Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

48-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Ыйык болгула»

«Ыйык болгула»

«Бардык жагынан ыйык болгула» (1 ПЕТ. 1:15).

34-ЫР: Кудайдын алдында кынтыксыз жүрөм

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Элчи Петир ишенимдештерине кандай кеңеш берген жана ага ылайык иш кылуу эмне үчүн мүмкүн эместей сезилет?

АСМАНДА жашаганга үмүттөнөбүзбү же жердеби, элчи Петирдин Исанын 1-кылымдагы майланган жолдоочуларына берген кеңешин карап чыкканыбыз баарыбызга пайдалуу болот. Петир мындай деп жазган: «Силерди чакырган Кудай ыйык болгондой эле, силер да бардык жагынан ыйык болгула. Себеби Ыйык Жазмада: „Ыйык болгула, анткени мен ыйыкмын“,— деп жазылган» (1 Пет. 1:15, 16). Бул сөздөрдөн ыйыктыктын эң мыкты үлгүсү болгон Жахабадан үлгү ала аларыбызды билсек болот. Ооба, биз ыйык боло да алабыз, болушубуз да керек. Бирок биз күнөөкөр пенде болгондуктан бул мүмкүн эместей сезилиши ыктымал. Петир өзү да бир нече жолу жаңылып-жазган. Ошентсе да ал Кудайдын алдында «ыйык боло» алган. Демек, биз да боло алабыз.

2. Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

2 Бул макалада төмөнкүдөй суроолорду карап чыгабыз: Ыйык болуу деген эмнени билдирет? Ыйык Китепте Жахабанын ыйыктыгы жөнүндө эмне деп айтылган? Канткенде ыйык боло алабыз? Ыйык болгонубуздун Жахаба менен болгон мамилебиз менен кандай байланышы бар?

ЫЙЫК БОЛУУ ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

3. Көптөр ыйык болуу дегенди кандай түшүнөт жана ал чынында эмнени билдирерин каяктан билсек болот?

3 Ыйык деп саналган динчил адамдарды сүрөтчүлөр көбүнчө суз, кайгылуу кылып тартышат. Бирок ыйык болсо эле адам бактысыз болуп калабы? Ыйык Китепте ыйык Кудайыбыз Жахаба «бактылуу Кудай» деп айтылган (1 Тим. 1:11). Ага сыйынгандар да бактылуу деп айтылган (Заб. 144:15). Иса элден бөтөнчөлөнүп кийинген, өзүн адил кылып көрсөткөн динчил адамдарды айыптаган (Мт. 6:1; Мр. 12:38). Ал эми биз Исанын жолдоочулары катары Ыйык Китепте жазылгандардан ыйык болуу деген эмне экенин жакшы түшүнөбүз. Андан сырткары, мээримдүү, ыйык Кудайыбыз колубуздан келбей турган нерсени талап кылбай турганын билебиз. Эгер Жахаба: «Ыйык болгула»,— деп жатса, демек, бул колубуздан келет. Бирок адегенде ыйык болуу деген эмнени билдирерин түшүнүп алышыбыз керек.

4. «Ыйык» жана «ыйыктык» деген сөздөр эмнени билдирет?

4 Ыйык болуу деген эмнени билдирет? Ыйык Китепте «ыйык» жана «ыйыктык» деген сөздөр, негизинен, адеп-ахлактык жана диний тазалыкка карата колдонулат. Ал сөздөр Кудайга кызмат кылыш үчүн өзүнчө бөлүнгөн деген маанини да туюнтат. Башкача айтканда, адеп-ахлактык жактан таза болсок, Жахабага жаккандай сыйынсак жана аны менен жакын мамиледе болсок, ыйык болуп эсептелебиз. Ыйык Кудайыбыз менен ар бирибиз ынак боло аларыбызды ойлогондо жүрөгүбүз козголбой койбойт. Өзгөчө, Ыйык Китепте Жахабанын ыйыктыгы жөнүндө эмне деп айтылганын эске алганда, бул абдан таасирлентет.

«ЖАХАБА ЫЙЫК, ЫЙЫК, ЫЙЫК!»

5. Жахабага берилген периштелердин айткандарынан Жахаба жөнүндө эмнени биле алабыз?

5 Жахаба бардык жагынан таза, ыйык. Муну сераптардын, тактап айтканда, Кудайдын тактысынын тегерегинде турган периштелердин айткандарынан билсе болот. Алар: «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба ыйык, ыйык, ыйык!» — деп жар салышкан (Ыш. 6:3). Албетте, ыйык Кудай менен жакын мамиледе болуш үчүн ал периштелер өздөрү да ыйык болушу керек. Алар чын эле ыйык. Ошон үчүн Жахабанын периштеси турган жер да ыйык болуп калчу. Байыркы убакта Муса пайгамбар күйүп жаткан бадалдын жанына барганда так ошондой болгон (Чыг. 3:2—5; Жаш. 5:15).

Башкы дин кызматчынын чалмасындагы алтын тасмага: «Ыйыктык Жахабага таандык»,— деген сөздөр чегилип жазылган (6, 7-абзацтарды карагыла)

6, 7. а) Чыгуу 15:1, 11де жазылгандай, Муса Кудайдын ыйыктыгын кантип баса белгилеген? б) Кудайдын ыйык экени бардык ысрайылдыктарга кандайча айкын болгон? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

6 Ысрайылдыктар Кызыл деңизден өткөндөн кийин, Муса пайгамбар алардын Жахаба Кудайы ыйык экенин баса белгилеп айткан. (Окугула: Чыгуу 15:1, 11.) Ал эми Мисирдин жалган кудайларына сыйынгандар болсо ыйык дегенден такыр эле алыс болушкан. Канаандын жалган кудайларына сыйынгандар жөнүндө да так эле ушуну айтса болот. Алар кудайларына сыйынганда балдарын курмандыкка чалышкан. Жеткен уятсыз, жийиркеничтүү иштерди кылышкан (Леб. 18:3, 4, 21—24; Мыйз. 18:9, 10). Ал эми Жахаба ага сыйынгандардан адамдык касиеттен кетире турган андай нерселерди эч качан талап кылган эмес. Анткени ал — ыйыктын ыйыгы. Бул башкы дин кызматчынын чалмасындагы алтын тасмадагы жазуудан да көрүнүп турган. Ал тасмада: «Ыйыктык Жахабага таандык»,— деп чегилип жазылган болчу (Чыг. 28:36—38).

7 Аны окугандардын баары Жахабанын чындап ыйык экенин эсине сала алышкан. Ал эми башкы дин кызматчыны жакындан көрбөгөн ысрайылдыктар жөнүндө эмне деп айтса болот? Алар Жахабанын ыйык экенин билишкен эмеспи? Жок, андай эмес. Жахабанын ыйык экенин ар бир ысрайылдык билчү. Анткени Мыйзам бүт элдин: эркектер менен аялдардын, балдардын алдында окулчу (Мыйз. 31:9—12). Эгер силер да ошол элдин арасында болсоңор, «мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын... Мен ыйык болгондуктан, силер да ыйык болгула», «менин алдымда ыйык болгула, анткени мен, Жахаба, ыйыкмын» деген сөздөрдү укмаксыңар (Леб. 11:44, 45; 20:7, 26).

8. Лебилер 19:2ден жана 1 Петир 1:14—16-аяттардан эмнени билсек болот?

8 Эмесе, Жахабанын бүт ысрайылдыктардын алдында окулушу керек болгон сөздөрүнө көңүл буралы. Алардын бири Лебилер 19:2де жазылган. Жахаба Мусага мындай деген: «Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына мындай деп айт: „Ыйык болгула, анткени мен, силердин Кудайыңар Жахаба, ыйыкмын“». Петир ишенимдештерин: «Ыйык болгула»,— деп үндөгөндө ушул сөздөрдү кайталап айтса керек. (Окугула: 1 Петир 1:14—16.) Албетте, биз азыр Мусанын Мыйзамына карманбайбыз. Анткен менен Петирдин ушул сөздөрү Лебилер 19:2де жазылгандарды бышыктап турат. Ооба, Жахаба ыйык жана аны сүйгөндөрдүн баары ыйык болгонго аракет кылышы керек. Бул асманда жашай тургандарга да, жердеги бейиште жашай тургандарга да тиешелүү (1 Пет. 1:4; 2 Пет. 3:13).

«БАРДЫК ЖАГЫНАН ЫЙЫК БОЛГУЛА»

9. Лебилер 19-бөлүмдү карап чыкканыбыз эмне үчүн пайдалуу болот?

9 Ыйык Кудайыбызга жаккыбыз келгендиктен кантип ыйык боло аларыбызды билгенге баарыбыз ынтызарбыз. Бул жагынан Жахаба өзү да бизге жардам берет. Мисалы, анын ушуга байланыштуу айткандары Лебилер 19-бөлүмдө камтылган. Жозеф Герман Герц аттуу еврей окумуштуусу бир эмгегинде мындай деп жазган: «Бул бөлүм — Лебилер китебиндеги жана бүтүндөй Тоораттагы абдан маанилүү бөлүмдөрдүн бири. Тоорат жөнүндөгү оюн айткан акылмандар бул бөлүмдү „Мыйзамдын маңызы“ деп атаган. Алар Мыйзамдын басымдуу бөлүгү ушул бөлүмдө чагылдырылган деп айтышкан». Эмесе, ушул бөлүмдөгү күндөлүк турмушубуздун айрым тармактарына байланыштуу берилген, баалуу кеп-кеңештер камтылган аяттарга токтололу. Анан ушул аяттарды карап жатканда бөлүмдүн эң башында: «Ыйык болгула»,— деп жазылганын унутпайлы.

Лебилер 19:3төгү ата-энеге байланышкан буйрук эмне кылганга түрткү бериши керек? (10—12-абзацтарды карагыла) *

10, 11. Лебилер 19-бөлүмдүн башында жазылгандарга ылайык, ыйык болуу өз ичине эмнени камтыйт жана ал буйрукту аткаруу эмне үчүн маанилүү?

10 Жахаба ысрайылдыктарга ыйык болушу керектигин айткандан кийин: «Ар бириңер ата-энеңерден корккула... Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын»,— деп айткан (Леб. 19:2, 3).

11 Ооба, Жахабанын ушул буйругуна баш ийишибиз керектиги айдан ачык. Бир жолу бир кишинин Исадан: «Түбөлүк өмүргө ээ болушум үчүн кандай жакшылык кылышым керек?» — деп сураганын эстесеңер. Ошондо Иса ага Кудайдын бир катар осуяттарын санап өтөт. Алардын арасында ата-энеңди сыйла деген осуят да бар болчу (Мт. 19:16—19). Дагы бир жолу болсо Иса ушул осуятты аткарбаган фарисейлер менен китепчилерди ашкерелеген. Алар ата-энесине кам көрбөштүн айласын издеген. Ошентип «Кудайдын сөзүнүн баркын кетиришкен» (Мт. 15:3—6). Ал эми «Кудайдын сөзү» он осуяттын бешинчисин, ошондой эле Лебилер 19:3төгү сөздөрдү да камтычу (Чыг. 20:12). Лебилер 19:3төгү: «Ата-энеңерден корккула»,— деген буйруктун «ыйык болгула, анткени мен, силердин Кудайыңар Жахаба, ыйыкмын» деген сөздөрдөн кийин жазылганына дагы бир жолу көңүл бурсаңар.

12. Лебилер 19:3төгү буйрукту аткарыш үчүн эмне деп ойлонуп көрсөк болот?

12 Андыктан: «Жахабанын ата-энелерге байланыштуу берген бул буйругун аткарып жатамбы?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Эгер ушул жагынан жакшырышыңар керектигин байкасаңар, анда дароо иш-аракет кылгыла. Албетте, өткөндү өзгөртө албайсыңар. Бирок мындан ары ата-энеңерге көбүрөөк убакыт бөлүп, көбүрөөк каралашып турганга аракет кылсаңар болот. Балким, алардыкына бат-баттан барып тураттырсыңар. Же кем-карчын толуктап, көбүрөөк көңүл буруп, чер жазыша сүйлөшүп тураттырсыңар. Жахаба менен болгон мамилесин ынак сактап, ага кызмат кылганга жардам бере алаттырсыңар. Ошентсеңер, Лебилер 19:3төгү буйрукту аткарган болосуңар.

13. а) Лебилер 19:3тө дагы кандай буйрук жазылган? б) Лука 4:16—18-аяттардан көрүнүп тургандай, Исадан кандай үлгү алсак болот?

13 Лебилер 19:3төн ыйык болуу жөнүндө дагы бир нерсени биле алабыз. Ал жерде: «Ишембиге байланышкан мыйзамды сактагыла»,— деп да айтылган. Биз Мусанын мыйзамына карманбайбыз, ошондуктан бул буйрукту түзмө-түз аткарбайбыз. Анткен менен ысрайылдыктардын Ишембини кантип сактаганын жана бул аларга кандай пайда алып келгенин изилдесек, көп нерсени биле алабыз. Ишемби күнүмдүк иштерден эс алып, рухий иштерге көңүл бура турган күн болгон *. Ошон үчүн Иса Ишемби күндөрү синагогага барып, Кудайдын Сөзүн окуп турчу (Чыг. 31:12—15; окугула: Лука 4:16—18). Лебилер 19:3төгү Кудайдын: «Ишембиге байланышкан мыйзамымды сактагыла»,— деген буйругу бизге да турмуштук түйшүккө батып кетпей, рухий иштерге убакыт бөлүп турганга түрткү бериши керек. Балким, ушул тууралуу ойлонуп көргөндөн кийин бир нерселерди өзгөртүшүңөр керектигин байкайттырсыңар. Эгер рухий иштерди дайыма биринчи орунга койсоңор, Жахаба менен ынак мамиле өрчүтөсүңөр. Бул болсо ыйык болуш үчүн абдан маанилүү.

ЖАХАБА МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕҢЕРДИ БЕКЕМДЕГИЛЕ

14. Лебилер 19-бөлүмдө кайсы негизги нерсе баса белгиленген?

14 Лебилер китебинин 19-бөлүмүндө бизге ыйык бойдон калганга жардам берген негизги нерсе кайра-кайра кайталанган. 4-аяттын аягында: «Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын»,— деп жазылган. Ушул сыяктуу сөздөр бул бөлүмдө 16 жолу кезигет. Бул бизге он осуяттын биринчисин эске салат. Ал жерде: «Мен Жахабамын,.. Кудайыңмын. Менден башка кудайларың болбосун»,— деп айтылган (Чыг. 20:2, 3). Эгер ыйык болгубуз келсе, эч кимди, эч нерсени Жахаба менен болгон мамилебизден жогору койбошубуз керек. Андан сырткары, Жахабанын Күбөлөрү деп аталгандыктан анын ыйык ысмын булгай турган иштердин баарынан алыс болушубуз керек (Леб. 19:12; Ыш. 57:15).

15. Лебилер 19-бөлүмдөгү курмандыктар жөнүндө айтылгандар бизге эмне кылганга түрткү бериши керек?

15 Ысрайылдыктар Жахабаны өздөрүнүн Кудайы деп эсептээрин кантип көрсөтүшмөк? Алар анын мыйзамдарына баш ийиши керек болчу. Лебилер 18:4тө: «Менин мыйзамдарымды аткаргыла, көрсөтмөлөрүмдү сактагыла, аларга карманып жашагыла. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын»,— деп жазылган. Ошол көрсөтмөлөрдүн айрымдары 19-бөлүмдө камтылган. Мисалы, 5—8, 21, 22-аяттарда малдан курмандык чалганга байланышкан көрсөтмөлөр берилген. Ысрайылдыктар андай курмандыктарды «Жахабага таандык ыйык нерсени арамдабай» тургандай кылып чалышы керек болчу. Бул аяттар Жахабага жагууга болгон каалообузду күчөтүп, Еврейлер 13:15те жазылгандай, «мактоо курмандыгын» ага жаккандай алып келгенге түрткү бериши керек.

16. Кудайга кызмат кылгандар ага кызмат кылбагандардан айырмаланып турушу керектигин кайсы принцип көрсөтүп турат?

16 Ыйык болуш үчүн Жахабага сыйынбагандардан айырмалангандан да коркпошубуз керек. Бул дайыма эле оңой боло бербейт. Кээде классташтарыбыз, жумуштагылар, туугандарыбыз жана башкалар бизди Кудайга жакпаган иштерге аралаштырганга аракет кылышы мүмкүн. Андайда туура иш кылганыбыз абдан маанилүү. Буга эмне жардам берет? Лебилер 19:19да жазылган принципке көңүл бурсаңар. Ал жерде: «Эки түрдүү жиптен токулган кийим кийбе»,— делген. Бул мыйзамга карманганы ысрайылдыктарды башка элдерден айырмалап турган. Албетте, бүгүнкү күндө биз башкалардай эле болуп пахта, жүн, синтетика жана башка ушу сыяктуу нерселер аралаштырылып жасалган кездемеден кийим кие беребиз. Бирок ишенген нерселери, кылган иши Ыйык Китепке кайчы келген адамдарга окшош болгубуз келбейт. Атүгүл классташтарыбыз, чогуу иштешкендерибиз жана туугандарыбыз болсо да, алардан айырмаланып турабыз. Биз туугандарыбызды да, башкаларды да жакшы көрөбүз, сыйлайбыз. Анткен менен маанилүү нерселерге келгенде алардай иш кылбайбыз. Анткени биз — Жахабанын элибиз. Ыйык болуу деген Кудайга кызмат кылуу үчүн өзүнчө бөлүнүү дегенди да билдирерин эсибизден чыгарбайлы. Себеби бул аябай маанилүү (2 Кор. 6:14—16; 1 Пет. 4:3, 4).

Лебилер 19:23—25-аяттарда жазылгандардан ысрайылдыктар эмнени түшүнүшү керек эле жана мунун бизге кандай тиешеси бар? (17, 18-абзацтарды карагыла) *

17, 18. Лебилер 19:23—25-аяттардан кандай маанилүү нерселерди биле алабыз?

17 «Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын» деген сөздөр ысрайылдыктарга Жахаба менен болгон мамилеси биринчи орунда турушу керектигин эсине салып турган. Алар муну кантип кыла алмак? Келгиле, Лебилер 19:23—25-аяттардан мунун бир жолун карап көрөлү. (Аяттарды окугула.) Убадаланган жерге баргандан кийин ысрайылдыктар ушул сөздөргө ылайык иш кылышы керек болгон. Кимдир бирөө бак отургузса, мөмөсүн үч жылга чейин жебеши керек болчу. Ал эми төртүнчү жылы мөмөсүн Кудайга тартуу катары бериши керек болгон. Анын мөмөсүн өзү бешинчи жылы гана жей алган. Ушул мыйзамдан улам ысрайылдыктар өз кызыкчылыгын биринчи орунга койбошу керектигин түшүнгөн. Алар Жахабанын кам көрөрүнө ишенип, ага сыйынууну баарынан жогору коюшу керек болгон. Ошентишсе, аларды тамак-аштан өксүтмөк эмес. Ошондуктан аларды берешен болуп, ыйык жайга тартуу алып келүүгө үндөгөн.

18 Лебилер 19:23—25-аяттарда жазылган мыйзам Исанын тоодогу насаатында айткан сөздөрдү эсибизге салат. Ал: «Эмне жеп, эмне ичериңерди ойлоп... тынчсызданбагыла»,— деген. Анан: «Мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет»,— деп кошумчалаган. Кудай атүгүл канаттууларга да кам көрөт. Анда бизге ого бетер кам көрбөйбү? (Мт. 6:25, 26, 32). Ооба, Жахабанын бизге кам көрөрүнө түк да шектенбейбиз. Ошондуктан муктаж болгондорго чын ниеттен жардам беребиз. Андан тышкары, жыйналыштын чыгымдарын жапканга колдон келишинче салым кошобуз. Жахаба ушундай марттыгыбызды сөзсүз байкайт жана батасын берет (Мт. 6:2—4). Эгер берешен болсок, Лебилер 19:23—25-аяттарда жазылган мыйзамдын маани-маңызын түшүнөрүбүздү көрсөтөбүз.

19. Лебилер китебинин 19-бөлүмүндөгү айрым аяттардан эмнелерди билдиңер?

19 Лебилер 19-бөлүмдүн айрым аяттарын эле карап чыгып канткенде ыйык Кудайыбыздан үлгү ала аларыбызды билдик. Эгер ага окшош болгубуз келсе, «бардык жагынан ыйык болгонго» аракет кылышыбыз керек (1 Пет. 1:15). Жакшы жүрүм-турумубузду Жахабага сыйынбаган көптөгөн адамдар да байкайт. Алардын арасында муну көрүп Жахабаны даңктагандар да болот (1 Пет. 2:12). Лебилер 19-бөлүмдөн мындан да башка көп нерселерди билсек болот. Кийинки макалада ушул бөлүмдөгү дагы башка аяттарды карап чыгабыз. Ошонун аркасында, Петир айткандай, ыйык болуш үчүн дагы эмнелерди кылышыбыз керектигин билебиз.

80-ЫР: Жахабанын жакшы экенин татып көрөлү

^ 5-абз. Биз Жахабаны аябай жакшы көрөбүз. Ошон үчүн ага жаккыбыз келет. Жахаба ыйык. Ушул себептен ага сыйынгандардын да ыйык болушун күтөт. Бирок жеткилең эмес адамдар үчүн бул мүмкүнбү? Ооба, мүмкүн. Бул макалада элчи Петирдин ишенимдештерине берген кеңешин жана Жахабанын байыркы ысрайыл элине берген осуяттарын кылдат карап чыгабыз. Мунун аркасында кантип бардык жагынан ыйык боло аларыбызды билебиз.

^ 13-абз. Ишемби жөнүндөгү мыйзамдан эмнени үйрөнө аларыбызды билиш үчүн бул макаланы карагыла: «Күзөт мунарасы», 2019-ж., декабрь, «Эмгектенүүнүн жана эс алуунун өз убагы бар».

^ 57-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Баласы ата-энесиникине келип, алар менен сүйлөшүп жатат. Кийинкисинде жубайын, кызын кошо ала келди. Башка жолкусунда ата-энеси менен видео аркылуу сүйлөшүп жатат.

^ 59-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Ысрайылдык дыйкан өзү отургузган бактын мөмөсүн карап жатат.