткан-жатпаганыбызды кантип текшерип турсак болот? Бир ишенимдешибиз кеңеш кылгандай, Ыйык Китептен билгендерибиздин кайсыларын колдонуп жатканыбызды, кайсыларын дагы жакшыраак колдонушубуз керектигин текшерип турганыбыз маанилүү. Элчи Пабыл да: «Эмнеге жеткен болсок, ошого карманып, багытыбыздан жазбайлы»,— деген. (Флп. 3:16).
18. «Чындык жолунда жүргөнгө» эмне үчүн бүт күчүбүздү жумшай беришибиз керек?
18 «Чындык жолунда жүргөнүбүздүн» аркасында эмне деген баталарды алып жатканыбыз жөнүндө ойлонуп көрсөңөр! Мурункуга караганда жашообуз бир топ жакшырды. Мындан тышкары, Жахабаны сүйүнтүп жатабыз, ишенимдештерибиздин кубанычына да кубаныч кошуп жатабыз (Накыл 27:11; 3 Жкн. 4). Чындыкты баалаганга, ага ылайык жашаганга мындан өткөн орчундуу себеп барбы?!
144-ЫР: Көзүңдү алба сыйлыктан
a Биз ишенген нерселерибизди жана өткөргөн жашообузду көбүнчө «чындык» деп коёбуз. Бул макалада чындыкты эмне үчүн баалашыбыз керектигине токтолобуз. Чындык жолуна жаңы түшкөнбүзбү же Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө төрөлгөнбүзбү, муну карап чыкканыбыз баарыбызга пайдалуу болот. Анткени ошонун аркасында мындан ары да Жахабага жаккандай жашаганга ого бетер чечкиндүү болуп калабыз.