Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору.

Окурмандардын суроолору.

Жахабанын Күбөлөрү таанышуу сайттары аркылуу жар издегенге кандай карашы керек?

Жахаба баш кошкон эки адамдын мамилеси ысык болуп, кармашкан колу үзүлбөй, бактылуу болушун каалайт (Мт. 19:4—6). Эгер турмуш кургуң келип жатса, канткенде жакшы жар таба аласың? Жахаба бизди жараткандыктан сүйлөшүп жүргөн кыз-жигиттин мамилеси кандай болушу керектигин, бактылуу үй-бүлө куруш үчүн эмне кылыш керектигин жакшы билет. Ошондуктан анын акыл-насаатына, принциптерине ылайык иш кылсаң, чындап бактылуу болосуң. Анда айрым принциптерге токтололу.

Биринчиден, өзүбүздүн кандай экенибизди билишибиз керек. Ыйык Китепте: «Жүрөк эң эле митаам, өтө бузулган»,— деп айтылат (Жр 17:9). Турмуш курам деп ниеттенип жүргөн киши кимдир бирөөнү жактырып калып, сүйлөшө баштаганда сезимдери бат эле өрчүп, тунук ой жүгүртө албай калышы мүмкүн. Тек гана сезимдерге жетеленип үйлөнүп алгандар көбүнчө кийин бармагын тиштеп калышат (Нкл 28:26). Ошондуктан эки адамдын бири-бирин жакшы билбей жатып эле тереңинде жаткан сезимдерин билдиргенге же кандайдыр бир убадаларды бергенге ашыкканы акылдуулукка жатпайт.

Накыл сөздөр 22:3тө: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат»,— деп жазылган. Анда таанышуу сайттарынын кандай кооптуу жактары бар экенине токтололу. Өкүнүчтүүсү, айрымдар кимдир бирөө менен онлайн таанышып, сүйлөшө баштап, бирок акыры алданып калышкан. Ошондой эле башка киши болуп катталып, ишенчээк кишилерди алдап акчасын алып койгон алдамчылар да бар. Кээде андай жүзү кара адамдар өздөрүн Жахабанын Күбөсүбүз деп аташат.

Эми дагы бир опурталдуу жагын карап көрөлү. Айрым тааныштыруу сайттарында эки кишинин бири-бирине төп келерин көрсөтүш үчүн атайын компьютердик программалар колдонулат. Бирок андай программалардын натыйжалуулугуна эч кандай далил жок. Жашоодогу нике сыяктуу маанилүү чечимдерди адам баласы ойлоп тапкан программаларга таянып чыгаруу акылдуулукка жатабы? Алар Ыйык Китептеги принциптерге тең келе алмак беле?! (Накыл 1:7; 3:5—7).

Накыл сөздөр 14:15те: «Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деген принцип бар. Кимдир бирөө менен баш кошордон мурун аны жакшы билишиң керек. Бирок кишинин чынында кандай экенин таанышуу сайттары аркылуу билиш кыйын. Бири-бириңердин жеке маалыматыңарды көрүп, онлайн көп сүйлөшкөн күндө да, кишини чындап эле жакшы билем деп айта аласыңбы? Айрымдар чыныгы сүйүүсүн таптым деп ойлоп, жүзмө-жүз көрүшүп, ал жөнүндө билгенде айран таң калган учурлар болгон.

Бир забурчу: «Жалганчылар менен бирге отурган эмесмин, өздөрүнүн ким экенин жашыргандарга кошулган эмесмин»,— деген (Заб. 26:4). Көптөр өзүн демейдегиден жакшыраак көрсөтүш үчүн жеке баракчасына жалган маалымат же сүрөт коюуну өөн көрүшпөйт. Айрымдар чыныгы жүзүн жашырып коюшу мүмкүн. Же кишинин терс сапаттары онлайн сүйлөшкөндө байкалбашы ыктымал. Кимдир бирөө Жахабанын Күбөсү экенин айтышы да мүмкүн. Бирок бул чынында эле ошондойбу? Жахаба менен болгон мамилеси кандай? Жыйналышындагылар аны урматтап-сыйлайбы? Же анча жакшы үлгү эмес, атүгүл «жаман чөйрө» деп эсептейби? (1 Кор. 15:33; 2 Тим. 2:20, 21). Ыйык Китептин негизинде баш кошконго укугу барбы? Мына ушул нерселерди билишиң керек. Бирок муну аны жакшы билген башка ишенимдештериң менен сүйлөшмөйүн биле албайсың (Накыл 15:22). Албетте, Жахабанын берилген кызматчысы ишенимдеши эмес бирөө менен «чак келбеген моюнтурукту» кийүүнү атүгүл ойлобойт дагы (2 Кор. 6:14, шилт.; 1 Кор. 7:39).

Ооба, таанышуу сайттарынын коркунучтуу жактары көп. Ошондуктан жар табуунун жана бактылуу никеге шарт түзө турган мамиле өрчүтүүнүн башка жолдорун карап көргөнүң жакшыраак болот. Анда жакшы жар боло ала турган кимдир бирөө менен кантип таанышса болот? Эгер көп кишинин чогулушуна тыюу салынбаса эле, Жахабанын Күбөлөрү жыйналыштардан, жыйындардан жана башка жолугушуулардан таанышып, бири-бирин жакшы биле алышат.

Чогуу көбүрөөк убакыт өткөргөн сайын максаттарыңар, баалаган нерселериңер бири-бириңердикине канчалык төп келер-келбеси анык боло баштайт

COVID-19 пандемиясы сыяктуу кырдаалдардан улам көп киши болуп чогула албай калсак, жыйналыштарга электрондук каражаттар аркылуу катышабыз. Ал жактан бойдок Жахабанын Күбөлөрү менен жакыныраак таанышышың мүмкүн. Тапшырмасын кантип аткарып жатканын, Кудайга болгон ишенимин көрсөтүп кантип жооп берип жатканын угуп-көрө аласың (1 Тим. 6:11, 12). Ошондой эле жыйналыштан кийин пикирлешүү бөлмөлөрүнө кирип сүйлөшсөңөр болот. Жахабанын Күбөлөрү болуп онлайн жолугушканда анын башкаларга кылган мамилесин, чындап кандай адам экенин байкай аласың (1 Пет. 3:4). Бири-бириңерди жакшыраак билген сайын максаттарыңар, баалаган нерселериңер, кулк-мүнөзүңөр бири-бириңердикине төп келер-келбесин жакшыраак аныктай аласыңар.

Ыйык Китептеги принциптерге таянып жар издегендер «ким жакшы аял [же күйөө] тапса, ал ырыс тапты, Жахабанын ырайымына ээ болду» деген сөздөрдүн калетсиздигине өз тажрыйбасынан ынанат (Накыл 18:22).