Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңбы?

Иса пайгамбар Матай 18:15—17-аяттарда кандай келишпестиктер тууралуу сөз кылган?

Ал көйгөйгө катышы бар кишилер өз ара чечиши керек болгон жана такыр чечилбесе, жыйналыштан чыгарууга негиз боло турган келишпестиктер жөнүндө сөз кылган. Маселен, аларга алдамчылык, бирөөнүн кадыр-баркын түшүрүү үчүн ага жалаа жабуу сыяктуу иштер кириши мүмкүн (w16.05, 7-б).

Ыйык Китепти окуудан канткенде көбүрөөк пайда ала аласың?

Ан үчүн мындай кылсаң болот: иш жүзүндө колдонорлук ойлорду издеп, туура көз караш менен оку; «Бул аяттарды башкаларга жардам бериш үчүн кантип колдонсом болот?» — деп ой жүгүрт; колдо бар куралдарды колдонуп, терең изилдөө жүргүз (w16.05, 24—26-б.).

Кудайдын кызматчысынын тирилүүгө ишенсе да күйүт тартканы туура эмеспи?

Кудайдын кызматчысынын тирилүүгө болгон ишеними жакынынан айрылгандагы күйүтүн баспашы мүмкүн. Мисалы, байбичеси Саара каза болгондо, Ыбрайым пайгамбар аны «жоктоп ыйлап», күйүт тарткан (Башт. 23:2). Күйүт бара-бара басылышы мүмкүн (wp16.3, 4-б.).

Жезекиел 9-бөлүмдө айтылган катчынын сыя кутусу бар киши жана колунда кыйратуучу куралы бар 6 киши кимдерди билдирет?

Алар Иерусалимдин кыйратылышына катышкан жана Армагедондо Шайтандын ыймансыз дүйнөсүн жок кылууга катыша турган асмандагы рухий жаратууларды билдирет. Катчынын сыя кутусу бар киши бүгүнкү күндө Иса Машаякты билдирет. Ал аман кала тургандардын маңдайына белги коёт (w16.06, 16, 17-б.).

Ыйык Китеп кандай тоскоолдуктарды басып өткөн?

1) Ыйык Китептин тексти жазылган папирус, пергамент сыяктуу материалдардын чирип жок болуу коркунучу, 2) бийликтегилердин жана диний жетекчилердин аны жок кылууга аракет жасашы, 3) айрымдардын аны бурмалоого аракет кылышы (wp16.4, 4—7-б.).

Кудайдын кызматчысы канткенде жашоосун жөнөкөйлөтө алат?

Чындап эмнеге муктаж экениңди аныкта, зарылдыгы жок эле чыгым боло бербе. Бир жумада же бир айда эмне керек экенин аныктап, канча корото аларыңды эсепте. Колдонбогон буюмдарыңдан арыл, карыздарыңан кутул. Жумушуңа кеткен убакытты кыскарт, канткенде көбүрөөк кызмат кыла аларыңды ойлонуштур (w16.07, 10-б.).

Ыйык Китепте алтын менен күмүштөн да баалуу кайсы нерсе жөнүндө айтылат?

Аюп 28:12, 15-аяттарда Кудайдын акылмандыгы алтын менен күмүштөн да баалуу экени айтылат. Аны издеп жатканда момун болуп, ишенимиңди бек сактоого умтул (w16.08, 18, 19-б.).

Ага-ининин сакал койгону орундуубу?

Айрым маданияттарда сакал коюу орундуу деп эсептелет жана адамдардын жакшы кабарды угушуна кедерги болбойт. Ошентсе да айрым ага-инилер сакал койбой эле коюуну чечишет (1 Кор. 8:9). Кээ бир маданияттарда болсо сакал коюу жат нерсе болгондуктан, Кудайдын кызматчыларынын сакал коюп жүргөнү орунсуз болуп эсептелет (w16.09, 21-б.).

Дөөтү менен Голиаттын беттешкени жөнүндөгү билдирүүгө ишенсек болобу?

Голиаттын бою биздин учурдагы эң узун деп катталган кишинин боюнан 20 сантиметрдей эле узун болгон. Дөөтүнүн чынында эле жашаганын археологдор тапкан «Дөөтүнүн үйү» деген байыркы жазуу ырастап турат. Андан тышкары, Иса пайгамбар да Дөөтү тууралуу чын эле жашап өткөн киши катары сөз кылган. Ошондой эле ал билдирүүдөгү жерлер жөнүндө айтылган маалыматтар аныкталган фактыларга дал келет (wp16.5, 13-б.).

Билим, түшүнүк жана акылмандык бири-биринен кандайча айырмаланат?

Билими бар киши маалыматтарды, далилдерди чогултат. Түшүнүгү бар киши бир маалыматтын экинчиси менен кандай байланышы бар экенин көрө билет. Акылмандыкка ээ киши билим менен түшүнүктү шайкештикте бириктирип, экөөнү тең иш жүзүндө колдонот (w16.10, 18-б.).