Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

28-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!

Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!

«Дүйнөнүн үстүнөн болгон падышалык бийлик эми Кудайыбызга жана анын Машаягына таандык» (АЯН 11:15).

22-ЫР: Кудайдын Падышалыгы келсин!

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Эмнеден шектенбесек болот жана эмне үчүн?

 УЧУРДА үй-бүлөлөр бузулуп, балдар жетим калып жатат. Зөөкүр, өзүмчүл, таш боор кишилердин күнү тууду. Көптөрдүн бийликтегилерден көңүлү калды. Ушуларды көрүп башкалардай эле, балким, сенин да ындының өчүп жаткандыр. Бирок так ушул нерселер бизге кубанганга себеп болот. Эмне үчүн? Себеби биз, Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, «акыркы күндөрдө» жашап жатабыз. «Акыркы күндөрдө» болсо адам баласынан ыйман кетмек (2 Тим. 3:1—5). Ушул пайгамбарлык сөздүн аткарылып жатканын бир да жүрөгү таза киши тана албайт. Бул Машаяк Исанын асманда Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик кылып жатканын далилдеп турат. Бирок Тиметей китебинде айтылгандар Падышалык жөнүндө алдын ала айтылган пайгамбарлыктардын бири гана. Анда акыркы жылдары аткарылып жаткан пайгамбарлык сөздөргө токтололу. Алар ишенимибизди кадимкидей чыңдап-бекемдейт.

Сүрөттүн майда-майда бөлүктөрүн чогултуп жалпы сүрөттү көрө алабыз. Даниел менен Аян китебиндеги пайгамбарлыктар да ошондой сүрөткө окшош. Аларды карап чыксак, Жахабанын ой-ниетине ылайык кайсы учурда жашап жатканыбызды түшүнөбүз (2-абзацты карагыла)

2. Бул макалада эмнелерге токтолобуз жана эмне үчүн? (Мукабадагы сүрөттү түшүндүрүп бергиле.)

2 Бул макалада үч нерсеге токтолобуз: 1) Падышалыктын качан орногонун аныктаганга көмөк кылган, 2) Исанын Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик кылып жатканын аңдаганга жардам берген, 3) Кудайдын Падышалыгынын душмандары кантип жок кылынарын көрсөткөн пайгамбарлык сөздөрдү карап чыгабыз. Сүрөттүн майда-майда бөлүктөрүн чогултуп жалпы сүрөттү көрө алабыз. Даниел менен Аян китептериндеги пайгамбарлык сөздөр да бири-бири менен айкалышып ошондой сүрөттү түзөт. Аларды карап чыксак, Жахабанын ой-ниетине ылайык кайсы учурда жашап жатканыбызды аныктай алабыз.

ПАДЫШАЛЫКТЫН КАЧАН ОРНОГОНУН КАЙДАН БИЛЕБИЗ?

3. Даниел 7:13, 14тө Кудайдын Падышалыгынын Падышасы тууралуу эмнелер айтылган?

3 Даниел 7:13, 14-аяттарда алдын ала айтылган сөздөр Иса Машаяктын Кудайдын Падышалыгынын теңдеши жок Падышасы болорун көрсөтүп турат. Ар улуттан чыккан адамдар ага «кызмат кылгандан» рахат алышат жана ал түбөлүккө падышалык кылат. Ошондой эле Даниел китебиндеги башка пайгамбарлык сөздөргө ылайык, Иса бийликти «жети мезгил» соңуна чыккандан кийин алмак. Ошол кубанычтуу окуянын качан болгонун кантип билсе болот?

4. Даниел 4:10—17-аяттарга ылайык, Машаяктын качан Падыша болгонун кантип аныктаса болот? (Шилтемени да карагыла.)

4 Окугула: Даниел 4:10—17. «Жети мезгил» 2520 жылга барабар. Ал убакыт б.з. ч. 607-жылы башталган. Ошол жылы бабылдыктар Иерусалимде Жахабанын атынан бийлик жүргүзгөн акыркы падышаны кулатышкан. «Жети мезгил» б.з. 1914-жылы аяктаган. Ошол жылы Кудайдын Падышалыгынын Падышасы болгонго «укугу бар бирөө» — Иса — дайындалган b (Жез. 21:25—27).

5. «Жети мезгил» жөнүндөгү пайгамбарлык ишенимибизди кандайча бекемдейт?

5 Бул пайгамбарлыктын бизге кандай пайдасы бар? «Жети мезгил» жөнүндөгү пайгамбарлыктын аткарылганы Жахабанын айткандары өз убагында сөзсүз аткарыларын көрсөтүп турат. Жахаба Исаны өз учурунда Падыша кылып дайындагандай эле, башка да пайгамбарлык сөздөрдү кечиктербей аткарарынан эч шектенбесек болот. Ооба, Жахабанын күнү түк «кечикпейт»! (Хаб. 2:3)

ИСАНЫН АСМАНДА ПАДЫША БОЛГОНУН КАНТИП БИЛСЕК БОЛОТ?

6. а) Машаяктын асмандан башкарып жатканын көрсөткөн кандай далилдер бар? б) Аян 6:2—8-аяттарда жазылгандар Исанын Падыша болгонун кандайча дагы бир ирет тастыктап турат?

6 Жердеги кызматы соңуна чыгайын деп калганда Иса жолдоочуларына дүйнөдө белгилүү бир окуялар болорун алдын ала айткан. Алар анын асманда Падыша болгонун аңдаганга жардам бермек. Мисалы, согуш, ачарчылык, жер титирөө болмок. Мындан тышкары, «жер-жерлерди» жугуштуу оорулар каптамак. Буга COVID-19 пандемиясы далил боло алат. Ушул окуялардын баары Машаяктын Падыша болгонун көрсөткөн Ыйык Китепте айтылган «белгиге» кирет (Мт. 24:3, 7; Лк. 21:7, 10, 11). Өлүп, кайра асманга тирилгенден 60 жылдай убакыт өткөндөн кийин Иса элчи Жаканга ушул окуялардын сөзсүз болорун тастыктаган аян берген. (Окугула: Аян 6:2—8.) Ушул айтылгандардын баары Иса 1914-жылы бийликти колго алгандан тартып аткарылып келатат.

7. Иса Падыша болгондон тарып адамзаттын жашоосу эмне үчүн начарлап кеткен?

7 Иса Падыша болгондон тартып адамзаттын жашоосу эмне үчүн начарлап кеткен? Мунун жообун Аян 6:2деги сөздөрдөн биле алабыз. Иса Падыша болору менен шак эле Ибилис жана анын жин-перилери менен согушкан. Аян 12-бөлүмгө ылайык, Шайтан жеңилип, жин-перилери менен кошо асмандан жерге куулуп түшүрүлгөн. Катуу каары менен түшкөн Шайтан адамзатты азап-кайгыга мала баштаган (Аян 12:7—12).

Биз жамандыктын күч алып жатканына кубанбайбыз. Бирок Ыйык Китептеги пайгамбарлык сөздөрдүн аткарылып жатканы Кудайдын Падышалыгы башкарып жатканын тастыктап турат. Бизди так ушул нерсе кубандырат (8-абзацты карагыла)

8. Падышалыкка байланыштуу пайгамбарлыктардын аткарылып жатканын билгенибиздин кандай пайдасы бар?

8 Бул пайгамбарлыктын бизге кандай пайдасы бар? Дүйнөдө болуп жаткан окуялар жана адамдардын аябай эле бузулуп баратканы Исанын Падыша болгонунан кабар берип турат. Ошондуктан көптөрдүн өз көмөчүнө күл тартып жатканын же заарын чачып ачууга алдырып жатканын көргөндө кайгырбайлы. Анын ордуна, Ыйык Китептеги пайгамбарлык сөздөр аткарылып жатат деп кайраттаналы. Ооба, Падышалык чындап эле асмандан башкарып жатат (Заб. 37:1). Бирок Армагедон жакындаган сайын азап-кайгы дагы да күч алат. Буга таң калбашыбыз керек (Мр. 13:8; 2 Тим. 3:13). Эмне үчүн кыйынчылыктар чачтан көп болуп баратканын түшүнгөнгө жардам бергени үчүн асмандагы мээримдүү Атабызга кандай гана ыраазыбыз!

КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫНЫН ДУШМАНДАРЫ КАНТИП ЖОК КЫЛЫНАТ?

9. Даниел 2:28, 31—35-аяттарда акыркы дүйнөлүк держава кантип сүрөттөлгөн жана ал качан пайда болгон?

9 Окугула: Даниел 2:28, 31—35. Биз бул пайгамбарлыктын азыркы учурда аткарылып жатканына күбө болуп жатабыз. Небухаданасар падыша түшүндө «акыркы күндөрдө», тагыраак айтканда, Машаяк бийлик кыла баштагандан тартып эмнелер болмоктугун көргөн. Анын түшүнөн Исанын жердеги душмандары жөнүндө билсе болот. Ошондой эле андан темир менен чоподон турган бут кетменге салыштырылган акыркы дүйнөлүк держава тууралуу да биле алабыз. Ал держава азыр доорон сүрүп жатат. Ал Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Улуу Британия менен Кошмо Штаттар өзгөчө шериктештикти, Англия-Америка биримдигин түзгөндө пайда болгон. Небухаданасардын түшүндө ушул державаны ага чейин бийлик кылган державалардан айырмалап турган, бери дегенде, эки өзгөчөлүк көрсөтүлгөн.

10. а) Англия-Америка дүйнөлүк державасы кандайча Даниелдин пайгамбарлыгында таамай сүрөттөлгөн? б) Кандай кооптуу нерседен сак болушубуз керек? (« Чоподон сак болгула!» деген кутучаны карагыла.)

10 Биринчиден, Небухаданасардын түшүндө Англия-Америка дүйнөлүк державасы ага чейинки державалардан айырмаланган. Ал чылк алтындан же күмүштөн эмес, темир менен чопонун аралашмасынан турган. Чопо «адамзаттын тукумун», башкача айтканда, карапайым элди билдирет (Дан. 2:43). Бүгүн баарыбыз айкын көрүп тургандай, карапайым калктын шайлоолордогу таасири, жарандык укуктарды коргоо максатында өткөрүлгөн жүрүштөрү, көтөрүлүштөрү жана жумушчулардын таламын талашкан уюмдары Англия-Америка дүйнөлүк державасынын күчүн солгундатып жатат. Ушундайча анын көздөгөн максаттарына жетишине тоскоолдук кылып келет.

11. Англия-Америка дүйнөлүк державасынын бийлик кылып жатканы акыркы күндөрдө жашап жатабыз деген ишенимибизди кандайча бекемдейт?

11 Экинчиден, Англия-Америка — Ыйык Китепте алдын ала айтылган акыркы дүйнөлүк держава. Себеби ал килейген айкелдин бут кетмени катары сүрөттөлгөн. Анын ордуна башка держава бийликке келип ордун басып калбайт. Аны Кудайдын Падышалыгы Армагедон согушунда адам баласынын башка өкмөттөрү менен бирге бат эле жок кылат c (Аян 16:13, 14, 16; 19:19, 20).

12. Даниел китебинде үмүт берерлик, жубатарлык дагы кандай кошумча далилдер бар?

12 Бул пайгамбарлыктын бизге кандай пайдасы бар? Даниел китебинде акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды көрсөткөн дагы кошумча далилдер бар. Мындан 2500 жылдан ашуун убакыт мурун Даниел Бабылдан кийин дагы төрт дүйнөлүк держава Кудайдын элине үстөмдүк кылып, ага өзгөчө таасир этерин алдын ала айткан. Мындан тышкары, ал ошол державалардын акыркысы Англия-Америка дүйнөлүк державасы болорун да ачып берген. Жакында Кудайдын Падышалыгы жердеги өкмөттөрдү толугу менен жок кылып, бүтүндөй жер үстүнөн өзү бийлик кыла баштайт. Ушуну билгенибиз кадимкидей дем-күч берип, үмүтүбүздү жалындатат (Дан. 2:44).

13. Аян 17:9—12-аяттардагы «сегизинчи падыша» жана «он падыша» эмнени билдирет жана бул пайгамбарлык кантип аткарылган?

13 Окугула: Аян 17:9—12. Биринчи дүйнөлүк согуш дүйнө жүзүнүн таш-талканын чыгарганда, акыркы күндөргө байланыштуу Ыйык Китептеги дагы бир пайгамбарлык аткарылган. Согуштан кийин дүйнөнүн атка минерлери жер бетине тынчтык орнотууну каалашкан. Ошондуктан 1920-жылы январда Улуттар Лигасын негиздешкен. 1945-жылы октябрь айында анын ордун Бириккен Улуттар Уюму баскан. Ушул уюм Ыйык Китепте «сегизинчи падыша» деп аталат. Бирок ал бүткүл дүйнөлүк держава эмес. Себеби анын күчү, бийлиги аны колдоп турган саясий өкмөттөрдөн көз каранды. Ал эми ошол өкмөттөр Ыйык Китепте каймана мааниде «он падыша» деп аталат.

14, 15. а) Аян 17:3—5-аяттардан «Улуу Бабыл» жөнүндө эмнени биле алабыз? б) Жалган динди колдогондор эмне кылып жатышат?

14 Окугула: Аян 17:3—5. Жахаба элчи Жаканга аян аркылуу бир сойкуну көрсөткөн. Ал Ыйык Китепте «Улуу Бабыл» деп аталат жана жалган диндин дүйнөлүк империясын билдирет. Бул аян кантип аткарылган? Тээ эзелтеден бери жалган диндер саясий өкмөттөр менен камыр-жумур болуп, аларды колдоп, батасын берип келет. Бирок жакында Жахаба «өзүнүн оюн аткарууну» ал өкмөттөрдүн жүрөктөрүнө салат. Ошондо эмне болот? «Он падыша», тагыраак айтканда, ошол саясий өкмөттөр жалган динге каршы чыгып, жер менен жексен кылат (Аян 17:1, 2, 16, 17).

15 Уулу Бабылдын ичер суусу, көрөр күнү бүтүп баратат. Муну кайдан билебиз? Бул суроого жооп алыш үчүн байыркы Бабылды эстесеңер. Бабыл шаарын күрүлдөп аккан чоң Эфрат дарыясы курчап, душмандардан коргоп турчу. Каймана маанидеги Улуу Бабылды колдоп турган миллиондогон адамдар Ыйык Китепте аны коргоп турган «сууларга» салыштырылган (Аян 17:15). Бирок Аян китебинде анын «суусу соолуп калмактыгы» да айтылган. Бул жалган диндин дүйнөлүк империясы өзүнүн көптөгөн колдоочуларынан айрылмактыгын көрсөтүп турат (Аян 16:12). Бул пайгамбарлык кантип аткарылып жатат? Бүгүнкү күндө бир далай адамдар өзү тутуп келген динин таштап, жүрөгүн өйүгөн суроолоруна башка жактардан жооп издеп жатышат.

16. Бириккен Улуттар Уюму менен Улуу Бабылга байланыштуу пайгамбарлыктардын маанисин түшүнгөнүбүз эмнеси менен жакшы?

16 Бул пайгамбарлыктын бизге кандай пайдасы бар? Бириккен Улуттар Уюмунун пайда болгону жана жалган динди колдогондордун саны азайып, анын күчү кайта баштаганы акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды дагы бир ирет далилдеп турат. Улуу Бабылдын каймана суулары соолуп баратса дагы, жалган диний уюмдар башкача жол менен жок болот. Жогоруда айтылгандай, Жахаба «он падышанын» — Бириккен Улуттар Уюмун колдогон саясий өкмөттөрдүн — жүрөгүнө «өзүнүн оюн аткарууну» салат. Ошондо жалган дин көз ачып-жумгуча жок болот. Буга бүт дүйнө аң-таң болот d (Аян 18:8—10). Ооба, Улуу Бабыл жок кылынганда, бүтүндөй дүйнө укмуштуудай дүңгүрөйт. Ошондо түрлүү кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Бирок Кудайдын эли кубанычы койнуна батпай сүйүнөт. Буга, бери дегенде, эки себеп бар. Биринчиден, Жахаба Кудайдын эзелки душманынын күнү бүткөн болот. Экинчиден, бул ыймансыз дүйнө жок боло турган күн босогодо турган болот (Лк. 21:28).

ЖАХАБА ӨЗ ЭЛИН СӨЗСҮЗ КУТКАРАТ

17, 18. а) Ишенимибизди мындан ары да кантип чыңдай алабыз? б) Эмки макалада эмнеге токтолобуз?

17 Даниел пайгамбар «чыныгы билим көбөйөрүн» алдын ала айткан. Азыр так эле ушундай болуп жатат! Кайсы учурда жашап жатканыбызга байланыштуу пайгамбарлыктардын мааниси ачылып берилип жатат (Дан. 12:4, 9, 10). Ушул пайгамбарлык сөздөр майда-чүйдөсүнө чейин ушунчалык так аткарылып жаткандыктан, Жахабаны ого бетер кастарлап, анын Сөзүн ого бетер баалап калдык (Ыш. 46:10; 55:11). Ошондуктан мындан ары да Ыйык Жазманы казып изилдеп ишенимибизди чыңдай берели жана башкаларга да Жахаба менен ынак мамиле түзгөнгө жардам бере берели. Ал ага толугу менен таянгандарды коргоп-калкалап турат жана аларга «ар убак тынчтык берет» (Ыш. 26:3).

18 Кийинки макалада акыркы күндөрдөгү жыйналышка тиешелүү пайгамбарлыктарды карап чыгабыз. Ал макаладан биле турганыбыздай, алар да чындап эле акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды тастыктап турат. Ошондой эле ал макаладан Падышабыз Исанын өзүнүн берилген жолдоочуларын бардык жактан жетектеп жатканына дагы башка далилдерди билебиз.

61-ЫР: Алга, Күбөлөр!

a Биз адамзат тарыхындагы кайра кайталангыс, өзгөчө учурда жашап жатабыз! Кудайдын Падышалыгы асманда орногон. Муну Ыйык Китептеги көптөгөн пайгамбарлык сөздөр тастыктап турат. Макалада ошолордун айрымдарына токтолобуз. Алар Жахабага дагы көбүрөөк ишенгенге, ошондой эле азыр да, келечекте да дүрбөлөңгө түшпөй Жахабага таянганга жардам берет.

c Даниелдин пайгамбарлыгы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн бул журналды карагыла: «Күзөт мунарасы», 2012-ж., 15-июнь, 14—19-б.

d Жакын арада дагы кандай окуялар болорун билиш үчүн бул китепти карагыла: «Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!», 21-бөл.