Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңарбы? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

Жакып 5:11де «Жахабанын абдан боорукер, кайрымдуу экени» айтылат. Бул бизди эмнеге ынандырат?

Жахаба кайрымдуу болгондуктан күнөөлөрүбүздү кечиргенге даяр экенин билебиз. Жакып 5:11деги сөздөр анын бизге дароо жардамга келерине да ынандырат. Баарыбыз андан үлгү алышыбыз керек. w21.01, 21-б.

Жахаба башчылык тартибин эмне үчүн бекиткен?

Өз үй-бүлөсүн жакшы көргөндүктөн бекиткен. Себеби ошонун аркасында анын үй-бүлөсүндө тынчтык, тартип өкүм сүрөт. Ал тартипке баш ийгендер үй-бүлөдө акыркы чечимди ким чыгарарын, анын ишке ашышын ким көзөмөлдөй турганын жакшы билишет. w21.02, 3-б.

Маалымат алышып-беришкенге шарт түзгөн тиркемелерди колдонгондо эмне үчүн сак болушубуз керек?

Андай тиркемелерди колдоно турган болсок, ким менен мамилелешсе болор-болбосун ажырата билишибиз зарыл. Көп кишиден турган топ болгондо бул кыйын болуп калат (1 Тим. 5:13). Ошондой эле сак болбосок, тастыкталбаган маалыматтын таралышына шарт түзүп коюшубуз же ишенимдештерибиз менен болгон мамилебизди соода-сатык иштерине колдонуп коюшубуз мүмкүн. w21.03, 31-б.

Кудайдын Исанын азап чегишине, өлүшүнө жол бергенинин айрым себептери кайсылар?

Биринчиден, Иса жүйүттөрдү каргыштан арылтыш үчүн устунга кадалышы керек болчу (Гал. 3:10, 13). Экинчиден, Жахаба аны Башкы дин кызматчы болгонго даярдаган. Үчүнчүдөн, Иса өмүрүнүн аягына чейин Кудайга болгон берилгендигин сактап, адамдар оор сыноого карабай ишенимдүү бойдон кала аларын далилдеген (Аюп 1:9—11). w21.04, 16, 17-б.

Көптөрдү үйүнөн табыш кыйын болсо, эмне кылса болот?

Аларга үйүндө боло турган убакта барганга аракет кылгыла. Ар кайсы жерде кабар айтып көргүлө. Башка ыкмаларды колдонсоңор, мисалы, кат жазсаңар болот. w21.05, 15, 16-б.

Элчи Пабыл «мыйзам аркылуу мыйзам үчүн өлгөм» дегенде эмне деп айткысы келген? (Гал. 2:19)

Мусанын Мыйзамы адамдардын жеткилең эмес экенин көрсөткөн жана ысрайыл элин Машаякка алып барган (Гал. 3:19, 24). Пабыл да Мыйзам аркылуу Машаякты кабыл алган. Ошентип, ал «мыйзам үчүн өлгөн», ага Мыйзам бийлик кылбай калган. w21.06, 31-б.

Жахаба туруктуу, чыдамкай болуу жагынан кандайча бизге үлгү көрсөтүп келет?

Ал ысымынын караланышына, бийлигинин тууралыгына шек туудурулганына, айрым балдарынын ага каршы чыкканына, Ибилистин түгөнбөгөн калпына, сүйүктүү кызматчыларынын азап-чегип жатканына, досторунан айрылганына, ыймансыздардын башкаларды эзип келатканына, өзү жараткан жердин кыйратылып жатканына чыдап келатат. w21.07, 9—12-б.

Жусуп чыдамкай болуу жагынан кандайча жакшы үлгү көрсөткөн?

Ага бир тууган агалары адилетсиз мамиле кылышкан. Кийин ак жерден айыпталып, Мисирде көп жыл түрмөдө отурган. w21.08, 12-б.

Акай 2:6—9, 20—22-аяттарда кандай маанидеги солкулдатуу алдын ала айтылган?

Дүйнө жүзүндөгү элдер Падышалык жөнүндөгү кабарды укпай жатат, бирок көптөр аны кабыл алып, чындык жолуна түшүп жатат. Жакында элдер жок кылынат. Ошентип, алар акыркы жолу солкулдатылат. w21.09, 15—19-б.

Кызмат кылып жатып эмне үчүн багынбашыбыз керек?

Жахаба күч жумшаганыбызга көңүл бурат, кылган кызматыбыз ага жагат. Багынбай кызмат кыла берсек, түбөлүк өмүргө жетебиз. w21.10, 25, 26-б.

Лебилер 19-бөлүмдө жазылгандар «бардык жагынан ыйык болгонго» кандайча жардам берет? (1 Пет. 1:15).

1 Петир 1:15теги бул сөздөр, сыягы, Лебилер 19:2ден алынган. Лебилер 19-бөлүмдө камтылган көптөгөн принциптер ыйык болгонго жардам берет. w21.12, 3, 4-б.