Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

50-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жакшы Койчунун үнүнө кулак салгыла

Жакшы Койчунун үнүнө кулак салгыла

«Алар менин үнүмө кулак салат» (ЖКН. 10:16).

3-ЫР: Күч, үмүт, кайрат бересиң

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Иса жолдоочуларын койлорго салыштырганынын бир себеби эмнеде болушу мүмкүн?

ИСА жолдоочулары менен болгон ынак мамилесин сүрөттөш үчүн өзүн койчуга, шакирттерин болсо койлорго салыштырган (Жкн. 10:14). Муну аябай ылайыктуу салыштыруу десе болот. Себеби койлор койчусун билет жана үнүнөн тааныйт. Бир саякатчы муну өз көзү менен көргөн. Ал мындай деп жазган: «Бир жолу койлорду сүрөткө тарталы дегенбиз. Ошон үчүн үн салып чакырганга аракет кылдык. Бирок үнүбүздү тааныбай, келбей коюшту. Анан эле бир кичинекей койчу бала чакырса, шак эле артынан ээрчип жөнөштү».

2, 3. а) Исанын жолдоочулары анын үнүн угарын кантип көрсөтө алышат? б) Ушул жана кийинки макалада эмнени карап чыгабыз?

2 Саякатчынын айткандары Исанын койлоруна — шакирттерине — байланыштуу айткан сөздөрүн эсибизге салат. Иса: «Алар менин үнүмө кулак салат»,— деген (Жкн. 10:16). Бирок ал асманда болсо, биз анын үнүн кантип уга алабыз? Аны угарыбызды көрсөтүүнүн бир жолу — айткандарын жашообузда колдонуу (Мт. 7:24, 25).

3 Ушул жана кийинки макалада Иса окуткан айрым нерселерди карап чыгабыз. Алардан биле турганыбыздай, Иса эмне кылбашыбыз жана эмне кылышыбыз керектигин үйрөткөн. Алгач эмне кылбашыбыз керектигине байланыштуу жакшы Койчубуз эмне дегенине токтололу.

«ТЫНЧСЫЗДАНБАГЫЛА»

4. Лука 12:29га ылайык, эмнени ойлоп тынчсызданабыз?

4 Окугула: Лука 12:29, шилт. Иса жолдоочуларына: «Эмне жээриңерди, эмне ичериңерди ойлоп тынчсызданганыңарды токтоткула»,— деген. Биз жакшы билгендей, Иса дайыма даанышман жана туура кеңештерди берет. Ошондуктан анын кеңешине ылайык иш кылгыбыз келет. Бирок бул кээде кыйынга турат. Эмне үчүн?

5. Эмне үчүн айрымдар кийим, тамак-аш сыяктуу нерселерди ойлоп тынчсызданышы мүмкүн?

 5 Айрымдар кийимди, тамак-ашты жана үй-жайды ойлоп санаа тартышы мүмкүн. Алар каржы каатчылыгы күч алган өлкөдө жашашы ыктымал. Ошондон улам үй-бүлөнү бакканга жетиштүү акча табыш кыйын. Же үйгө нан таап келген киши каза болуп калып, үйүндөгүлөрү акча жагынан кыйналган учурлар да болот. COVID-19 пандемиясынын айынан жумушсуз, кирешесиз калгандар да аз эмес (Нас. 9:11). Балким, силер да ушул же башка кыйынчылыктарга кабылып жатсаңар керек. Анда Исанын тынчсызданганыңарды токтоткула деген кеңешин кантип аткара аласыңар?

Жашоого керектүү нерселерди ойлоп санаага «чөгө бербей», Жахабага ишеним арткыла (6—8-абзацтарды карагыла) *

6. Бир жолу Петирдин эмне болгонун айтып бергиле.

6 Бир жолу элчи Петир жана башка элчилер кайык менен Галилея деңизинде баратканда, катуу шамал башталган. Бир маалда алар Исанын суунун үстү менен басып келатканын көрүшкөн. Ошондо Петир: «Мырзам, эгер сен болсоң, буйрук берчи, сага суунун үстү менен басып барайын»,— деген. Иса чакырганда, «Петир кайыктан түшүп, суунун үстү менен аны көздөй жөнөгөн». Андан ары эмне болгонуна көңүл бурсаңар. Петир «катуу шамалды көрүп коркуп кеткендиктен чөгө баштаган. Ошондо Исага: «Мырзам, сактай көр!» — деп кыйкырган. Иса ага колун сунуп куткарып калган. Кызыктуусу, Петир башка нерсеге алаксыбай, Исаны гана карап келатканда толкуп жаткан деңиздин үстү менен басып кете берген. Бирок катуу шамалды карады дегиче эле коркунучка алдырып, шектенип кеткен. Ошон үчүн чөгө баштаган (Мт. 14:24—31).

7. Петирдин окуясынан эмнеге үйрөнө алабыз?

7 Петирдин окуясынан эмнеге үйрөнө алабыз? Ал кайыктан түшүп, суунун үстү менен басып баратканда алаксып кетип чөгө баштайм деп ойлогон эмес. Ал Мырзасына жеткенге чейин чөкпөй басып кете бергиси келген. Анткен менен шамалды көрүп коркуп кеткен. Албетте, биз суунун үстү менен баса албайбыз. Бирок кыйынчылыктарга туруштук бериш үчүн бизге ишеним керек. Эгер Жахабаны жана анын убадаларын дайыма көңүлүбүздө сактабасак, биз да каймана мааниде чөгө башташыбыз мүмкүн. Бороон-чапкындай болгон кандай гана кыйынчылыктарга туш болбойлу, Жахабага таянып, жардам бере аларына көңүл топтошубуз керек. Муну кантип кыла алабыз?

8. Ашыкча тынчсызданбаганга эмне жардам берет?

8 Тынчсыздангандын ордуна, Жахабага ишеним артышыбыз керек. Камкор Атабыз Жахаба эгер рухий иштерди биринчи орунга койсок бизди зарыл нерселерден кем кылбай турганын убада кылган (Мт. 6:32, 33). Ал дайыма сөзүнө турат (Мыйз. 8:4, 15, 16; Заб. 37:25). Жахаба канаттууларга, гүлдөргө кам көрүп жатса, бизге андан бетер кам көрөт. Анда эмне жээрибизди, эмне киерибизди ойлоп тынчсызданбашыбыз керек эмеспи?! (Мт. 6:26—30; Флп. 4:6, 7) Мээримдүү ата-эне балдарын жакшы көргөнү үчүн кийинтип-ичинтет. Ошол сыңары, асмандагы Атабыз да бизди жакшы көргөндүктөн зарыл нерселерден өксүтпөйт. Ооба, Жахабанын кам көрөрүнөн түк да шектенбесек болот!

9. Жубайлардын окуясынан эмнени билдиңер?

9 Жахабанын бизге кам көрөрүн көрсөткөн бир окуяга токтололу. Пионер болуп кызмат кылган бир жубайлар эскилиги жеткен машинеси менен бир сааттан ашык жол жүрүп, качкындар лагерине барышкан. Ал жерден бир нече ишенимдешин жыйналышка ала кетишкен. Күйөөсү: «Жыйналыштан кийин ал бир туугандарыбызды тамакка чакырдык. Бирок берерге эч нерсебиз деле жок болчу»,— дейт. Алар эмне кылышкан? Ал мындай деп кошумчалайт: «Үйгө келсек, эшиктин алдында тамак-аш салынган эки чоң баштык туруптур. Аны ким таштап кеткенин билген жокпуз. Жахаба бизге ошентип кам көрүп койгон». Бир нече убактан кийин машинеси бузулуп калган. Кызматта машинеси аябай керек болчу. Бирок оңдотоюн десе, акчасы жок болчу экен. Бир жолу машинеси унаа оңдогон жерде токтоп турганда бир киши келип: «Мобу кимдин машинеси?» — деп сураган. Ишенимдешибиз аныкы экенин, бирок бузулуп калганын айткан. Ошондо тиги киши: «Бузук болсо деле эч нерсе эмес. Жубайым так ушундай өңдөгү, так ушундай машине алгысы келип жаткан. Канчага бересиң?» — деген. Ошентип, ишенимдешибиз машинесин башкасын сатып алганга жете турган баага саткан. «Ошол күнү канчалык сүйүнгөнүбүз айтпасам деле түшүнүктүү болот го дейм,— дейт ал.— Муну кокустук деп ойлобойбуз. Жахаба жетектеген үчүн ошондой болду деп ишенебиз».

10. Забур 37:5те жазылгандар өтө эле тынчсыздана бербегенге кандайча жардам берет?

10 Жакшы Койчубузга кулак кагып, күнүмдүк жашоого керектүү нерселерди ойлоп өтө эле сарсанаа боло бербешибиз керек. Ошентсек, Жахаба бизди калтырбай турганына бекем ишенсек болот. (Окугула: Забур 37:5; 1 Пет. 5:7.)  5-абзацта айтылган жагдайларга кайрадан токтололу. Ушул убакка чейин Жахаба Кудай бизди керектүү нерселер менен камсыз кылыш үчүн үй-бүлө башчысын же жумуш берүүчүбүздү колдонуп келгендир. Эгер үй-бүлө башчыбыз бизди бага албай калса же жумуштан чыгып калсак, Жахаба бизге башкача жол менен кам көрө берет. Мындан такыр күмөн санабайлы. Эми жакшы Койчубуз айткан кылбашыбыз керек болгон дагы бир нерсени карап чыгалы.

«АЙЫПТАБАГЫЛА»

Башкалардын жакшы жактарына көңүл топтосок, айыптагандан качабыз (11, 14—16-абзацтарды карагыла) *

11. Матай 7:1, 2ге ылайык, эмне кылбашыбыз керек жана бул эмне үчүн кыйынга турат?

11 Окугула: Матай 7:1, 2. Иса жеткилеңсиз адамдардын башкалардан кыйкым издегенге жакын келерин жакшы билген. Анын: «Мындан ары эч кимди айыптабагыла»,— дегенине көңүл бурсаңар. Биз ишенимдештерибизди айыптабаганга бүт күчүбүздү жумшашыбыз мүмкүн. Бирок пенде болгондуктан кээде кынтык издей беребиз. Мындан кантип качсак болот? Исанын айткандарына кулак салып, мындан ары эч кимди айыптабаш үчүн колубуздан келгендин баарын кылалы.

12, 13. Жахабанын Дөөтүгө кылган мамилеси жөнүндө ойлонгонубуз башкаларды айыптабаганга кандайча жардам берет?

12 Жахабанын үлгүсү жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз пайдалуу болот. Ал адамдардын жакшы жагына көңүл топтойт. Муну анын Дөөтү падыша олуттуу күнөө кетиргенде эмне кылганынан биле алабыз. Мисалы, Дөөтү Батшеба менен ойноштук кылган. Жадагалса анын күйөөсүн өлтүртүп салган (2 Шем. 11:2—4, 14, 15, 24). Анын айынан өзү эле эмес, үй-бүлөсү да, анын ичинде башка аялдары да, азап тарткан (2 Шем. 12:10, 11). Дагы бир жолкусунда болсо Жахаба буйрук бербесе да, ысрайыл аскерин санактан өткөргөн. Бул анын Жахабага толук таянбай калганын көрсөткөн. Сыягы, ал текеберденип кетсе керек. Ошондой эле аскеринин күчүнө таяна баштаган көрүнөт. Мунун кесепети кандай болгон? 70 000 ысрайылдык жугуштуу оорудан набыт болгон! (2 Шем. 24:1—4, 10—15)

13 Эгер ошол учурда Ысрайылда жашасаңар, Дөөтү жөнүндө кандай ойдо болот элеңер? Аны Жахабанын кечиришине татыксыз киши деп эсептейт белеңер? Бирок Жахаба анткен эмес. Ал Дөөтүнүн ага чейин ишенимдүү кызмат кылып келатканына, чын жүрөктөн өкүнгөнүнө көңүл бурган. Ошол себептен анын олуттуу күнөөсүн кечирген. Дөөтү аны жакшы көрөрүн, туура иш кылгысы келерин билген. Жакшы жактарыбызды гана көргөн Кудайыбызга кандай гана ыраазыбыз! (1 Пад. 9:4; 1 Жылн. 29:10, 17)

14. Башкаларды айыптабаганга эмне жардам берет?

14 Жахаба жеткилең эмес экенибизди эске алат. Андыктан биз да башкалардын жеткилең эмес экенин эске алып, жакшы жактарына көңүл топтогонубуз туура болот. Өзгөнүн кемчиликтери дароо эле көзгө урунгандыктан, сындап киргенге жакын келебиз. Ошентсе да Жахабадан үлгү алган киши башкалардын ката-кемчиликтерин көрүп турса да, тил табыша билет. Мисалга алмазды алалы. Тазалана элек кезинде ал көзгө жагымдуу деле көрүнбөйт. Бирок эстүү киши алмаз кесилип, кырлары чыгып, жылмалангандан кийин канчалык баалуу, кооз болуп чыга келерин көрө билет. Жахаба менен Исадай болуп, биз да ишенимдештерибиздин мүчүлүштүктөрүнө көз жумуп, жакшы сапаттарын көрө билишибиз керек.

15. Башкалардын жагдай-шартын эске алганыбыз аларды айыптабаганга кандайча жардам берет?

15 Башкаларды айыптап кирбегенге дагы эмне жардам берет? Башынан эмнелерди өткөрүп жатканын түшүнгөнгө аракет кылгыла. Бир мисалга токтололу. Иса пайгамбар бир жолу ибадатканадан жарды жесир аялдын казына идишине наркы өтө төмөн эки тыйын салып жатканын көргөн. Ошондо ал: «Көбүрөөк эле салбайт беле?» — деди беле? Жок, анын канча салганына эмес, ниетине көңүл бурган. Ошондой эле жакыр болсо да, колунда болгондун баарын салганы үчүн мактаган (Лк. 21:1—4).

16. Вероникадан эмнени үйрөндүңөр?

16 Ишенимдештерибиз эмне менен алпурушуп жатканын эске алганыбыз аябай маанилүү. Муну Вероника деген бир тууганыбыз өз башынан өткөргөн. Анын жыйналышында бир уулу бар жалгыз бой эне бар болчу. Ал мындай дейт: «Алар жыйналышка көп келбей, кызматка деле чыкпай жаткандай сезилчү. Ошон үчүн жаман ойлой берчүмүн. Бир күнү ошол эже менен кызматка чыгып калдым. Ал мага аутизм менен ооруган баласын караган канчалык азап экенин айтып берди. Байкуш эже жан багыш үчүн жана баласы экөөнүн Жахаба менен болгон мамилесин бекемдеш үчүн колунан келгендин баарын кылып жатыптыр. Көрсө, баласынын оорусунан улам кээде башка жыйналышка катышканга туура келчү экен». Вероника сөзүн: «Ал эженин жашоосу ушунчалык оор экенин такыр билген эмесмин. Жахабага кызмат кылыш үчүн эмнелерди кылып жатканын билгенден кийин аны жогору баалап, урматтап калдым»,— деп жыйынтыктаган.

17. Жакып 2:8де эмне делген жана канткенде аятка ылайык иш кыла алабыз?

17 Эгер ишенимдештерибизди айыптаганга жакын экенибизди байкасак, эмне кылсак болот? Аларды сүйүшүбүз керектигин эсибизден чыгарбайлы. (Окугула: Жакып 2:8.) Ошондой эле Жахабадан сынчыл болгондон качканга жардам беришин сурап жалынып-жалбарышыбыз керек. Анан тиленгенибизге жараша иш кылып, өзүбүз сындап жүргөн бир тууганыбызга көңүл бөлгөнүбүз жакшы. Ошондо аны жакшыраак таанып-билишибиз мүмкүн. Мисалы, кызматка же тамакка чакырсак болот. Аны жакшы билсек, Жахаба менен Исадай болуп, жакшы жактарына көңүл топтогонго аракет кылабыз. Ошентсек, жакшы Койчубуздун: «Мындан ары эч кимди айыптабагыла»,— деген буйругуна кулак каккан болобуз.

18. Канткенде жакшы Койчубуздун үнүн таанып, ага кулак салган болобуз?

18 Кой койчусунун үнүн таанып, аны ээрчигендей эле, Исанын жолдоочулары анын үнүнө кулак салат. Эгер күнүмдүк жашоого керектүү нерселерди ойлоп тынчсыздана бербесек жана башкаларды айыптабасак, Жахаба менен Иса бизге батасын төгөт. Эмесе келгиле, «кичине оторго» киребизби же «башка койлоргобу», мындан ары да жакшы Койчубуздун үнүн таанып, ага кулак салалы (Лк. 12:32; Жкн. 10:11, 14, 16). Эмки макалада Иса үйрөткөн кылышыбыз керек болгон эки нерсени карайбыз.

101-ЫР: Биримдикте кызмат кылабыз

^ 5-абз. Иса койлору анын үнүн угарын айткан. Бул шакирттери анын окуткан нерселерине кулак кагып, жашоосунда колдонорун билдирет. Бул макалада Иса айткан эки маанилүү кеңешке токтолобуз. Ал тамак-ашты, кийим-кечекти ойлоп тынчсызданбашыбыз жана башкаларды айыптабашыбыз керектигин айткан. Анда анын кеңешин кантип колдонсок болорун талкуулайлы.

^ 51-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жумушунан айрылып, тыйын-тыпырдан жана үйү жоктугунан кыйналып жаткан ишенимдешибиз. Ал ушундай кыйынчылыктарды ойлоп санаага бата берсе, Кудайга сыйынууну экинчи орунга жылдырып коюшу мүмкүн.

^ 53-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жыйналышка кечигип келген ишенимдешибиз. Анын көчөдө кабар айтканынан, апага жардам бергенинен, Падышалык залынын тегерек-четин жыйнап жатканынан сонун сапаттары бар экени көрүнүп турат.