Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкалар менен кандай кызматташасыңар?

Башкалар менен кандай кызматташасыңар?

«МЕН анын жанында чебер уста болчумун... Анын алдында ар дайым кубанып турчумун» (Накыл 8:30). Ыйык Китепте Кудайдын Уулу так ушундайча сүрөттөлөт. Ал жерге келгенге чейин нечендеген кылымдар бою асмандагы Атасы менен бирге эмгектенген. Аятта Исанын Кудай менен кызматташканы эле эмес, «анын алдында ар дайым кубанып турганы» да айтылганы көңүлгө аларлык.

Атасы менен чогуу эмгектенип Иса сонун сапаттарды өрчүткөн. Анан жерге келгенде башкалар менен кызматташуу жагынан мыкты үлгү көрсөткөн. Андан эмнени үйрөнсөк болот? Анын үлгүсүн кылдат карап чыксак, башкалар менен жакшы кызматташканга жардам берген үч принципти биле алабыз. Ал принциптер биримдүү болгонго, ишенимдештерибиз менен эриш-аркак кызматташканга шарт түзөт.

Жахаба менен Исанын үлгүсүн унутпасак, тажрыйбабызды, билимибизди бөлүшкөндөн аянбайбыз

1-ПРИНЦИП: «БИРИ-БИРИҢЕРГЕ УРМАТ КӨРСӨТКҮЛӨ»

Башкалар менен жакшы кызматташкан киши момун болуп, аларды баалап-барктайт жана өзүн көтөрбөйт. Иса Атасынан так ошону үйрөнгөн. Жахаба гана жалгыз Жараткан болсо да, ал аны менен кызматташкан Уулунун эмгегин көз жаздымында калтырган эмес. Бул анын: «Өзүбүздөй кылып... адам жараталы»,— деген сөздөрүнөн көрүнүп турат (Башт. 1:26). Ушинтип айтканынан Иса Жахабанын аябай момун экенин көрсө керек (Заб. 18:35).

Жерге келгенде ал өзү да момун болгон. Эл кылган иштерин көрүп мактаганда, Иса Атасы гана даңкталышы керектигин баса белгилеген (Мр. 10:17, 18; Жкн. 7:15, 16). Шакирттери менен кызматташканда ортодо ынтымак болушу үчүн бүт күчүн жумшаган. Шакирттерин кулдардай эмес, досторундай көргөн (Жкн. 15:15). Атүгүл алардын бутун жууп, момун болгонго үйрөткөн (Жкн. 13:5, 12—14). Биз да кызматташтарыбызды урматтап-сыйлап, биринчи кезекте алардын камын ойлошубуз керек. Бири-бирибизге урмат көрсөтсөк жана атыбызды чыгарганга умтулбасак, көп иш бүтөт (Рим. 12:10).

Момун киши «кеңешчилер көп болсо» ой-максат ишке ашарын жакшы түшүнөт (Накыл 15:22). Канчалык тажрыйбалуу, жөндөмдүү болбойлу, баарын биле бербей турганыбызды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Атүгүл Иса да билбей турган нерселери бар экенин айткан (Мт. 24:36). Андан тышкары, шакирттери жеткилеңсиз болсо да, ал алардын оюна кызыккан (Мт. 16:13—16). Ошон үчүн кызматташтары анын жанында өздөрүн эркин сезген. Биз да, Исадай момун болуп, баарын биле бербей турганыбызды унутпайлы жана башкаларга да өз салымын кошконго мүмкүнчүлүк берели. Эгер ошентсек, тынчтыкка шарт түзүп, кайсы бир нерселерди чогуу ишке ашырабыз.

Өзгөчө, аксакалдар бири-бири менен кызматташканда Исадан үлгү алышы керек. Алар Жахабанын ыйык руху аксакалдар кеңешиндеги кайсы аксакалга болбосун таасир эте аларын унутпашы керек. Аксакалдардын жолугушуусунда ар бири өз оюн эркин айта алгыдай болгону маанилүү. Ошентишсе, бүт жыйналышка пайда алып келе турган чечимдерди чогуу чыгара алышат.

2-ПРИНЦИП: «ЭСТҮҮ БОЛГУЛА»

Башкалар менен кызматташа билген киши эстүү болот. Ал сапат ага ийкемдүү болуп, ылайыкташа билгенге түрткү берет. Иса Атасынын ошондой Кудай экенин далай жолу көргөнү шексиз. Мисалы, адамдар өлүмгө кыйылышы керек болсо да, Жахаба аларды куткарыш үчүн өз Уулун жөнөткөн (Жкн. 3:16).

Орундуу болгондо же зарыл учурларда Иса ийкемдүү болгон. Алсак, Жахаба аны биринчи кезекте ысрайыл элине жөнөтсө да, ал финикиялык аялга жардам берген (Мт. 15:22—28). Исанын эстүүлүгү шакирттеринен өтө көптү күтпөгөнүнөн да көрүнгөн. Жакын досу Петир андан элдин көзүнчө баш тартып кеткенде да Иса аны кечирген. Кийинчерээк болсо Петирге чоң жоопкерчиликтерди ишенип тапшырган (Лк. 22:32; Жкн. 21:17; Элч. 2:14; 8:14—17; 10:44, 45). Исадай ийкемдүү болсок, эстүүлүгүбүз «бардык адамдарга белгилүү болот» (Флп. 4:5).

Эстүү болсок, ылайыкташа билип, тек-жайы ар кандай адамдар менен эриш-аркак кызматташабыз. Иса жакшы кабарга кулак каккандардын баарына жакшы мамиле кылган. Ошондуктан анын душмандары аны «салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөрдүн досу» деп айтышкан (Мт. 11:19). Биз да башкалар менен кызматташканда Исаны туурай алабызбы? Кыдыруучулук кызматта да, Бейтелде да түрдүү адамдар менен кызматташкан Луис деген ишенимдешибиздин айтып бергендерине көңүл буралы. Ал мындай дейт: «Мени менен кызматташкан адамдарды түзүлүшү, көлөмү ар кандай болгон таштарга салыштырам. Кээ бир таштардын ордун алмаштырып, ар кандай жайгаштырып түз дубал тургузса болот. Дубалды түз тургузуш үчүн кээде өзүм да ылайыкташканга аракет кылчумун». Кандай сонун үлгү!

Башкалар менен жакшы кызматташкан киши зарыл же керектүү маалыматты жашырып, үстөмдүк кылганга умтулбайт

Эстүү экенибизди жыйналышыбызда кантип көрсөтө алабыз? Мисалы, ишенимдештерибиз менен кабар айтканы чыкканда ошентсек болот. Биз үй-бүлөлүк абалы же жаш-курагы ар кандай жарчылар менен кызматташышыбыз мүмкүн. Алар кубанып кызмат кылышы үчүн эстүү болуп, басыгыбызды жайлата алабызбы? Же кабар айтуу ыкмабызды аларга ылайыкташтыра алабызбы?

3-ПРИНЦИП: «БӨЛҮШӨ БИЛГИЛЕ»

Башкалар менен кызматташа билген киши өзүндөгү нерселерди «бөлүшө билет» (1 Тим. 6:18). Иса Атасынын жанында эмгектенип жатканда Жахаба андан эч нерсе жашырган эмес. Жахаба «асманды даярдап жатканда» Иса «ошол жерде болуп», андан көп нерсени үйрөнгөн (Накыл 8:27). Кийин ал да ошенткен. Жерге келгенде Атасынан «уккандарынын баарын» шакирттерине айтып берген (Жкн. 15:15). Биз да андан үлгү алып, топтогон тажрыйбабызды, билген нерселерибизди кызматташтарыбыз менен бөлүшкөндөн аянбашыбыз керек. Ооба, башкалар менен жакшы кызматташкан киши зарыл же керектүү маалыматты жашырып, үстөмдүк кылганга умтулбайт. Билген нерселерин башкалар менен бөлүшкөндө, ичи ачышпайт, кайра кубанат.

Ошондой эле кызматташтарыбызга жылуу сөзүбүздү айтып дем-күч бергенибиз да жакшы. Кимдир бирөө аракетибизди байкап, ыраазычылык билдиргенде жүрөгүбүз жылыбай койбойт. Иса да шакирттеринин жакшы жактарын көргөндө атайын убакыт бөлүп, мактап турчу. (Салыштыргыла: Матай 25:19—23; Лука 10:17—20.) Атүгүл аларга ал жасаган иштерден да «чоң иштерди жасай» турганын айткан (Жкн. 14:12). Өлүмгө кыйылар түнү ал ишенимдүү элчилерин мактап: «Силер, сыноолорго кабылганымда, жанымда болдуңар»,— деген (Лк. 22:28). Исанын ошол сөздөрүн укканда алар кадимкидей канат байлап, андан ары да кызмат кыла бергенге түрткү алышса керек. Эгер кызматташтарыбызды мактап турсак, алар кудуңдап сүйүнүп, дагы көптү кылганга бел байлап калышат.

ЖАКШЫ КЫЗМАТТАША АЛАСЫҢАР

«Жакшы кызматташа билген киши жеткилең болушу керек эмес. Ошондой болсо да, ал тегерегиндеги адамдарга кубаныч тартуулайт, аны менен кызматташкан да жеңил»,— дейт Кайод деген ишенимдешибиз. Силер жөнүндө да ушинтип айтса болобу? Муну билиш үчүн өзүңөр менен кызматташып жаткандардын оюн сурап көрсөңөр болот. Иса менен кубанып кызмат кылган шакирттердей болуп, алар да силер менен кызматташканда кубанабы? Эгер ошондой болсо, силер да элчи Пабылдай болуп: «Биз силердин кубанышыңарга өбөлгө түзгөн кызматташтарыңарбыз»,— деп айта аласыңар (2 Кор. 1:24).