Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

29-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Өз ийгилигиңе кубан!

Өз ийгилигиңе кубан!

«Ар ким... өзүн башкаларга салыштырбай, өз иштерине кубансын» (ГАЛ. 6:4).

34-ЫР: Кудайдын алдында кынтыксыз жүрөм

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Эмне үчүн Жахаба бизди башкаларга салыштырбайт?

ЖАХАБА ар түрдүүлүктү жакшы көрөт. Буга өсүмдүктөрдүн, жан-жаныбарлардын, адамдарын арасындагы укмуштуудай түрдүүлүк далил. Ар бир адам кайталангыс инсан. Ошондуктан Жахаба сени эч качан башкаларга салыштырбайт. Ал сенин жүрөгүңдү, жан дүйнөңдү көрүп турат (1 Шем. 16:7). Күчтүү да, алсыз да жактарыңды, ошондой эле көргөн тарбияңды да билет. Ал сенден колуңдан келбеген нерсени талап кылбайт. Биз да өзүбүзгө Жахаба карагандай караганды үйрөнүшүбүз керек. Эгер ошентсек, «акыл-эстүү болуп», өзүбүздү көкөлөтпөйбүз дагы, басынтпайбыз дагы (Рим. 12:3).

2. Өзүбүздү башкаларга салыштырганыбыз эмне үчүн жакшы эмес?

2 Ишенимдүү боордошубуздун үлгүсү биз үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Мисалы, анын мыкты жарчы экенин байкайттырбыз (Евр. 13:7). Анан аны көрүп кабар айтуу жагынан жакшыртчу жактарыбызды жакшыртаттырбыз (Флп. 3:17). Бирок кимдир бирөөдөн үлгү алуу менен ага салыштырып, өзүбүзгө баа берүүнүн айырмасы бар. Ошенте турган болсок, көз артып, көңүлүбүз чөгүп же атүгүл өзүбүздү эч нерсеге арзыбаган бирөө катары көрө башташыбыз мүмкүн. Буга чейинки макаладан билгенибиздей, жыйналышта бири-бирибиз менен атаандаша турган болсок, Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетиши ыктымал. Ошондуктан Жахаба бизди мындай деп үндөйт: «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин, ошондо ал өзүн башкаларга салыштырбай, өз иштерине кубанат» (Гал. 6:4).

3. Кылган кандай ийгиликтериңе кубансаң болот?

3 Жахаба сенин өз рухий ийгиликтериңе кубанышыңды каалайт. Мисалы, эгер чөмүлсөң, ошол рухий максатыңа жеткениңе сүйүнсөң болот. Ал сенин чечимиң болчу. Ага Кудайга болгон сенин сүйүүң түрткү берген. Ошондон бери кылган ийгиликтериң жөнүндө ойлонуп көрсөң. Алсак, Ыйык Китепти окуп-изилдегенди көбүрөөк жакшы көрүп калдыңбы? Тиленүүлөрүң көбүрөөк маңыздуу, жалындуу болуп калдыбы? (Заб. 141:2). Кабар айтканда киши менен маек курганды жакшыраак үйрөнүп калдыңбы? Кызматта кабар айтуу ишиндеги куралдарды колдонуу жагынан чебер болуп калдыңбы? Эгер үй-бүлөлүү болсоң, Жахабанын жардамы менен жакшы күйөө, жакшы зайып болуп калдыңбы? Атанын же эненин милдетин жакшыраак аткарып калдыңбы? Мына ушундай жетишкендиктерге жеткениңе кубанып, ыраазы болсоң болот.

4. Бул макалада эмнелерди карайбыз?

4 Биз башкаларга да өзүнүн рухий ийгиликтерине кубанганга жардам берсек болот. Өзүн башкаларга салыштырбаганга да жардам бере алабыз. Бул макалада ушул жагынан ата-энелер балдарына, жубайлар бири-бирине жана аксакалдар ишенимдештерине кантип жардам бере аларын карап чыгабыз. Акырында Ыйык Китептеги айрым принциптерге токтолобуз. Алар бизге жөндөмүбүзгө, жагдай-шартыбызга жараша жете алчу максаттарды койгонго жардам берет.

АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА ЖУБАЙЛАР

Ата-энелер, ар бир балаңардын аракетин көрө билип, мактап тургула (5, 6-абзацтарды карагыла) *

5. Эфестиктер 6:4кө ылайык, ата-энелер эмнеден сак болушу керек?

5 Ата-энеси балдарын бири-бирине салыштыргандан же баласынан колунан келгенден да көптү талап кылгандан сак болушу керек. Анткени бул баланын шагын сындырып, көңүлүн чөктүрүшү мүмкүн. (Окугула: Эфестиктер 6:4.) Сачико * деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Мектептеги мугалимдерим башкаларга салыштырмалуу менден көптү талап кылчу. Мугалимдерим, Жахабага сыйынбаган атам Жахабанын Күбөлөрүнүн балдары жакшы окуурун көрсүн деп, чындык жолу жөнүндө жакшы ойдо калсын деп, апам да жалаң бешке окушумду талап кылчу. Мектеп сынактарынан да эң мыкты баа алышымды каалачу. Бирок бул мүмкүн эмес болчу. Мектепти эбак эле бүтсөм да, менде ошондой сезим калып калган. Азыр да Жахабага бүт күчүмдү жумшап кызмат кылып жатсам да, ал мага ыраазы болбой жаткандай сезиле берет».

6. Забур 131:1, 2ден ата-энелер эмнени үйрөнө алышат?

6 Ата-энелер Забур 131:1, 2де жазылган сөздөрдөн маанилүү бир нерсени биле алышат. (Аяттарды окугула.) Ал жакта Дөөтү падыша «улуу иштерге» же «кол жеткис нерселерге умтулбаганын» жазган. Аны «сооротуп», «тынчтандырган» нерсе момундугу жана өз чегин билгендиги болгон. Ата-энелер мындан эмнени үйрөнө алышат? Алар да момун, акыл-эстүү, тең салмактуу болуп, өздөрүнөн эле эмес, балдарынан да өтө көптү талап кылбашы керек. Баласынын күчтүү да, алсыз да жактарын билип, ошого жараша максат койгонго жардам беришсе, бала өзүн баалуу сезет. Марина деген бир ишенимдешибиз мындай деп эскерет: «Апам мени эч качан өзүмдүн бир туугандарыма да, башка балдарга да салыштырчу эмес. Ал „ар бир адамдын өзүнчө шык-жөндөмү болот жана Жахаба ар бирибизди баалайт” деп үйрөтчү. Ошонун аркасында өзүмдү башкаларга көп деле салыштырбайм».

7, 8. Эркек аялын урматтап-сыйлаарын кантип көрсөтөт?

7 Жахабага сыйынган эркек аялын урматтап-сыйлашы керек (1 Пет. 3:7). Ал аны сыйлаарын кантип көрсөтөт? Эркек аялын жогору баалашы керек. Андан алы жетпеген нерсени талап кылбайт жана албетте, башка аялдар менен салыштырбайт. Эгер салыштыра турган болсо, аялы өзүн кандай сезет? Жолдошу Жахабага сыйынбаган Роза деген келинди мисалга алалы. Күйөөсү аны башка аялдарга көп салыштыра берет. Анын чучукка жеткен сөздөрүнөн улам Роза өзүн эч нерсеге жараксыз, эч кимге керексиз сезип калган. «Жахаба мени баалайт дегенге дайыма ынанып турушум керек»,— дейт ал. Ал эми Кудайдын жолундагы эркек аялын урматтап-сыйлайт. Себеби бул жубайы менен да, Жахаба менен да болгон мамилесин чыңдай турганын билет *.

8 Аялын кадырлаган эркек аны мактап, жакшы көрөрүн жана жогору баалай турганын айтып турат (Накыл 31:28). Буга чейинки макалада айтылган Катеринаны мисал кылалы. Ал өзүн эч нерсеге татыксыз сезип басынта бергендиктен, күйөөсү ага ошол сезими менен күрөшкөнгө жардам берген. Бала кезинде Катеринанын апасы аны башка кыздарга, досторуна салыштырып, кемсинте берчү экен. Ошонун айынан ал өзүнө башкаларга салыштырып баа бере баштаган экен. Атүгүл чындык жолуна түшкөндөн кийин деле ошонусу калбаптыр. Күйөөсү ага ошонусун таштап, өзүнө карата тең салмактуу көз карашта болгонго жардам берген. Катерина мындай дейт: «Жолдошум мени жакшы көрүп, кылган иштерим үчүн мактап турат жана Кудайга кайрылып, мага жардам беришин өтүнүп турат. Ал Жахабанын сапаттарын эсиме салып, оюмду дайыма оңдоп-түзөп турат».

АКСАКАЛДАР ЖАНА БАШКАЛАР

9, 10. Аксакалдар өзүн башкалар менен салыштыра бермей адаты бар ишенимдешибизге кантип жардам берген?

9 Аксакалдар өзүн башкаларга салыштыра берген ишенимдештерине кантип жардам бере алышат? Бала чагында көп деле жылуу сөз укпаган Хануни деген ишенимдешибиздин мисалына токтололу. Ал мындай деп эскерет: «Мен тартынчаак болчумун. Башка балдар менден мыкты сезиле берчү. Тээ бала кезимен бери эле өзүмдү башкаларга салыштыра бермей адатым бар болчу». Хануни чындык жолуна түшкөндөн кийин деле ошенте берчү экен. Ошондуктан пионер болсо да, жыйналышта эч кандай пайда-батасы жоктой туюла берчү. Бирок азыр анын көз карашы өзгөрүп, өзүн бактылуураак сезип калды. Ага эмне жардам берген?

10 Хануниге аксакалдар бир топ жардам беришкен. Алар анын жыйналышта кадырлуу орду бар экенин айтып, жакшы үлгүсү үчүн макташкан. Ал мындай деп жазган: «Аксакалдар жыйналыштагы айрым кыздарга жардам беришимди бир нече жолу суранышкан. Ошондо өзүмдү керектүүдөй сезгем. Кээ бир жаш кыздарга жардам бергенден кийин аксакалдардын мага ыраазычылык билдиргени эсимден кетпейт. Анан мага 1 Тесалоникалыктар 1:2, 3төгү сөздөрдү окуп беришкен. Ошондо жүрөгүм аябай козголгон! Ошондой койчулардын мээримдүүлүгүнүн аркасында Жахабанын уюмунда баалуу ордум бар экенин сезип калдым».

11. Ышая 57:15те айтылган «кыйналган» адамдарга кантип жардам бере алабыз?

11 Окугула: Ышая 57:15. Жахаба «кыйналган» адамдарга кайдыгер карабайт. Андай боордошторубузга аксакалдар эле эмес, баарыбыз жардам бере алабыз. Аларга дем-күч бергендин бир жолу — чын дилден көңүл буруу. Жахаба өзүнүн койлорун абдан баалайт жана жакшы көрөт. Ошол сүйүүсүн башкаларга жеткиришибизди каалайт (Накыл 19:17). Бир туугандарыбызга жардам бергибиз келсе, момун, жөнөкөй да болушубуз керек. Өзүбүзгө ашыкча көңүл бурдуруп, көрө албастыкты туудургубуз келбейт. Анын ордуна, болгон жөндөмүбүздү, билимибизди башкаларды кубатташ үчүн колдонобуз (1 Пет. 4:10, 11).

Исанын шакирттери ага тартылып турушкан. Себеби Иса өзүн эч качан алардан жогору койгон эмес. Аларды досторундай көрүп, досторундай мамиле кылып, ошондон кубаныч алган (12-абзацты карагыла)

12. Карапайым адамдар эмне үчүн Исага тартылып турушкан? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

12 Исанын өзүнүн жолдоочуларына кылган мамилесинен башкаларга кандай мамиле кылышыбыз керектигин биле алабыз. Иса тарыхтагы эң улуу адам болгон. Ошентсе да мүнөзү жумшак, жүрөгү момун болгон (Мт. 11:28—30). Ал элге укмуштуудай акылмандыгын, билимин көрсөтүп мактанган эмес. Элди окутканда карапайым адамдардын жүрөгүн козгош үчүн жөнөкөй сүйлөгөн жана түшүнүктүү мисалдарды келтирген (Лк. 10:21). Текебер диний жетекчилерден айырмаланып, Иса эч качан адамдарды Кудайдын алдында эч нерсеге жарабаган бирөөдөй сездирткен эмес (Жкн. 6:37). Кайра, карапайым адамдардын кадырын көтөрө билген.

13. Шакирттерине кылган мамилесинен Исанын боорукердиги, сүйүүсү кандайча көрүнүп турган?

13 Исанын боорукердиги, сүйүүсү шакирттерине кылган мамилесинен да байкалган. Ал алардын жөндөмү, жагдай-шарты ар кандай экенин жакшы билген. Ошондуктан баары бирдей жоопкерчиликти аркалай алмак эмес. Баары бирдей деңгээлде да кызмат кыла алмак эмес. Ошентсе да ал ар биринин чын ыкластан кылган аракетин баалаган. Исанын түшүнүктүү болгону таланттар жөнүндөгү мисалынан көрүнүп турат. Ал мисалда кожоюну ар бир кулуна «жөндөмдүүлүгүнө жараша» иш тапшырган. Талыкпай эмгектенген эки кулдун бири экинчисине караганда көбүрөөк киреше тапкан. Бирок кожоюну экөөнү тең мактап, экөөнө тең: «Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул!» — деген (Мт. 25:14—23).

14. Исадан кандай үлгү алсак болот?

14 Иса бизге да так эле ушундай мамиле кылат. Ал ар кимибиздин жөндөмүбүз, жагдайыбыз ар башка экенин билет жана өзүбүздүн колубуздан келгенин кылып жатканыбызды көрүп, сүйүнөт. Биздин да башкаларга Исадай мамиле кылганыбыз жакшы. Биз эч качан ишенимдештерибизди башкалар кыла алганчалык кыла албаганы үчүн уяткарып, өзүн кем сездирткибиз келбейт. Кайра, болгон күчүн жумшап Жахабага кызмат кылып жатканы үчүн мактаганга шашалы.

АЛДЫҢА ЖЕТЕ АЛЧУ МАКСАТТАРДЫ КОЙ

Алыңар жеткен максаттарды коюп, аларга жеткенге аракет кылгыла. Ошондо кубана аласыңар (15, 16-абзацтарды карагыла) *

15, 16. Алдына алы жеткен максаттарды койгону Мидориге кантип жардам берген?

15 Рухий максаттар жашообузга багыт берип, маңыздуу кылат. Бирок андай максаттарды башкалардын эмес, өзүбүздүн жөндөмүбүзгө жана жагдайыбызга карап коюшубуз керек. Болбосо көңүлүбүз кайтып, ындыныбыз өчүп калышы ыктымал (Лк. 14:28). Мидоринин мисалына токтололу.

16 Жахабанын Күбөсү эмес атасы Мидорини бала чагында башка бир туугандарына, классташтарына салыштырып, басынта берчү экен. «Өзүмдү бир байкуш сезчүмүн»,— дейт ал. Бирок чоңойгондо өзүн ишенимдүүрөөк сезип калган. «Жахаба мени сүйөрүн сезип, жан дүйнөм тынч болушу үчүн, Ыйык Китепти күнүгө окуйм»,— дейт ал. Мындан сырткары, алы жете турган максаттарды койгон. Анан ошол максаттарга жеткенге жардам беришин сурап Жахабадан так-айкын тиленген. Ошонун натыйжасында өзүнүн рухий ийгиликтерине кубана алган.

ЖАХАБАГА МЫНДАН АРЫ ДА ӨЗ КОЛУҢДАН КЕЛИШИНЧЕ КЫЗМАТ КЫЛА БЕР

17. Акылыбызга «түрткү берүүчү күч менен мындан ары да» кантип жаңылана алабыз жана натыйжасы кандай болот?

17 Терс ой-сезимдер бир күндө эле жок болуп кетпейт. Ошон үчүн Жахаба: «Акылыңарга түрткү берүүчү күч менен мындан ары да жаңылангыла»,— деп айткан (Эф. 4:23, 24). Ал үчүн, албетте, Кудайдан тиленип, Сөзүн окуп-изилдеп, ой жүгүртүшүбүз керек. Ушуларды талбай кыла бер жана Жахабадан күч сура. Ошондо анын ыйык руху өзүңдү башкаларга салыштыра бермей адатыңды жеңгенге жардам берет. Ошондой эле Жахаба жүрөгүңдө ичи тарлык же текебердик пайда болгонун байкап, андай сапаттардан дароо арылганга жардам бере алат.

18. 2 Жылнаама 6:29, 30дагы сөздөр сени кандайча жубатат?

18 Окугула: 2 Жылнаама 6:29, 30. Жахаба жүрөгүбүздү көрүп турат. Бул дүйнөнүн руху жана өзүбүздүн кемчиликтерибиз менен да күрөшүп жатканыбызды жакшы билет. Ошондуктан моюн бербей, болгон күчүбүздү жумшап күрөшүп жатканыбызды көрүп, бизди ого бетер жакшы көрөт.

19. Жахаба бизге карата кандай сезимдерди туярын кантип билдирген?

19 Бизге карата кандай сезимдерди туярын билдириш үчүн Жахаба эне менен ымыркайдын ортосундагы жакындыкты мисал кылган (Ыш. 49:15). Рейчел деген бир энени мисал кылалы. Ал мындай дейт: «Кызым Стефани ай-күнүнө жетпей төрөлгөн. Биринчи жолу аны көргөндө тырмактай эле болчу. Аябай алсыз эле. Инкубатордо жаткан биринчи айында доктурлар мага аны күнүгө колума алып, көтөрүп турганга уруксат беришкен. Ошондо бөтөнчө бир ынактык жаралган. Азыр кызым алты жашка чыгып калды. Бирок өзүнүн курагындагылардан дагы деле кичирээк. Байкушума кенедей болуп алып, жашоо үчүн күрөшкөнгө туура келген. Ошон үчүн аны ого бетер жакшы көрөм. Ал — менин жашоомдогу кубанычым». Жахаба да ага бүт жан-дилибиз менен кызмат кылыш үчүн күрөшүп жатканыбызды көрүп, ушундай эле терең сезимдерди туят. Муну билгенибиз кандай гана жүрөк жылытат!

20. Жахабанын кызматчысы катары сенде кубанганга кандай себеп бар?

20 Жахабанын кызматчысы катары сен анын үй-бүлөсүнүн абдан баалуу мүчөсүсүң жана үй-бүлөсүндө сага окшош эч ким жок. Ал сени өзүнө башкалардан артык болгонуң үчүн жакындаткан эмес. Ал сени өзүнө жан дүйнөңдү изилдеп, анын калыбына түшө турган, үйрөнгөнгө дилгир, жумшак киши экениңди көрүп жакындаткан (Заб. 25:9). Ошондуктан ага кызмат кылыш үчүн бүт аракетиңди кылып жатканыңа аябай сүйүнөрүнө түк да шектенбе. Сенин ага болгон берилгендигиң, чыдамкайлыгың «жүрөгү таза, жакшы адам» экениңден кабар берип турат (Лк. 8:15). Андыктан мындан ары да Жахабага өзүңдүн колуңдан келгенин кыла бер. Ошондо «өз иштериңе» кубанасың!

38-ЫР: Кудай сени күчтүү кылат

^ 5-абз. Жахаба бизди башкаларга салыштырбайт. Анткен менен айрымдарыбыз башкаларга салыштырып өзүбүздү кем сезе беришибиз мүмкүн. Бул макалада мындай салыштыруу эмне үчүн жакшы эмес экенин талкуулайбыз. Ошондой эле үйдөгүлөргө же жыйналыштагыларга өзүнө Жахаба карагандай караганга кантип жардам бере аларыбызды талкуулайбыз.

^ 5-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 7-абз. Бул жерде эркектер жөнүндө айтылса да, көптөгөн принциптер зайыптарга да тиешелүү.

^ 58-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Үй-бүлөлүк сыйынууда ата-энеси Нух пайгамбардын кемесин жасаш үчүн ар бир баласынын кылган аракетин көрүп сүйүнүп жатканын көрсөтүп жатышат.

^ 62-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Кичинекей баласы бар жалгыз бой келин көмөкчү пионер болууну ойлонуштуруп жатат. Анан ошол максатына жетип сүйүнүп жатат.