Окурмандардын суроолору
Кудайдын кызматчысы Ыйык Китеп боюнча негиз жок болсо да аялы менен ажырашып, башкага үйлөнсө, жыйналыштагылар мурунку жана кийинки никесине кандай карашы керек?
Андай жагдайда ал башка бирөөгө үйлөнүп, жаңы никеге тургандан кийин, жыйналыштагылар мурунку никесин жокко чыкты деп эсептейт. Эмне үчүн ушундай жыйынтык чыгарганыбыз туура болорун билиш үчүн Исанын ажырашуу жана кайра никеге туруу жөнүндө эмне дегенин карап көрөлү.
Матай 19:9да Иса Ыйык Китепке ылайык ажырашканга бир эле себеп бар экенин айткан. Ал: «Аялы менен бузуктуктан башка себеп менен ажырашып, башкага үйлөнгөн киши ойноштук кылган болот»,— деген. Анын сөздөрүнөн эки нерсени билсе болот: 1) Ыйык Китеп боюнча, ажырашканга жыныстык адеп-ахлаксыздык гана себеп болот. 2) Мындан башка себеп менен ажырашып, башка бирөө менен турмуш курган киши ойноштук кылган болот *.
Исанын сөздөрү боюнча, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка барып, аялы менен ажырашкан киши башка бирөөгө үйлөнө берсе болобу? Жок, андай эмес. Жолдошу аялынын көзүнө чөп салганда, аны кечирер-кечирбесин аялы — бейкүнөө тарап — чечет. Эгер аялы күйөөсүн кечире албай, мыйзамдуу түрдө ажырашып кетсе, экөөнүн тең башы бош болуп, кайра башка бирөө менен турмуш кура алышат.
Анткен менен күнөөсүз тарап күйөөсүнүн кылганын кечирип, үй-бүлөсүн сактап калгысы келерин билдириши мүмкүн. Бирок кечирем дегенине карабай, жолдошу анын макулдугусуз эле ажырашып кетсечи? Аялы кечиргенге, никесин сактап калганга даяр экенин айткандыктан, анын башка бирөөгө үйлөнүшүнө Ыйык Китеп боюнча негиз жок. Ошого карабай күйөөсү башка менен баш кошуп алса, кайрадан ойноштук кылган болот. Ошондуктан жыйналыштын аксакалдары кайрадан укуктук чара көрүшөт (1 Кор. 5:1, 2; 6:9, 10).
Эгер күйөө Ыйык Китеп боюнча негиз жок болсо да, башка бирөө менен никеге туруп алса, жыйналыштагылар анын мурунку жана кийинки никесине кандай карашы керек? Ыйык Китепке ылайык, анын мурунку никеси дагы деле күчүндө кала береби? Күйөөсү башка аял алып алгандан кийин күнөөсүз аялы аны кечирер-кечирбесин чече алабы? Күйөөсүнүн кайрадан никеге турганы ойноштукка жатып калабы?
Мурун муну кандай түшүнүп келгенибизге токтололу. Андай кишинин мурунку жарынын көзү тирүү болсо, башка кишиге турмушка чыга элек болсо жана жыныстык адеп-ахлаксыздыкка барбаса, анын жаңыдан никеге турганын жыйналыштагылар ойноштук катары карашчу. Бирок, эске алчу нерсе, Иса ажырашуу жана кайрадан турмуш куруу жөнүндө сөз кылганда бейкүнөө тарап жөнүндө эч нерсе айткан эмес. Ал Ыйык Китепте жол берилбеген себептин негизинде аялы менен ажырашып, башкага үйлөнгөн кишинин ойноштук кыларын түшүндүргөн. Мындай жагдайда, Исанын айтканы боюнча, эркектин ажырашып, кайра башка аял менен никеге турганы ойноштукка
эле барабар болгондуктан, мурунку никеси жокко чыгарылат.«Аялы менен бузуктуктан башка себеп менен ажырашып, башкага үйлөнгөн киши ойноштук кылган болот» (Мт. 19:9).
Күйөөсү жары менен ажырашып, башкага үйлөнүп алгандан кийин мурунку аялы аны кечирер-кечирбесин чече албай калат. Ошондуктан күйөөмдү кечирсемби же жокпу деп убайым тартпай эле койсо болот. Андан тышкары, башка аялга үйлөнүп алган эркектин мурунку аялы каза болуп калдыбы, жокпу, башка бирөөгө турмушка чыгып кеттиби, жокпу, же болбосо жыныстык адеп-ахлаксыздыкка бардыбы, жокпу, жыйналыштагылар андай кишинин жаңы никесин ойноштук деп эсептебейт *.
Жогоруда ойноштук кылып, өмүрлүк жары менен ажырашып кеткен күйөө жөнүндө сүйлөштүк. Бирок ал ойноштук кылбай эле жубайы менен ажырашып, башка бирөө менен никеге туруп алсачы? Же ажырашканга чейин эмес, ажырашкандан кийин жыныстык адеп-ахлаксыздыкка барса жана аялынын кечирем дегенине карабай башка аял менен турмуш куруп алсачы? Ушул жагдайлардын баарында тең анын ажырашып, кайрадан үйлөнгөнү ойноштукка барабар болот. Ошол себептен бул мурунку никесин жокко чыгарат. Жаңы никеси болсо мыйзамдуу болуп эсептелет. «Күзөт мунарасында» бул тууралуу мындай делген: «Эми ал жаңыдан баш кошуп жаткандыктан жаңы никесин оңой эле жокко чыгарып, мурунку аялына кайтып бара албайт. Анткени ажырашканы, ойноштук кылганы жана кайрадан үйлөнгөнү мурунку никесин жокко чыгарган» («Күзөт мунарасы», 1979-ж., 15-нояб., 32-б., англ.).
Жаңыртылган көз карашыбыз никенин ыйыктыгын же ойноштуктун олуттуулугун басаңдатпайт. Эркек Ыйык Китеп боюнча негиз жок болсо да аялы менен ажырашса жана андан кийин Ыйык Китеп боюнча укугу жок болсо да кайра башка бирөөгө үйлөнүп алса, бул ойноштукка жатат. Ошон үчүн аксакалдар укуктук чара көрүшөт. (Эгер анын жаңы аялы ишенимдешибиз болсо, ага да укуктук чара көрүлөт. Анткени ал да ойноштук кылган болот.) Анын кайрадан жаңы никеге турганы ойноштук катары каралбаган күндө да, ага көп жылдарга чейин жыйналышта сыймыктуу жоопкерчиликтер ыйгарылбайт. Жыйналыштагылар анын кылгандарын унутмайынча же аны кайрадан кадырлап-сыйлай баштамайынча, ошондой болот. Аксакалдар ага сыймыктуу жоопкерчиликтерди берерден мурун дагы эмнелерди эске алышы керек? Анын айынан жубайынын жүрөгү жараланып, канчалык кайгыга батып жатканын, акча-каражат жагынан канчалык кыйналып жатканын жана дагы кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын эске алышы керек. Андан тышкары, үй-бүлөсүн таштап кеткени жашы жете элек балдарына кандай таасир эткени жөнүндө да ойлонушу керек болот (Мал. 2:14—16).
Ооба, Ыйык Китеп боюнча негиз жок болсо да, жары менен ажырашып, башка бирөө менен турмуш куруунун арты кесепеттүү болот. Ошондуктан Кудайдын кызматчысынын Жахабадай болуп никени ыйык тутканы акылмандыкка жатат (Нас. 5:4, 5; Евр. 13:4).
^ 2-абз. Оңой болушу үчүн бул макалада ойноштук кылган тарап күйөө, ал эми бейкүнөө тарап аял деп берилди. Бирок Иса Марк 10:11, 12-аяттарда бул кеңештин аялга да, эркекке да тиешелүү экенин айкын көрсөткөн.
^ 1-абз. Бул мурунку түшүнүгүбүздүн өзгөргөнүн билдирет. Мурда мындай кишинин аялынын көзү өтүп кетмейинче, башкага турмушка чыкмайынча же жыныстык адеп-ахлаксыздыкка бармайынча, анын башкага үйлөнүп алганы ойноштукка жатат деп эсептечүбүз.