Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бардык түйшүгүңдү Жахабага арт

Бардык түйшүгүңдү Жахабага арт

«Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт» (1 ПЕТ. 5:7).

ЫРЛАР: 60, 23

1, 2. а) Кээде санаа тартканыбыз эмне үчүн таң калыштуу эмес? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

БИЗ түйшүгү түгөнбөгөн, кайгысы көп дүйнөдө жашап жатабыз. Шайтан Ибилис каарданып, «кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт» (1 Пет. 5:8; Аян 12:17). Андыктан кээде санаа тартканыбыз таң калыштуу эмес. Кудайдын байыркы убактагы Дөөтү падыша сыяктуу ишенимдүү кызматчыларынын да жүрөгүн «кайгы баскан» учурлары болгон (Заб. 13:2). Элчи Пабыл болсо «бардык жыйналыштарды ойлоп, күн сайын тынчы» кеткен (2 Кор. 11:28). Ар кандай кыйынчылыктардан улам сарсанаа болгонубузда эмне кылсак болот?

2 Асмандагы мээримдүү Атабыз байыркы учурдагы кызматчыларын калтырбагандай эле, бүгүнкү күндө бизге да түйшүгүбүздү жеңилдетүүгө жардам берет. Ыйык Китепте: «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт»,— деп жазылган (1 Пет. 5:7). Канткенде ал чакырыкка ылайык иш кыла алабыз? Буга төрт нерсе: жалындуу тиленүү, Кудайдын Сөзүн окуп, ой жүгүртүү, Жахабадан ыйык рух суроо жана жүрөгүбүздөгүнү өзүбүз ишенген бирөө менен бөлүшүү жардам берет. Эмесе, ушулардын ар бирине токтололу. Аларды карап жатканда кайсы жагынан жакшырышың керектигин байкаганга аракет кыл.

«ЖҮГҮҢДҮ ЖАХАБАГА АРТ»

3. Канткенде тиленүү аркылуу «жүгүңдү Жахабага арта» аласың?

3 Түйшүгүбүздү Жахабага артууга жардам берген биринчи нерсе — жалындуу тиленүү. Бушайман кылып, жүрөгүңдү түпөйүлдөнткөн жагдайларга кабылганда ичиңдегинин баарын асмандагы мээримдүү Атаңа төк. Забурчу Дөөтү: «Оо, Кудай, тиленүүмө кулак сал»,— деп жалбарган. Анан ошол эле забурда: «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт»,— деген (Заб. 55:1, 22). Көйгөйдү чечүү үчүн колуңан келгендин баарын кылгандан кийин көп тынчсыздана бергендин ордуна, Жахабадан жалындуу тиленгениң алда канча пайдалуу. Тиленүү тынчыңды кетирген ойлорго чырмалып, кайгыга батып кетпегенге кандайча көмөк кылат? (Заб. 94:18, 19).

4. Тынчсызданганда тиленгенибиз эмне үчүн абдан маанилүү?

4 Оку: Филипиликтер 4:6, 7. Жахабадан чын жүрөктөн, кайра-кайра жана жалындуу тиленсек, ал сөзсүз жооп берет. Кантип? Ал акылыбыз менен жүрөгүбүздү терс ой-сезимдерден арылтып, жан дүйнө тынчтыгын берет. Муну көптөр өздөрү сезип көрүшкөн. Кудай аларга оор учурларда кооптонбогонго, тынчсызданбаганга, адам баласынын ой-түшүнүктөрүнөн жогору турган тынчтыгына ээ болууга жардам берген. Муну сен да сезе аласың. Кудайдын тынчтыгы, кандай кыйынчылык болбосун, аны жеңүүгө күч берет. Жахабанын боорукердик менен: «Элеңдебе, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем»,— деп айткан сөздөрүнө толук ишенсең болот (Ыш. 41:10).

КУДАЙДЫН СӨЗҮ ЖАН ДҮЙНӨБҮЗДҮ ТЫНЧТАНДЫРАТ

5. Кудайдын Сөзү кандайча жан дүйнөбүздү тынчтандырат?

5 Жан дүйнө тынчтыгына ээ болуунун экинчи жолу — Ыйык Китепти окуу жана ой жүгүртүү. Бул эмне үчүн маанилүү? Андагы иш жүзүндө колдонорлук кеңештер тынчсыздануудан арылууга, аны азайтууга же аны менен күрөшүүгө жардам берет. Ыйык Китепте Жараткандын даанышман сөздөрү жазылгандыктан анын пайдалуу, сергитерлик экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Кудайдын ойлору тууралуу күндүз же түнкүсүн ой жүгүртүп жатканда анын кеңештерин кантип колдонсоң болору жөнүндө да ойлонсоң, бул кадимкидей дем-күч берет. Жахаба коркпой, «кайраттуу, бекем болушубуз» үчүн анын Сөзүн окушубуз керектигин айткан (Жаш. 1:7—9).

6. Исанын сөздөрү сага кандайча жардам берет?

6 Ыйык Китепте Иса пайгамбардын жан эргиткен сөздөрү да камтылат. Анын айткандары, окуулары адамдарды сергиткен. Ал жүрөгү түпөйүлдөнгөндөрдү тынчтандырып, алсыздарды кайраттандырып, көңүлү чөккөндөрдү соороткондуктан, көптөр ага тартылып турган. (Оку: Матай 11:28—30.) Иса башкаларга рухий, эмоциялык жана денелик жактан чын дилинен кам көргөн (Мр. 6:30—32). Ал өзүн коштоп жүргөн элчилерине жардам бергендей эле, сага да жардам берет. Анын колдоосун сезиш үчүн сөзсүз түрдө эле жанында болуунун зарылдыгы жок. Ал асмандагы Падышабыз катары бизге сүйүүсү менен кам көрүп келатат. Андыктан санаа тартканыңда, сага өз убагында «жардам бере алат». Ооба, кыйынчылык менен күрөшө алышың үчүн, Исанын сөздөрү үмүтүңдү бекем сактоого, кайраттуу болууга күч берет (Евр. 2:17, 18; 4:16).

ЫЙЫК РУХТУН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ӨРЧҮГӨН САПАТТАР

7. Кудайдан ыйык рух сурап тиленгениңде кандай пайда аласың?

7 Иса асмандагы Атабыздын андан сурагандарга ыйык рухун сөзсүз берерин убада кылган (Лк. 11:10—13). Эгер ыйык рухка ээ болсоң, анын жемишине кирген сапаттарды өстүрө аласың. Бул — тынчсызданбаганга жардам бере турган үчүнчү нерсе. Ыйык рухтун жардамы менен өрчүй турган ал сонун сапаттар Кудуреттүү Кудайыбыздын табиятын чагылдырып турат. (Оку: Галатиялыктар 5:22, 23; Кол. 3:10.) Ал сапаттарды өрчүткөнүңдө, башкалар менен болгон мамилең жакшырат. Ал эми мунун аркасында тынчсызданууга себеп боло турган жагдайлардын көбүнөн кача аласың. Анда рухтун жемишинин сага кандайча жардам берерин кыскача карап көрөлү.

8—12. Рухтун жемишине кирген сапаттар тынчсыздануунун алдын алууга же аны менен күрөшүүгө кандайча жардам берет?

8 «Сүйүү, кубаныч, тынчтык». Башкаларга сый-урмат менен мамиле кылсаң, азыраак тынчсызданасың. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Башкаларды урматтаганың ачууланбаганга, кыжырданбаганга же таарынбаганга жардам берет. Ошондой эле бир туугандык сүйүүнү, назик сезимдерди чагылдыргандыктан, тынчсызданууну пайда кылган жагдайларга сейрек кездешесиң (Рим. 12:10).

9 «Чыдамкайлык, боорукердик, жакшылык». Эгер: «Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула... Бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле»,— деген кеңешке ылайык иш кылсаң, башкалар менен жакшы мамиледе болосуң (Эф. 4:32). Мунун аркасында да жан дүйнөңдүн тынчын алган жагдайлардын алдын аласың. Ошондой эле жеткилеңсиздиктен улам пайда болгон кыйынчылыктарды да оңоюраак чечесиң.

10 «Ишеним». Бүгүнкү күндө биз көбүнчө акчаны, материалдык нерселерди ойлоп түйшүк тартабыз (Накыл 18:11). Жахабанын мээримдүүлүк менен кам көрөрүнө бекем ишенгениң санаа тартпаганга же аны менен күрөшүүгө көмөк кылат. Кандайча? Элчи Пабылдын рухтун жетеги менен жазган: «Колуңарда болгонуна ыраазы болгула»,— деген кеңешине кулак каксаң, көп тынчсыздана бербейсиң. Пабыл: «Анткени Кудай: „Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм“,— деп айткан. Ошондуктан биз: „Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?“ — деп кайраттуулук менен айта алабыз»,— деп кошумчалаган (Евр. 13:5, 6).

11 «Жумшактык, өзүн өзү кармай билүү». Бул сапаттарды чагылдыруунун канчалык пайдалуу болору жөнүндө ойлонуп көрсөң. Аларды өрчүтүү менен тынчсызданууга себеп боло турган иштерден алыс болосуң. Ошондой эле «жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн» кача аласың. Бул өзүңө эле пайда (Эф. 4:31).

12 «Кудайдын кубаттуу колунун астында... болуп», бардык түйшүгүңдү «ага артуу» үчүн момундук талап кылынары бышык (1 Пет. 5:6, 7). Бирок ал сапатты өрчүтүү менен Кудайга жагып, анын колдоосуна ээ болосуң (Мик. 6:8). Андан тышкары, алың эмнеге жетип, эмнеге жетпей турганын жакшы түшүнгөндүктөн Кудайга таянасың. Ошонун аркасында түйшүккө көп батпайсың.

«ЭЧ КАЧАН... ТЫНЧСЫЗДАНБАГЫЛА»

13. Иса: «Эч качан... тынчсызданбагыла»,— деген сөздөр менен эмнени айткысы келген?

13 Матай 6:34тө Иса пайгамбар: «Эч качан... тынчсызданбагыла»,— деп кеңеш берген. (Аятты оку.) Бул кеңешке ылайык иш кылуу оңойго турбашы мүмкүн. «Эч качан... тынчсызданбагыла»,— деген сөздөр менен Иса эмнени айткысы келген? Ал Кудайдын кызматчысынын такыр тынчсызданбашы керектигин айткысы келген эмес. Жогоруда талкуулангандай, Дөөтү падыша да, Пабыл да тынчсызданган. Чынында, Иса пайгамбар шакирттерине өтө же ашыкча тынчсыздануу менен көйгөйдү чече албай турганын түшүнүүгө жардам бергиси келген. Ар бир күндүн өз түйшүгү бар, ошондуктан өткөндү же келечекти ойлоп убайым тартып, азыркы түйшүктөрүбүзгө дагы түйшүк кошуп албашыбыз керек. Анда канткенде Исанын кеңешине ылайык иш кылып, тынчсызданууңду азайта аласың?

14. Өткөн иштериңди ойлоп сарсанаа болбош үчүн эмне кылсаң болот?

14 Айрымдар мурда кылган иштеринен же каталарынан улам санаа тартышат. Алар андан бери бир топ жыл өтсө да, өздөрүн жемелей бериши мүмкүн. Дөөтү падышага да кээде кылмыштары башынан ашып кеткендей сезилген. Ошондуктан: «Жүрөгүм сыздагандан кыйкырып жатам»,— деген (Заб. 38:3, 4, 18). Ошол учурда Дөөтүнүн эмне кылганы акылдуулукка жатмак? Ал эмне кылган? Жахабанын ырайым кылып, күнөөсүн кечирерине толук ишенген. Ошол себептен ишенимдүү түрдө: «Кылмышы кечирилген... киши бактылуу»,— деп айткан. (Оку: Забур 32:1—3, 5.)

15. а) Эмне үчүн азыркы жагдайыңдан улам жүрөкзаада боло бербешиң керек? б) Көп тынчсыздана бербеш үчүн эмнелерди кылсаң болот? (« Тынчсызданууну азайтуунун жолдору» деген кутучаны кара.)

15 Кээде азыркы жагдайыңдан улам жүрөкзаада болушуң ыктымал. Алсак, Дөөтү падыша 55-забурду жазган учурда өмүрүнөн айрылып каларын ойлоп коркуп жүргөн (Заб. 55:2—5). Бирок тынчсыздана берип Жахабага таянбай калган эмес. Ал жалындуу тиленип, көйгөйү тууралуу Жахабага айткан, ошол эле учурда тынчсызданышына себеп болгон жагдайды чечүү үчүн өзү да иш-аракет кылган (2 Шем. 15:30—34). Сен да андан үлгү ал. Санаанын сазына баткандын ордуна, жагдайыңды оңдош үчүн колуңан келгенди кылып, калганын Жахабага тапшырганың оң.

16. Кандайча Кудайдын ысмынын мааниси ишенимиңди бекемдейт?

16 Кээде келечекте болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктарды ойлой беришибиз мүмкүн. Бирок али боло элек нерселерди ойлоп ашыкча тынчсыздануу туура эмес болуп калат. Эмне үчүн? Анткени бизди кооптондурган нерселер биз ойлогончолук жаман болбошу мүмкүн. Анын үстүнө, биздин таянычыбыз болгон Кудай чече албай турган бир да көйгөй жок. Анын ысмынын мааниси «болтурат» дегенди билдирет (Чыг. 3:14). Бул Кудайдын өзүнүн кызматчыларына байланыштуу ой-ниетин аткарууга кудурети жетерин тастыктап турат. Анын ишенимдүү кызматчыларына сыйлык берерине жана өткөнгө, учурга, келечекке байланыштуу тынчсызданууларын жеңүүгө көмөк кыларына шектенбесең болот.

БАШКАЛАР МЕНЕН БӨЛҮШ

17, 18. Пикир алмашуу көп тынчсызданбаганга кандайча жардам берет?

17 Тынчсыздана бербөөгө жардам бере турган төртүнчү нерсе — жүрөгүңдү өйүгөн ой-сезимдериңди өзүң ишенген киши менен бөлүшүү. Жубайың, жакын досуң же жыйналыштагы аксакал сага жагдайыңа башкача көз караш менен караганга жардам бериши мүмкүн. «Санаа жүрөктү өйүйт, ал эми жакшы сөз көңүл көтөрөт» (Накыл 12:25). Кимдир бирөөгө ичиңдегини ачык айтып, сүйлөшсөң, тынчыңды алган көйгөйдү жакшыраак түшүнөсүң жана аны менен күрөшүү жеңилирээк болот. Ыйык Китепте: «Акылдашпаса, ой-максат ишке ашпайт, ал эми кеңешчилер көп болсо, ишке ашат»,— деп айтылат (Накыл 15:22).

18 Көп тынчсыздана бербешибиз үчүн, Жахаба бизге жыйналыш аркылуу да жардам берет. Ал жерден сенин камыңды ойлогон, бири-бирин бекемдөөнү көздөгөн ишенимдештериң менен пикирлешүүгө мүмкүнчүлүгүң болот (Евр. 10:24, 25). Алар менен баарлашуунун аркасында рухий жактан байып, сени эмне тынчсыздандырбасын, аны оңой көтөрүп кете аласың (Рим. 1:12).

КУДАЙ МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕҢ ДЕМ-КҮЧ БЕРЕТ

19. Жахаба менен болгон мамилеңдин дем-күч берерине эмне үчүн ишенсең болот?

19 Бардык түйшүгүбүздү Жахабага артуу канчалык маанилүү экенин канадалык бир аксакал өз тажрыйбасынан улам түшүнгөн. Ал мугалим болуп иштегендиктен, жумушу көп күчүн алат. Андан тышкары, ашыкча тынчсыздануу менен коштолгон оору менен алпурушуп келет. Мунун баарын көтөрүүгө ага эмне жардам берүүдө? Ал мындай дейт: «Биринчи кезекте Жахаба менен болгон мамилемди чыңдоого колуман келишинче аракет кылганым эмоциялык кыйынчылыктар менен күрөшүүгө күч берерин байкадым. Оор учурларда жакын досторум менен рухий бир туугандарым бир топ колдоо көрсөтүшөт. Ой-сезимдеримди жубайым менен да бөлүшүп турам. Аксакалдар менен райондук көзөмөлчүбүз жагдайыма башкача көз караш менен кароого аябай жардам беришти. Ошондой эле дарыландым, графигимди өзгөрттүм жана эс алууга, көнүгүү жасоого убакыт бөлө баштадым. Бара-бара сезимдеримди башкаруу оңоюраак болуп калды. Өзүм кыла албай турган нерселерди болсо Жахабага тапшырып коём».

20. а) Канткенде түйшүгүбүздү Кудайга арта алабыз? б) Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

20 Ошентип, бул макаладан жалындуу тиленүү, Ыйык Китепти окуу, окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртүү менен бардык түйшүгүбүздү Кудайга артканыбыз абдан маанилүү экенин билдик. Ошондой эле рухтун жемишин өрчүтүүнүн, ой-сезимдерибизди өзүбүз ишенген киши менен бөлүшүүнүн жана ишенимдештерибиз менен пикирлешүүнүн пайдасы зор экенин карадык. Кийинки макалада болсо Жахабанын бизди келечекке болгон үмүтүбүз аркылуу кандайча бекемдээрин талкуулайбыз (Евр. 11:6).