«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Июнь, 2020

Бул санда 2020-жылдын 3-августунан 30-августуна чейин изилдене турган макалалар камтылат.

«Ысмың ыйыкталсын»

23-изилдөө макаласы: 3—9-август, 2020. Аң-сезимдүү жандардын баары үчүн маанилүү болгон талаш маселе кайсы? Ал эмне үчүн мынчалык маанилүү жана анын чечилишине биздин кандай тиешебиз бар? Ушул жана башка суроолордун жообун билсек, Жахаба Кудай менен болгон мамилебиз ого бетер бекемделет.

«Ысмыңдан коркушум үчүн, жүрөгүмдү бир бүтүн кыл»

24-изилдөө макаласы: 10—16-август, 2020. Бул макалада Дөөтү падышанын Кудайдан тиленгенде айткан сөздөрүнө көңүл бурабыз. Алар Забур 86:11, 12де жазылган. Кудайдын ысмынан коркуу деген эмнени билдирет? Анын улуу ысмын эмне үчүн кастарлашыбыз керек? Кудайдан коркконубуз азгырыкка алдыргандан кантип сактайт?

Окурмандардын суроолору

«Рухтун жемишине» Галатиялыктар 5:22, 23тө саналган сапаттар гана киреби?

«Мен өзүм койлорумду издеп табам»

25-изилдөө макаласы: 17—23-август, 2020. Жахаба Кудайга көп жылдан бери кызмат кылып келаткандардын айрымдары эмне үчүн андан алыстап кетишет? Кудай аларга карата кандай сезимдерди туят? Бул суроолорго ушул макалада жооп берилет. Андан тышкары, Жахабанын байыркы убактагы айрым кызматчыларына кантип жардам бергени жана андан кандай жыйынтык чыгарсак болору талкууланат.

«Жахабага кайрылып кел»

26-изилдөө макаласы: 24—30-август, 2020. Жахаба Кудай анын элинен оолактап кеткендердин кайра кайтып келишин каалайт. Биз аларга Жахабанын: «Мага кайрылып келгиле»,— деген чакырыгын кабыл алганга бир топ жардам бере алабыз. Муну кантип кылсак болору ушул макалада талкууланат.