Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

26-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Жахабага кайрылып кел»

«Жахабага кайрылып кел»

«Мага кайрылып келгиле, ошондо мен да силерге кайрылам» (МАЛ. 3:7).

102-ЫР: «Алсыздарга жардам берели»

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Койлорунун бири кайрадан оторго кошулганда Жахаба кандай сезимде болот?

БУГА чейинки макаладан Жахаба өзүн жакшы койчуга салыштырарын билгенбиз. Ал ар бир коюна көңүл буруп жакшы карайт жана отордон адашкандарын издейт. Ал андан алыстап кеткен ысрайыл элине: «Мага кайрылып келгиле, ошондо мен да силерге кайрылам»,— деген. Азыр деле ошондой сезимдерди туят, себеби өзү жөнүндө: «Мен өзгөрбөйм»,— деп айткан (Мал. 3:6, 7). Иса Жахабанын элинен алыстап кеткендердин бири эле кайтып келгенде, Жахаба да, периштелер да зор кубанычка бөлөнөрүн айткан (Лк. 15:10, 32).

2. Бул макалада эмнелер талкууланат?

2 Келгиле азыр, Иса айткан үч мисалга көңүл буралы. Алардан Жахабадан алыстап кеткендерге ага кайрадан жакындаганга кантип жардам берсек болорун билебиз. Ал үчүн кандай сапаттарыбыз болушу керектигин, алсырап калган андай бир туугандарыбызга жөлөк-таяк болгонубуздун өзүбүзгө кандай пайдасы бар экенин да талкуулайбыз.

ЖОГОЛГОН ТЫЙЫН

3, 4. Лука 15:8—10-аяттарда айтылган аял жоготуп алган тыйынын эмне үчүн аябай издеген?

3 Жахабага кайтып келгиси келгендерди табыш үчүн күч-аракет талап кылынат. Луканын Инжилинде жазылган мисалында Иса бир аялдын жоготуп алган баалуу нерсесин — драхма деп аталган күмүш тыйынын — кантип издегенин сүрөттөгөн. Ал мисалдын маани-маңызы жоготуп алган баалуу нерсесин киши канчалык жан алакетке түшүп издээрин баса белгилөө болчу. (Окугула: Лука 15:8—10.)

4 Иса тыйынын тапкандан кийин аялдын кандай сезимде болгонун да айткан. Сыягы, ошол кезде айрым жүйүттөрдүн аялдары кыздарына турмушка чыккан күнү он драхма беришкен. Аял ошолордун бирин жоготуп алган сыяктанат. Тыйыны бир кычыкта эле жатат деп ойлогондуктан чырагын күйгүзүп алып бүт жерди карап чыгат. Бирок чырагы жарытылуу жарык бербегендиктенби, айтор, таппай коёт. Акыры шыпыргы алып, бүт үйүн шыпырып кирет. Бир маалда шыпырындынын арасынан чырактын жарыгына бир нерсе жылт дей түшөт. Караса эле — күмүш тыйыны. Аял кубанычы койнуна батпай досторун, кошуналарын чакырып, сүйүнчүлөйт.

5. Жыйналыштан алыстап кеткендерди табуу эмне үчүн оңой болбошу мүмкүн?

5 Исанын мисалынан билгенибиздей, жоголгон нерсени тапкыбыз келсе, мээнет кылыш керек. Жыйналыштан алыстап кеткендерди табыш үчүн да аракет кылышыбыз керек. Мүмкүн, алардын Кудайдын элине аралашпай калганына бир топ жыл болуп калгандыр. Же башка жакка көчүп кетип, ал жактагы жарчылар аларды тааныбашы ыктымал. Анткен менен учурда айрымдарынын Жахабага кайтып келгиси келип жатышы толук мүмкүн. Алар Жахабага анын эли менен бирге кызмат кылууну каалашат, болгону, бир аз жөлөк болуп коюшубуз керек.

6. Жигердүү болбой калган жарчыларды издегенге жыйналыштагылардын баары кантип салым кошо алат?

6 Жигердүү болбой калгандарды кимдер издей алат? Аларды тапканга баарыбыз: аксакалдар, пионерлер, үйүндөгүлөр жана жыйналыштагы жарчылар жардам бере алат. Силердин жигердүү болбой калган досуңар же тууганыңар барбы? Же ошондой ишенимдешибизге үймө-үй кыдырып же башка жактан кабар айтып жүрүп жолугуп калган учурларыңар болду беле? Эгер алар кимдир бирөөнүн келип кетишин каалашса, дарегин же телефон номурун жыйналышыңардын аксакалдарына берип коё аларыңарды айтсаңар болот.

7. Томас аттуу аксакалдын айткандарынан эмнени үйрөнсөк болот?

7 Жахабага кайрылып келгиси келгендерди табыш үчүн аксакалдар эмне кылса болот? 40тан ашуун Жахабанын Күбөсүнө жыйналышка кайтып келгенге жардам берген испаниялык Томас * аттуу аксакалдын айткандарына көңүл бурсаңар. Ал мындай дейт: «Биринчиден, жыйналыштагы тааныш-билиштиги барлардан жигердүү болбой калгандардын каякта жашаарын сураштырып көрөм. Ошондой эле жарчылардын баарынан жыйналышка мурун келип жүрүп, келбей калгандарды билер-билбесин сурайм. Көптөр аларды тапканга салым кошкусу келгендиктен жан-дилден жардам беришет. Жигердүү эмес болуп калгандарды тапкандан кийин алардан балдары, туугандары жөнүндө да сурайм. Себеби кээ бирлери учурунда жыйналышка бала-чакасы менен келип жүргөндүктөн, балдары да жарчы болгон болушу мүмкүн. Жахабага кайрылып келиш үчүн алар да жардамга муктаж».

ЖАХАБАНЫН ЖОГОЛГОН УУЛ-КЫЗДАРЫ

8. Лука 15:17—24-аяттардагы адашкан уул тууралуу мисалдагы ата кайтып келген уулуна кандай мамиле кылган?

8 Жахабага кайрылып келгиси келгендерге жардам бериш үчүн кандай сапаттар талап кылынат? Исанын адашкан уул жөнүндөгү мисалынан буга байланыштуу айрым нерселерди биле алабыз. (Окугула: Лука 15:17—24.) Иса ал жигиттин акыры акылына келип, үйүнө кайтып келгенин айткан. Атасы утурлай чуркап, кыса кучактап тосуп алган. Ошондо ал атасынын сүйүүсүн сезген. Ал туура эмес иш кылганына ичинен кыйналып турган эле. Атасынан уулуна мамиле кылгандай мамиле кылат деп күткөн да эмес болчу. Бирок атасынын мээримин сезгенде көөдөнүндө көтөрүп жүргөн сезимдерин төгөт. Атасы абдан боор ооруп, жалчысы катары эмес, сүйүктүү уулу катары кабыл аларын көрсөтөт. Кызматчыларына тойго даярдык көргөнгө буйрук берип, ага эң жакшы кийим кийгизет.

9. Жигердүү болбой калгандарга жардам бериш үчүн кандай сапаттар керек? (« Кантип жардам берсек болот?» деген кутучаны карагыла.)

9 Жахаба так эле ушул мисалдагы атадай. Ал жигердүү эмес болуп калган кызматчыларын жакшы көрөт жана ага кайтып келишин каалайт. Биз да андан үлгү алып, аларга жардам бергибиз келет. Ан үчүн чыдамдуулук, боор ооруй билүү жана сүйүү талап кылынат. Бизде эмне үчүн ушундай сапаттар болушу керек? Аларды кантип көрсөтсөк болот?

10. Кимдир бирөөгө рухий жактан калыбына келгенге жардам бериш үчүн эмне себептен чыдамдуу болушубуз керек?

10 Биринчиден, чыдамдуулук талап кылынат. Себеби рухий жактан калыбына келиш үчүн убакыт керек. Мурун жигердүү эмес болуп жүргөндөрдүн көбү аксакалдардын жана башкалардын кайра-кайра келгенинин аркасында рухий жактан бутуна турганын айтышкан. Алсак, Түштүк-Чыгыш Азияда жашаган Ненси мындай деп ой бөлүшөт: «Жыйналыштагы жакын досум аябай жардам берди. Ал мени сиңдисиндей эле жакшы көрчү. Мурунку жакшы кездерди эсиме көп салчу. Ал эми ичимдегини айтканымда кунт коюп укчу. Ошол эле учурда акыл-насаатын айткандан тартынчу эмес. Ал мен үчүн күйүп-бышып, жардам бергенге дайым даяр турган чыныгы дос болду».

11. Жан дүйнө жараатын айыктырыш үчүн башканын ал-акыбалын эмне үчүн сезе билишибиз керек?

11 Экинчиден, боор ооруп, башка бирөөнүн ал-акыбалын сезе билишибиз керек. Муну дарылык касиети бар майга салыштырса болот. Андай мамиле жан дүйнө жараатын айыктырат. Айрымдар жыйналыштагы кимдир бирөөнүн ишинен же сөзүнөн улам дагы деле кыйналып келишет. Ошого ызаланып, Жахабага кайтып келгиси келбеши мүмкүн. Кээсине адилетсиз мамиле кылынгандай сезилет. Ошондуктан угуп, түшүнүп койгон бирөөгө зар болушат (Жкп. 1:19). Бир кезде жигердүү эмес жарчы болуп калган Мария: «Мага арыз-арманымды айтсам уга турган, ыйласам соорото турган, билбей жатсам акыл айта турган бирөө керек болчу»,— деп эскерет.

12. Жахаба жигердүү болбой калгандарды өз элине кантип тартарын сүрөттөп бергиле.

12 Үчүнчүдөн, сүйүү сапаты керек. Ыйык Китепте Жахабанын өз элине болгон сүйүүсү жипке салыштырылат. Кандайча? Келгиле, бир мисалга токтололу. Толкуп жаткан көлдө чөгүп баратканыңарды элестетсеңер. Бирөө көрүп калып, куткаруучу чыптама ыргытат. Ал чөктүрбөй кармап турат. Бирок аман калыш үчүн бул жетиштүү эмес. Анткени таштай муздак сууда көпкө чыдабайсыңар. Ошон үчүн бирөө силерди кайыкка тартып чыгарышы керек. Жахаба андан алыстап кеткен ысрайылдыктар жөнүндө «аларды... сүйүү жиби менен» жетелеп, башкача айтканда, тартып жүргөнүн айткан (Ош. 11:4). Жахаба азыр деле турмуштун көр түйшүгүнө малынып ага кызмат кылбай калгандарга карата ошондой көз карашта. Ал аларды сүйөрүн, өзүнө тарткысы келерин билишин каалайт жана ошол сүйүүсүн сен аркылуу көрсөтүшү мүмкүн.

13. Бир туугандык сүйүүнүн күчүн баса белгилеген окуяны айтып бергиле.

13 Жигердүү болбой калгандарды Жахаба да, биз да жакшы көрөрүбүзгө ынандырышыбыз кажет. Буга чейинки макалада айтылган Пабло 30 жылдан ашык убакыт Жахабага кызмат кылбай калган. Ал мындай дейт: «Бир жолу эртең менен үйдөн чыгып баратсам бир Жахабанын Күбөсү келип калды. Ал апа мени менен жылуу-жумшак сүйлөштү. Ошондо жаш балача ыйлап кирдим. „Сизди Жахаба өзү жөнөтсө керек“,— дедим. Так ошондо Жахабага кайтып барам деп чечтим».

АЛСЫЗДАРГА ЖӨЛӨК БОЛОЛУ

14. Лука 15:4, 5теги мисалда жазылгандай, жоголгон коюн тапкандан кийин койчу эмне кылган?

14 Жигердүү болбой калгандар талыкпай жардам көрсөтүшүбүзгө муктаж. Исанын мисалындагы адашкан уул сыңары, алардын сезимдери жараланып, кыйналып жүрүшү ыктымал. Шайтан башкарган азыркы дүйнөнүн таасиринен улам Кудай менен болгон мамилеси да солгундап калышы мүмкүн. Ошондуктан Жахабага болгон ишенимин чыңдаганга жардам беришибиз керек. Иса жоголгон кой жөнүндөгү мисалында койчу коюн көтөрүп келгенин айткан. Ал аны бир топко чейин издеп, тапкыча эле шайы кетип калса керек. Бирок кою баса албай калышы мүмкүн экенин да билип, көтөрүп келгенге даяр болгон. (Окугула: Лука 15:4, 5.)

15. Жахабага кайтып келгиси келгендерге канткенде жөлөк-таяк боло алабыз? (« Баа жеткис китепче» деген кутучаны карагыла.)

15 Жигердүү эмес жарчыларга тоскоол болуп жаткан кыйынчылыгын жеңгенге жардам бериш үчүн убактыбыз, күчүбүз кетиши мүмкүн. Бирок Жахабанын ыйык рухунун, анын Сөзүнүн жана адабияттарыбыздын жардамы менен Жахаба менен мамилесин бекемдегенге көмөктөшө алабыз (Рим. 15:1). Маселен, тажрыйбалуу бир аксакал: «Кайрадан Жахабага кызмат кылам деп чечкендердин көбү менен Ыйык Китепти изилдеш керек болот»,— деген. Ошондуктан аксакалдар алардын бири менен Ыйык Китепти изилдөөнү суранса, жардам бергенге дилгир бололу. Ал аксакал: «Изилдөө өткөргөн киши жигердүү болбой калган жарчынын ынак досу, ишенген кишиси болгонго умтулушу керек»,— деп кошумчалаган *.

АСМАНДАГЫ ЖАНА ЖЕРДЕГИ КУБАНЫЧ

16. Периштелердин бизге жардам берерин каяктан билебиз?

16 Жигердүү болбой калгандарды издегенибизде периштелердин жардамы чоң экенине көптөгөн окуялар далил (Аян 14:6). Алсак, эквадордук Силвио жыйналышка кайтып барганга жардам беришин сурап Жахабадан жалындуу тиленип жатканда үйүнө бирөөлөр келип калат. Чыкса эле — жыйналышындагы эки аксакал турган болот. Алар аны менен сүйлөшүп, жыйналышка кайтып келгенге жардам беришкен.

17. Рухий жактан алсырап калгандарга жардам берүү кандай сезим тартуулайт?

17 Кимдир бирөөгө Жахабага кайрылып келгенге жардам бере алсак, төбөбүз көккө жете кубанабыз. Жигердүү эмес жарчыларга жардам бергенге өзгөчө көңүл бурган бир пионер: «Кубанганыман кармана албай көзүмө жаш алган учурларым болот. Жахабанын Шайтан бийлеген дүйнөдөн өзүнүн адашкан коюн куткарып калганын, ошого салым кошо алганымды ойлогондо сүйүнөм» (Элч. 20:35).

18. Жигердүү эмес болуп калсаң, эмнеден күмөн санабасаң болот?

18 Жахабанын элинен алыстап кеткен болсоң, анын сени дагы деле жакшы көрөрүнөн күмөн санаба. Ал кайрылып келишиңди каалайт. Бирок ал үчүн күч-аракет жумшашың керек болот. Жахаба сени, Исанын мисалындагы атага окшоп, жол карап күтөт жана кучагын жайып тосуп алат.

103-ЫР: Койчулар — адам түрүндөгү белектер

^ 5-абз. Жахаба Кудай анын элинен оолактап кеткендердин кайра кайтып келишин каалайт. Биз аларга Жахабанын: «Мага кайрылып келгиле»,— деген чакырыгын кабыл алганга бир топ жардам бере алабыз. Муну кантип кылсак болору ушул макалада талкууланат.

^ 7-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 15-абз. Жигердүү болбой калгандардын айрымдары менен «Кудайдын сүйүүсүнөн канткенде айрылбайбыз?» деген китепти изилдегенибиз жакшы жардам болушу мүмкүн, башкалар менен «Жахабага жакында» деген китептин айрым бөлүмдөрүн карап чыгуу пайдалуу. Мындай изилдөөнү ким өткөргөнү ылайыктуу болорун жыйналыштын кызмат комитети чечет.

^ 68-абз. СҮРӨТ. Жахабага кайрылып келгиси келген жарчыга жардам берип жаткан үч ишенимдешибиз. Бири аны менен байланышып жатса, экинчиси жакшы көрөрүнө ынандырууда, үчүнчүсү болсо аны кунт коюп угуп жатат.